Онунчу сан

Кадыр түн
Мазмуну
Асан саипов
Орозо айында (лайлатул кадр) кадыр түн тосуу да өтө сооптуу иш. Ал түндө Алла Таала өтө көп соопторду берет жана ал түндө Алла Таала өзүнүн пайгамбарына Куран түшүргөн. Алла Таала Куранда айтат:
“Албетте Биз аны (Куранды) кадыр түнүндө түшүрдүк. (Эй Мухаммад) Сен кадыр түнү эмне экенин билбейсиң. Кадыр түнү миң айдан да жакшы. Ал түндө Рух (Жебрейил) менен башка периштелер, Раббилеринен уруксат алып, ар түрлүү буйруктар менен жер бетине түшүшөт. Бул түн таң атканга чейин сак-саламаттыктын түнү”
(“Кадыр” сүрөсүнүн баяндамасы)
Кадыр түндүн убактысы рамазан айынын акыркы он күндүгүнүн так күндөрүндө. Туурараагы рамазандын 27-түнү. Кадыр түнү негизинен орозо айынын курамында экенин дээрлик бардык аалымдар тастыкташат. Бирок бул түн рамазан айынын кайсы түнү экенин аныктоодо бир аз кайчы пикирлер бар. Маселен, Хасан ал Басрий айтат: “Кадыр түн Рамазандын жыйырма жетинчиси. Анткени, ошол түндүн таңында Бадр майданындагы согушта мусулмандар мушриктердин үстүнөн жеңишке жетип, Ислам жана мусулмандардын кадыры көтөрүлгөн”.
Анас ибн Маликтин ырастоосу боюнча кадыр түнү орозонун жыйырма тогузунчусу. Мухаммад ибн Исхак болсо, рамазандын жыйырма биринчиси кадыр түнү деп эсептеген. Бирок байыркы жана азыркы Ислам уламаларынын көпчүлүгү Хасан ал Басрийдин пикирине кошулушат. Анткени, Рамазан айын белгилөөдө бир күнгө адашып калуу коркунучу бар. Ошондон улам биз 27-си деп эсептегенибиз.
Улук пайгамбарыбыздын “издегиле” деген сөзүнө көңүл буруулары зарыл. “Кадыр” сөзү ислам аалымдары тарабынан “тагдыр” (өлчөм), “кадырлуулук, улуктук” маанисинде түшүндүрүлөт. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхис салам айткан: “Ким кадыр түндү тоссо анын мурдагы бардык күнөөлөрү кечирилет”.
Кадыр түн тосуу бул жеп-ичип курсагын тойгузуу эле эмес, балким ошол түндө Аллага көп зикир айтып, ибадат кылуу, Куран окуу менен бирге жана бул дубаны айтуу да мустахаб амал: Аллохумма иннака аънни. Мааниси: “Эй Алла Таала сен кечиримдүүсүң, кечиримдүүлүктү жакшы көрөсүң, мени кечир”. Куран рамазан айынын кадыр түнүндө түшүрүлгөн. Алла Таала айткан: “Албетте биз Куранды кадыр түндө түшүрдүк”. Ошондуктан мусулмандар ушул айда түнү-күн Куран тилават кылып туруусу зарыл. Пайгамбарыбыз алейхис салам бир хадисинде мындай деп айткан:
“Орозо менен Куран кыямат күнү момун кишиге шафаат кылат. Орозо айтат “эй Раббим мен аны күндүзү тамактан жана нафси каалаган нерселерден тостум, эми мени гана шафаатчы кыл”. Куран айтат “мен аны түндө уйкудан калтырдым, эми мени ага шафаатчы кыл, кийин экөөнү тең ага шафаатчы кылат”.
Курандын түшүүсү өзүнчө бир чоң окуя болсо, ал эми анын рамазан айында түшүүсү дагы бир улуу окуя болуп эсептелинет.
Алла Таала баарыңыздарга Рамазан айын куттуу кылсын!