Он биринчи сан

Журналдын он биринчи саны

Курмандык чалуунун психологиялык өңүттөн каралышы

Мазмуну

Октай Четин
                                                                                            Oktaycettin@yahoo.com

            «Курман» сөзү арап тилинен кирген сөз.  Ал «ка-ра-ба» этишинин туундусу болуп, «жакындоо» деген маанини туюнтат. Ал эми курмандыктын терминдик мааниси төмөнкүчө: белгилүү учурда белгиленген шарттардын негизинде бардар мусулмандар тарабынан Жаратканга жакындоо ниети менен чалынган мал «курмандык» деп аталат.

            Исламдан мурунку диндерде да курмандык ибадат катары каралган. Бул ибадат Жараткан тарабынан көрсөтүлгөн ошол диндердин айрымдарында малдын ордуна дан өсүмдүктөр менен орундалган. Азирети Ибрахимден баштап мал-жандыктар курмандык катары чалына баштаган.
Демек, курмандык ибадаты Исламга гана таандык ибадат эмес. Ал Исламдан мурунку Жараткан тарабынан жөнөтүлгөн диндерде, асыресе, Иудаизм жана Христиан диндеринде да болгон. Азирети Ибрахимдин,  Азирети Мусанын  жана Азирети Исанын тавхид (Алла Тааланы жалгыз деп билүүчүлүк) диндеринде да курмандык ибадаты болгон. Алла Таала  бул багытта: «Биз ар бир коом үчүн аларга берген малдардан, Алланын гана ысмын атап, курмандык чалууну буйурдук. Анткени, кудайыңар – жалгыз Алла! Ошондуктан Ага моюн сунгула!» (Хаж, 34) деп буюрат.

Адамзат тарыхында курмандык чалуу иши тек Алла тарабынан жөнөтүлгөн диндер менен гана чектелген эмес. Ал адамдар тарабынан түптөлгөн диндерде да жалган кудайларга жакындоо максатында орундалган. Буга Индуизм, байыркы Мисир диндери жана башка мифологиялык диндер мисал боло алат. Мындай диндердин айрымдарында кудайларга жакындоо үчүн, аларды ыраазы кылуу үчүн адамдарды да курмандыкка чалуу буйрулган. Калетсиз, мындай курмандык чалуу ырасымын өзүнчө апаат десек болот.

            Курмандыктын кыскача тарыхынан соң бул ибадаттын адам баласына тийгизген психологиялык таасирлери жөнүндө маалымат берүүгө аракет жасамакчыбыз.

Курмандык адамдын ниетин тазартат.

Ислам динин тутунган чынчыл мусулман Аллага жакындоо үчүн курман ибадатын орундоо менен элкөрсүндүк кылышы мүмкүн эмес. Анткени чынчыл мусулман чалынган курмандыктын эт-каны эмес, адамдын такыбаалыгы, ыкласмандыгы Аллага жетерин билет. Бул жөнүндө Алла Таала Куранда: «Курмандыгыңардын эттери да, каны да Аллага жетпейт. Ага болгону силердин такыбаалыгыңар гана жетет. Силерге туура жолду көрсөткөн Алланы улукташыңар үчүн ушинтип мал-жандыктарды силерге багындырып койдук.  (Эй, Мухаммед!) Жакшылык кылгандарга (бейишти) сүйүнчүлөп кой!» деп буюруу менен курмандыктын кабылданышы үчүн ак ниет, чын ыклас абадай зарыл экендигин баса белгилейт.

Курмандык чалуу адамга психологиялык жактан өлүм акыйкатын жана анынкыйынчылыгын сездирет.
Маалым болгондой, курмандык чалган мусулман Жалгыз Алланын ыраазылыгы үчүн чалынган күнөөсүз малдын дагы кандай оор жан бергенин көрүү менен өзүнүн күнөөлөрүн, кетирген каталарын ойлоп, жантаслим берүү кыйынчылыгын элестетет.

Курмандык чалуу адамга психологиялык жактан ырахат берет.

Негизинде адамдын чык ыкласы менен курмандык чалышы өз алсыздыгын билип Аллага жакындоонун, жана ага моюн сунуусунун жышааны. Шариятка ылайык курмандык чалган мусулман өзүнчө ырахат алат. Ошондой эле курмандык чала турган адам Алланын кемчиликсиз экендигин,  Жалгыз Жаратуучу болгондугун билет. Ал адам напсинин азгырыгынан оолактап, жандүйнөсүн көрктөйт.

Башына