Онунчу сан

Ааламды актыкка орор элем…
Мазмуну
Кыргыз Республикасынын Конституциясында; Кыргыз республикасынын Акыйкатчысынын ыйгарым укуктары аныкталган: «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) жүктөлөт»,- деген берене бар. Ошондой эле Аыйкатчы КР ЖКнын кош палатасында 2002-жылы 13-декабрда берген антына ылайык «Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого жана адилеттикти жана өз абийиримди туу тутууга салтанаттуу түрдө ант беремин. Көз карандысыз, жооптуу жана калыс, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин таламдарында аракеттенип иш тутууга милдеттенем.»
Акыйкатчынын ыйгарым укуктары аныктагандай, адам баласынын укуктары менен эркиндиктеринин сакталашын көзөмөлгө алуу – ыйык, бирок ал ишти алып барган адамдын суткадагы 24 саатынан 24 саатты алып кое турган иш. Ага дасыккан илим-билимдүү, ыймандуу, сабырдуу, жоомарт, көрөгөч, билерман, даанышман эл элегинен өткөн адамдар керек. Мындай адамдарыбыз саналуу гана. Дал ушундай адамдарыбыз гана өлкөнү өстүрө өнүктүрө алат. Анда эмесе ушундай адамдарыбыздын бири болгон таза инсан, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Турсунбай Бакир уулунун ыйык Рамазан айындагы маанилүү, мазмундуу кебине көңүл бөлсөк… Анткени Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу мусулманчылыктын 5 парзын аткарган, 5 маал намазын үзбөй окуган, ажылыктын зыяратын өтөгөн, отуз күндүк орозону үзбөй кармаган инсан.
«Бүткүл Ааламга кубаныч тартуулап келаткан жалпы мусулмандардын ыйык Рамазан айы куттуу болсун!..
Кудурети күчтүү Алла Тааланын мээримдүүлүгүнө, ырайымдуулугуна, боорукерлигине жана кечиримдүүлүгүнө тобоо кылдым… Алла Таала Куранда: «Эй момундар! Баарыңар Алла Таалага тобаа кылгыла, балким силер бактылуу (ийгиликте) болоорсуңар» (Нур-31), -деп кабар берет. Жөнөкөй эле инсан катары, жараткан Раббибиздин бизге берген ырыскыларына, белектерине, жакшылыктарына ыраазымын. Бирок ушундай жакшынакай нерселерди берген жаратканды, жүрөгүнөн тааныбаган инсандарга капамын…
Мусулманчылыктагы 5 парзыбызды туура абийирдүүлүк менен таза аткара алсак, мекенибиз «гүл бакчага» айланаары шексиз. Кудайым кааласа мына жакында, коомубузду тазарта турган ыйык Рамазан айындагы «Орозобуз», да жакындап калды.
Ушул улук айда, Куранда Алла Таала «Бул айда адамдарга түз жолду көрсөткөн жана чындык менен жалганды ажыратуучу Куран түшүрүлгөн. (Бакара 185-аят). Жараткандын буйругу менен болгон менин кызматым да, акыйкаттык менен ак караны ажыратып иштөө. Билинбей эле 5 жыл болуптур. Эмгегимди Алла Таала, элим, башчыларыбыз билсе болду. Мен бийлик, байлык үчүн эмес, дал ушул ыйман жолунда таза жүргөндүгүм үчүн, Аллахтын ажарлуу сыйлыгы али алдыдадыр…
Өзүнө жакындатып, даражабызды көтөрүп, рух дүйнөбүздү тазартып, адеп-ахлагыбызды оңдоп, сабырдуулукка үндөп түз жолду көрсөткөн мээримдүү Аллага мактоолор болсун!
Ааламды актыкка орор элем!..
Мекенимди ыйман нуруна сугарып, ырыс алды ынтымакта, колуман келишинче алдыңкы мусулман мамлекеттеринин деңгээлине жеткирээр элем… Анткени ислам өлкөлөрүнүн орозо майрамдарына күбө болуп, өз мамлекетимдин жакырчылыгына намыстана түшөм. Мисалы; Мен болгон дүйнө жүзүндөгү Турция, Иран. Пакистан, Аравия, Малайзия, Бириккен Араб Эмираты ж. б. ислам өлкөлөрүнүн материалдык, моралдык жактан жетишкендиктери, дал ушул касиеттүү Курани Каримди чын дилинен тааный билгендигинде.
Пайгамбарыбыз Мухаммад Саллоллоху Алайхи Вассалам мындай деди: «Орозо туткан кишини эки нерсе кубандырат. Бири качан ал ооз ачканда; экинчиси Алланын алдына барганда». Хадисте: «Кудурети Күчтүү Улук Алла Таала мындай деди: «Пенде эмне иш кылбасын эмне кылгандын баары-өзү үчүн, бир гана орозодон башкасы. Орозо - мен үчүн, ал үчүн өзүм ганан сый берем». Мындай жан дүйнөнү тазартып түз жолго үндөгөн даанышман сөздөр бир гана хадисте. Бул эле дүйнөнүн жакшылыгы болбостон, тиги дүйнөдө да, «Бейиште бир дарбаза бар, анын аты «Ар-раййан». Бул эшик аркылуу орозо туткандар гана киришет.
Ошондуктан бул парзды өтөө, коомубузду жакшыртып арам нерселерден, күнөөлөрдөн арылтып ден соолугубузду чыңдап, рух дүйнөбүздү тазартып байытат. Кыргыз журтуна көптөгөн ийгиликтерди, жакшылыктарды алып келет. Бай менен кедейдин ортосуна тирек болуп ынтымактын көпүрөсү болот. Жаман деген адамдарыбыздын жан дүйнөсү тазарып, акылына келип ичкилик ичпей тамеки тартпай, сойкулук кылбай, киши өлтүрбөй, ууру кылбай, ушак айтпай түз жолго түшөт. Ал эми көпөстөрүбүз мартыраак болуп, кедейлерге садаканы көбүрөөк берип, ач көздүгүн токтотуп, напсисин тыйып эсине келе баштайт. Кудайдан коркуп кедейлердин оозун ачырганга ниет кылат. Бул абдан жакшы нерсе. Ушунун баары ыйык орозонун касиетинен.
Дагы бир баса белгилей кетүүчү нерсе, касиеттүү Куранда; Акыйкатта биз (Куранды) кадыр түндө түшүрдүк. Ал кадыр түн эмне экендигин кайдан билээр элең. Кадыр түн миң айдан жакшыраак. Периштелер жана Рух Раббилеринин уруксааты менен бардык буйрук өкүмдөрүн аткарганча түшүшөт. Ал тээ таң атканча тынчтык-амандык». Кадыр түндүн түшүшү Рамазан айынын акыркы он күндөрүнүн биринде делинет.
Субхан Алла Тааланын мындай мужизасы керемет! Кереметтүүлүктүн барк баасы ыйык Рамазан айынын касиетинде. Ал эми касиеттүүлүк, орозону таквалуулукта таза кармай билгендигибизде. Анда эмесе келгиле замандаштар орозону таквалуулукта таза кармап, Мекенибизди тазартып ден соолугубузду чыңдап, ишибизди илгерилетип, күнөөбүздү арылтып, ынтымагыбызды бекемдеп алалы.
Алла Таала баарыңыздарды колдоп, дүйнөдө тынчтык болсун!..
Сиздерди терең урматтап,
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Турсунбай Бакир уулу»
Ак баракка түшүргөн Акыйкатчынын кызматкери, М. Мырзабекова
Шабаан айынын экиси, 15-август, 2007-жыл.