Он биринчи сан

Пайгамбарлардын сыпаттары
Мазмуну
Акылбек Халбеков
(Башы өткөн санда)
Таблиг: Пайгамбарлар Теңирий өкүмдөрдү аныгынан тайдырбай, кандай буйрулган болсо дал ошондой кылып адамдарга жеткирип турууга милдеттүү болушкан. Бул жамы пайгамбарлардын орток сыпаттарынан жана эң маанилүү озуйпаларынан болуп саналат. Аятта мыдайча айтылат:«О Элчи! Раббиңден Сага түшүрүлгөндү жар сал! Эгерде муну аткарбачу болсоң, Анын элчилик озуйпасын орундатпаган болосуң…» (Маида, 67).
Кайсыл гана доордо болбосун пайгамбарлык милдетти аркалагандар бул улуу ишти алып барууда ар түрдүү кы-йынчылыктарга дуушар болушкан. Бирок эч убакта жолунан кайткан учур болгон эмес. Алардын өмүр жолдору бул жагдайда санак жеткис ибараттарга толтурулган.
Бүт өмүрүн Ислам динин жаюуга арнаган Ааламдардын Мырзасы (саллаллаху алейхи васаллам) Коштошуу Кутпасында сахабаларына:
«-Чакырык озуйпамды аткара алдымбы?» деп кайрылган. Алардан оң жооп алган Пайгамбарыбыз:
«-Күбө бол Аллахым!» деп ичинен жалбарып, жетишкен ийгилигинин теңдешсиз даамын тата алган.
Бир коомчулукта жакшылыкка үндөгөн, жамандыктан кайтарган адамдар болбосо, убакыттын өтүшү менен жаман-жагымсыз иштер ал коомчулукта жөнөкөйлөнүп олтуруп, акыры барып мыйзамдан орун алып алат. Ак менен кара аралашып олтуруп, акыйкат учат ал жерден. Мына ошондо адампендең Жараткан Кудайын унутат. Натыйжада коомчулук чөгүп жок болуп кетет. Ушул коркунучтуу балакеттен кутулуу үчүн үгүт-насаат, чакырык иштерине олуттуу маани берүү абзел болоор.
Исмат:Пайгамбарлар, кичинеси болобу, чоңу болобу ар кандай жагымсыз кылыктан, күнөө иштерден оолак болушкан. Ушул сыпаттары себептүү алар, пайгамбарлыктан мурда да, кийин да ширк баткагына малынып калуудан жаа бою качышкан. Алла Тааладан алган вахийди коомчулукка жеткирүүдө унутуп калуу же ката кетирүү буларга тиешелүү нерсе эмес.
Эгерде пайгамбарлар күнөөсүз-исмат сыпатына ээ болбогондо, билдирген кабарларынын тууралыгына ишенбөөчүлүк пайда болоор эле. Мындай абал алардын, Алланын жер бетиндеги далили жана өкүлү болуу артыкчылыктарына көлөкө түшүрмөк.
Ахли Суннаттын пикиринде пайгамбарлар эч убакта күнөө иштерге барышпайт, күнөө жасашпайт. Жаңылыштык же башка хикматтарга байланыштуу «зала-жаңылыштык» кетириши мүмкүн болсо да, жаңылыштыгына көз жумулуп коюлбастан, дароо аят менен эскертүү берилип, туура жагына түшүп турушкан.
Эркке баш ийбес «залла» деген пендечилик жаңылыштык; аларды ыйыктап, теңирдикти таңуулоодон алыстатуу, пайгамбарларга да алсыздык тарттыруу жана жөн гана пенде экендигин эскертүү үчүн жүзөгө ашырылган иш-аракеттер болуп эсептелет.
Дагы башка жагынан алып караганда пайгамбарлар, үммөттөрүнүн дал ошол эле катага түшүп калбашы үчүн жана кокустан ката кетирип ала турган болсо андан ары кандай кадам жасарын үйрөнүшү үчүн үлгү болушу керек.
«Лаа юхти-ката кетирбейт» деген сыпат жалгыз Аллага гана таандык. Ката кетирбей коюуга же жаңылыштыкка жол бербөөгө адампенденин эрки жетпейт. Бирок чыныгы мусулман адам, өткөн өмүрүндөгү каталарын кайталабай, керисинче, азайтууга жан үрөшү керек. Ошондуктан Курандын көптөгөн жеринде зикир, тактап айтканда, жүрөктүн Алла Таала менен бир болушу буйрулган. Анткени жүрөк «Алла» деп Аны эстеп жүрсө адилетсиздикке барбайт, ката жана жаңылыш иштерге кадам таштоодон алыс болот.
Алла Таала мындайча буйруйт:«Алланы унуткандардан болбогула! Алла алардын өздөрүн унуттуруп салган. Дал ошолор бузукулар» (Хашр, 19).
Жалпы пайгамбарларга таандык ушул беш сыпаттан башка бир гана Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) тиешелүү да үч сыпат бар:
1. Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Алланын Сүйүктүүсү, эң жакшы көргөнү-Хабибуллах болуп саналат. Ал бардык пайгамбарлардан жогору турат. Ал адамзааданын эң шарапаттуусу.
2. Алланын Элчиси Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа (саллаллаху алейхи васаллам) жамы адамзатка жана жиндерге пайгамбар кылып жөнөтүлгөн. Башкача айтканда, эки ааламдын Элчиси болот. Ал алып келген дин кыяматка чейин өкүм сүрөт. Кээ бир пайгамбарлар белгилүү гана мөөнөткө жөнөтүлгөн болсо, айрымдары белгилүү бир урууга же элге жөнөтүлгөн. Бул жагын эске алганыбызда ар бир пайгамбардын мужизасы өз дооруна гана таандык болгон болсо, Азирети Пайгамбарыбыздын мужизалары бардык мезгилдерди бирдей камтыйт. Асыресе Кураны Карим, Ага берилген эң улук мужиза катарында кыяматка чейин таптаза бойдон кете берет.
3. Ал пайгамбарлардын эң акыркысы –Хатамул Анбия.
Булардын бардыгынан артыгы кыямат күнүндө Азирети Пайгамбарыбызга макамы-махмуд (алкышка татыктуу мартаба) жана шапаат кылуу ыйгарылган. Ошондуктан Ал мээримдүүлүктүн пайгамбары, сот күнүндө күнөөкөр үммөттөрүнө шапаат кылат. Анын шапааты Жараткан Алла тарабынан кабылданат.129
***
Бир адамды сүйүп, анын жеке адамгерчилигине жана кулк-мүнөзүнө суктанып, идеал тутунган инсандай болуу аракети кишинин табиятындагы тубаса ийкемдүүлүк экендигин эч ким тана албастыр. Бул жагын эске алганыбызда адам баласы үчүн эң изги үлгүлүү инсандарды таап, алардын изинен тайбай өмүр кечирүү өтө олуттуу жагдай. Мына ушул себептен жакшылык жана сыйынын учу кыйырсыз Алла Таала, Өзү жараткан адамзаадага китептерди эле эмес, ошол китептердин жандуу тажрыйбасы делинген нечелеген мыкты сыпаттар менен жабдылган пайгамбарларды, үлгүлүү кишилерди жөнөтүп турган. Алар бардык жагынан теңдешсиз үлгүлүү болгондуктан динийби, илимийби же адеп-ахлактыкпы, дегеле кайсыл гана жагынан болбосун, нукура мыктылыкка сурагылган. Ошентип, пайгамбарлардын ар бири адамзат тарыхында көрүнүктүү үлгүлүүлүктү, жаратып киши баласынын ушул күнгө дейре келишине албан кызмат өтөшкөн.
Маселен, пайгамбарлардын ичинен Азирети Нухтун (алейхиссалам) өмүр баянына назар салсак, эң оболу ыйман мамлекети, чыдамкайлык-сабыр жана акырын аягында каапырчылыка жана каапырларга каршы айосуз сокку көзгө урунат.
Азирети Ибрахимдин (алейхиссалам) өмүрү болсо, ширкке каршы айыгышкан күрөш, бутпарастыкты жок кылуу менен өткөн. Ошол эле учурда Намруттун алоолонгон жалынын гүлбакчасына айландырып, Аллага моюн сунуу, тобокел жана берилгендик өңүтүнөн өзгөчө өрнөккө айланган.
Ал эми Азирети Мусанын (алейхиссалам) өмүрү заалым Фараон жана анын кошоматчылары менен күрөшүп өткөн. Ошону менен бирге алып келген шарыяты менен момундар үчүн социалдык мыйзам курган.
Адамдарга карата мээрмандык жана камкордука толгон туюмчул жүрөк Азирети Исанын (алейхиссалам) чакыргынын айырмачылыгы болуп саналат.
Азирети Сулаймандын (алейхиссалам) көз тайгылткан нечендеген казалдар жаралган ошол байлыгы даңкына карабастан сыпаалык жана шүгүрчүлдүгү менен жүрөгүнүн тазалыгын сактап Жаратканга кулчулук кылып, көөнөрбөс зоболо күтүшү не деген гана оомат.
Азирети Аюптун өмүр жашоосунда болсо жан чыдас дарт, козголбос сабырдуулук жана ошого да кайыл болуу менен Кудай Таалага талбай шүгүр кылуу деген өзгөчөлүк бар.
Азирети Юнустун (алейхиссалам) өмүрү Алла Таалага багыттанып байлануунун жана кетирген жаңылыштыгы себептүү бушайман болуп тообасынан жазбай жашап өтүүнүн бышып-жетилген мисалы болуп эсептелет.
Азирети Жусуп (алейхиссалам) кулчулукту тартып жүрсө да Акка болгон бекемдикти жана чакырыктын туу чокусун жашаган. Ал байлыкка, атак-даңкка көзү тунарып, махабатка тушалган сулуу аялдын «Кана, келбейсиңби мага!» деген сунушун четке кагып, өзүнүн таза абийирдүүлүгүн көрсөткөн. Анын чыныгы такыбалыгы менен акактай тунук көңүлү, иш-аракеттеринин, жүрүм-турумунун кашкайган күзгүсү десек болот.
Азирети Давуттун (алейхиссалам) жашоосу Теңирий зобололуулуктун жана кудереттүүлүктүн көрнөк ибарат барактарына жык толгон. Жараткан Алладан коркуп ошол падышанын ыйлаганы, канааттуулугун, ыраазылыгын, шүгүрчүлүгүн билдирип талбай зикир кылышы, жалынып-жалбарып Аллага гана ыкташы абдан ибараттуу.
Азирети Жакыптын (алейхиссалам) өмүрү болсо адамдын көзү туңкуюкка камалып, дүйнө караңгылашып калган чакта да күдүктөнүп жаман ойго кемирилбей, туруктуу сабырдуулук менен Аллага тобокел кылып, Анын ырайымынан, мээриминен күдөр үзбөгөнү эң зарыл үлгү болуп саналат.
Пайгамбарлардын султаны саналган Азирети Мухаммед Мустафа (саллаллаху алейхи васаллам) болсо өзүнөн мурда келип кеткен 124 миңдей пайгамбарлардын көрүнөөдөгү да, көмүскөдөгү да жамы артыкча сыпаттарын жана өзгөчө жактарынын дагы да мыктысын тулку-затына сиңирип, изги ахлак жана мүнөздөрдүн туу чокусунда болгон. Анын кутман дене-турпаты чалкыган дайра, ал эми калган пайгамбарардын өмүр жолу болсо ошол дайрага куйган куймалар сыңары.
Жараткан Алла Курандагы пайгамбарлардын өрнөккө жана сырга толгон берекелүү жашоолорунан агылган сабыр, шүгүрчүлүк, тобокел, берилүү, ырайым, мээрмандык жана камкордук сыяктуу асыл мүнөздөрүнөн көздөгөн үлүштү алууну жана чыныгы өмүр кечирүүнү насип кылсын!!!
Оомийин!..