Онунчу сан

Журналдын онунчу саны

Улуу Жараткан Алла Тааланын 99 ысым-сыпаты.

Мазмуну

            Аша мээримдүү, аша ырайымдуу Алланын ысмы менен баштаймын!

            Эң ириде бүткүл аалам атпайды, жаамы жандуу-жансызды жараткан, анын ар бирине өзүнчө ырыскы ыроологон Улуу Алла Таалага чексиз алкоолор болсун!
Ошондой эле Алла Тааланын кулу, эң сүйктүүсү, бизге Жараткандын ак жолун көргөзгөн, ак менен караны, адал менен арамды айырмалоого үндөгөн Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбызга дубай салам, Алланын ыракымы, мээрими болсун!

Улуу Жараткан Кудай Таала жаамы жандуу жансыздын ар бирине ар башка милдет берүү менен алардын бу дүйнөгө жаралгандагы максатын белгилеген. Маселен, күнүгө эртең менен чыгыштан кылайып чыгып, кечинде батыштан батчу Күн. Ал Жараткандын мыйзамынын негизинде жер бетине шооласын чачат, жер бетиндеги адам баласы, мүлдө жан-жаныбар андан алган жылуулук менен ирденет, жанданат, өмүр улайт. Демек, Күндүн милдети жаамы жан-жаныбарга жарык, жылуулук берүү, максаты алардын өмүр улашына себеп болуу.
Ырас, жердеги кыбыр эткен эң кичине курт-кумурскадан тарта Күн сыяктуу эң ири болумуштарга чейинки асман-жердеги миң түркүн жандуу-жансыздын ар бири өз озуйпасын аткаруу менен киши уулуна ар тараптан кызмат кылат. Себеби бул Мээримдүү Улуу Алла Тааланын буйругу, нары мыйзамы. Ооба, мунун баары киши баласына кызмат кылуу үчүн бар. Ал эми адамзаада жер бетине эмне үчүн келди? Жараткан Кудай Таала киши баласынан эмнени талаптайт? Мунун жообун Жараткан Өзү төмөнкүчө берет:

«Мен адам менен жиндерди Жалгыз Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым». Аяттагы «ибадат» сөзүн  Жараткандын ак жолунан чыкпоо, тыйуу салганынан оолак, жарлыктарын аткаруу деп түшүнүү керек. Демек, Алланын ак жолунан чыкпай жүрүү үчүн адам баласы эң ириде бекем ыйманга ээ болушу керек. Ыйман деген эмне? Ыйман – бул баарыдан мурда миллиондогон жылдыздарды, планеталарды бирбирине кагылыштырбай бир калыпта эчелеген кылымдардан бери кыймылда кармап турган Улуу Жаратуучуга ишенүү. Анын бар экендигине турган турпатыбыздын бар экенине кандай ишенсек дал ошондой ишенүү, Ага жандил менен ишенүү. Анүчүн Анын чексиз кудурети, улуулугу, ырайымдуулугу, айтор, Анын ысым-сыпаттары менен акыл чөйчөгүбүздүн чегинде таанышуубуз өзүнчө талап. Акылыбыздын чегинде дегеним, Жараткандын затын ылайыктуу, толук түрдө аңдашыбыз мүмкүн эмес.
Себеби биздин бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз дейбизби, айтор, бул дүйнөдө баары чектелүү. Маселен, биз көрөбүз, бирок мына бул дубалдын нары жагын көрбөйбүз, угабыз мерчемдүү жерге чейин... Ошондой эле акылыбыз да чектелүү!  Улуу Алла Таала да көрөт, бирок чексиз көрөт, Ал бир учурда баарын көрөт, ар бир адамды, адамдын жүрөгү эмне деп согуп жатканын, адамдын ой-кыялын бардыгын көрүп билет. Ал Кудурет кумурсканын жүгүрүп бараткандагы эпкинин, алтургай  кумурсканын оонап тургандагы шарпасын угат. Демек, Анын көрүүсү да, угуусу да, кечирими да, ырайымы да чексиз!..  Ырас, муну акылыбызга сыйдыруу кыйын, анткени акылыбыз чектелүү гана!

Бул багытта Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам):
«Алла Таала жараткан жандуу-жансыз жөнүндө ой жүгүрткүлө, бирок Алланын Заты жөнүндө ойго батпагыла! Анткени силер Анын аныгын (Ага ылайык түрдө) эч качан аңдай албайсыңар...» (Дайлами, Муснад, II, 56) деген сөзү да Алла Тааланын Зат маанисин аңдоо адамдын акылынан тышкары экендигин билгизет.

Ырасында эле адамдын аң-түшүнүгүн ыйманга сугарып актын нуруна чайый турган Улуу Алла жөнүндөгү билгиликтер Анын Зат маанисине карата эмес, сыпаттары жаатындагы билгиликтер. Ооба, Алла Таала мезгил-убакыттан да, кандайдыр бир жер-орундуктан да сырткары. Ал эми адамдын аң-түшүнүгү убакыт менен жер-орундукка шартталгандыктан анын ой-түшүнүгү мынабу көзгө көрүнгөн ааламдагы нерселер менен гана чектелип калат. Ага кандайдыр бир нерсени түшүнүү үчүн көзгө көрүнгөн ааламда ошол нерсеге окшош бир нерсенин болушу кажет. А Алла Таала болсо жаамы жандуу-жансыздын бирине да окшош эмес. Бул деген сөз Ал көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн, биз билип-билбеген бардык нерседен кескин түрдө башкача да, жогору да, нары аруу дегенди түшүндүрөт.

Кыскасы, Алла Таала жөнүндөгү биздин эң иридеги озуйпабыз Анын сыпаттарын түшүнүп, Затынын бар экендигин тастыктап кабылдоо. Ошондуктан Алла Тааланын Ыйык Куранда бизге Өзү жөнүндө берген мисал-маалыматтары ушул өңүттөн каралган.

Кадырман окурман, Жараткан Алла буюрса, Ак Башат журналы кийинки санынан тарта «Улуу Жараткан Алла Тааланын 99 ысым-сыпаты» деген темасынан Улуу Жаратуучубуздун ысым-сыпаттарынын маани-маңызы жөнүндө чама-чаркынын жетишинче маалымат берүүгө аракет жасамакчы.  Анда эмесе, журналдын келерки санынан жүз көрүшкөнчө амандыкта, эсенчиликте болуңуздар.

Башына