Онунчу сан

Журналдын онунчу саны

Индонезия

Мазмуну

Ак Башаттын ушул санына Ислам ааламынын калк жыш жайгашкан өлкөсү саналган Индонезия тууралуу маалымат берүүнү туура көрдүк.

Жалпы маалымат
Мамлекеттин расмий аталышы:
Индонезия мамлекети
Борбору:
Жакарта (калкынын саны: 12 миллион)
Аянты:
1.919.443 км2
Калкынын саны:
(1999-жылдагы аныктама боюнча) 215 миллион.
Калктын % 31'и шаарларда жашап келишет.
Эгемендүүлүк күнү: 19-август
(1945-жылдан тарта Гонландиядан)


Географиялык абалы боюнча Индонезия аралдар өлкөсү. Ар кайсы аралдарда жашаган калк түрдүү этникалык топтордон турат.Тизмектей турган болсок этникалык топтордун абалы төмөнкүчө:
Жавали тобу: Калктын % 33.55 ын түзөт, тактап айтканда Индонезия калкынын үчтөн бирине тең келет. Дээрлик көпчүлүгү Жава аралында жашашат. Индонезиянын расмий тили саналган Бахаса тилинде сүйлөшөт.   % 90'ы мусулман.
Сундандар: Калктын % 15.70 пайызын түзгөн Сундандардын көпчүлүгү Жава аралында жашайт. Полинезия тилине таандык Сундан диалектисинде сүйлөшөт. Сундандардын % 98'и Мусулман.
Мадуралыктар: Калктын % 6.65 пайызына ээлик кылган элдин басымдуу көпчүлүгү Мадура аралында жашайт. % 95'ы мусулман Мадура эли Жава тили менен тектеш Мадура тилинде сүйлөшөт.
Mалайлар: Mалазия элинин түпкү теги саналган бул этникалык топ калктын % 5 пайызын түзөт. Булардын % 99'ы  мусулман.
Аталган топтор менен Минангкабула, Буги, Ачел, Бенжар, Кунта, Макассар, Сасак аттуу жана башка майда этникалык топтор  жашап келишет.
Тили: Мамлекеттин расмий тили Бахаса Индонезия тили. Ошондой болсо да  эл арасында 250 дөн ашык  түрдүү диалект ушу тапта кеңири колдонулуп келет. Англис тили зарыл тил катары колдонулат.      
Дин: Мамлекет өлкөдөгү Ислам, Христиан, Индуизм жана айрым майда топтор тутунган табияттык диндерди расмий катары каттоодон өткөргөн. Башкача айтканда дин тутуу эркиндигин жар салган мамлекет. Бирок, расмий маалыматтар тастыктагандай калктын % 87 пайызы мусулман. Мусулмандардын дээрлик көпчүлүгү сунний-ханафи. Калктын калган % 4.5'ы христиан, % 4.5'ы брахманист, % 1'ы индуист, % 0.8'ы буддист, калгандары табияттык ишенимдерди тутунушат. Христиандардын үчтөн бири католик, калгандары протестант.
Сырткы көйгөйлөрү: Индонезия Борнео аралындагы Саравак жана Сабах аймактарынын Малазияга өткөрүлүп берилишине нааразылык билдирип келет. Ушул көйгөй бир мезгилдерде эки өлкөнү согушууга мажбур кылган. Учурда бир кыйла сүйлөшүүлөр жүрүп, бир топ убакыт өтсө да бул эки өлкөнүн ортосундагы негизги маселе бойдон калууда.  
Ички көйгөйлөрү: Аче калкы көп кылымдар бою дин Исламдын желеги астында жашап келет. Бирок Индонезия мамлекетинин астында жашап калганын Голландиянын колониясынын уландысы катары көрүп, өздөрүнүн эгемен мамлекетин курууга аракет жүргүзүп келишет. Ушу максатка жетеленген Аче калкы Аче Сумарта Улуттук Боштондук Кыймылын түзүшкөн. Бул кыймыл 1976-жылдын 4-ноябрында Док. Тунгку Хасан ди Трион жетектеген өкмөт курулганын жана Аче Сумартанын көз карандысыздыгын билдирет. Индонезия өкмөтү сырткы колдоо жана ички аскердик күч менен кыймылдын бул иш-аракетин токтотот. Мындай иштин мыйзамсыз экендиги канчалык далилденсе да, канчалык коркутуу үркүтүү болбосун Аче Сумарта Индонезия улутунун өзүмсүбөй, жээрик көз менен карап, өз алдынчалыкка жетишүүнү дагы да болсо самап келишет. Жыйынтыктап айтканда, бул көйгөй Индонезия өкмөтүнүн такай башын ооруткан оор маселе бойдон калып келатат. 
Мурдалары Португалиянын колониясында турган Чыгыш Тимурду 1975-жылы Индонезия өзүнө өткөрүп алат. Арадан көп өтпөй бул жерлерде Индонезияга каршы аракеттер башталат. Өкмөт каршы кыймылдын жетекчиси  Жосе Гусмаону камакка алса деле боштондук кыймылы токтобой келет. БУУ  Индонезиянын Чыгыш Тимурду мыйзамдуу түрдө алган чечимин ушу күнгө чейин тааныбайт. Индонезия калкы Сухартону такттан түшүргөндөн тарта каршылаш күчтөр Чыгыш Тимур жарасын кайрадан  ырбатып кирет жана каршылык көрсөтүүгө бул жерде жашаган христиандарды да чакырып келишет. Козголоңчу күчтөрдүн мындай иш аракеттери өлкөнүн айрым аймактарында ички каршылыктарга жана этникалык  кагылышууларга жол ачты.
Көз карандысыздык аракети: Индонезия калкы көп жылдар бою  Баскынчылык менен каратып алган Голландиялыктарга каршы күрөш ачып согушуп келген. Бул күрөшкө айрыкча мусулмадар уюштурган жамааттар менен  уюмдар катуу таасир берген.
Бүгүнкү күндө  Индонезия калкынын  % 87'ы мусулман деп сан менен көрсөтүлгөнү менен бул пайыз дин Исламды толук түшүнүп, буйрулгандай жашагандардын пайызы эмес. Бул көрсөткүч ошо колониялык жана көз карандысыздыктан кийинки мезгилдердеги наадандаштыруу, элди бузуп Исламдан алыстатуу саясатынын жемиши.  Ошентсе да өз динин бек тутунган мусулмандар да аз эмес.  
Асыресе, акыркы жылдарда Индонезияда Исламдын жаркын аң-сезими калктын калың катмарына дейре кеңири кулач жайып, мусулмандар мечиттерге батпай калган учурлар болуп жатат.
1921-жылы баскынчылыкка каршы Ислам Биримдиги аттуу  уюм түзүлөт. Алгачкы мезгилдерде катуу чыккан бул уюм Голландиялыктар тараткан ушак-айың себептүү бөлүнүүгө дуушар болуп, күчүн жоготот. Бул уюм кийин 1930-жылы Индонезиянын Ислам Биримдик Партиясы деген ат менен жаңыдан уюшулуп, көз карандысыздыктан кийин деле саясий партия катары иш жүргүзгөн. 1973-жылы өз миссиясынын аягына чыгып, ишин токтоткон.
1926-жылы уюшулган Нахдатул Улама (Аалымдардын тирилиши) оболку кадамдарда саясаттан оолактыгын, тек гана «жакшылыкка чакырып-жамандыктан кайтаруу» деген улуу озуйпаны аркалай тургандыктарын жар салат. Убакыттын өтүшү менен мезгил талабына ылайык улуттук саясатка аралашкан Нахдатул Улама көз карандысыздык үчүн кыйла пайдалуу иштерди жасаганга жетишип 1953-жылы саясий партиялыкка чейин жетет да 1984-жылы ишин токтотот.  
Нахдатул Улама менен бир мезгилде түзүлгөн Мухаммадия жамааты үгүт-насаатчылык –дааватчылыкка басым жасайт. Бүгүнкү күндө расмийлик жагы жок болсо да мурунку озуйпасын аркалап келет.
Япон баскынчылыгы мезгилинде Хизбуллах атанган аскердик тайпалар түзүлөт. Булар Голландиялыктарга каршы Япондор тарабынан машыктырылып, окутулган.  
Бул тайпа 1947-жылы атын «Дарул Ислам» деп өзгөртүп аскерий жагына Индонезиянын Исламий армиясы деген атты берип, бир топ ийгиликтерди жаратат. Көз карандысыздык алынгандан кийин курулган бийлик бул ишти токтотуп, таратууга  жетишет.
1945-жылдын 17-августунда  көз карандысыздыкка жетишкен Индонезияда Исламдык тариздеги саясий көп партия түзүлгөн. Булардын башында Индонезия Мусулмандарынын жогорку партиясы турат. Бул партия Исламий кыймылдын  белгилүү жетекчиси Мухаммад Наср тарабынан курулган. 1968-жылы Индонезия Мусулмандарынын Партиясы (PMI) курулган .
Ушу күнгө чейин иш жүргүзгөн Исламий уюмдардын көч башында төмөнкү экөө бар:
Индонезия Ислам Чакырыгынын жогорку кеңеши: Мухаммад Насрдын жетекчилиги астында 1967-жылы Жакарталык аалымдар тарабынан курулган. Бул уюм асыресе үгүт, чакырык, таалим-тарбия иштерине басым жасайт. Көп сандагы окуу жайларды, мектептерди, университеттерди курган. Ушуну менен эле катар университеттеги мусулман студенттерге стипендия берип турушат.
Индонезиялык Исламий Билим алуучулар (PII): Бул уюм айрыкча университеттеги студенттер арасында иш жүргүзүп, студенттердин саясий аң-сезимин жогорулатууга аракет жасап келишет. Учурда 4.5 миллион мүчөсү бар.
Экономикасы: Индонезиянын экономикасы биринчи кезекте мунайга жана табигый газга таянат.  OPEC өлкөлөр аралык 1993-жылкы келишимден кийин күнүнө 1миллион 330 миң барел мунай өндүрөт. 1993-жылдагы аныктама боюнча мунайдын резерви 8 миллиард 350 миллион барел болсо, табигый газ резерви 1 триллион 374 миллиард m3 деген болжолдоолор бар. Мунай менен табигый газдын кирешесинин % 14'ы өлкө казынасына түшөт.  
Ошондой эле көпчүлүк калк дыйканчылык, мал чарбачылыгы жана балыкчылык менен турмуш өткөрөт. Бул тармактардан түшкөн кирешенин % 25'ы өлкө казынасына түшүп турат. Индонезия калкынын % 55'ы аталган тармактарда жумуш менен камсыздалган.
Кен байлык жагынан Индонезия дүйнө өлкөлөрүнүн арасынан кыйла бай деп эсептелген өлкө. Жылына улуттук кирешеден киши башына  610 АКШ доллары бөлүнүп турат.
                                                                       Aбдуллах Айдоган Калабалык

Башына