Онунчу сан

Мухаммед Кыргыз (Тагай бий)
Мазмуну
xv-xıx к к. кыргыздар өз алдынчалыгын сактап калуу үчүн күрөшүн уланткан. Ошол мезгилде Орто Азияда, Могелстанда жана Казакстанда олуттуу саясий окуялар болуп өткөн. xv к. тартып Алатоонун аймагы Кыргызстан катар туруктуу саясий мамлекеттик аталышка ээ боло баштаган ушул мезгилден баштап кыргыздардын уруу башчылары моголдорго баш ийбей, иш жүзүндө өз аймагын башкарууну өз колдоруна ала башташкан.
Казакстандын батыш тарабында калааларда жашаган көчмөн өзбектердин ордолору Амир темир негиздеген мамлекеттин алсыраганынан пайдаланып, ага кол салып, толук ээлеп алышкан. Алтын ордонун чыгыш тарабындагы көчмөн уруулар xv-xvı к к. өзбек хандын атынан улам «Өзбек» деген ат менен белгилүү болушкан.Мейбаш хандын колун түзгөн көчмөн өзбектер Амир Темир урпактарынан бийликти тартып алган. Амир Темирдин урпактары Захриддин Бабур 1483-1530-ж ж. өзбек көчмөндөрүнө башкалардан көбүрөөк каршылык көрсөткөн.
Бабур көчмөн өзбектер менен кармашып аларды нечен ирет жеңип чыккан. Самаркандда нечен ирет колдон колго өтүп, акыры 1504-жылы өзбектер Бабурду жеңип, биротоло кууп салышкан. Ал Гисар (Ысар) тоолору аркылуу Афганистанга (Кабулга) кетет. Азиянын ар бурчунан өзбектердин Шейбаш бийлигине кызмат өтөөнү каалабагандын баары келеберген. Күч топтоп алып Бабур Кабулдан Түндүк Батыш Индияга (1513-ж баштап) жортуул жасап акыры жеңишке жетишип, ал жерде (1526-ж) Улуу моголдор Империясын негиздеген.
Бабур 1493-1529-ж ж. окуяларды камтыган мемуардык «Бабур-Наама» деген китеп жазган. Бул китепте Бабурдун өмүр баяны, Орто Азиядагы, Афганистандагы, Түндүк Индиядагы тарыхый окуялар жөнүндө өзгөрүлбөй ачык жазылган. Мында Кыргызстандагы саясий тарыхына байланыштуу маанилүү маалыматтар да бар. Андан тышкары Түштүк Кыргызстандын тоолуу аймагын мекендеген кыргыз уруулары тууралуу айтылат. Моголистан мамлекетиндеги ханзаадалардын ортосундагы так талашуу күч алат. Ушул учурда Моголистандын түндүк тарабын кыргыздар ээлеп алат. Мухаммед Хайдар: «Кыргыздардын айнан Моголистанда моголдордон бир да хан калган эмес»-деп жазган. 1514-жылы могол хандарынын бири Султан Саид хан Кашкарды басып алып, Мырза Абу-Бакирдин бийлигин жок кылган. Бул күрөштө Мухаммед Кыргыз зор колдоо көргөзгөн.
Ички ырк кетүдөн жана тышкы душмандардын кесепетинен ыдырыай баштаган Моголистандын арасы түгөнгөн кезде Мухаммед Кыргыз кыргыз урууларынын башын бириктирген. Ал кыргыз уруулары менен уруктарынын биргелешкен күчтөрүн чыңдоого, кыргыздардын этностук аң-сезимин өсүшүнө өбөлгө түзөт.
Мухаммед Кыргыз (санжырада Тагай бий деп аталат) азыркы Кыргызстандын аймагында жашаган кыргыз урууларынын «оң» жана «сол» канаттарынын биринен болуп бириктирип бекемдеген. Ал 1508-жылы ак кийизге салынып хан көтөрүлгөн. Ушундан кийин ага Мухаммед Кргыз деген ысым ыйгарылган. Мухаммед Кыргыз кыргыз урууларынын биригишинин келечегин көрө билип, тышкы алаканы да ошого ылайыкташтырган. Монгол хандары Кыргызстандын жана Казакстандын түштүк-чыгыш аймактарын каратып алууга аракеттенип жатканда Мухаммед аларга каршы өзүнө ишенимдүү союздаш боло турган казак султандары менен алака түзө баштайт.
Ошондуктан Сыр-Дарыянын жээгиндеги шаарларды ошондой эле Орто Азиянын отурукташкан аймактарын ээлеп алууга аракеттенген. Шейбашилерге каршы аттанган казак султандарынын жортуулдарында кыргыздар Мухаммеддин жетекчилиги менен активдүү катышат. Кыргыз кошуундары Түркистан, Сайрам, Ташкент, Анжиян, Аксы жана башка жерлерге чейин жеткен. Түркистанга жоортулдун убагында ал өзбектердин ханзаадасы, ал убакта Самаркандда акимдик кылып турган Кучкунчи хандын уулу Абдулланы колго түшүрүп алып, бирок кайра бошотуп жиберген. Бул Султан Саид хан үчүн кыргыздарды чаап алууга шылтоо болгон.
Моголдор ханы кыргыздарды 1517-жылы басып кирген. Анда Мухаммеддин ордосу Ысыккөлдүн түштүгүндөгү Барскоон деген жерде болгон. Кармашта кыргыздардын колу талкаланып, Мухаммед колго тушуп, Кашкарга аны алып кетишет. Бирок ал абакта көпкө деле кармалган жок. Саясий абалды салмактап туруп, Саид хан аны 1518-жылы бошотуп, 1522-жылы өзүнүн уулу Абдар Рашид менен кошо мекенине жөнөтүп жиберет. Алатоо аймагына келгенден кийин Мухаммед кайрадан кыргыз урууларына башчы болуп, Моголдорго каршы ого бетер күч топтой баштайт. 1524-жылы Кыргыздардын жергесине (Кочкорго) казактардын ханы Тахир келет. Моголдорго каршы Мухаммед аны менен ымала түзөт. Аны билип калып, Султан Саид 1525-жылы Мухаммедди карматып, Кашкарга алдырып, үй-турмөдө кармайт. Ал жерде ал (1533-ж) хан өлгөнгө чейин болот. Мухаммед Кыргыз баш аягы 14 жыл чет жерде камакта болгону менен эли менен байланышын үзбөй, көздөгөн максатынан баш тарткан эмес.
Осмонов Ө. Ж Кыргызстан тарыхы-Бишкек 2007. (76-77 бет)
Молдосултанова Гүлмира.