Он биринчи сан

Журналдын он биринчи саны

Жол боюнда жалгыз там

Мазмуну

Илгери өткөн заманда чоң көч барат.
Ал чоң көч бир өрөөндөн өргүү алат.
Кең өрөөн жаш бүлөөгө жагып калып,
Ниеттеништи жашоону көчтөн калып.
Сууга мол, жайыты көп бийик тоолор,
Өрөөндүн төрт тарабын коргойт олор.
Жапайы жан-жаныбар короо-короо,
Көргөндө адамдарды таңыркоодо.
Өргүгөн көч жайылып жол улады,
Көчпөстөн жаш жубайлар өрүш алды.
Арадан айлар-жылдар өтүп кетти,
Өрөөнгө өрүш алган көнүп кетти.
Көрүштү удаа-удаа тогуз уулду.
Уулдары чоңоюшуп күчкө толду.
Тамы бар жол боюнда жапа-жалгыз,
Төрт-түлүк көбөйдү го сансыз-сансыз.
Ал жолдон жылына бир жүргүн өтөөр,
Кээ бирде жүргүнү жок жылдар кетээр.
Улуусу жыйырма төрткө чыгып калган,
Кичүүсү он беш жашка толду араң.
Жанында коңшулар жок алар жалгыз,
Үйлөнтүүгө уулдарын табалбай кыз.
Ата-эне кепке салды тогуз уулун,
Айтты эле үйлөнтүүгө даярдыгын.
Уулдары күлүп калды карап бирин,
Аарчышты уялгандан аккан терин.
Ооба, балдар – деди ата кайгысы бар сөзүндө
Бизден башка адамдар жок бул өрөөндө,
Ошондуктан эл, жер көрүп келгиле,
Күтөбүз биз силер кайтып келгиче.
Азыр биздин жашыбыз жетти кырк алтыга,
Биз тирүүдө өнөр менен билим билип алгыла.
Он жыл өтсө биз жашайбыз элү алты,
Ошондо үйүбүздө бүт баарыбыз жолугалы.
Жөн келбей, бала ээрчитип аял менен,
Кубанткыла ата-энени балдар деген.
Деп өрөөнээ айтып бүттү чын сөзүн,
Макул болду ата-эненин сөзүнө уулдар бүтүн.
Балдары тың-тың атка минип алды,
Жол азыгын байланып жүрүш салды.
Ата-эне батаа берип калып калды,
Балдар үчүн жалгыздыкты макул тапты.

Башына