Он биринчи сан

Исламда аял затынын орду.
Мазмуну
Назира Садыева
Ислам аял укуктарына аябай маани берген жана аны жогорку статуска ээ кылган. Ырас, Ислам дини аруу аялзатына материалдык жактан болобу, каржылык жактан болобу, моралдык болобу, айтор, эч бир дин, эч бир идеология жана эч бир коом ыйгарбаган көптөгөн укуктарды ыйгарган жана тааныган.
Европада орто кылымда аял заты бардык дүйнө жүзүндөгү аялдардай эле эч нерсеге ээ эмес бир жандык болгон. Философтор менен илимдүүлөр аялдын жаны барбы же жокпу? Эгер жаны болсо, ал «адамдын жаныбы же айбандынбы?» деп талашып-тартышып келишкен. Алар эч бир укукка ээ болушпай эркектин жанында кооздук үчүн же кумарын кандыруу үчүн пайдаланып ээрчитип жүрүшкөн. Көп учурларда айбан сыйактуу жеп-ичип бала төрөп эртеден кечке чейин иштетиш үчүн колдонулган. Мына ушундай акыбал 18-кылымдын, тактап айтканда, капиталисттик коомго (доорго) чейин уланып келген. Аялдардын укуктарын колдоп, аларды коргогон эч ким болгон эмес. Мындай көрүнүш азыркы күнгө чейин созулуп келүүдө. Буга далил ошол кездегидей эле, бүгүнкү күнү да аялдар эртеден кечке чейин тамак-аш таап жеш үчүн талыкпай эмгектенүүдө. 200-жыл мурун тең укуктуулукка жеттик дегени менен эмнеге жете алышты. Дагы эле күнү-түнү завод-фабрикаларда, цехтерде, кичи ишканаларда иштешүүдө. Үй-бүлөнү материалдык жактан багуу да аялдардын милдети болуп калды. Жадагалса кандай гана товар сатылбасын, аялдын жүзүн, денесин тулку боюн реклама кылууда пайдаланышат. Ошондой эле демократиянын энеси делген Англияда эркектерге караганда аялдарга эмгек акы аз төлөнөт.
Ал эми Исламда 14-кылым мурда аялдарга берилген укуктардын кээ бирлерине Европа Батыш аялдары 12-кылымга кечигип жетишти.
Исламда аялдардын укуктары баардык жагынан такталып камсыздалып берилген. Бир эле мисал аял кароосуз, анын камын ойлобогон адамы жок калбашы керек. Сөзсүз түрдө бир эркектин карамагында, башкача айтканда, атасы, бир тууганы же күйөөсү кам көрүп, тамак-аш, үй-жай менен аны жеткиликтүү түрдө камсыз кылууга милдеттүү. Ислам мамлекетинде аял затынын кароосуз калуусу мусулман эркектер үчүн уяттуу көрүнүш. Нике кыйууда да аялдын макулдугу жок нике болбойт, ажырашууда да эгер аял күйөөсү менен жашагысы келбесе же укуктары тебеленип калса сотко кайрылып ажыраша алат. Христиан дининде жана башка диндерде эркек менен аял ажырашууга эч болбойт, тилдейби, урабы же кордойбу андан өлмөйүнчө кутула албайт. Кээ бир диний агымдарда (секталарда) күйөөсү каза болсо аялын да ага кошо көмүп салган учурлар болот. Ислам бул жактан да калыс караган. Айрым агымдарда аялдардын илим алышына тыйуу салынат. Ал эми Ислам аялдардын илим алышына терең маани берип, эркектер менен бирдей эле илим-билим алуу укугун да ыйгарган. Аял тең укуктуулукту кааладыбы? Ислам теорияда да, практикада да шарият мыйзамынын алдында тең укуктарды берди.
Экономикалык көз карандысыздыкты Ислам эң биринчилерден болуп бере алды.
Илим алууну кааладыбы? Аны да берди.
Үй-бүлө курууда өз каалоосу менен өзү каалаган адамга чыгууну кааладыбы? Аны да берди.
Үй-бүлөдө, коомдо татыктуу мамилени, сый-урматты кааладыбы? Аны да Ислам бере алды.
Талак (ажырашуу) маселесинде күйөөсү жаман мамиле көргөздүбү? Ажырашуу укугун Ислам алып берди. Мындай укуктарды санай берсек өтө эле арбын. Кыскасы, аялдын милдетинен да укуктары көп.
Алла Таала Куранда мындай деп айтат: “Аялдардын күйөөлөрүнүн алдында милдеттери болгондой эле укуктары да бар” Ырасында эле Ислам акы-укуктун баарын эркекке ыйгарып, ал эми милдеттин жана кызмат кылуунун баарын аялга жүктөп койгон дин эмес. Анда эркектер аялдарынан талап кылчу кандай укуктарга ээ болсо, аялдар да күйөөлөрүнөн талап кыла турган ошондой эле укуктарга ээ.
Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз да эркектерди аялдардын укуктарына көңүл буруп, ага маани берүгө жана аларга сый-урмат көрсөтүп, укуктарын тебелеп-тепсебөөгө минтип чакырат: “Аялдардын акыларын жебегиле, укуктарын тебелеп-тепсөө жаатында Алладан корккула. Анткени силер аларды Алладан аманат катары алдыңар.” Башка бир осуятында: “Силердин эң жакшыңар - өзүнүн үй-бүлөсүнө (жубайына жана балдарына) жылуу мамиледе болгонуңар. Мен да өз үй-бүлөмө жылуу мамиледе болгон адаммын” деп айткан. Ошондой эле эркектерге жубайлары менен дайыма жакшы мамиледе болууларын кеңеш кылып Азирети Пайгамбарыбыз мындай деген: “Ыймандуулук жаатында момундардын эң мыктысы жана кайырлуусу - аялдарына эң жакшы мамиле кылганы болуп саналат”
Мухаммад пайгамбарыбыз бул маселе тууралуу акыркы ажылыгы учурунда жалпыга белгилүү болгон коштошуу кутбасында: “Эй инсандар! Аялдар тууралуу Алладан корккула! Силердин аялыңардан талап кылуучу укугуңар бар. Алардын да силерден талап кыла турган укуктары бар» деген.
Ислам дининде окуу жана билим алуу негизги буйруктардын бири. Курандын алгачкы аяты окуп билим алууга түздөн-түз көрсөтмө берет. Курандын бир аятында: “Деги билгендер (билимдүүлөр) менен билбегендер (билимсиздер) бирдей (даражада) болушабы?” деп айтылат. Мухаммад пайгамбарыбыз билимдүүлөрдү өзүнүн жана башка пайгамбарлардын жолдоочулары, мураскорлору деп эсептейт. Ал хадистеринин биринде “Окуу (билим алуу) – бул (мейли эркек болсун, мейли аял болсун, айтор) ар бир мусулмандын милдети.” дейт. Себеби аялзаты да эркек сыяктуу эле Алланын өкүмдөрүн, буйруктарын, динди жана шариятты толук үйрөнүүгө жана аны элге үйрөтүүгө, айрыкча айалдарга жеткирүүгө милдеттүү.