Онунчу сан

Журналдын онунчу саны

Кыргыздын залкар тарыхчысы Сайфаддин Аксыкенти жана «Мажму атут-таворих» (Тарыхтар жыйнагы)

Мазмуну

Кубаныч Айдарбеков

aydarbekovk@mail.ru

«Мажму атут-таворих» ферганалык Сайфаддин Аксыкентинин жана анын уулу Нооруз Мухаммеддин эмгеги экендиги кол жазмада айтылат. Ал XVI-кылымдардын баш чендеринде жазылганын атактуу академик В. Б. Бартольд да белгилеп кеткен. Бул эмгекте IX-XV кылымда болуп өткөн каармандар, тарыхый окуялар, уламыштар жазылган. Чыгармада Фергана менен Тянь-Шаньда жашаган кыргыз, кыпчак уруулары жөнүндө маалыматтар берилет. Анда кыргыздардын «оң» жана «сол» деген этностук топторунун кайдан чыкканы, элдик санжырада айтылып жүргөн Ак уул, Куу уулга чейинки 20-23 муундун тизмеси көрсөтүлөт.  Бул чыгарма XVI-кылымдын биринчи жарымында жазылганы аныкталган.

Бул эмгек Молдо Мамасабыр Досболов жана Омор Сороновго чейин фарси тилинен башка тилге которулган эмес. Ал доордун илим-билим, маданият тили болгондуктан, фарси тилинде жазылуусу таңгалууну туудурбайт. Бул чыгарманын сакталышында жана Кыргыз Илимдер Академиясынын алдындагы Кол жазмалар фондусуна өткөрүлүшүндө Жайлобаев Назармат аксакалдын эмгеги зор.

Сайфаддин Аксынын аймагында туулуп, Аксыкент шаарында окуп, ошол жерде өз эли болгон кыргыздар жөнүндө жана Манас тууралуу изилдөө жүргүзүп, китептерди жазган. Анын кыргыз экендигин “Мажму атут-таворих” эмгегинде кыргыз турмушун, үрп-адатын, географиялык шартын, согуштук тактикаларын жакшы билгендиги далилдеп турат.
Бул колкитептин азырынча үч нускасы белгилүү. Биринчиси Ленинград Мамлекеттик университетинин китепканасынын Чыгыш бөлүмүндө №963 номер менен сакталып турган кол жазма. Экинчи нускасы Россия академиясында Азия элдери институтунун Ленинград бөлүмүндө №667 номер менен катталган. Үчүнчү нускасы Жайлобаев Назармат аксакалдын өткөргөн нускасы №167/277  номери менен катталган. Биз мына ушул үчүнчү нускасы тууралуу баян кылабыз.

Киришүү бөлүмүндө маалыматтарды “Тарихи жахан кушай” (Аалам сырын ачкан), “Кысас-ул Анбия” (Пайгамбарлар тарыхы), “Тарихи Мугулия” (Могол тарыхы), “Тарихи Зубдатул башар” (Адамдардын түпкү тарыхы) деген китептерден алгандыгын айтып кеткен. Көптөгөн тарыхтарды окуп, имамдардын насабин (санжырасын) жазган жана кээ бир элдердин тарыхы тууралуу кыскача баяндаган. Ошол доордун билимдүү адамдарынын кызматында болуп, тарых китептерин көп окугандыгы, бул эмгегинин жаралышынын бирден-бир себеби болгон. Кыргыз элинин тарыхы, алардын кытайлар жана калмактар менен болгон салгылашуулары сыяктуу тарыхый окуялар менен бирге Чынгыз хандын, Амир Темирдин туулгандан өлүмүнө чейинки тарыхтары чагылдырылган.

Колжазмада кыргыз эли Мухаммед пайгамбардын дооруна чейин кытай чегинде, Енисей аймагында жашап, акырында душмандар тарабынан талкаланып, Өзгөндөгү Султан Санжардын карамагына баргандыгы, андан да сокку жеп, Хожент тоолоруна барып өмүр өткөргөндүгү жана андан кийин Алатоону тарыхый мекен катары байырлап калгандыгы айтылган.

Автор бул эмгегинин баш сөзүн Аз. Пайгамбарга (с. а. в.) салават келтирүү менен баштаган. Кетирген каталары болсо кечиримдүү көз менен каралышын суранган. Автордун өз айтымында анын замандаштары мындай эмгектин жазылышын суранышканда, ал бул сунушту жан дили менен кабыл алган. Ошондон кийин эле шейх Мавлана Азам Саид Мир Жалилдин алдына барып, максатын түшүндүрүп, батасын алуу менен бирге көптөгөн маалыматтарды камтыган китепче жазууга уруксат алган.
Ааламда эң биринчи жаралган нерсе – нур болгон. Ал Аз. Пайгамбардын нуру. Аз. Адам (а.с.) дын мааңдайына аманат катары атадан балага өтүп келген. Акыры ал нур Абдулладан Амина энебизге өткөн. Ошондой эле ал эмгекте Аз. Пайгабардын жубайлары, балдары, кыздары тууралуу кыскача маалымат берилген.

Ал доордогу тарыхый булактардын ичинен Манас баатыр жөнүндө маалымат биринчи жолу ушул эмгекте жазылган. Анда Манас жана анын тарапташтарынын калмак баскынчыларына каршы согуштары сүрөттөлгөн. Кол жазмада “Манас” эпосу жөнүндө сөз болгон эмес. Болгону Манас баатырдын калмактарга каршы күрөшү, бул күрөшкө кимдер жардам бергендиги айтылат. Автордун берген маалыматтарына караганда, Манас тарыхта чыныгы болгон адам. Ал Манаска тиешелүү нерселерди көбүнчө кара сөз түрүндө берген, бирок кээ бир жерлерде ыр түрүндө да учурайт.

Алсак, Манас менен Жолойдун найза менен салышканы мындайча берилеген:

Манас чыгып майданга,
Душмандарды боздотту.
Жолой Манаска найза сайды,
Манас да найзасын сокту.
Ошондо уруш катуу болду,
Бир-бирине дамба-дам найза сайышты.

Автор колжазмада Манастын согуштук окуяларын реалдуу түрдө сүрөттөгөн. Жолой менен бир жолку согушунда Манас да көп жеринен жараланып алсырап баратканда, Кудай Таалага мунажат кылганы айтылат. Ошондо Манасты миң калмак курчоого алганда, Каракожо 12 миң жигити менен жардамга келип, миң жигитин ага таштап өзү Жолойго жөнөгөнү айтылган.

Сайфаддин Аксыкентинин “Мажму атут-таворих” (Тарыхтар жыйнагы) эмгеги кыргыз элинин сыймыгы, илим, маданият жаатындагы байлыгы, жазган тарыхчысы десек жаңылышпайбыз. Тарыхы жок элдин келечеги да жокко барабар дегендей, ар бир атуул өз элинин тарыхын, тарыхта аты калган инсандарын билип, башкаларга таанытуу мойнундагы милдет экенин унутпаса.

Башына