Он биринчи сан

Ажылык
Мазмуну
Осман Нури Топбаш
Исламдын беш негизинин бири саналган ажылык дене менен да, мүлк менен да аткарылган ибадат. Касиеттерге жана пазилеттерге кана сугрылган бул ибадатты жарашыктуу түрдө орундатуу арууланган ынтызар жүрөккө, толкуп турган ыйманга жана аша кыраакылыкка байланыштуу.
Ажылык-пайгамбарлар тизмегинин алгачкысы, Адам Атадан (алейхис салам) баштап Акыр Заман Пайгамбарына чейин нугунан тайбай улантылып келген жана бул дүйнөдө эле махшар көрүнүшүн жашатып, «Өлбөстөн оболу өлүңүз!» деген сырдуулуктун аныгына жетүүгө себепчи болгон маанилүү ибадат.
Азирети Адам Ата менен Обо энебизден башталган алгачкы инсан бүлөсү, бүгүнкү Мекке шаарындагы Каабанын ордун сыйынуучу жай катары колдонушкан. Адамбаласы турмуштук жана социалдык шарттардын өзгөрүшүнөн улам жер жүзүнүн ар кайсы булуң-бурчтарына жайылып кетишкен. Арадан кылымдар өтүп, муундар алмашып, Ак динден тайгандар болуптур, ошол кезеңдерде ыйык сыйынуучу жай да жоголуптур. Дагы бир кыйла узун замандардан кийин пайгамбар болуп жиберилген Азирети Ибрахим, Кудай Тааланын буйругу менен аны кайрадан түптөп чыккан. Ошол аймактын берекеге карк болушуна Ибрахим пайгамбардын (алейхис салам) дубасы себепкер болгондугу кашкайган чындык. Алла Таала муну Куранда мындайча баяндайт:
«(Эй, Мухаммед) эстегин, Ибрахим айткан эле: «Оо , Кудайым, бул шаарды (Меккени) бейпил шаар кылгын, мени жана балдарымды буттарга сыйынуудан сакта! Кудайым! Ал буттар көптөгөн адамдарды ак жолдон азгырды. Демек, ким мени ээрчисе, ал менден (менин динимде). Ким мага моюн сунбаса, Өзүң кечиримдүү, Мээримдүүсүң.
Оо, Жараткан. Албетте, мен урпагымдын (уулум Ысмайыл жана энеси Ажарды) Сенин ыйык үйүңдүн алдындагы эгин өспөй турган бир өрөөнгө жайгаштырдым» (Ибрахим, 35-37).
Ажылык ибадаты Ислам динине чейин эле башталган эле. Бирок мушриктер аны ибадаттыктан чыгарып, аша чаап, ооматтуу, колунда байлыгы жана күчү барларга арналган, ахлакка жат расмий салтанатка айлантып алышкан эле. Уят-сыйыттуу Курайш уруусунан башка бардык арап уруулары аял-эркек аралаш жылаңач абалда Каабаны тооп кылышчу экен. Курайш уруусу гана кийимчен тооп кылышкан. Жылаңачтанган аламан калктын уяттуу жерлерин жашырып жүрүшү Курайш уруусунун жоомарттыгына байланышуу эле. Алар өздөрү чалган курмандыктарынын канын Каабанын каалгасына жана дубалдарына сүртүшүп, этин болсо өрттөшкөн.
Акырында агарып аткан таңдай болгон Бактылуулуктун Кылымы кылайып, Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммед Мустафа (саллаллаху алейхи васаллам) менен диний жашоо алгачкы башталган жеринде баралына жетип, уят-сыйытсыз үрп-адаттар, бузулган салт-санаалар түп тамырынан бери кыркып, жок кылынган. Анткени дин Исламда бардык ибадаттардын түпкү максаты – Алла Тааланын ыраазылыгын табуу жана Андан кечирилишибизди тилөө болуп саналат.
Ааламдардын Ардагы Мекке жана Мединаны дин исламдын очогуна айлантып, Бактылуулуктун Кылымын жашап баштааткан. Ошентип, ал жайлар кыяматка чейинки Исламдын жана мусулмандардын көз карегиндей ыйык тутунган куттуу аймагына айланган.
Ажылык ибадаты аткарылган куттуу жайлар тээ Азирети Адам Атанын (алейхис салам) доорунан ушу күнгө чейин ыймандуу жүрөктөрдүн руханияты менен берекеленип, ашыктыктан агылган көз жаштар менен жуулуп келет. Арзуусу ташкындаган акактай тунук көңүл менен ажылык ибадатын аткаргандар ошол жайлардан көптөгөн пайгамбарлардын руханий издерин издеп, алардын таштап кеткен жөрөлгөлөрүнөн кут алат. Анткени барча берекенин булагы болгон бул куттуу жайлар пайгамбарлар кербенинин азиз иш-аракеттери жана сооптуу жөрөлгөлөрүнө жык толтурулган. Аларды көргөндө дайыма Алланын мээрими, кечирими жана берекеси көз алдыбызга тартылат.
Ажылык жана умра ниети менен ошол куттуу жайларга баргандар Ибрахимдин:
«Оо, Жараткан! Күнөөлөрүбүздү кечиргин! Сен эң улук Мээрим жана Ырайымсың, оо Жараткан! Менин перзентимди менин жолума, менин диниме бекем кыла көр!» деген жалбаруусуна үн кошуп, ушул дубанын берекесине тунуп, шарапат табат. Нечендеген ашыктыктын кербендери аттиң кылып:
Көрбөй калдым ыраакты да, жакынды.
Барсам сага сулуу Каабам чакырчы!
деп жанган.
Эй, ак таңдын айдарымы,
Барар болсоң, куттуу Мекке, Мединага,
Салам айткын сагынычтуу,
Азирети Мухаммед Мустафага!
деп, ошол куттуу жайларга болгон кусалануусун ырга салып, Ааламдардын Мырзасына сагынычтуу саламын жөнөткөндөр болгон.
Жалындаган аруу сүйүүнүн мына ушундай көрүнүштөрү мусулмандардын көңүлүнө уюп жандүйнөсүнөн түнөк тапкандыктан, ошол ыйык жайларга сапар тарткандарга дуба кылып, салам жолдоо кадимкидей салтка айланган. Ажылык сапарга аттангандарга жүрөктүн түпкүрүнөн сызылган сүйүү саламдарын белгисиз акын минтип ырга айланткан экен:
Басып өтөр жолдорго,
Бизден салам айткыла!
Акты сүйгөн досторго
Бизден салам айткыла!..
Ажылыкты аткарууга
Барып, сооптуу кайткыла,
Мухаммед-и Мустафага
Бизден салам айткыла!..
Мекке менен Медина,
Булар эгиз казына,
Сагынычтуу дуба жолдоп,
Бизден салам айткыла!..
Лаббайк айтып, жан дилден.
Замзамга жүз чайгыла.
Бани Хишам уруусуна
Бизден салам айткыла!..
Кол тийгизбей арамга,
Кирерсиңер ихрамга,
Маркум сахабаларга
Бизден салам айткыла!..
Жалбарганда Аллага,
Бизди эстеп койгула!
Көз каректей Каабага
Салам айтып койгула!..
Алла деп жанса, кай бир жан,
Торуна түшпөйт азгырган.
Ошол Нурдуу Тоосуна,
Бизден салам айткыла!
Киргиле калб-и Хатимге,
Сажда кылгын Рахимге!
Макам-ы Ибрахимге
Бизден салам айткыла!..
Береке ырыс тергиле!
Кудайым берген белгиге!
Арафат, Мина тоосуна
Бизден салам бергиле!..
Жаннатул Баки гүлзарга,
Бизден салам айткыла,
Айткыла, салам баарына,
Эсен аман кайткыла!..
Тээ ошол Бактылуулуктун Кылымынан тартып мына ушундай ашыктык, ынтызарлык жана сүйүүнү бапестеп жашап, жандүйнөсүн тынчыта албаган нечелеген Алланын сүйүктүү пенделери куттуу жайга умтулуп, жан дүйнөлөрүнө бейпилдик тартуулаган намаздарын ошол жайларда окуп өтүшкөн. Жада калса алардын айрымдары ал улук жайларды абдан сүйгөндүктөн, ошол жайларга барууну кыялында арзуу кылып, бирок, каржылык мүмкүнчүлүгү төп келбеген көптөгөн колунда жок ыкласман мусулмандарды Алла ошол шарапатка насиптеш кылган.