Он биринчи сан

Журналдын он биринчи саны

Курманжан датканын динге болгон мамилеси

Мазмуну

                                                                       Нургазиева Гүлүмай Дөөлөтбековна.

            Маматбай кызы Куманжан 1811-жылы Ош шаарынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Орке кыштагында «муңгуш» уруусунун «жапалак» уругунан чыккан Маматбай аттуу адамдын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Төркүндөрүнүн урпактары азыр да ошол жерде жашашат. Мурунку жеринде Курман (Малам жыл сүрүүсү боюнча) айында төрөлгөн баланы же кызды Курман, Курманаалы, Курманжан, Курманбек, Курманбай деп ат койсо, ал узак өмүр сүрөт деген ишеним болгон. Ал Ислам дини боюнча курмандык чалып, мал союп, маркумдарды эскере турган Курман айт майрамы убагында жарык дүйнөгө келгендиктен ага Курманжан деген ат коюшкан. Ал тарыхта Алайдагы кыргыздардын башкаруучусу «Алай ханышасы» деген ат менен белгилүү.

            Курманжан датканын туулган жери, түпкү теги, социалдык абалы тууралуу көптөгөн авторлор жана изилдөөчүлөр ар кандай жазып келишет.
Курманжан 18 жашында атасы кудалап койгон Садар уулу Кунуга (кээбир маалыматтарда Кунсейит деп беришет) турмушка чыккан, бирок аны чанып, атасынын төрүндө үч жыл отурган.

1831-жылы Курманжандын андан аркы жашоо тагдырындагы бурулуш жыл болгон. Ошол кезде Алайды бийлеп турган Алымбек датка ага үйлөнөт. Мына ушул даңазалуу эки инсандын баш кошуусу тууралуу аңыз кеп эл арасында түрдүү варианттарда айтылып келет. Алардын бир вариантынан сөз кыла кетели.
Сары алтын күз күндөрүнүн биринде Алымбек датка жалдап жүрчү нөкөрлөрү менен Кокондон келе жаткан. Жол боюнда жайгашкан жапалактардын айылындагы Маматбайдын боз үйүнө тыныгып, Курманжандын колунан кымыз ичип, аны жактырып калат да, ага үйлөнүү сунушун айтат. Анда Курманжан: «Датка менин башым байлануу, мени никеден шариат боюнча ажыратмайынча сиз эмес Кокон ханы да мага үйлөнө албайт», деп жооп берет. Ошондо Алымбек Курманжандын башын ачуу үчүн никедеги күйөөсү Кунуну алдырат. Алымбек ага мындай шарт койот: «каалаган кызды танда, мен сени өзүм үйлөндүрөм, калыңын төлөйм, болгону аялың менен ажырашканга макулдугуңду бер». Башын жерге салып турган күйөө ойлонуп туруп: «Эгер бегим ушундай дей турган болсо мен эмне демек элем» деп жооп берет. Кунунун жообун уккан Курманжан: «Ай байкуш, сен өлүп баратып да эркекче жооп бере албайсын»,-деп наалыган экен.

            Алымбек убадасына бек турат. Курманжан никелик парзынан кутулуп Алымбекке турмушка чыгат. Аны менен 29 жыл чогуу жашап беш балалуу болушкан. Эл башкарууда Алымбектин ишеничтүү жардамчыларынан болуп калган.
Революцияга чейинки жазма тарыхчы атыккан О. Сыдыков; «Барпы уруусунан Алымбек деген хан болгон. Бул зат Кокон шаарына, Ош шаарына чоң медресе салдыргандыгы» жөнүндө жазган. 

            Жогоруда белгилегендей, орто кылымдардан тартып медреселер мусулман дүйнөсүндө кадимки окуу жайларынын кызматын аткаруу менен өз мезгилинин чыныгы Университеттери болгон. Анткени бул окуу жайларда астрономия, география, философия сыяктуу коомдук илимдер жана ыйман сабактары окутулган. Адатта медреседеги окуу араб арибинде окутулгандыктан, атеисттер медресеге динди гана пропагандалоочу борбор катары бир жактуу карашкан.

            1962-жылы Кокон ханынын сарайында корголоочулар Алымбек датканы өлтүрүшкөндөн кийин Алайды башкарууну Курманжан биротоло өз колуна алган. Ошентип «Алай ханышасы» Курманжан датка мусулман дүйнөсүндө күйөөсүнөн бийликти мурастап алып, карапайым калкка расмий түрдө таанылган башкаруусуна чейин өсүп жеткен. Ал өз доорунда карамагындагы калкты каалагандай башкаруу укугуна ээ болсо дагы, аксакалдар кеңешинин пикирин жетекчиликке алчу.

            1864-жылы Кокон хандыгына каршы Алайлык кыргыздардын күрөшүн басуу үчүн аскерлери менен жардамга бара жаткан Букара амири Саит Музаффар Эддин Ошко келип Мады чебин каратат. Борбордук Азиядагы мусулман дүйнөсүнүн тиреги, Ислам дининин туткасы катары эсептелген Музаффардын Ошко келе жаткандыгы жөнүндө кабарды угары менен нарктуу Датка кыргыздын салтынан жазбай жоо жарагын көтөрүп, курал менен беттешпестен, замандын өйдө-ылдый опурталына акыл калчап, урмат-сый менен элдик салт-нарктын жөрөлгөсүн жасап, ак көтөрүп алдынан тосуп чыгат.

 Музаффар алгач Курманжандын бет алдынан тосуп чыкканын жактырган эмес. Ал тургай аны айыптап: «Сиз мусулман аялы болуп туруп кантип жүзүңүздү паранжа менен жаппай эркек кишини алдынан тастайып тосуп чыктыңыз. Шарият боюнча аял деген эч качан өзүнүн жүзүн жат бирөөгө көрсөтпөө керектигин билбейсизби?» деген суроону берген. Ошондо Курманжан: «Урматтуу Амир! Мен да мусулман кызымын! Сиз окуган аят сүрөлөрдөн менин да кабарым бар. Бирок ыйык Куранда Алла Тааланын «аял киши бетин жаап жүрсүн» деген жерин мударис молдолордун эч кимиси мага көрсөтүп бералган жок. Анан калса сиздин оюуңузча аял кишинин жүзү уяттуу нерсе катары эсептелеби? Ойлоңузчу сизди да аял төрөгөн, энеңиздин бетин көрүү уятту ишпи?» деп суроого суроо менен, акылдуу ары таамай жооп берген.

 Ошол учурда амир Курманжандын Алайлык кыргыздарга болгон таасири зор экендигин түшүнөт да, мусулман салтын бузуп аял кишиге  Курманжанга, «Датка» деген даражаны ыйгарып, аны тастыктай турган күбөлүктү жана белек бечкектерди бергендиги айтылат жана ошондогу фактыны мусулман дүйнөсүндө сейрек кездешүүчү окуя катары баш көрсөтүшөт.

            Курманжан датканын уулдары Абдылдабек, Батырбек, Махмудбек, Хасанбек, Камчыбек Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы күрөшөт. 1976-жылы Кокон хандыгы талангандан кийин Түркистан генерал губернаторунун Кыргызстандын түштүгүн Россиянын карамагына кошуу жөнүндөгү талабына каршы Алайлык кыргыздар тоого көчүп кетишкен. Аларды баш ийдирүү үчүн генерал Ш. Д. Скобелевдин отряды жиберилет. Курманжандын уулдары Абдылдабек, Камчыбектер партияны жазалоочу отряддарына каршылык көрсөтүшкөн. Падышага каршы иш жүргүзгөндүгү үчүн кичүү уулу Камчыбекти Курманжан датканын алдында дарга асышкан, эли үчүн жанын берген Камчыбектин кантип өлүп баратканын энеси өз көзү менен көрүп түбөлүк сапарга узаткан.

            Камчыбекти дарга асып келгенде ал отряддын башчысы Повало Шивиковскийден «эки ирекет намаз окуп алайын» деп өтүнгөн. Ал аны бошотуп намазын окуп бүткөндөн кийин дарга алып келип аскан. Аны дарга асканда чынжыр үзүлүп кеткен, ошондо Курманжан: «Жараткан Алла өзү актап жатат! Баламдын күнөөсү жок! Жаза бир! Баламды бошоткула» деп кайрылат, бирок экинчи жолу дарга асылып өлтүрүлөт.
Курманжан датканын Ислам илими жазылган ыйык Куран жана Мухаммед пайгамбардын хадистери жөнүндө кенен түшүнүгү, өз көз карашы болгондугу маалым. Курманжан датка Алай жергесине кадимки мектептерди салдырып, анда букаралардын сабатын ачып, билим алуусу үчүн шарт түзгөндүгүн замандаштары эскеришет. Датка салдырган мектептер 1960-жылга чейин бузулбай, кампа катары пайдаланылып келгендигин жергиликтүү калк эскерип айтып келишет.
Генерал М. Д. Скобелев даткага жолугуп, жарашуу жөнүндө макулдашуу ишин тапшырган. 1876-жылы Курманжан датка М. Д. Скобелевге Кыргызстандын Россияга кошула тургандыгын билдирген. Уулдары Махмудбек, Хасанбек, Батырбек ак падышанын бийлигин таанышкан. Улуу уулу Абдылдабек Ооганстанга качып кеткен. Неберелери Камчыбеков Кадырбек, Карабеков Жамшидбек Совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөшүшкөн. Чеберелеринин бири Кыргызстандагы белгилүү илимпоз академик М. Адышев болгон. Курманжандын сөөгү Оштогу Сулайман тоосунун этегине Сары-Мазар көрүстөнүнө коюлган.
Демек, Курманжан датка орто кылымдагы өткөн мусулман аялдардын коомдук жана мамлекеттик ишмердиктеринин көчүн улаган деп белгилесек болот.

Адабияттар:
Турсунбай Өмүрзарков. Курманжан датка, Бишкек, 2003
                      Ош областы: Энциклопедия – Фрунзе, 1989.

Башына