Онунчу сан

Рамазан айы жана орозонун социалдык өңүттөн каралышы.
Мазмуну
Али Муслу
alimuslu@yahoo.com
Алла Таала Рамазан айына артыкча кут берип, аны он бир айдын султаны атаган. Ал айлардан бөтөнчө береке-кутка бөлөнгөндүгү үчүн Ыйык Куран-ы Карим дал ушул айда түшүрүлө баштаган. Асыресе, момун-мусулмандардын Рамазан айында ар түрдүү рухий ыпластыктардан арылып ыйманын бекемдеши, кайрадан жанданышы үчүн Жараткан Өзү орозо ибадатын ушул айга бекиткен.
Рамазан айында орозо кармоо нары жекелик, нары коомдук ибадат. Бул айда киши уулу күнөөлөрдөн тазалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондой эле коомдогу ажырымдын бүтөлүшүнө, коомдун бекемделишине, өнүп-өсүшүнө өзүнчө төтөк болор кайрымдуулук мүмкүнчүлүктөрүнө да ээ болот. Рамазан айынын кутунан өзүнө үлүш ала билген адам руханий жактан жандүйнөсүн ар кандай кара көөлөрдөн арылталат. Ошондой эле, Алла тарабынан аманат катары берилген мал-мүлкүнүн зекетин берүү менен ишине ийгилик алып келип, кирешесине береке киргизет. Бул өңүттөн, рамазан айы акылдуу мусулман баласы үчүн сан түр мүмкүнчүлүктүн айы.
Орозо – бул ыйман-ыкластын бекемделишине опол тоодой салымын кошчу бөтөнчө ибадат. Себеби орозо Алла менен кулпенденин ортосундагы алака. Анын сообун Жаратан Өзү берет. Орозо Алла жана акырет ишениминдеги ыкластуулукка да ишара жасайт. Орозо Алла менен пенденин ортосундагы алака болгондуктан чыныгы мусулман бул ибадатты Алла үчүн жана сообун акыретте Алладан үмүтөтүп орундайт.
Ошону менен бирге орозо - бул эркке ээ чыгуунун тарбиясы. Бул ибадат аркылуу адам баласы молчулукта болсо да белгилүү учур аралыгында андан пайдаланбоо менен Жараткан Аллага моюн сунуучулугун, асыресе, эркине ээ чыгабилүүгө мүмкүн экендигин көрсөтөт.
Рамазан айы – бул береке-куттун айы. Бул куттуу айда жасалган жакшылыктардын сообу бөтөнчө болуп, ашыкчасы менен берилет. Бул ай ар жылы жаңы береке, жаңы кутун ала келет. Рамазан айы ошону менен катар жакшылык иштерди көбөйтүү үчүн да өзүнчө мүмкүнчүлүк. Береги мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бу айда жакшылык иштерин көбөйткөн адам Рамазандын берекесинен дагы да көп үлүш алат. Ошентип, Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) белгилегендей Жараткандын чексиз ыраакымына, кечиримине ээ болуп, тозоктон кутулуу бактысы башына конот.
Орозонун эң иридеги сырларынын бири - бул курсагы ач кедей-кембагалдардын абалын, турмушунун оордугун сезе-түшүнүү. Бул сырдын түбүндө үммөт үчүн күйүп жануу деген түшүнүк жатат. Улуу Жараткан Алла бардык мусулмандарды бир үммөт кылып, аларды боордош атап, бири-биринин дартын түшүнүктүүлүк менен кабылдап, бири-бирине жөлөк-таяк болушун каалайт. Кураны Каримде Алла жолунда кедей-кембагалдарга кайрымдуулук кылуу, Алла жолундагыларга көмөк көрсөтүү жөнүндө көптөгөн аяттар бар. Ал аяттардын айрымдары төмөнкүлөр:
«Эгер силер бир нерсени кайыр-садага кылсаңар, Ал анын ордуна башкасын берет. Ал ырыскы берүүчүлөрдүн эң мыктысы» (Саба, 39)
«Жакшылыктан эмне сарптасаңар да өзүңөр үчүн. Алланын ыраазылыгын гана көздөп сарптагыла! Жакшылыктан эмне сарптасаңар ал силер үчүн толук берилет жана силер адилетсиздикке кабылбайсыңар» (Бакара, 272)
«Алар өздөрү ачка болуп турса да, жетимдер, туткундар жана жакырлар менен азык-оокаттарынан бөлүшүшөт» (Инсан, 8)
«Кимде-ким берешендик кылса жана такыба болсо жана да ал бейишти чын деп билсе, биз анын жолун жеңил кылабыз.» (Лайл, 5-7)
«Мал-мүлкүн Алла жолунда сарптагандар ар сабагында жүздөн дан урук алган, жети баш өндүргөн бир даана данга окшош. Алла кимге кааласа көбөйтүп берет. Алла – Жоомарт, Билүүчү» (Бакара, 261)
Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз да Алла жолунда кайрымдуулук кылуу жөнүндө көптөгөн хадистерин калтырып кеткен. Бул хадистердин айрымдары төмөнкүчө:
«Ким адал кирешесинен бир курма болсо да садага кылса, Алла аны оң колу менен кабылдайт» (Бухари, Муслим)
«Ким орозо кармаган адамдын оозун бир курма, же суусундук, же бир ууртам сүт менен ачырса, Алла Таала ага орозо кармаган адамдын сообунчалык сооп берет»
«Жарым курма менен болсо да тозок отунан сактангыла!» (Бухари, Муслим)
«Кошунасы ачка, өзү ток жаткан адам толук мусулман эмес!» (Бухари, Муслим)
Жогорудагы аят-хадистер мусулмандардын кошуна-колоңдоруна карата жоопкерчиликтерин, ошондой эле коомдук милдеттерин билдирүүдө.
Коомдук милдеттер, жардамдашуу жөнүндө сөз козголгон чакта береги аят-хадистер сөзсүз эскериле келет. Кошунасынын ач жүргөнүн көрө туруп жардам этпей койуу мусулман адам үчүн чеки иш болот. Бул багытта Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) кошунасынын муктаж абалда калганын биле туруп унчукпай койуу толук мусулман болууга жолтоо экендигин баса белгилейт.
Алла жолунда сарпталган жакшылык мейли аз, мейли көп болсун, аны аз же төмөн көрбөө ырас. Анткени Алланын алдында адамдагы ыклас өтө зор мааниге ээ. Кептин төркүнү мына ушунда. Ар ким өзүнүн материалдык жана руханий күчүнө жараша жакшылык кылууга мүмкүндүгү бар. Ырас, Алланын жолунда бир курма садага кылууда дагы чоң сооп жатат, эгер адам жеке кызыкчылыктан, элкөрсүндөн оолак болуп, чын ыкластан жалгыз Жараткандын гана ыраазылыгын көздөсө. Асыресе, элге ооз ачыруу үчүн дастарконду түрдүү даамга толтуруп, жалаң бардар адамдарды чакырып, башынан миң түркүн кыйынчылыктарды өткөзүп жүргөн кедей мусулман боордошторун эске албаган адамдын бул кадамы улуу Ислам дининин боордоштук түшүнүгү менен түк айкалышпайт.
Ооба, Рамазан айы кайрымдуулуктун, кедей-кембагалдарга жөлөк-таяк болуунун, мусулмандар аралык жакшылыкта жарышуунун, дартка эм болуунун айы. Мусулман ыймандан алган дем менен айлана-чөйрөсүнө көз жүгүртүп, муктаж адамдардын муктаждыктарына оң жооп берүүнүн чарасын көрүүгө жанүрөшү керек. Орозо кармоо менен ач жүргөн кембагалдардын абалын жакындан сезе-түшүнүп, боорукерлик, мээримдүүлүк менен аяр мамиле жасап, жардам берүүгө аракет кылуу зарыл. «Мен мусулманмын» деген адам жакынкы кошунасынан баштап ушундай кадам шилтөөгө өтүшү керек. Эгер күчү жетсе, башка жерлердеги боордошторуна да жардам бериши дурус.
Эч качан унутпашыбыз керек, мал да, мүлк да Жараткандыкы. Ал кээ бир пенделерине көп мал-мүлк берип сынайт. Бардар мусулман байлык бул сынак дүйнөдө сыноо үчүн берилгенин жадысынан чыгарбай, мал мүлкүндөгү муктаждардын акысын тепсеп заалым атанбашы керек. Алла Таала жараткан ар бир макулугунун ырыскысына кепил. Андыктан мал-мүлкүбүздөгү муктаждардын акысын бербей койуу менен бир да кедей кембагалды өлүмгө түртүүгө акыбыз жок. Тилекке каршы, бүгүнкү күнү күнүмдүк тамагын табалбай жүргөн боордошторубуз аз эмес. Мына ошолордун акысын беришибиз керек.
«Берүүдөн» жана «кайрымдуулуктан» жалаң бардар мусулмандар гана жооптуу эмес. Ооба, шариятта белгиленген өлчөмдө байлыгы бар адам зекетин берет. Ал адамдын үммөткө карата жоопкерчилиги - мал-мүлкүнүн бир бөлүгүн белгиленген өлчөмдө бөлүп берүү. Ошону менен бирге жүрөгүндө мусулман боордошу үчүн деген жакшы көрүү сезими бар адам үчүн колунда эч нерсе жок болсо да ага жылуу жүз менен багуу милдет. Ар мусулмандын жылмайуу байлыгы болушу керек. Ар мусулманда бир жетим баланы башынан сылап болсо да, аны кубантар боорукерлиги болушу керек.
Айтор, ушунчалык кең садага берүү мүмкүнчүлүгүнөн (Пайгамбарыбыз төмөнкү жүрүм турумдарды «садага» катары белгилейт: Жаратканды улуулоо, Ляа илааха иллаллах деп айтуу, Субхааналлах деп айтуу, Алладан кечирим тилөө, намазга бараткандагы ар бир кадам, элди жакшылыкка үндөп, жамандыктан оолактатуу, жакшылык атпай, эки адамдын ортосундагы чыр-чатакты адилеттүүлүк менен чечүү, жылуу-жумшак мамиле ж.б.) пайдаланалбаган адам коомдогу ордуна кайрадан бир серп салышы абзел. Асыресе, Азирети Пайгамбарыбыздын: «Байлык – бул көп мал-мүлккө ээ болуу гана эмес. Чыныгы байлык – бул жандүйнө байлыгы» деп буюрганы бар. Дарттын эң оору жандүйнөнүн жакырланышы, мусулман боордошубузга жылуу жүз менен карап болсо да, ага бир саамдык кубаныч тартуулай албай калуу.
Алланын акыркы Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) бу өңүттөн бардык мусулмандарды бардар деп эсептейт. Ал ар бир үммөтүнүн кайрымдуулук этүүгө, садага кылууга жарар байлыгы болгондугуна ишенет. Материалдык жактан кедей адам жандүйнөсүндө катылуу байлык менен эчелеген бардар адамдар жетпеген бийиктикке жетиши ыктымал. Садага тарбиясы бар нерсени бирөөгө беребилүү менен башталат. Кимдин жүрөгүндө үммөт үчүн деген жалын болсо, ал үммөт үчүн күйөт, үммөттүн камын көрөт. Үммөт ошону менен жанданат, өсөт, өнөт. Алланын Элчиси үммөтүнүн алсыз тартышына эч качан ыраазы болбойт. Эгер биздин жандүйнөбүз ыйман булагына кана сугарылса берген садагаларыбыздын акыбетин ашыгы менен алышыбыз толук мүмкүн. Мал-мүлк - бул колдун кири. Маани оролу бардан бир нерсе беребилүүдө.
Сөздү жыйынтыктап жатып мынабуларды айткым келет, жеке адам үчүн рамазан айы жана орозо – бул рухий ыпластыктардан тазалануунун, ыйманды бекемдөөнүн, напсини теске салуунун, ыйман боордоштугун бекемдөөнүн, үммөт үчүн күйүп-жануунун аракети. Жараткан Өзү жалпыбызга куттуу Рамазан айынын кутунан, берекесинен пайдаланууну насип буюрсун! Оомийин!