Онунчу сан

Мазмуну
Ассаламу алейкум ардактуу окурмандар!
Кадырман окурмандар!
Куттуу үч айдын акыркысы Рамазан айына буюрса, сентябрь айынын он үчү күнү кирер алдында турабыз. Андыктан журналыбыздын береги санынын күн тартибине «Рамазан айы жана орозо» деген тема коюлду.
Ырас, Рамазан айы биз үчүн Жараткандын кечиримин алууга кең мүмкүнчүлүктөрдү шарттаган ай. Киши баласы өмүр улап келе жаткан мынабу дүйнөдө кыбыр эткен жандын баары ар түрдүү ыпластыктардан тазаланууга, арылууга муктаждыгы күч. Береги муктаждык орундалбаса, өтүп жаткан убакыт бир калыптуулукка, монотондукка себеп болот. Ошондуктан тынымсыз агып кетип жаткан убакыттын кадырына жетебилүүнү, андан пайдалана билүүнү шарттай турган ийги иш-амал жана өзгөчө учур, мезгил зарыл. Асыресе, күнүмдүк беш маал намазыбыз буга эң сонун шарт. Жума намазы аптада бир жолу мусулман боордошторубуз менен бир жерге чогулуп жамаат менен Жаратканга жалбарып күнөөлөрдөн, ар кандай ыпластыктардан арылууга, бир үммөттүн өкүлдөрү экенибизди эсибизден чыгарбай жүрүүгө чоң түрткү. Анын сыңарындай, Рамазан айы да жылдык аруулануунун, тазалануунун айы. Ошентип, бул айдын берекеси менен ыйманыбызды бекемдеп, кайрадан изги иш-амалдарга жаңы дем, жаңы күч менен кадам шилтөөгө мүмкүнчүлүк алабыз.
Рамазан айы мусулман баласы үчүн күнөөлөрдөн арылып, Жараткандан кечирим алып айт майрамды жылуу маанай менен тосууга өзүнчө мүмкүнчүлүк. Күнөөлөрдөн арылуу үчүн Аллага чын ыкылас менен ибадат кылып, Анын ыраазылыгы үчүн орозо кармап, Пайгамбарыбыздын жолун жолдоп, муктаж мусулман боордошторубузга колубуздан келген жардамыбызды аябашыбыз керек. Алланын акыркы Элчисинен (саллаллаху алейхи васаллам) үлгү алып жакшылык, кайрымдуулук иштерибизди көбөйтүп, иралды жакын туугандарыбыздан баштап, дүйнөнүн чар тарабында ачкалыктын айынан ары карап кетчүдөй абалда өмүр сүрүп жаткан мусулман боордошторубузду унутпашыбыз зарыл.
Рамазан айын Алла жана анын акыркы Пайгамбары таалим эткен шекилде өткөргөн чакта гана ал жекелик жактан да, коомдук жактан да руханий жандануубузга, ирденүүбүзгө, жаңы дем-күч менен өмүр улашыбызга данакер болот. Бул айда жасаган жакшылык иштерибиз эл-журтубузга токчулук, бейкуттук алып келип, коомдогу биримдикти, ынтымак-ырашкерликти, ырк-бейпилдикти бекемдейт. Журналыбыздын береги санында куттуу Рамазан айынын ар түрдүү артыкчылыктарын ар тараптан иликтөөгө аракет жасадык. Кудай буюрса, бул айдын береке-кутунан үлүш алуу ар бирибизге насип болор...
Урматтуу окурман
Ак Башат журналы мындан ары дагы арышын алыс таштап, ак кызматын өтөй берүү жолунда сиздерден колдоо күтмөкчү. Бул өңүттөн, беш кишини журналыбызга абонент катары каттаткан окурманыбызга бир жылдык саныбыз белекке тартууланмакчы. Бу багытта көргөзгөн жардамыңыздар биздин күчүбүзгө күч, демибизге дем кошоорунда шек жок. Кайрадан журналыбыздын кийинки санынан жүз көрүшкөнчө амандыкта, бейпилдикте болуңуздар. Учурдан пайдаланып, келе жаткан Рамазан айыңыздар кут болсун демекчибиз.