Онунчу сан

ОРОЗО ИБАДАТЫ
Мазмуну
доцент, доктор Абдуррахман Хачкалы
Орозонун хикматтары эмнелер?
Башка ибадаттар сымал орозо ибадаты да инсандын руху менен денесин тазалаган, аруулаган ибадат болуп эсептелет. Ибадаттардын негизги максаты – бул адам баласын мыкты, баралына толгон жетик мусулман кылуу. Мына ушундай асыл сапаттуу адамдардан куралган коомдор да пазилеттүү, изги коомдордон болот. Бул маселе тууралуу Ыйык Куранда мына минтип айтылат: «Эй, ыймандуулар! Силерден мурдагыларга (мурунку элдерге) буйрулгандай (парз кылынганы сыяктуу) эле, силерге да такыба болушуңар үчүн саналуу күндөрдө орозо кармоо буйрулду (парз кылынды)». (Бакара, 2/183).
Орозо адам баласынын ар кандай күнөөлөрдөн оолак туруп, өз напсисин көзөмөлдөөсү жана башка дагы көптөгөн ибадаттарды орундатуусу үчүн эң ылайыктуу учур болуп эсептелет. Адамзааданы жалкоолукка жетелеген, ибадаттарын аткаруусуна тоскоолдуктарды жараткан жана анын көп уктоосуна себепкер болгон нерсе – бул аша тоюнуу, же болбосо көп тамактануу. Андыктан орозо кармоо жолу менен адам баласы ачка жүрүү жана аз тамактанууга үйрөнөт. Мына ошентип инсандардын ибадат үчүн дили, жүрөгү даяр болот жана ал адамдын мээримдүүлүк, боорукердүүлүк сыяктуу сезимдери күчөп, өзү жашаган коомдогу ачка калган, жегенге эч нерсе таба албай жүргөн адамдардын абалын жакындан түшүнө баштайт. Ошентип орозо кармаган адамдардын ач жүргөн адамдарга болгон аёо, аларга жардам берүү сезимдери күчөй берет.
Орозо – адам баласынын өзүн-өзү көзөмөлдөп, колго алуусу үчүн эң ыңгайлуу жана эң пайдалуу жол.
Орозо – адамдын эркин күчөйтөт, адамгергерчиликтүү мүнөздөрүн калыптандырат жана ага ырааттуу, системалуу түрдө жашоону үйрөтөт. Рамазан айында бардык мусулмандар орозо кармап, тообо кылууга багыт алышып, Куран окушат жана көп-көп ибадат кылышат. Коомдогу биримдик менен ынтымак күчөп, бири-бирине болгон жардамдашуулар көбөйөт. Рамазан айы туугандык жана кошуналык алакалардын чыңалуусуна толук мүмкүнчүлүк берген учур. Мына ошондуктан ал айда адамдардын бири-бирине кылган урмат-сыйы көбүрөөк байкалат.
Жеп-ичүү жаатында өз напсисинин каалоолорун белгилүү бир убакытка тизгиндей алган адам бир ай бою бул жааттагы эңсөөлөрү менен арзууларын көзөмөлдөгөн болот.
Ошондой эле орозо маалында күндүзү жыныстык мамилелердин тыюу салынуусу адамдардын жыныстык каалоолору менен арзууларын тескеп, өз көзөмөлүнө алуусуна жардам берет. Айрыкча, учурубузда төшөк кумарынын артынан сая түшкөн адамдардын мына ушундай тарбияга аябай муктаж экендиги айтпаса да көрүнүп турат.
Орозо кармаган адам ачууга алдырбай, өз ачуусун жеңе билүүнү да үйрөнөт. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алейхи ва саллам) да өзүнүн куттуу хадистеринин биринде минтип айткан: «Орозо (кармаган) учуруңарда бирөө силерге тийишсе (жөн гана сыпайы түрдө): “Мен орозо кармаган адаммын” – деп жооп бергиле». (Бухари, Савм – 2, 9).
Рамазан айы адамдардын жаман адаттарын таштап, алардан кутулушу жагынан да эң оңтойлуу учур. Коомдо ар бир адамдын орозо кармашы инсандын жаман адаттарынан кутулушуна коомдук жана психологиялык жактан чоң жардам берет. Инсандын жаман адаттарын таштоосу үчүн мындай жардам өтө зор мааниге ээ. Мына ушундай психологиялык жардамдашуунун негизинде Ислам дини намаз, ажылык жана башка бир топ ибадаттардын жамаат менен чогуу аткарылуусун буйруган.
Ичимдикке берилгендердин ичимдиктин, зинакорлордун зинанын, заалымдардын зулумдун, Алла Таала менен Мухаммад Пайгамбарды (саллаллааху алейхи ва саллам) эстебегендердин кайдыгерликтин, өзгөлөрдү ойлоп да койбогон адамдардын өзүмчүлдүктүн, кедей-кембагалдарга жардам колун сунбагандардын сараңдыктын сормо сазынан суурулуп чыгып, ак жолго кадам таштоосу, алардын өздөрүнүн жогорудагыдай жаман иштери үчүн тообо кылып, жакшы жашоону баштоосу үчүн Рамазан айы табылгыс убакыт болуп эсептелет.
Иралды айта турган нерсе, орозо бул - аябай сооптуу ибадат. Мына ошол орозо себептүү Алла Тааланын ыраазычылыгына ээ болууга болот жана мурда жасалган күнөөлөр кечирилет. Бул жөнүндө хадис шарифтердин биринде минтип айтылат: «Чын ыкласы менен жана сообун бир Алладан күтүп (үмүт кылып) (күндүзүн орозо кармоо, түндөрүн намаз окуу менен) Рамазан айын жандандырган (ибадат менен өткөргөн) адамдын мурунку күнөөлөрү кечирилет». (Бухари, Савм – 6). Башка бир кудсий хадисте төмөндөгүдөй айтылган: «Ар бир жакшылык үчүн он эседен баштап жети жүз эсеге чейин сооп бар. Бирок, орозо буларга кошулбайт. Анткени, орозо мен үчүн (кармалат) жана анын сообун өзүм берем». (Бухари, Савм – 2, 9; Муслим, Сиям - 30).
Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (саллаллааху алейхи ва саллам) орозо тууралуу кеңештеген нерселери эмнелер?
Буларды толук сообун алуу үчүн орозо кармаган адамдын көңүл буруусу лазым болгон жагдайлар деп да атасак болот. Орозого төмөндөгүдөй аныктама берилип келет: Милдеткер (мукаллаф) болгон адамдардын таңдын агаруусунан тартып күндүн батуусуна чейин жеп-ичүү жана жыныстык катнаштан узак туруусу. Албетте, чыныгы орозо жогорудагы аныктамадан да кеңири маанини өз ичине камтып турат.
Орозонун сообуна толук ээ болуу жана анын пайдаларынын орундалуусу үчүн Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алейхи ва саллам) төмөнкү жагдайларга кылдаттык менен көңүл бурулуусун айтып кеткен:
â - Соорлук. Соорлук бул – орозо кармаган адамдын ооз бекитерден мурунку тамактанган эртең мененки тамагы. Соорлук мүмкүнчүлүктүн болушунча түндүн акыркы бөлүгүндө болуусу керек. Бул орозо кармаган адамдын орозону жакшы тутуусуна өбөлгө болгону сыңары эле ошол убакыттын сообу менен берекетинен пайдалануусун шарттайт.
â - Ифтарды (ооз ачууну) шам намазынан мурун кылуу.
â - Ифтарда (ооз ачар маалда) дуба кылуу.
â - Орозо кармаган адамдардын оозун ачтыруу. Айрыкча кедей-кембагалдардын оозун ачтырган жакшыраак.
â - Жунуп болгон адамдар менен этек кири токтогон аялдардын орозо (ооз жабуу) убактысы киргенге чейин гусул кылганы (жуунганы) абзел. Андай адамдар күндүзү орозо кармаган маалдарында деле жуунса болот. Бирок, ооз жапканга чейин жуунганы жакшыраак.
â - Орозо кармаган адамдын обу жок, пайдасыз сөздөрдү сүйлөөдөн оолак туруп, ибадаттарды жакшы аткарууга көңүл буруусу керек. Анткени, Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алейхи ва саллам) минтип айткан: «Жалган сүйлөгөнүн токтотпогон жана жаман адаттарын таштабаган адамдын өзүн-өзү ач жана суусуз калуусуна Алла Таала эч кандай муктаж эмес». (Бухари, Савм – 8).
â - Мүмкүнчүлүктүн болушунча Рамазан айынын руханий пайдаларынан көбүрөөк пайдаланып калууга жан үрөө, көп-көп Куран окуу, Алланы эстеп (зикир кылып), илим жана зикир мажлистерине (жыйналыштарына) катышуу.
â - Эгер мүмкүнчүлүк болсо Рамазан айынын акыркы он күнү итикафка кирүү сүннөт болуп эсептелет. Итикаф – бул мечитте, же болбосо мечиттин ордуна өтө турган жерде итикафка кирүү үчүн ниет кылып бир канча мөөнөт ошол жерде туруу. Итикафка кирген адамдын зарыл жумуштары болбосо ал жерден сыртка чыкпоосу жана жалаң гана ибадат менен алектенүүсү керек.
Шарият тарабынан кайсы күндөрү орозо кармоого тыюу салынган?
â - Орозо айттын биринчи күнү менен курман айттын төрт күнү орозо кармоо тахриман макрух, б.а. күнөө болуп эсептелет. Анткени, Ислам дини боюнча ал күндөр майрам күндөрү болуп эсептелет. Эгерде кимде-ким бул күндөрү орозо кармаса орозосун бузуусу керек. Кааласа ал күнү кармай турган орозосун башка күнү каза орозо катары кармайт.
â - Тек гана ашура, жума, же ишемби, же болбосо нооруз күндөрү орозо кармоо танзихан макрух, б.а. туура эмес иш-аракет болуп эсептелет.
â - Рамазан айынын башталганы, же башталбаганы билинбеген күнү күмөнсүрөп орозо кармоо макрух. Тагыраак айтканда, эгер Рамазан айы кирген болсо Рамазан орозосун, эгер Рамазан айы кирген эмес болсо нафил орозону кармаганга күмөндөнүп ниет кылуу менен кармалган орозо макрух болуп эсептелет. Бирок, ал күндөн мурун деле орозо кармап жүргөндөрдүн ал күнү орозо кармоосу макрух эмес.
Орозонун негизги шарттары (сахих болуусунун шарттары):
1 – Орозо кармоого ниет кылуу: Рамазан айында кармалуучу орозо үчүн (андан бир күн мурун) күн баткандан баштап (ошол күндүн) шашке маалына чейин ниет кылууга болот. Күн чыккандан кийин орозо кармоого ниет кылуу үчүн таң агаргандан баштап эч нерсе жеп, ичпөө керек. Тагыраак айтканда орозону буза турган кырдаалдардын эч бирин аткарбоо керек. Чак түш маалынан кийин орозого ниет кылган болбойт. Анткени орозо кармоого ниет кылуу убактысы бүткөн бол