Онунчу сан

«Көркөм жазуу» өнөрү
Мазмуну
Жемалеттин Четин
Жазуу тарыхынын идеографикалык багытындагы эң көөнө шекил Мезопотомия чөлкөмүндө пайда болгон мык жазуусуна барып такалат. Ырас, жазуу Азирети Адам Атанын учурунда эле бар болгондугун диний маалыматтар тастыктайт.
Азирети Адам Атага пайгамбарлык озуйпа жүктөлүк, ага «он барак» жарлыктын келиши жазуунун адамзат менен бирге башталгандыгын айгинелейт.
Дагы бир диний акыйкат төмөнкүчө:
Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз вахий жазуучу сахабаларына сүрөлөрдүн башына дайыма «бисмилла»ны жазууларын, асыресе, «бисмилла»дагы «син» арибин узартып жазууларын буйура турган. Бир күнү вахий жазуучуларынын бири Азирети Пайгамбарыбызга:
-О, Алланын Элчиси! Эмне үчүн «бисмилла»дагы башка тамганы эмес, дайыма так ошол «син» арибин гана узартып жазуубузду буйурасыз? – дейт. Анда Пайгамбарыбыз:
- Мен «бисмилла»ны лавхи махфузда ошол таризде көрүп турам – деп жооп берген экен.
Демек, Ислам көркөм жазуусунун башаты Жаратканга таандык болгондугу ырас.
Ислам жазуусу Химйери арибинен баштап шекил алып, бир топ баскычтарды басып өтүү менен белгилүү көркөмдүккө, көзөлдүккө жеткен.
Бул өнүгүү Осмон мамлекетинин учурунда кемелине келген. Агезде Куран арибин көзөл, сулуу жазуу өзүнчө бир өнөр тармагына айланган. Бул тармак «Көркөм жазуу» өнөрү (осмон тилинде, “hüsn-i hat”) деп аталган.
Ырас, көркөм жазуу - Кураны Каримдин ариптерин эстетикалык таризинен чыкпай эң ийги шекилде кооздоп жазуу кайрат-аракетинен жаралган өзүнчө көркөм өнөр.
Ыйык Куранды алгач Пайгамбарыбыздын вахий жазуучулары жазуу бетине түшүргөн. Аракесиз бул алгы Куран жазуусу кийин кыска убакыттын ичинде аракелери менен жазылган. Буга Азирети Алинин жазуусу айкын мисал.
Аббаси мамлекетинин акыркы халифасы Мутасым Биллахтын малайы Якути Мустасыми калеминин учун ийри кесүү менен ариптерди мурдагыдан дагы да кооз жазууга жетишкен. Ал «көркөм жазуу» өнөрүндө «аклам-ы ситта» - «алты калем» делген жазуу түрлөрүн өркүндөтүп, «хаттат», тагырак айтканда, шөкөт жазуучу аталып калган.
Якути Мустасыминин колунан көркөм жазуу өнөрү боюнча сабак алган адистер Осмон мамлекетинин дооруна чейин эч кимге камчы салдырган эмес. Колуна калем кармагандын баары Якутиден үлгү алып, аны устат катары билген. Андан соң Осмондуктар бул тармакта ошол чеберчиликти улантып, көркөм жазууну дагы да өркүндөткөн. Ошентип, бул өнөрдү баралына жеткиришкен.
Бу өңүттөн Ислам дүйнөсүндө: «Кураны Карим Хижазда (Мекке-Медина аймагында) түштү, Мисирде окулду, Стамбулда жазылды...» деген сөз тараган.
Көркөм жазуу Осмон мамлекетинде жазуу өнөрү катары гана эмес, жандүйнөгө жаназык тартуулар өзүнчө бир рухий күлазык катары да кабылданган. Ушунун берекеси менен эчелеген хаттат азаматтардын арты бүгүнкү күнгө чейин уланып келет.
Бул «хусн-и хат» өнөрү өзүнүн сулуулугу, артыкчылыгы менен Исламга жана мусулмандарга гана таандык өнөр катары кабылданат. Бул өнөр кылымдар бою мусулман эместердин дагы көңүлүн буруп келген. Асыресе, алар да бул өнөрдү өздөштүрүүгө өзүнчө кайрат кылышкан. Ошентсе да, алар биздин хаттаттардын деңгээлине чыга алышкан эмес.
Ислам дүйнөсүндөгү эң кичине өнөр тармактарынан тарта башкаруучулукка чейинки тармактардын ар биринде биринчиликке умтулган жана да көздөгөн максатына жете келген Батыш «көркөм жазуу» өнөрүн канчалык өздөштүрсө да, мусулман адистерге бул багытта камчы салалган эмес. Анткени «көркөм жазуу» өнөрү Исламга жана мусулмандарга гана таандык. Бул тарыхый талашсыз чындык. Муну кылымдар мурун эле Азирети Пайгамбарыбыздын сахабасы Азирети Али (Алла ага ыраазы болсун!) айтып кеткен:
«Көркөм жазуу устаттын таалиминде катылуу. Анын шекили көп көнүгүүнү талаптайт. Уландысы (кемелине келиши) дин Ислам боюнча жашоого байланыштуу»
Демек, көркөм жазуу үчүн зарыл үч шарт талап кылынат:
- Устаттын таалими,
- Эмгек,
- Мусулман болуу.
Көркөм жазуудагы мусулман болуу шарты кимди гана болбосун көңүлүн бурат.
Себеби мунун мааниси нары кызыктуу, нары терең.
Көркөм жазуунун өзгөчөлүгү жана маанилүүгү жөнүндө мынабу эки мерчемде кеп уласак болот:
а. Медициналык мерчем
Бул өнөрдүн жер бетиндеги башка жазууларга салыштырмалуу медициналык жактан да жогорулугу бар:
Көп аракет-кыймыл кайсыл мүчөнү болбосун чарчатат. Бирок көркөм жазууда болсо мындай чарчоо жараян этпейт. Тескерисинче ал көздү, мээни эс алдырат.
1950-жылдары бир Римдик көз доктурдун иш бөлмөсүндө илинген мынабу көрнөк да муну тастыктайт. Анда:
«Көз айнектен кутулууну каалаган адам хусн-и хат менен алектенсин!» - деп жазылган эле.
Демек, көркөм жазуу өнөрүнүн көздү чарчатпоо менен бирге начар көзгө шыпасы бар экендиги ырас.
Атайын иликтөөлөрдүн натыйжасында Кураны Каримди көп окуган элдин карыяларынын арасынан азы гана көз айнек тагынары аныкталган. Асыресе, Куран жандүйнөгө шыпаа болгондой эле, көзгө да шыпаа болгондугу медициналык жактан тастыкталган.
Ошондой эле бул жазуу мээни да чарчатпайт. Осмон мамлекетинин падышаларынан Султан Абдулхамид мамлекеттик иштерден чарчаган чакта көркөм жазуу менен алектенгени тарых баракчаларында жазылып калган.
б. Көркөмдүк мерчем
Сезим-туйгу кандайдыр бир нерсенин маңызынан ырахат алгандай эле анын шекилинен да ырахат алышы мүмкүн. Маңызы бийик, көрүнүшү көзгө копол келген шекил ичиндеги көп нерсесин жоготот. Маселен, гүлдүн жалбырактары жазы эмес, тикен сыяктуу кууш, учтуу болгондо, адамга жагымсыз, жандүйнөгө кандайдыр бир бейпилдик тартуулай алмак эмес.
Көркөм жазуу Куран арибин тааныбагандарды да аң-таң калтырган. Себеби анда эстетикалык сулуулук бар. Ырас, Стамбулдагы Султанахмед мечитиндеги маркум Али Айдарга таандык «ал-Касибу хабибуллах» деген жазуунун маңдайында арбалып калгандай абалда аң-таң болуп карап турган Албаниялык бир сүрөтчү жанындагы адамга мындай деген экен:
«Досум! Силердин мынабу хусн-и хат деген жазууларда ар тараптан бир башкача көркөмдүк бар. Бир караганда жөнөкөй эле өң жана геометриялык фигура болуп көрүнгөнү менен ага үңүлүп караган сайын кыймылга өтүп, жан кирип келаткансып, кубулгансып турат экен. Бул жазууларды карап жатканда эмне болгонун түшүнбөй жатам! Аларда адамды өзүнө тарткан, өзүнчө бир мухит сыяктуу көңүлүмө ырахат тартуулаган бир касиет бар»
Асыресе, көркөм жазуунун бүгүнкү калыбына келгенге чейинки абалында да бар болгон бул табигый өзгөчөлүк Азирети Алиге төмөнкү сөздү айттырган:
«Балдарыңарга көркөм жазууну белекке тартуулагыла! Анткени көркөм жазуу нары маанилүү, нары кубаныч тартуулоочу өнөр»
Чындыгында эле Ислам көркөм жазуу өнөрү бир гана шекил сулуулугу менен гана эмес, жазуунун маңызы менен да нары улуу, нары аруу максатка өз кызматын өтөйт. Анткени дубалга илинген көрнөккө карасак, ал же бир аят, же бир хадис же бир дуба болгондугун байкайбыз. Окуган адам үчүн булардын баары өзүнчө насаат, үлгү-сабак, өзүнчө ибарат.