Он биринчи сан

Рух көчү ишеними деген эмне?
Мазмуну
Кежебек Чыйбылов
canbey@mail.ru
Рух көчү (реинкарнация) ишеними диндер тарыхында өлгөн адамдын рухунун айбан же адамдын денесине көчүп жүрүү ишеними катары белгилүү. Биз жашаган дүйнөдөгү бул өлүмсүздүк түшүнүгү, адамзат тарыхында эң эски доорлорго таянган окуу болуп эсептелет. Рухтун көчүп жүрүү ишеними Индияда индуизмден пайда болуп, бул жерден Индус аралдары, Тибет, Кытай, Корея, Жапония, Египет жана Байыркы Грецияга чейин жайылган. Рух көчү ишеними индуизм дининин негизи болуп саналат. Ошондой эле, аны индуизмден сырткары буддизм, таоизм, жайнизм жана манихеизм сыяктуу Азиянын эски диндеринен да көрүүгө болот. Бул ишеним «рухтун жаңы денеге өтүүсү», же болбосо «рухтун кайрадан денеге кирүүсү» («reincarnation»), «рухтун көчүп жүрүшү» («transmigration»), «рухтун бир денеден башка бир денеге көчүүсү» («metempsychosis») жана ошондой эле «кайрадан дүйнөгө келүү» («palingenesis») сыяктуу бир канча аттар менен да белгилүү.
Рух көчү ишеними боюнча алып карасак, рух (жан) денеден чыгары менен башка бир денеде кайрадан дүйнөгө келет. Ал эми анын кийинки жашоосунун адам же айбан денесине өтүүсү анын мурунку жашоосундагы жасаган иштеринин натыйжасы катары түшүндүрүлөт, башкача айтканда, кылган жаман-жакшы ишине карата даражасы жогорулайт же төмөндөйт. Рух көчү ишеними боюнча, инсандын рух көчүнүн башталышы белгисиз. Анда рух мурунку дененин абалына жараша айбан же инсан, же болбосо кандайдыр бир кудай катары да дүйнөгө келиши мүмкүн. Демек, рух көчү абалы бир гана адамга таандык эмес. Кудайлар да өлөт жана кайрадан башка бир калыпта дүйнөгө келиши мүмкүн деп да айтылат.
Ошондой эле рухтун көчүп жүрүүсү эң кичинекей курт-кумурскадан баштап, бардык жаныбарлардын денелеринен өтүп, инсан денесине өткөнгө чейин созулат жана рух бул көчүп жүрүүнүн натыйжасында гана толук бышып жетилет. Бул ишенимде өсүмдүктөр менен жаныбарлар ортосунда айырма бир гана баскыч болгондуктан инсан (же болбосо рух) өсүмдүк, ал гана эмес, жансыз бир затка да айланат. Бул ишенимдин дагы бир өзгөчөлүгү – бул окуунун, жалпысынан, рухтардын белгилүү бир санда гана болгондугун жана булардын түбөлүк кала тургандыгын негизги көз караш катары кабылдашканында болуп эсептелет. Рух көчү ишеними жөнүндө кыскача маалыматтан кийин сөз кезеги бул окуунун чечилбеген маселелери жана анын жаңылыштыктары туурасында болмокчу.
Рух көчү ишениминин алдында турган тоскоолдуктардын алгачкысы инсан (личность) үчүн жогорку деңгээлде мааниге ээ болгон «эске тутуу» маселеси турат. Бир инсан мурунку жашоосунда жаман иштерди жасап, күнөөкөр болуп өлдү дейли. Андан соң башка бир денеде дүйнөгө келген болсун. Эми ушул эле инсандын руху мурунку денесиндеги жашоосунан эч нерсе эстей албай жатса, бул эки денедеги (мурунку менен кийинки дене) кишинин бир киши болгондугун, башкача айтканда, эки денедеги рухтун бир эле киши экендигин айтуу мүмкүн эмес. Бул туурасында христиан теологу жана немең философу Г. В. Лейбниц (1646-1716) рух көчүнө ишенген кишиге мындайча суроо коёт: «Улуу Кытай падышасы болушуңуз үчүн, мырзам, сизге эмненин жардамы тийди да, мурунку жашооңузда эмне болгондугуңузду унутуп калдыңыз?» Укуктук жактан алып караганда да жазаны кылмыш же күнөө иш жасаган киши тартуусу керек.
Мисалы, мен мурунку жашоом тууралуу эч нерсе билбей туруп, эмне үчүн сыйланып жаткандыгымды же болбосо кайсыл күнөөм үчүн жазаландырылып жаткандыгымды билбесем, берилчү мындай сый-белектин же жазанын болушу мага эч нерсе алып келбейт. Ошондуктан, мындай нерсе адеп-ахлактык жактан да пайдасыз жана орунсуз. Демек, мен ушул учурда, мындан мурун жашагандыгымды эстей албай жатсам, башкача айтканда, аң-сезимим (подсознание) рухумдун мындан мурунку жашоолорунун баарын ичине камтый албай жатса, азыркы жашоомдогу бар болушумду мындан мурунку жашоомдун уландысы жана өлүмсүздүгүмдүн тажрыйбасы катары кароого укугум жок.
Рух көчү окуусу рухтардын белгилүү гана санда болгондугун кабылдаганынан улам калктын санынын өсүшү жараянын ачыктап түшүндүрүп, жооп бере албашы да бул ишенимге карама-каршы келет. Эгер белгилүү жана чектелүү санда рухтар бар болгон болсо жана бул кийинки келген инсандарды да мына ушул рухтар пайда кылып жаткан болсо, дүйнөдөгү калктын санынын өсүүсүнүн көрсөткүчү белгилүү бир деңгээлде туруктуу бойдон калуусу керек эле го?
Рух көчү теориясынын сындалышында айтылчу сөздөрдүн бири да мына ушул жагдай. Эгер бул теориянын айткан көз карашы туура боло турган болсо, дүйнөгө жаңы төрөлгөн бөбөктөрдүн да, толук бышып жетилген жеткиликтүү жана баралына барып турган кишилик менен төрөлүшү керек эле.
Айбандарда жан бар, бирок сүйлөөчү жандык деп айтылчу инсандык рух аларда жок. Инсан руху кандайдыр бир айбан денесине көчүп өтүүсү мындай турсун, башка бир инсан денесине да көчүп өтө албайт. Ал гана эмес, келечекте бир инсандын мээсин башка бир инсандын баш сөөгүнө көчүрүү мүмкүн болсо да, анын рухун башка бир инсандын денесине көчүрүү мүмкүн эмес.
Ошондой эле бул ишеним иудаизм, христиан жана ислам диндери ичине камтылган бүтүн самаавий (Кудай тарабынан пайгамбарлары жана китептери аркылуу жиберилген) диндер боюнча да негизсиз болуп эсептелет. Айрыкча рух көчү ишеними, рухтардын эзели (башталгычы жок) болгондугун кабылдоо сыяктуу жаңылыштыкка алып барат. А негизи жараткан Алладан башка бардык нерсе кийин жаратылган. Ошондой эле бул ишенимге ээ болгондордун көпчүлүгү материялдык жана руханий (дене-рух) абалда боло турган акырет жашоосу менен өлүп-тирилүүнү танышат жана кабылдашпайт. Демек, рух көчү ишеними ыйман менен, айрыкча акырет ишеними менен такыр дал келбейт.
Урматтуу окурман, бул макалабызда рух көчү ишеними туурасында азыноолак маалымат берүүгө аракет жасоонун негизинде, анын жаңылыш жактарын, чечилбеген маселелерин жана бул нерсенин ислам дининин ишеним негиздерине дал келбестигин көрсөтүп кеттик. Ошентип бул маселе туурасындагы сөзүбүздү жыйынтыктап жатып, бул өлүмсүздүк түшүнүгү болгону Индиузм менен Пифагорчуларда болуп келген жана Нитченин (Nietzsche) кайрадан күн тартибине алып келген формасындагы, бир эле нерсенин түбөлүк кайталана бере тургандыгы ишенимине таянган кабылдоо экендигин белгилеп кетмекчибиз.
Француз философу Вольтер эмне дейт?
Вольтер (Voltaire) (1694-1778) инсандарды жана окуяларды сатира-юмордук жанр менен сындоонун адебин берген атактуу француз жазуучусу жана философу. Анын «Философ сыңары сүйлөшүүлөр жана анекдоттор» аттуу китеби да сатиралык жанр менен жазылган жана христиан фанаттарынын айласын кетирген китеп катары белгилүү. Автордун бул чыгармасындагы айтылган ойлордун чын чычайса калп кашкайат дээрчелик чындыгы бар. Ошондуктан бул макалабызда анын христиандык, аз. Иса, ислам жана аз. Мухаммед (с.а.в.) туурасындагы кээбир айткан сөздөрүн келтирүү менен анализ жасоого аракет кылабыз.
Вольтер өзү негизи динге каршы эмес. Ал диндин зарылчылыгы жөнүндө: «Албетте бир дин керек. Бирок бул дин бузулбаган таптаза, акылга сыярлык жана универсал болуусу керек. Тагыраак айтканда – эң мыкты. Белгилүү бир кичинекей аймак үчүн эмес, бүтүндөй инсаният үчүн нурун чачкан күн сыяктуу болуусу зарыл» (а.а.ч 1/215) дейт. Вольтердин дин туурасындагы мындай изденүүсүн иликтей келсек, ислам накта ал издеген жана ойлогон универсалдуу дин болуп чыга келет. Анткени аз. Мухаммед (с.а.в.) бүткүл инсаниятка жиберилген. Бул туурасында Курани Карим төмөндөгүчө билдирүүдө: «Биз сени бүтүндөй инсаниятка кубанычты кабарлоочу жана эскертүүчү кылып жөнөттүк. Бирок муну адамдардын көпчүлүгү билишпейт» (Саба 28) жана «Биз сени бүткүл ааламдарга ырайым-мээрим катары жибердик» (Анбия 107).
Француз философу сындап кеткен христиан дини албетте кийинчерээк өзгөрүүгө учураган бүгүнкү христиан дини экендиги талашсыз. Бул жагдай өзүнүн айткандарынан да ачык байкалат: «Ар бир өткөн кылымда Исанын динин ушундай бузушту дейсиң, бүгүнкү күндөгү христиан дини анын динине (Иса түптөп кеткен динге) таптакыр карама-каршы абалга келип жетти» (а.а.ч 1/225). Философ бул оюн өзүнүн орундуу сөздөрү менен төмөндөгүдөй коштойт: «Байкуш адамыбызды (Исаны) бираздан соң пайгамбар, үч жүз жылдан соң кудай кылып жиберип, кысталышта сөз тапкан болушту» (а.а.ч 1/224). Эзелилик, түбөлүктүүлүк, бардык нерсеге күчү жетүүчүлүк, төрөлбөө жана төрөбөө сыяктуу сыпат-мүнөздөр чыныгы кудайдын гана сыпаттарынан. Жок болуучу, өлүүчү, алсыз, коркок жана муктаж барлыктарды кудай ордуна коюу чынында эле күлкү келээрлик нерсе.
Бул жагдайды түшүнгөн Вольтер: «Кудайдын өлүп калганын түшүнүү үчүн аракет кылсам, башым жарылчудай (а.а.ч 1/201). Иса эгерде чындап эле теңир болгон болсо, эмне үчүн теңирдик күч-акысын колдонбоду? Күнөөлөрдөн куткаруу үчүн келген Иса эмне үчүн бизди күнөөлөргө белчеден батырып кетти? (а.а.ч 1/200). Абал мындай болгон соң мен кантип шайтан тарабынан жер жүзүнүн эң бийик чокусуна алып келинген жөөткө (Исага) «жараткан» деп сыйынып-табына алам? (а.а.ч 1/203)». Бул окуя Матфей инжилинин 4-бабында мындайча баяндалып айтылат: «Ошондо Иса шайтандан сыналуу үчүн, Ыйык Рух аркылуу ээн талаага алып келинди. Жана кырк күн, кырк түн орозо кармаган соң ачка калды» (Матфей, 4/1-2).
А чынында ибадат кылуу пенделерге таандык. Теңирдин орозо кармоосу, айрыкча ачка калуусу кудайлыкка, теңирдикке кескин түрдө доо кетирет. Ал эми Вольтер бул тууралуу: «Кыйноонун эң ооруна дуушар болгон, азап жана өлүм коркунучу ичинде жан айласын таппай калган төмөнкү катмардагы жөөттү кантип теңир деп айта аласың?» (а.а.ч 1/203) деген. Ошондой эле философ сөзүн төмөндөгүчө улантат: «Бирөө сени оң жаакка чапса, ага экинчи жаагыңды да тосуп бер» (Матфей, 5/39) деген Иса кантип эле башка бир жерде «Мени дүйнөгө тынчтык алып келген деп ойлобогула; мен тынчтык эмес, кылыч алып келүү үчүн келгем; Анткени, мен адам менен атасынын, кыз менен өз энесинин, жана келин менен өз кайын энесинин ортосун бөлүү үчүн келдим» (Матфей, 10/34-35) деп айтсын» деп жанынын сыгылганын айтат. Айрыкча ал аз. Иса тууралуу айтылган негизсиз түшүнүктөрдүн бирине мындайча токтолот: «Ак нан менен кызыл шараптын теңир түспөлүнө (Исанын денесине) айланарына ишенүү үчүн инсандын айбанга айлануусу керек эмеспи?» (а.а.ч 1/293). Чындап эле бул жагдай Матфей инжилинин 26-бабынын 26-28-саптарында аз. Исанын нанды сындырып шакирттерине берип жатып: «Алгыла, жегиле: бул менин денем» жана чөйчөктү сунуп жатып: «Мындан баарыңар ичкиле; бул менин каным» дегендиги туурасында баяндалат. Вольтер бул окуяны тамашага айландырып: «ошол нанды жеп, шарапты ичкенден кийин поптор «жалпы колдонулчу дааратканаларга барыш керекпи же жеке дааратканагабы?» деген маселенин үстүндө талашып-тартышарын мыскылдап айтат.
Эми сөз төркүнүн Вольтердин ислам жана аз. Мухаммед (с.а.в.) тууралуу айткан кээбир сөздөрүнө буралы: «Аз. Мухаммеддин дини эң айкын дин» (а.а.ч 1/200). Өз барлыгын ийгиликтер менен коштоп келген бул дин пайда болгондон бери Кудай тарабынан корулуп келген. Вольтердин жашаган мезгилин эсепке алганда, арадан 1200 жыл өткөнүнө карабастан анын негиздөөчүсү (Мухаммед с.а.в.) көзүнүн тирүүсүндө кандай болгон болсо, азыр да ошол бойдон жана ал түптөп кеткен дин бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин жана өзгөчөлүгүн жоготпостон жашап келген. Муну Вольтер: «Мухаммеддин дини эч өзгөрбөдү. Сиз болсо диниңизди өзгөрттүңүз» (а.а.ч 1/302) деп моюнга алат.
Сөзүбүздү жыйынтыктап жатып, белгилүү француз философу Вольтердин ислам жана христиан диндери туурасындагы көз карашын шарият эрежелери боюнча көмүлгөн атактуу улуу орус жазуучусу жана ойчулу Л.Н. Толстойдун төмөндөгү сөздөрү менен коштоп кетүүнү ылайык көрдүк. «Мен үчүн Мухаммеддин дини крестке табынып сыйынууга салыштырылгыс деңгээлде жогору турат. Эгер инсан тандоо укугуна ээ боло турган болгондо, акыл-эси жайында болгон ар бир христиан жана ар бир адам эч күмөн санабастан жана кылчайбастан Мухаммеддин динин; бир Алланы жана Анын пайгамбарын (Мухаммедди) кабылдар эле» (Tolstoy, Hz. Muhammed, 48, İstanbul 2005).
Бул кашкайган чындыктар учурубузда дин жагдайында дүйнө элдерине жалган жалаа жана түрдүү айла-амалдар менен ислам динине төп келбеген ар кандай терс түшүнүктөрдүн баарын исламга жаба салган батыш миссионерлерине жана алардын таасиринде калган айрым замандаштарыбызга сунулмакчы.