Он биринчи сан

Кожо Убайдулла Ахрар
Мазмуну
Доц. Док. Неждет Тосун
ОшМУ АГИ Теология факультети
Азан чакырып коюлган аты Насруддин Убайдуллах бин Махмуд Самаркандий. Бирок калайыкка Убайдуллах Ахрар же Хажа-и Ахрар деген ат менен белгилүү. Бул ысым жүрөгүн байлыктан жана эки дүйнө кайгысынан азат кылган деген мааниге келсе керек. Бул улуу инсан хижрий 806-жылдын Рамазан айында (1404-март) Ташкенттин Багистан айылында жарык дүйнөгө келет.
Жаш чагынан тартып Ташкентте илим алат, ошол эле учурда дыйканчылык жаатында атасына кол кабыш кылат. Жыйырма экиге чыкканда тайкеси Хажа Ибрахим аны Самарканга окутуу үчүн алып барат. Убайдулла Ахрар бул шаарда кыйла убакыт билим алганы менен тасаввуфка болгон ийкемдүүлүгү себептүү медресени улантып кете албайт. Эки жыл окуган соң Саададдин Кашгари менен таанышат. Анын багыттамасы менен Низамиддин Хамуштун тасаввуфтук дилмаектерине катышат.
Ал Самаркандга келгендеги алгачкы жылы эле Маварауннахр аймагынын көп шаарларын кыдырат, ошондой эле тасаввуфтун алдыңкы устаттарынын акыл-насааттарын көп тыңдап пайдаланат. Көп инсан менен кезиккенине карабай Убайдулла издеген адамын Маварахуннахрдан таба албайт. Жыйырма төрт жашка келгенде (830/1427) Самарканд менен коштошуп Хератка жылып, ал жерде беш жыл жашайт. Бул жылдары кожо Убайдулла Кубравий тарыйкатынын устаты шайх Бахауддин Умардын дил маектерине катышат. Бул учурда Хератта жашап жаткан Саададдин Кашгари менен мамилелер дагы да тыгыздалат. Аны менен чогуу Зайнийя тарыйкатынын куруучусу Зайнаддин Хафинин дилмаектерине да катышат. Хератта жашап жүргөн учурунда кожо Ахрар турмуштун каатчылыгын, жетишпестиктин азабын көп тартканы маалым.
Убайдулла Ахрар Хераттагы төртүнчү жылында Чаганиян аймагындагы Хулгату айылына барат. Ал жерден Накшибанди тарыйкатынын баш устаты Якуб Чархиге кол берип шакирттике баш байлайт. Якуб Чархи ал тууралуу минтип эскерген:
«Ал устаттын алдына эч нерсе билбеген шакирттей болуп келген жок. Бүт нерсеси даяр, деңгээли уруксатка ылайыктуу экен. Мындайча айтканда чыракка май куюулган, билик салынып даярдалган, болгону ширеңке чагуу керек экен» Убайдулла Ахрар Якуб Чархинин дилмаегине үч ай катышып, уруксат (диплом) алгандан кийин Хератка кайтат.
Ал жакта бир жылдай жашаган соң 835/1432-жылы 29 жашында Ташкентке келет. Ал убакта илим адамдары азыркыдай бапырап оокат-ашы менен көчүшкөн эмес. Жанында зарыл нерселери гана болгон.
855/1451-жылы Кожо Убайдулла Ахрар Султан Абу Саиддин чакыруусу боюнча Самарканга келип туруп калат.
Архивдик маалыматтарда айтылгандай, Убайдулла Ахрар Самарканда жашап турган мезгил ичинде абдан байыйт. Анткени ал дыйканчылык жана соода-сатык менен алектенет. Самаркан, Бухара, Ташкент, Каршы сыяктуу Маварахуннахр аймагынын ири шаарларында көптөгөн дүкөндөрдү, түрдүү бактарды, айылдарды жана каналдарды сатып алат. Алардын көпчүлүгүн кайрымдуулукка сарптап, көбүн элдин кызматына багыштап салат.
Султан Абу Саид 861-863-жылдардын аралыгында Хоросанды каратып, Херат шаарын хандыктын борборуна айлантат. Убайдулла Ахрар 865/1460-жылы ханга барып, шарыятка төп келбеген тамга сыяктуу салыктарды жоюшун өтүнөт. Динаятчынын өтүнүчүн туура көргөн Султан Бухара менен Самаркандагы аталган салыктарды жойдурат жана шарыятка төп келбеген бардык салыктарды жоюга сөз берет. Захириддин Мухаммед Бабурдун эскерүүсүнө таянсак, Султан Абу Саиддин уулдары Султан Ахмад менен Умар Шайх Мирза Кожо Ахрардын шакирттери болгон. Султан көз жумгандан кийин уулу Султан Ахмад Мирза өкүмдарлыкка келет.
890 /1485-жылдарда Абу Саиддин уулдары Мирха Умар Шайх, Моголдордон Юнус хандын уулу Султан Махмуд хан менен Шахрухийяда жолугуп Самарканддын өкүмдары Султан Ахмаддын бийлигин жыгуу боюнча келишим түзөт. Бул каңшаарды кулагы чалган Султан Ахмад кылкылдаган аскерди өзү баштап жолго чыгат. Жанында Убайдулла Ахрар дагы бар болот. Ахрардын демилгеси менен бул үч хандын ортосунда ынтымактык келишим түзүлүп, согушууга бөгөт коюлат. Убайдулла Ахрар дагы көптөгөн акыл-насааттарды айтып олтуруп Могол жана Өзбек аскерлеринин мусулман болушуна себепкер болот.
Хажы Ахрар 895-жылы Мухаррам айынын башында ооруп калат. Сексен тогуз күн бою катуу ооруудан кийин ошол эле жылдын 29 Рабиулаввал айынын (20-февраль 1490-жылы) ишемби күнү кечинде Самаркандда көз жумат.
Чыгармалары:
1.Фыкараат
2. Рисалаи-Хавраийя
3.Рисалаи-Валидийя
4. Рукаат (Мурсалат)
Пикирлери:
Убайдулла Ахрар дин Исламдын буйрук жана өкүмдөрүнө жан дилден моюн сунган ыкластуу суфий болгон. Тасаввуф жолунда Куран жана Азирети Пайгамбарыбыздын сүннөтүнө моюн сунуу менен гана ийгиликке жетилерине катуу ишенген. Пайгамбардын изинде жүрүш үчүн Ахли-суннат вал жамаат жолунан тайбоо зарыл экенин көп айтчу экен. Хажеган жолу-уруксат эмес, такыбаалык жолу экенин да көп кайталачу. Айрым суфилердин «Жараткандын сүйүүсү туу чокуга жеткен чакта сунуштар (буйрук жана тыюлар) түшөт» деген пикирин «сунуштардын жүгү түшөт бирок, сүйүү, берилүү менен орундалат» деп чечмелеген.
Убайдулла Ахрар коомчулукка жардам берүүнү жандай сүйгөн, жоомарт, камкор инсан болгон. Ал жаш чагында айрым бейтап адамдарды караган. Жугуштуу оору жукканына карабастан кызматты таштап салган эмес. Бейтап адамдарды гана эмес таза адамдарга дагы акысыз кызмат көрсөтүп көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан жан болгон.
Бир учурдарда Ахрар мырза кыйла байып калат. Ошондо ал өз чөнтөгүнөн элдин салыгын төлөйт, аз камсыз болгон бүлөлөргө азык-түлүк жана каржылык жактан да жардам көрсөтөт.
Падышалар менен ымыла куруунун себебин «калкты алардын кысымынан куткаруу» деп түшүндүргөн Кожо Ахрар кан төгүлүүгө аз калган учурда журт башчыларын элдештирип, көп ийгиликтерге себепкер болгон. Бул жаатта анын береги сөзү эл арасында кеңири тараган: “Бул доордо тымпыйып же сын тагууга караганда жосунсуз жоруктарды жасаган падышалар менен ымыла куруп, динге төп келбеген иштерден, заалымдыктан аларды кайтаруу дагы да пайдалуу”.
Кожо Ахрар маңдай тер төгүп пайда табууга маани берип, белек алчу эмес экен. Берилген белектер акча түрүндө болуп калса, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып аны кайрымдуулук иштерге дароо сарптачу экен.
Кожо Ахрар акыйкатты издеген, кеменгер болгон. Башта айтылгандай, жаш чагынан баштап көптөгөн аалым устаттардан сабак алып, акыл, дин казынасын толтурган. Анын береги сөзү акыйкатты жана рух билгилигин арзуулаган инсан экенин тастыктайт: “Кытайда ардактуу суфилердин сөздөрүн абдан кызыктуу түрдө айткан бир каапыр бар экен деген даректи угар болсом, барып дилмаегине катышып келмекмин”.