Он биринчи сан

Кыяматтын айрым майда белгилери
Мазмуну
Садык Гавай
(Сандан санга...)
12-белги: милиция, КГБ, полиция сыяктуу тымызын жана ачык көзөмөлдөөчүлөрдүн санынын абдан көбөйүшү
Абу Умма (А.а.ы.б.) мындай деген: «Аллахтын Элчичи (с.а.в.) мындай деди: «Кыямат кайым жакындаганда менин эркек үммөттөрүмдүн (кайсыл бир бөлүгүнүн) колунда уйдун куйругу сыяктуу дубинкалар долот. Алар эртең менен үйлөрүнөн Аллахтын ачуусу менен чыгып, кайра кечинде Аллахтын каргышы менен кайтып үйлөрүнө келип турушат.
14-белги: Зинакорлуктун (ойноштуктун) көбөйүшү
Абу Хурайранын айтуусу боюнча (А.а.ы.б.) Пайгамбарыбыз Мухаммад алейхи салам: «Менин жаным колунда турган Аллахтын ысмы менен касам ичип айтам: Бул коом качан эркеги аялды жолго жаткырып зинакорлук кылган кезге чейин жок кылынбайт. Ошол заманда адамдардын эң мыктылары: «(Жок дегенде) тигил дубалдын артына барсаң болбойт беле?! деп жекиргенге гана жарап калат (Абу Йала).
15-белги: сүткорлуктун (процентке акча берүүнүн) кеңири жайылышы
Абу Хурайранын (А.а.ы.б.) айтуусу боюнча Аллахтын Элчиси: «Кыямат кайым жакындаган кезде сүткорлук (абдан) көбөйөт» деген (Ат-Табарани).
Абу Хурайранын (А.а.ы.б.) дагы бир айтуусуна караганда Аллахтын Элчиси мындай деген: «Ушундай бир кездер келет: адамдар акчаны (шарият жол берген) халал жол мененби же (шарият тыюу салган) харам жол менен иштеп таап жатышабы, ага маани бербей калышат» (ал-Бухарий).
16-белги:Соодагерлердин өлчөм жана салмактан кардарды алдоосу адатка айланган окуялардын көбөйүшү
Ибн Умар (А.а.ы.б.) минтип айткан: «Бир жолу Аллахтын Элчиси бизге бурулду да мындай деди: «О мухажирлер (Меккеден дин үчүн Мединага көчүп келгендер)! Аллах-Таала силерди 5 апааттан сактасын: 1) Эгер адамдар ачык эле ойноштук-бузукулук кыла башташса, аларды (СПИД сыяктуу! – С.Г.) айыкпас оору каптайт, андай оору менен мурда эч бир коом ооруган эмес; 2) эгер алар (тамак-аш продуктуларын саткан кезде) салмактан жана (мис.: кездемени метрлеп өлчөгөндө) өлчөмдөн бири-бирин алдай баштаганда алар үчүн (жакырчылык баскан) оор жылдар башына түшөт: азык-түлүк жетишпей, кымбатчылык, каатчылык, ачарчылык болот жана адилетсиз падышалар башкара баштайт; 3) эгер алар зекет төлөөнү токтотушса, асмандардан жамгырдын жаашы токтойт, а эгер мал-жандыктар болбогондо Аллах аларга жамгырды такыр эле жибербей коймок; 4) эгер алар Аллах-Тааланын жана Анын Пайгамбарынын буйруктарына толук баш ийишпесе, анда Аллах алардын душмандарын күчтүүрөөк кылып, үстөмдүк кылдырып, ээ болгон мал-мүлкүнүн бир бөлүгүн аларга берип койот; 5) эгер мусулмандардын падышалары Аллахтын мыйзамы боюнча эмес, башка мыйзамдар менен бийлик жүргүзсө жана падышанын карамагандагы элге Аллах берген ырыскыларын падыша (ар кандай жолдор менен алууну көздөп, маселен ыксыз көп салык салуу аркылуу– С.Г.) талашса, анда Аллах-Таала эл менен падыша ортосунда душмандашууну жаратат» (ибн Мажжа).
26-белги: Базарлардын жакындашы
Абу Хурайранын (А.а.ы.б.) айтуусу боюнча Аллахтын Элчиси (с.а.в.) мындай деген: «Жер жүзүндө баш-аламандык болмоюнча, жалган айтуу адатка айланмайынча жана базарлар жакындамайынча Кыямат Кайым болбойт» (Ахмад).
Пайгамбарыбыздын бул сөзүнө ар кандай талдоолор (толкование) бар.
Биринчиден, бүгүнкү күнү адамдар түрдүү континенттердеги базарларда кайсыл товарга баарлардын канча жогорулашы жана төмөндөшү тууралуу саналуу мүнөт ичинде (мис.: интернет, ТВ, радио ж.б.у.с. аркылуу –С.Г.) билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Башкача айтканда базарлардын биз жашаган үйгө алыстыгы менен жакындыгы эч кандай роль ойнобойт.
Экинчиден, бизнесмен-көпөстөр бир континенттен экинчи континентке учактар менен товарларды ушунчалык тез жеткире алышат (доставка), базарлардын алыстыгы менен жакындыгынын эч кандай айрымсы бизге туюлбайт.
Үчүнчүдөн, товарларга болгон баа дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүндө анча деле чоң айрымага ээ эмес. Мурда (товарларды ат, качыр, төө менен ташыган доорлордо) баалардын мындай бирдейлиги же суммалык жакындыгы эч мүмкүн болгон эмес.
(Төртүнчүдөн, Интернет аркылуу Кыргызстандагы бир кабат офисте олтуруп Нью-Йорктогу бүткүл дүйнөлүк биржалык рыноктогу соодалашууга (торг) катышуу эч кандай кыйынчылыкты жаратпайт. Же интернет аркылуу, үйдөн чыкпастан каалаган буюмду сатуу жана сатып алууга болот –С.Г). Анын үстүнө ар бир көп кабаттуу үйдүн алдыңкы кабаттары супермаркеттерге айланып, «базар» дал алдыңда болуп калууда. Бул базарлардын жакындаганын билдирбейт бекен?
31-белги: Соода-сатыктын көлөмүнүн көбөйүшү
Абдуллах бин Масуддун айтышы боюнча Пайгамбарыбыз Мухамммад (с.а.в.) мындай деген: «Кыямат Күнү жакындаган кезде адамдар өз тааныштары менен гана саламдашып, баары соода менен шугулданып калышат. Ал тургай аялдар да күйөөлөрү менен кошо соода-сатык кылып кетишет» (Мухаддис Ахмад).
Амр бин Туглабдын айтуусу боюнча Аллахтын Элчиси Мухаммад (с.а.в): «Кыямат Кайымдын жакындаганынын белгилеринин бири – байлыктын көбөйүшү жана соода-сатыктын кеңири жайылышы болот» (Ахмад).
Бул убактылуу дүйнөнүн (байлык-бийлик сыяктуу) жетишкендиктерине умтулуу имандын алсырашына жана мусулмандардын ортосундагы карама-каршылыктарга алып келет. Мусулмандар эмгек кылып, акча иштеп табуулары керек, бирок материалдык байлык алардын жашоосунун максаты болбостон, жашоонун зарыл каражаты катары кабылданышы кажет. Дал ошол үчүн Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) мындай деген: «Аллахтын ысмы менен сөз берем: Мен силердин кедей болуп калышыңардан коркпойм, мен силерди бул убактылуу дүйнөнүн материалдык байлыктары силерден мурдакы мусулмандардын алдында кандай кенен жайылып жаткан болсо, силердин да алдыңарда дал ошондой кенен жайылышынан (б.а. бай-бардарчылык силердин напсиңерди бузушунан, бул дүйнөнүн жыргалдарынын дилиңерди азгырып кетишинен – С.Г.) корком. Ошондо (бай болгон кезиңерде) силерден мурдакылар атаандашуудан кандай кыйроого учураган болсо, силерди да дал ошондой эле атаандашуу кыйратып койот» (ал-Бухарий жана Муслим).
50-белги: Аялдардын саны артып, эркектердин санынын азайышы
Анас бир Малик (А.а.ы.б.) мындай деген: «Мен силерге, балким менден башка эч ким билбеген бир хадисти айтып берейин. Мен Пайгамбарыбыз Мухаммад алейхи саламдын мындай дегенин уктум: «Кыямат Кайымдын жакындаганынын белгилеринин бири диний илимдин жоголуп, наадандыктын көбөйүшү, сойкулуктун кенен жайылышы, аялдардын санын артып, эркектердин санынын көбөйүшү болот. Окуялар ушуга чейин жетет: элүү аялдын бир кожоюну (б.а. күйөөсү – С.Г.) болот» (ал-Бухарий жана Муслим).
Бул жерде Пайгамбарыбыз (с.а.в) бир аялга элүү аял туура келери тууралуу эмес, образдуу айтканда чындыгында эле аялдардын саны ушунчалык көбөйүп, эркектердин саны абдан азайып кетери тууралуу айткан. Муну Абу Муса ал-Ашари Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) угуп, айтып берген хадистен түшүнүүгө болот: «(Бир кездер келет, бир) эркектин артынан кырк аял акмалап, ар бири ага суктанып турганын көрөт» (Ибн Хажжар).
Аялдардын санынын көбөйүшүнө жана эркектердин санынын азайышына (балким алдыда болуучу) согуштардын көбөйүшү, (үй бүлөөнү пландоо ж.б.у.с. себептер) аркылуу балдардын төрөлүшүнүн азайышы, дагы ушу сыяктуу нерселер себеп болушу мүмкүн.
52-белги: Жамгырдын көбөйүшү жана өсүмдүктөрдүн (түшүмдүн) азайышы
Абу Хурайра (А.а.ы.б.) айтуусу боюнча Аллахтын Элчиси (с.а.в.): «Адамдарга ылайдан (кирпич да ылайдан жасалат – С.Г.) курулган үйлөргө жашынууга мүмкүнчүлүк бербегендей катуу нөшөрлүү жамгыр жаай баштамайынча Кыямат Кайым болбойт. Андай жамгырдан тери менен тосулган үйлөрдө гана жан сактап калууга болот» (Ахмад).
Анастын (А.а.ы.б.) айтуусуна караганда Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Бардык жерлерге жаан жаап, ал жаандан жер бетиндеги өсүмдүктөр жок болмоюнча Кыямат болбойт» деген (Ахмад).
62-белги: Жакшылыктын шамалы
Наввас бин Самьананын (А.а.ы.б.) Масихул-Дажжалдын (Антихристтин) окуясы жана Иса бинни Мариямдын жерге түшүшү тууралуу айтып калтырган узун хадисинде Пайгамбарыбыз Мухаммад алейхи салам: (Адамдар бузулуп, Кыямат жакын калган кезде) «Аллах-Таала жагымдуу бир шамал жиберет, ал шамал момун-такыбалардын жана мусулмандардын колтугунан көтөрүп (асманга) алып кетет. Жерде бузулган, кумардануусу эшектикине окшош (б.а. көчөдө эле секс менен шугулданган–С.Г.) ыплас адамдар гана калат. Кыямат дал ошолордун үстүнө түшөт» деген (Муслим).
Абдуллах бин Амр айтып берген узун хадисте Аллахтын Элчиси Мухаммад Мустафа саллаллоху алейхи вассалам айткан: «...Анан, Аллах-Таала Урва бин масудга (түспөлү жагынан) абдан окшош Иса бинни Мариямды жерге жиберет. Иса бинни Мариям Масихул-Дажжалды (Антихристти) жок кылат.Андан кийинки жети жыл жер бетиндеги адам жашоосундагы кымындай да душмандашуусу жок бейпил жылдар болот. Андан кийин Аллах-Таала Шамдан (Сирия) салкын шамал жиберип, жүрөгүндө күкүмчөлүк болсо да иманы жана (Аллах тууралуу) туура түшүнүгү бар бир да адам тирүү калтырылбай (аларды Кыяматтын аза бойду дүркүрөткөн коркунучтуу окуясын көрүү азабынан куткаруу максатында Өзүнүн алдына–С.Г.) алып кетет. Эгер (кайсыл бир адам өлүмдөн коркуп–С.Г.) тоонун ичине кирип жашынып алса да, шамал ал жерге да кирип, жанын сөзсүз алат» (Муслим).
Абу Хурайранын (А.а.ы.б.) айтуусунда Аллахтын Элчиси Мухаммад (с.а.в.): «Аллах-Таала Йеменден назиктиги жибектен да жагымдуу шамал жиберип, жүрөгүндө күкүмчөлүк болсо да иманы бар адамдардын бирин да калтырбай алып кетет» деген (Муслим).
Акыркы эки хадистин ортосунда бири-бирине карама-каршы келген эч нерсе жок. Биринчиден, кыяматтын алдында эки шамал болушу мүмкүн:бири Шамдан, экинчиси – Йеменден. Экинчиден, аталган шамал оболу жогорудагы хадистерде аталган мамлекеттердин биринин аймагында пайда болуп, экинчи аталган мамлекетке жетет да, ошол жерден ылдамдыгы күчөп, бүт дүйнөнү каптайт.
СОҢКУ СӨЗ
Эгер акыркы пайгамбар жана пайгамбарлардын мырзасы Мухаммад саллоллоху алейхи вассаламдын айткан хадистерин жана ал туралуу ислам дининин атактуу аалымдарынын чечмелөөлөрүнө жакшылап көңүл бурсак, анда бүткүл адамзат Кыямат Кайымга абдан тездик менен бара жатканы өзүнөн-өзү ачык болот. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айткан хадистердин айрымдары – өтө аз сандагысы гана ишке аша элек. Бирок жакынкы күндөрдө алар да ишке ашат. Мына ошондо бүткүл адамзат үчүн эң коркунучтуу Күн – Кыямат болот. Аллах-Таала мындай деген: «Качан Улуу Алаамат (Кыямат) келген кезде адам баласы эмне максатка бүт өмүрүн коротконун эстейт. Жана көздүүлөрдүн баарына Тозок көрсөтүлүп (жакын алып келинип) коюлат. Ким шарияттын чегинен ашып, жердеги убактылуу жашоону артык көргөн болсо анын жайы Тозокто. Ким өз Кудайы Аллахтан коркуп, (жердеги жок болуучу байлыктарга болгон умтулууларын, сүйүүсүн, кумарлануусун) напсисин тыя алган болсо, анын жайы Бейиште» (Куран, «Ан-Назият»:34-41).
Арийне, Аллахтын канчалаган убадалары ишке шексиз ашып келе жатканын көрүп турган акыл-эстүү адам үчүн баарына кудурети жеткен Аллахтын айткан сөзүнүн чындыгынан шек саноого кымындай да негиз жок. Наадандар гана Кыяматтын болооруна ишенишпейт. Алардын шору ошол караңгылыгында.
«Алар капилет келүүчү Кыямат Саатынан башка эмнени күтүп жүрүшөт? Мына, анын белгилери (дал жанына) келип калды! Кыямат Күнү (күтүүсүз келгенде) алар Аллахтын насыяттарын эстөөгө да үлгүрүшпөйт» (Куран, «Мухаммад»: 18).
Акыйкатта, четке кагууга мүмкүн болбогон нерсени акыл-эси жайындагы эч бир адам четке кагууга далаалат кылбайт. Анын үстүнө андай акылы сергек адам Кыямат тууралуу угаары менен сооп иштерди көбүрөөк кылууга ашыгат жана өзүнүн Кудайы Улуу Аллах-Таала менен жолугууга камынат.
О, Аллахтын кулу! Сен бүгүн болсо да тооба кылып, туура жолго түшүүгө үлгүрөсүң. Бирок, эртең... жаның тамагыңа келип такалган кезде, сен Акыреттин босогосунда болосуң жана сага тообаң эч кандай пайда алып келбейт. Анда сен өз күнөөлөрүңдү актоого чамаң келбей калат, анткени сага Ыйык КУРАН жана Улуу Хадистер Кыямат, тозок, Бейиш...тууралуу тангыс далилдер менен кабарларды жеткирген. Ошолордун айрымдары ушул менин чакан китепчемде да бар. Эгер сен жакшылап көңүл коюп окуп чыккан болсоң, бүткүл адамзат, ал тургай кээ бир мусулмандар кандай кайгылуу абалда экени түшүнүктүү болгондур. Наадан адамдар үйрөтүп жаткан ыпластыктардан кач! Өз Кудайыңдын акыркы, Кыяматта сөзсүз кабыл болуучу дини Исламды илимдүү аалымдардан үйрөнүүгө шаш! Исламды бурмалаган жана анын чыныгы концепцияларын бузуп көрсөтүүгө бүт күчүн, акчасын жумшап жаткан бузукулар менен наадандардан бүгүн эле кол үз! Өзүңдү өзүң сактап калуучу Хидаят Жолго түш жана туугандарыңды, досторуңду Тозок отунан сактап калууга аракет кыл! Ошондо сен чыныгы дин адам баласына жакшылыктан башка эч нерсе алып келбесин, жашооңдун нукура маани-максатын аныктап, турмушта өз ордуңду туура табууга жардам берерин чын дилиң түшүнсүн!
Орус тилинен оодарган Садык Гавай
Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү
Бишкек. 12.02.06.
Корректору Рафаель Садык уулу.