Он биринчи сан

Келели эми бүтүмгө
Мазмуну
(терме)
Көп акын айтып термени,
Көп ичкич болбо эл деди.
Жаман деп эчен жазса да,
Жазгырат арак пендени.
Күчөөдө дале аракеч,
Күн сайын ичмей эрмеги.
«Кара өлүм» деген ушул дарт,
Каптаган кыргыз жергемди.
Атажурт коргоор уландар,
Аракты ээрчип сенделди.
Ай чырай кыздар, энелер,
Ар кайсы жерде термелди.
Аттиң ай арак деген бул,
Атадан мурас келгенби?...
Көп адам жүрөк жаралап,
Камокту жүрөт сагалап.
Укурук моюн шишеге,
Умтулуп эрин жаланат.
Жыгылып бети жырылып.
Дарак, там көрсө таянат.
Жабыркап турат арактан,
Жандарын кыйнап саламат.
Артынан ээрчийт тумандай,
«Алкаш ал» деген жаман ат.
Хан Манас, Бакай бабадан,
Калгандай арак аманат.
Өкүртө ичет эл неге,
Өз атын өзү каралап?
Кеңгиреп башы маң болуп,
Кечинде ылай, чаң болуп.
Сыз жерде оонап жаткан бар.
Сыйрылып бети кан болуп.
Кусунду болгон кийгени,
Кулаган жери аң болуп.
Ичкенде адам а бриок.
Ичкенден кийин мал болуп.
Жаткан көп турбай сулкуюп,
Жасалма оору, «шал» болуп.
Алмашып калган, арака.
Ардактап сүйгөн ак жоолук.
Кейишке салат тууганын,
Кеп кирбес дөдөй, мал болуп.
Тарабай көздүн шишиги,
Таңданат көргөн кишини.
Жиндилик менен баңгилик,
Жигиттин кылар ишиби.
Идишке куюп аракты,
Ичкин деп көрчү итиңди?
Мал деле сенден өйдөдөй,
Билбеген арак ичүүнү.
Жоо болгон арак эзелтен,
Жок кылаар асыл ишиңди.
Кайрылып артка адамзат,
Карачы баскан изиңди.
Эрен көп ичип кыйраган,
Эңшерип турган ичиңди.
Кашайган арак азап бар,
Кайрылган эчен канаттар.
Кадимки Мидин, Райкан,
Калтырып кеткен санат бар.
Айтылуу Какен, Байдылда,
Аракты жектеп жаратпар.
Жоо болуп ачкыл-кычкылга,
Жок болгон далай таланттар.
Моокуму канбай өмүргө,
Мокогон өткүр жарактар.
Кулака кирбейт неликтен,
Ичпечи деген талаптар.
Армандуу бүтөт ар өмүр,
Арак бар жерде арак бар.
Үйбүлөө баары заркырап,
Үзүлөт ичсең ынтымак.
Багылбай жүзү томсоруп,
Балдарың ыйлайт чыркырап.
Аларда кайсы кубаныч,
Ата-эне турса ыркырап.
Карыган атаң, апаң да,
Карайлайт жүзү нымтырап.
Тик карап элди жүрө албай,
Тилеги жетпей кыркылат.
Бүлүнтүп жанды ичкилик,
Бүлөөнүн көөнүн сындырат.
Бурултуп жолдон ичкилик,
Бууданды эшек кылдырат.
Апасы көзүн жашатган,
Ажы эчак таштаган.
Башында арак бир гана,
Бапестеп бала бакпаган.
Жазчы деп башын ар күнү,
Тааныштын баарын кактаган.
Таштайм деп күндө сөз берип,
Таң атпай кайра баштаган.
Жандар көп азыр арада,
Жарадай элди каптаган.
Салбырайт алкаш аталып,
Сандалып көчө таптаган.
Айтканын такыр укпаган,
Атанын көөнү муздаган.
Ардактап баккан уулу,
Бөтөлкө жандап уктаган.
Космоско учмак түгүл ал,
Салмагын туура тутпаган.
Санааркайт ата көңүлү,
Ичине толуп бук жалаң.
Ириген кайран тилектер,
Илгери көңүл куштаган.
Азайып барат уулдар,
Атанын жолун бузбаган.
Бир кезде жүрсө жасанып,
Бул дүйнө болуп ажайып.
Арманга баткан энени,
Алкашка апа аталып.
Өкүнөт аста кеткендей,
Өзүнөн кокус каталык.
Басынып жүрүп жүдөгөн,
Сүйлөсө жашыйт такалып.
Күн сайын ичсе уулу,
Күн сайын өмүр азайып.
Көйнөгү оңгон, чириген.
Колдогу чийдей аппарык.
Башына мүшкүл түшкөн көп,
Бакытка жетпей апалык.
Отузда деле баладай,
Ойлонуп, өзүн карабай.
Бозортот ата-энесин,
Багууга такыр жарабай.
Айкырып кагат карыны,
Арактын уусу тарабай.
Уялтат тууган-уругун,
Чекеге чыккан жарадай.
Атасына келсе ит каппайт,
Алкашты адам санбай.
Тепкилеп кетет көпкөндөр,
Темселеп жүрсө аябай.
Адамды малдан кем кылган,
Азаптуу сенсиң арак ай.
Ак бешик сынып бөлөнгөн,
Азапты ичке чөгөргөн.
Теңселет алкаш ата-эне,
Балдары майып төрөлгөн.
Кем кылган байкуш пендени,
Курусун мындай жөрөлгөң.
Энелер кайда оор азыр,
Астына бешик өңөргөн.
Кыйроодо кыргыз неликтен,
Кылымдар келген көрөңгөң.
Ар кандай дарттуу майыптар,
Арактан көргөн «өбөлгөн»
Келечек муун каякта,
Ишенип эли жөлөнгөн.
Аялы сойку, эрлери,
Арактын сүйгөн «эрмеги»
Кыйын го андай ата-эне,
Баатырды элге бермеги.
Жарымы суу болгон кем акыл,
Жаратар алсыз пендени.
Ал деле алкаш курсактан,
Арак сүт болот эмгени.
Манас деп биздин атабыз,
Айтабыз анан эмнени.
Бузулган мынадй муундун,
Кыйын го нукка келмеги.
Же калппы айтчы туугандар,
Жектебей чыгаар эл мени.
Башында айтчы ким элек,
Балбылдап жанган күн элек.
Кыргызды кыргыз атанткан,
Кырында чыккан гүл элек.
Шаңкайчу асман акактай,
Шарапатын даамын биле элек.
Түшүрдүң кайдан колуна,
«Русский водка» илээлеп.
Камокто, дүкөн, базарда,
Арактын түрү тирелет.
Мектепте жүргөн бала да,
Тартынбай тартып жиберет.
Ким болуп азыр турабыз,
Киндиктеш элден сураңыз.
Азиялык журттун биз,
Алкашы болуп турабыз.
Айтылбай башка жагыбыз,
Арактан болду уламыш.
«Ичет деп кыргыз өтө көп»
Көрүнгөн элден угабыз.
Кашайсы сынып быркырап,
Кадыр-барк кайра курагыз.
Ичпесек эле бир гана
Ырыскы-кутка тунабыз.
Айткының журтум эми сен,
Аракты кандай кылабыз?
Так айтсам нуска түзүндө,
Талууга тийип күчүндө.
Мертинип ушул кылмыштын,
Мен деле бармын ичинде.
Аны сен чыны угуучум,
Актанган жан деп түшүнбө.
Сенделем башым айланып,
Сиздейлер таткан түтүнгө.
Келдик биз жолго айрылыш,
Келели чындап бүтүмгө.
Анарбек Акматбеков,
улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү