Онунчу сан

Жарамазан айтуу жана анын келип чыгышы
Мазмуну
Бакыт ЖУНУСАЛИЕВ
bakit2000s@mail.ru
Кыргызда илгертеден орозо учурунда, башкача айтканда, Рамазан айында жарамазан айтуу адаты жашап келет. Чынында бул адат кыргыздарда гана эмес көпчүлүк түрк элдердинде да салт катары калыптанып калган. Мисалы, казактарда, түрктөрдө ж.б. Ал эми жарамазан айтуунун кайдан келип чыкканы тууралуу ар кандай пикирлер айтылып келет. Алсак, «Жарамазан ислам дини менен кошо келген, убагында пайгамбарыбыз орозо менен кошо бул ишти да калтырып кеткен.
Ал эми жарамазан сөзү Рамазан айынын келишинин урматына өзү менен кошо жакшылыктарды, ийгиликтерди, тынчтыкты алып келсин деп, «Йа Рамазан - Эй Рамазан!» деген кайрылуудан келип чыккан» - дешет. Мында «Йа» деген сөз арапчада кайрылуу маанисине келет. Ошол эле учурда, «Арап тилинде «жа’а – келди» деген маанини билдирет жана жарамазан - «Рамазан келди», б.а. куттуу айдын келгендигинен кабар берет. Бул бизге пайгамбардын убагынан бери келе жатат» - деген пикирлер да айтылып келет. Ал гана эмес айрым аймактарда айтылган жарамазанда мындай саптар кездешет:
Жар Мухаммед айтып өткөн Жарамазан,
Ак үйүң, аппак үйүң конуш болсун,
Ушул үйдөн бир балаң болуш болсун
(ыр Кол Жазмалар Фондунан алынган).
Мына ушундай эле мааниде казактарда да айтылат:
Пайғамбар жолын қуып атқа міндік.
Бай Мұхаммед үмбетіне жарамазан,
Оразаң қабыл болсын ұстаған жан.
Ал эми башка бир аныктамага кайрылсак, «жар» деген сөзү Рамазан айынын келишин кубаныч менен тосуп алып, ар бир үйгө тынчтык, жакшы тилек каалап, жар салуу маанисине келери, ошондон улам «жар» жана «Рамазан» сөздөрү биригип «жарамазан» болуп калаганы айтылат. Үчүнчү бир аныктамада «жар» сөзү «колдоочу», «жардам берүүчү» маанисине келет десе (Алла жар болсун), дагы бир аныктамада «Рамазан айы көптөгөн жакшылыктардын, ийгиликтердин күбөсү болсун» (жакшылыкка жар боолсун) деген аруу тилек менен «жарамазан» болуп калган дешет. Айтор, жарамазандын келип чыгышы жөнүндө такталбаган көптөгөн пикирлер айтылып келет. Бирок ушуга карабай, диний маалыматтарды камтыган китептерде жана башка булактарда бул тууралуу маалымат кездешпейт. Ошондуктан, бул жарамазан айтуу салты кийин гана пайда болгон деген пикирлер чындыкка жакыныраак.
Жарамазан ыры да ар кандай вариантта айтылат. Жарамазандын айтылышы аймактарда гана эмес айыл-айылдарда да айырмаланып кетет. Бирок, жалпысынан баарынын маани-маңызы бирдей эле. Ал эми бата берүүдө чек жок. Айрымдары жаттап алган батасын берсе, башкалары уйкаштыкка карабай чын көңүлү менен бата берет. Төмөндө, биз, негизинен көпчүлүк жерде айтылып жүргөн жарамазанды жалпылап, сиздерге сунуштап отурабыз.
Жарамазан
Ассалому алейкум жарамазан,
Он эки айда бир келген орозожан,
Орозоңуз кабыл болсун туткан адам.
Орозодо союлган кара борук,
Аталардан калган экен ушул жорук.
Жарамазан айтып келдим эшигиңе,
Ак кочкордой уул берсин бешигиңе.
Ал балаң жакшы чыкса кешигиңе,
Кимдер келип, кимдер кетпейт эшигиңе.
Адыр адыр тоолордон
Айгыр минип биз келдик,
Айгыр оозун тарталбай
Айлыңарга туш келдик
Будур дудур тоолордон
Бука минип биз келдик,
Мурунтугун тарталбай
Ушул үйгө туш келдик
Үйүң үйүң үй экен,
Үйдүн үстү чий экен,
Ак сарайдай зыңкыйган,
Кайсы байдын үйү экен.
Ушул үйдүн үзүгү
Үзүлүнкү көрүнөт
Ушул үйдө жеңекем
Сүзүлүңкү көрүнөт
Казан аяк калдырайт
Май томуруп жатабы
Ачкычтары шылдырайт
Акча берген жатабы?
Кош арыктан аттаган койдун изи,
Кой жашырып берем дейт байдын кызы.
Таш арыктан аттаган тайдын изи,
Тай жашырып берем дейт байдын кызы.
Улак берсең албаймын,
Убалына калбаймын.
Акча берсең аламын,
Ак чөнтөккө саламын.
Рамазааааааан!!!
Жарамазандын ак батасы
Бата ээси бир Кудай,
Казынасы кең Кудай.
Жалынганга – жар Кудай,
Тилегенин бер Кудай!
Очогуңда ар дайым жалын болсун
Дасторконуң жеңеке жайыл болсун
Корооңорго батпаган малың болсун
Орозоңуз бай аке кабыл болсун!
Рамазан айыңыздар кут болсун, кармаган орозоңуздар кабыл болсун! Ар бир үйгө кут, ырыскы, береке толсун!