Онунчу сан

Ширк
Мазмуну
Ислам дини күнөөлөрдү «чоң күнөөлөр» жана «кичине күнөөлөр» деп экиге бөлүп карайт. Чоң күнөөлөрдүн башында «ширк» келет. Ак-Башаттын ушул санынан баштап жумулай журтка Исламдагы чоң күнөөлөрдү сандан санга таанытууну туура көрдүк.
Ширк – кыргыз тилине которгондо «ортомчу», «ортомчу кошуу» деген маанилерди туюнтат. Тагыраак айтканда кыргыз тилиндеги кадимки «шерик» сөзү. «Ширк» бир гана Ислам динине таандык термин.
Ислам дининде ширктин мааниси: Алла Таалага кандайдыр бир ортомчу, шерик кошуу, Алла Тааладан башка жаратуучунун же бир канча кудай бар экендигине ишенүү, жасалма кудайларга (буттарга) сыйынуу болуп саналат. Алла Тааланын бар жана бир экендигин тануу Исламдагы күнөөлөрдүн эң чоңу. Мындай абалдагы адам каапыр болуп эсептелет.
Ширк – күнөөлөрдүн эң чоңу. Улуу Жараткан Алла Таала Куранда адампенде жасаган бардык күнөөлөрдү кечирээрин, бирок «ширк» кечирилбес күнөө экендигин айкын баяндаган: «Акыйкатта, Алла Таала Өзүнө шерик кошкондорду кечирбейт, бирок андан башка күнөө иш кылгандарды эгер кааласа кечирет. Ким Аллага шерик кошсо, калетсиз, ал чон күнөө ойлоп чыгарган болот.» (Ниса, 4/48),
«Кимде ким Аллага шерик кошо турган болсо, шексиз, Алла ага бейишти арам кылат. Анын барар жери – алоолонгон от. Заалымдарга жардам берер жан табылбайт.» (Маида 5/72)
Ошондуктан бул, адамзааданын жашоосундагы эң маанилүү жана ар дайым эске түйүп жүрүүчү жагдай.
Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммад ширктин оор күнөө экендигин мынабу хадисинде баяндайт: «Жабраил мага келип мындай деп сүйүнчүлөдү:
- Үммөтүңдүн арасынан Аллага шерик кошпой бул дүйнөдөн кайткандар, бейишке кирет.
Мен ага:
- Зина жана уурулук кылса дагыбы?! – деп сурадым.
- Ооба, зина жана уурулук кылса да» - деп жооп берди. (Бухари, Жанаиз, 1, Либас, 24, Истизан, 30, Рикак, 13,14, Тавхид, 33; Муслим, Ийман, 153, 154, Зекет, 32,33; Тирмизи, Ийман, 18; Ахмад б. Ханбал, V, 152, 159, 161, VI, 166)
Жогоруда кеп кылынган ширк ачык байкалган жана эң чоң ширк. Мындан тышкары кичине ширк, тактап айтканда ибадаттарды эл көрсүн үчүн кылган же ибадаттарды унутуп мал-мүлктүн аркасынан чуркоо өңдүү ширктин түрү бар. Бул боюнча Курани Карим мындай дейт: «Ким Эгесине жолугууну үмүт кылса, анда ал жакшы амалдарды жасап, Эгесине жасаган ибадаттарында Ага эч кимди шерик кошпосун!» (Кахф, 18/110).
Береги аяттагы «жасаган ибадаттарында Ага эч кимди шерик кошпосун» деген маани ибадаттарды эл көрсүн үчүн эмес, Алла ыраазычылыгы үчүн чын дилден берилип, ыкыластуу аткаруу дегенди туюнтат.
Аз. Пайгамбарыбыз кичине ширк боюнча көптөгөн хадистерди айткан.
«Силер үчүн кичине ширк боюнча абдан тынчсызданам» дейт. Тегеректеп олтурган сахабалар: «Оо, Алланын Элчиси! Кичине ширк дегениңиз кандай?» деп сурашат.
Пайгамбарыбыз аларга: «Кичине ширк – эл көрсүн деп ибадат, амал же жакшылык кылуу. Кыямат күнү Алла Таала адамдарга соопторун берип жатып: «Жалган дүйнөдө эл көрсүн үчүн иш аракет кылгандардын жанына барып көргүлө. Алардан кандайдыр бир сооп табаар бекенсиңер?» -дейт». (Ахмад б. Ханбал, V, 428, 429).
Алла Таала ибадаттарга жана мамилелерге кандайдыр бир макулуктун орток болушун эгерим каалабайт. Бул тууралуу Куран мындай дейт: «Намаздарын кайдыгер окугандарга; аны эл көрсүн деп окугандарга жана мал-дүйнөсүн ийне-жибине чейин (элден) аягандарга наалат болсун.» (Мауун, 4-6)
Кудайга шүгүр, учурда тээ Ислам динине чейинки бутпарастардай буттарга сыйынгандар жокко эсе. Бирок эң кейиштүүсү адамдардын көпчүлүгү береги хадисте айтылгандай жакшылык кылса эл көрсүн үчүн кылып, мал-мүлктүн артынан ээрчип, ошого сыйынып калган кези. Баса белгилеп айта кетүүчү нерсе, көбүнесе атуулдарыбыз мал-мүлктүн даамына башы айланып, кудайды унутуп байлыкты сыймык көрүп, байлыкты ыйык көрүп жүрүшөт. Чектен чыккан сүйүү адам баласын ширкке түртөт. Сүйүүнүн да өзүнө тиешелүү чеги бар. Ибадат да, жакшылык да бир гана Алла үчүн кылынышы зарыл. Анткени Алла Таала кааламайынча макулук макулукка жакшылык да, жамандык да кыла албайт. Жогоруда Пайгамбарыбыз тынчсызданып айткан жагдай мына ушул. Мындай ширкке кабылган адам кудайды унутуп, напсисин агытып, жакшы менен жаманды ылгабай калат.
Жер жүзүндөгү бардык адамдар бейишке кирүүнү самап, Алла Тааланын ыраакымын үмүт кылышат. Бул улуу үмүттөн кол жууп калбаш үчүн мусулман адам иралды жашоосун таза тутуп, мүчөлөрүн, тилин, кыймыл аракетин жаман нерселерден коргоп жүрүшү абзел. Андай болсо, бүткүл маселе ыкылас менен Аллага чын жүрөктөн ишенүүдө жатат.