Онунчу сан

ЗЕКЕТТИН МАААНИСИ ЖАНА ПАЙДАЛАРЫ
Мазмуну
Мустафа АКСОЙ
aksoymustaf@gmail.com
Зекет исламдын негизги парздарыннын үчүнчүсү. Алла Таала белгилүү бир шарттар менен байлыгынын бир бөлүгүн кедейлерге берүүнү буйруган. Бул тууралуу бир топ аяттарда жана хадистерде айтылган. Алсак, Куранда намаз менен бирге 27 жолу, жалпысынан 32 жолу эскертилүүсү зекеттин канчалык маанилүү экендигин көрсөтүп турат. Негизи, зекет берүүнүн эсепсиз хикмет жана пайдалары бар жана алардын айрымдарына токтолуп өтсөк:
- Зекет Аллага ыйман келтирүүнүн бир далили. Адамзатты бул дүйнөдө жипсиз байлап, өзүнө тартып турган нерселердин башында байлык турат. Мына ошол байлыгынан «Алланын буйругу» деп, чын пейли менен зекет берген адам Жаратканына болгон сүйүүсүн, жүрөгүндөгү ыйманын далилдеген болот. Аятта Алла Таала мындай деп буйруган: «Силер өзүңөр жакшы көргөн нерсени(Аллах жолунда) сарптамайынча жакшылыкка жете албайсыңар. Силер эмнеден кайрымдуулук кылган болсоңор, чындыгында Аллах билүүчү!» (Аль-Имран/92)
- Зекет ислам дининин эң сонун сыпаттарынын бири. Ар кандай диндин өкүлдөрү чогуу жашаган коомдо мусулмандын адам эч кимден кайтарымын сурабастан муктаждарга жардам берүүсү, ар жылы тапканынын белгилүү бир бөлүгүн муктаждар менен бөлүшүп, башкалардын байлыгына көз артпоосу аны бул абалга алып келген диндин канчалык адилет дин экендигинен кабар берет.
- Зекет мусулмандын күбөлүгү. Ар бир адам өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөрү менен, кыймыл аракети, жашоо шарты менен кимге, кайсы коомго, кайсы динге таандык экендигин көрсөтүп турат. Өзгөчө учурдагы «мен мусулманмын» деп, бирок эч кандай мусулманчылыктын шарттарын аткарбаган адамдар коомдо башкалардын өзүнө мусулман катары мамиле кылуусу үчүн башка шарттар менен катар намаз, зекет сыяктуу көзгө көрүнгөн ибадаттарды да так аткаруусу маанилүү. Аята мусулмандарды сыпаттарын белгилөөдө : «Чындыгында, момундар – ийгиликке жетищти. ... алар зекетин да беришет» буйрулган (Момун/1,4)
- Зекет коомдук тең салмактуулукту сактап турат. бардык адамдардын бирдей даражада байлык топтоосу мүмкүн эмес. Куранда: «Аллах ырыскыда бириңерден бириңерди артыгыраак кылды» (Нахл/71) буйрулган. Башка аятта болсо АллаТаала: «Эгеңдин жакшылыгын алар бөлүп беришеби? Алардын дүйнө тиричилигиндеги ырыскысын араларын да биз бөлүштүрдүк. Кээ биринен кээ бирининдаражасын көтөрдүк. Эгеңдин ырайымы алардын жыйнаган нерселеринен жакшыраак» ( Зухруф/32) деп, бардык нерседе болгондой эле адамдарда да бай-кедей, күчтүү-алсыз, башчы-ишчи болорун баяндаган. Ошондуктан коомдо ар дайым бай дагы, кедей дагы болушу керек. Ошондуктан булардын арасындагы айырманын өтө чоң болбосу үчүн жана байлардын байлыгынан кедейлер да пайдалана алуусу үчүн Алла тарабынан зекет парз кылынган.
- Зекет коомдун тынчтыгын жана ишенимин камсыз кылат. Коомдогу бай лар менен кедейлердин ортосундагы айырманы азайтат, ортодо жылуу сезидерди пайда кылат. Зекет байлар менен кедейлердин ортосундагы ишеним көпүрөсү.
- Зекет дүнүйө менен жанга болгон ишенимди арттырат. Бай адам зекет берүү менен колундагы байлыгын душмандардан, уурулардан, жаман көздөн сактай алат. Башкаларга жакшылык кылуу менен душмандашпай, алардын досу болуп жанын сактайт.
- Зекет ички душмандашуудан сактайт. Зекет берилбеген коомдо жардамдашуу унутулат. Байлар менен кедейлер бири-бирине душман болушат. Байлар байлыгына чиренип башкаларды кор тутуп, теңсинбей, жек көрө баштайт. Баарынын кулу жана кызматчысы болуш керек деген ойдо болот. Керек болсо күчкө салып баш ийдирет жана зулумдук кылуудан кайра тартпайт. Кедейлерде болсо мындай байлардын өзүнө жана байлыгына карата жек көрүү сезими пайда болот. Ар дайым анын өзүнө же байлыгына зыян берүүнү каалайт. Учуру келсе уурулуктан да баш тартпайт. Коомдогу мындай руханий ооруулардан зекет берүү куткарат.
- Зекет Аллага карата көп жактуу шүкүр. Байларга колундагы байлыгы үчүн, эч нерсеге муктаж болбогондугу, башкаларга жардам бере алгандыгы үчүн жана өзгөчө Аллага ушундай жол менен ибадат кылууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн көп-көп шүгүр кылуусу керек.
- Зекет коомго карата милдетинен кутулуу жана ыраазычылык билдирүү жолу. Себеби, коом болбосо эч бир иш болмок эмес жана эч байлык топтой алмак эмес. Ошондуктан, зекет берүү менен ал жердеги элге «сиз мага бул байлыкты табууга жардам бердиңиз, мен да муну сиздер менен бөлүшөйүн» деп, аларга ыраазычылык билдирүү менен эң сонун үлгү боло алат.
- Зекет байлыкты түбөлүктүү кылат. Алла жолуна жумшалган нерсе эч качан жок болуп кетпейт жана анын акыбети акыретте түбөлүктүү азаптан кутулуу жана бейиштеги сансыз нээматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү катары эсеси менен кайтарылып берилет. Зекети берилбеген дүнүйө адамды тозокко түртөт. Аятта: «... Алтын күмүштү жыйнап, Аллах жолунда сарптабагандарга сыздатуучу азатпы сүйүнчүлө! Кыямат күнү алар Тозок отунда кызытылып, аны менен алардын маңдайлары, капталдары жана жондоруна так басылып: «Мына, өзүңөр үчүн жыйнаганыңар! Эми жыйнаганыңардын даамын таткыла!» (деп айтылат)» (Тооба/34-35). Айрыкча, хадисте зекети берилбеген байлык кабыр азабында уулуу жылан жана чаян болуп, ээсин акыр кыяматка чейин азапка салары айтылган.
- Зекет байлыкты дагы арттырат, берекелүү кылат. Алла Таала: «Эгеңер: «Эгер шүгүр кылсаңар, силерге (жакшылыктарымды) көбөйтөмүн, эгер каапырлык кылсаңар, албетте, анда азабым катуу», - деп жарыйалады» (Ибрахим/7) буйруган.
- Зекет байлыкты ар түрдүү зыяндан сактайт. Хадисте: «байлыгыңарды зекет берүү менен сактагыла, оорууларыңарды садака менен айыктыргыла, балээлерден болсо (Аллага) дуба кылуу менен сактангыла» деп бу йруу менен зекет менен байлыкты сактоого, садака менен денедеги жана руханий ооруулардан сактанууга болорун белгилеген.
- Зекет байлыкты тазалайт. Адам иштеп тапканын чогултуп, байлык топтоодо билип же билбей туруп арам жол менен келген акчаны аралаштырып алышы мүмкүн. Башканын укугун тебелеп, бирөөнүкүн күч менен тартып алып же күмөндүү нерсени ыйгарып алуу менен тапканын кирдетип алышы мүмкүн. Зекет мына ушундай байлыкты тазартып, адал кылууга жардам берет. Айрыкча, топтолгон байлыкта кедейлердин да ырыскысы бар экенин унутпоо керек. Куранда: « ... жана алардын байлыктарында белгилүү үлүш бар: Тилемчи менен колунда жокторго» (Маариж/24-25) буйруган. Бул акы берилбесе кедейлердин акысы тебеленген болуп, топтолгон байлык арам аралашкан болуп калат жана аны зекет менен тазалоого болот. Хадисте: «Байлыгыңарды зекет берүү менен тазарткыла» деп айтуу ушул нерсеге басым жасаган.
- Зекет жүрөктү тазалаайт. Дүнүйө сүйүүсү адамдын жүрөгүндөгү руханий, асыл сезимдерди жоготот.мындай учурда адам жамандыкка жакын болот. Зекет берүү менен мындай жүрөк тазаланат жана сүйүү, жардам берүү, мээрмандык сыяктуу сезимдер орун алат жана бул сезимдер адамды жакшылык кылууга үндөйт.
- Зекет сараңдыктан арылтат. Сараңдык адамдын Жаратканына жакындашууга тоскоолдук кылган бир ооруу. Бул ооруунун дабасын Куранда мындай берилген: « Алыңардын жетишинче Аллахтан корккула, кулак салгыла, мойун сунгула жана кайрымдуулук кылгыла! Ким өз жанын сараңдыктан куткарса, алардын ийгиликке жеткени» (Тагаабун/16 )
- Зекет байлар менен кедейлердин арасындагы көпүрө. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бир хадисинде: «жүрөк адамды жакшылык жасаганды сүйүүгө, жамандык жасаганды да сүйүүгө багыттайт» деп буйруган. Ошондуктан, зекет берүү бай менен кедейдин ортосундагы жаман ойлорду тазалап, бири-бирине жардам берүү сыяктуу жакшы мамилелердин пайда болушуна себепчи болот.
- Зекет кедейлер менен ишсиздерге кайтарымсыз берилген кредит. Зекеттин жардамы менен алардын материалдык кыйынчылыктары аз да болсо жөнгө салынат.
- Зекет сооданы жандандырат. Зекет байлар менен кедейлердин ортосундагы айырманы азайтат да орто байлыктагылардын саны артат. Ошону менен соода да тынбай жүрө баштайт. Базар байларга гана кызмат кылбастан кедейлерди да багат.
- Зекет кедейлердин коомдогу кадырын жогорулатат. Зекеттин жардамы менен кедейлер да кайыр сурабай, Алланын бергенине шүгүр кылып, күнүмдүк жашоосун өткөрүп келгендер эл арасында урматка татыйт. Эл андан алыстабайт жана токпейилдигине ыраазы болуп урматтап турат.
- Зекет башкаларга жардам берүүгө шыктандырат. Зекет парз болгондуктан, ачык берилүүсү ылайык. Бул иши менен ал башкаларына да үлгү болуп, жардам берүүгө шыктандырат. Зекет берүүнү унуткандарга да башкаларга жардам берүүнү эске салып турат.
- Зекет адамды эң сонун сезимдер жана сыпаттар менен кооздоп турат. зекет берүү адамды башкалары үчүн да жашоону, мээримдүү жана кайрымдуу болууну үйрөтөт.
- Зекет адамды дүнүйөкор болуудан сактайт.
- Зекет жүрөктүн кайрымдуу болушун жана анын напсисине ээ болушун камсыз кылат.
- Зекет дүйнө сүйүүсүн жана ага болгон байлануунун алдын алат.
- Зекет адамды бузукулуктан сактайт.
- Зекет көралбастыкты жоет.
- Зекет байларга болгон жек көрүүнү токтотот.
- Зекет байлардын коомдогу кадырын жогорулатып, зоболосун арттырат.
- Зекет байларга материалдык күчүнүн маанисин эске салып турат.
- Зекет жакырлыктын, жокчулуктун, тилемчиликтин алдын алат.
БИТИР САДАКАСЫ
Битир садакасы да ислам дининде мусулмандардын берүүсү милдеттүү болгон садаканын бир түрү. Фыкх өкүмдөрү боюнча алып караганда зекеттен айырмаланганы менен мааниси да, хикмет жана пайдалары да бирдей келет. Битир садакасынын берилүүсү белгилүү бир убакыт менен чектелгени үчүн жалгыз гана буга тиешелүү бир канча маанилүү нерсе бар жана алар төмөнкүлөр:
- Битир садакасы Рамазан айында тутулган орозодо кетирилген кээ бир жаңылыштыктарды жана катачылыктарды жоюунун жолу. Бир ай бою кармалган орозонун Алланын алдында толук бойдон кабыл болуусу үчүн битир садакасы берилүүсү шарт. Буга шариятта жол берилген.
- Битир садакасы адамдын рамазан айында билип да, билбей да кылган күнөөлөрүн жоюнун жолу. Битир садакадан улам киши рамазан айын толук ибадат кылуу менен өткөргөндөй кабыл кылынат жана орозо учурунда кылган күнөөлөрү кечирилет.
- Битир садакасы убакыт жана дене нээматтарынын зекети. Жылдын бир айын орозо кармап өткөрүү – убакыттын зекети, ошол айда жасалган күнөө иштердин кечирими катары берилген битир садака болсо дененин жана ден соолуктун зекети.
- Битир садака коомдун башка башка катмарларындагы адамдардын тил табышып, жакындашуусуна алып келет. Мусулмандардын диний майрамдарынан болгон рамазан майрамында жарды-жакырлар, жетим-жесирлер да майрамдоолоруна, жок дегенде ошол күнү көз жашын төгүп кайыр сурабай, жакшы кийим кийип, ысык тамак ичип, майрамдарын куттуктоолоруна шарт түзөт.