Онунчу сан

Орозо – ар бир мусулман эңсеген ай
Мазмуну
Улан Усупов
Кыргызстан Ислам Университетинин мугалими
Кут-берекеге толгон, он эки айдын султаны болгон Орозо айы жакындаган сайын кудайдын кулу экенин жүрөгү менен кабылдап, акылы менен аңдаган ар бир мусулмандын жүрөгү өзгөчө согуп толкунданып жаткандай. Мындан 1428 жыл илгери мусулмандар Аз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен биргеликте Алланын амирине баш ийип, Мадина шаарына ыйык көч (хижрат) кылышкан эле. Анткени, ошол убакта Меккелик бутпарастардын мусулмандарга кылган зулумдугу өтө күчөп кеткен. Мына ошол ыйык көчтүн экинчи жылында Рамазан айында орозо кармоо парз кылынды. Бул тууралуу Алла Таала кереметтүү Курандын «Бакара» сүрөсүнүн 183-аятында мындай деп буюрат: «Эй ыйман келтиргендер! Орозо силерден мурункуларга парз кылынгандай эле, силерге да парз кылынды. Балким, коргонуп сактанаарсыңар».
Орозо бизди бул жалган дүйнөнүн жамандыктарынан, ал эми акыретте болсо, тозок отунан сактаган жана да күнөөлөрүбүздүн кечирилүүсүнө себепкер болуучу динибиздин беш шартынын бири жана өтө чоң мааниге ээ ибадат болуп эсептелет. Ааламдарга ырайым катары жөнөтүлгөн эң акыркы Алланын Элчиси, сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафанын (с.а.в.) жалпы үммөтүнө айткан мындай сүйүнчүсү бар: «Кимде-ким ишенип жана сыйлыгын жалгыз Алла Тааладан күтүп, Рамазан орозосун кармаса, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет». Ошондуктан, Аз. Пайгамбардын (с.а.в.) сөзүнө кулак салып, сүйүнчүсүнө көңүл буруп орозо кармаган адам канчалык бактылуу, ал эми Орозо айына күбө болуп, бирок, бул куттуу айдан кабарсыз жашаган адам канчалык бактысыз адам.
Атеизм таңуулаган жетимиш жылдан ашык СССР доорун башынан өткөргөн элибиз Кыргыз Республикасы деп аталып эгемендүүлүгүн алган күндөн баштап өзүнүн улуттук жана диний майрамдарын белгилей баштады. Анткени, коомчулуктун кубанычтуу күндөрү болуп саналган майрамдар ошол эле учурда социалдык арка-жөлөк болууну бекемдеген, инсандарды бирдей баалуулуктар менен принциптердин тегерегинде бириктирген, б.а. жалпы коомдун жана жеке улуттук калыптануусунда өзгөчө роль ойногон күндөр экендиги талашсыз. Жылсанакта кызыл дата катары көрсөтүлүп, мамлекетибиздин 80 пайыздан ашыгын түзгөн мусулман эли майрамдап келе жаткан эки чоң майрам бар. Булар Орозо айт жана Курман айт. Совет доорунда орозо кармоого тыюу салып келгенин улуулардан көп эле укканбыз. Ал эми диний майрамдар белгиленмек бери турсун, мусулман элибиз бата кылгандан уялып жашаган, б.а. өзүнүн салт-санаасын, диний ырым-жырымдарын аткара албай коркуп жашашкан бир мезгил болгон экен ал доор. Ал эми бүгүнкү демократия доорунда ар бир адам каалаган динин карманууга укуктуу жана бул ар бир демократиялык өлкөнүн башмыйзамы болгон конституциясында бекитилген.
Илгертен Ислам динин карманып, анын баалуулуктарын урпактарына татыктуу түрдө өткөрүп өмүр сүрүп келген ата-бабалар орозо тууралуу, б.а. анын пайдасы, сообу жана пазилети тууралуу аят жана хадистердин негизинде өздөрүнүн уңгулуу нуска кептерин айтып калтырышкан. Мисалы: «Отуз күндүк орозо, ой тазартаар жол ошо» - деп орозонун адам баласынын дилин тазартып, акыл-эсин сепгек кылуучу касиетин кашкайта айтып өтүшкөн. Албетте, алар орозонун кадырына жеткендиктен, ушундай уйкаш кылып келечек муунга насаат катары айтып кетишсе керек. Аят, хадис жана ата-бабалардын насаат сөзүнө кулак салып, алардын акыйкат манисин аңдоо менен гана азыркы жаштар туура жолду табат деп ишенемин. Карыларга катарлаш эле жылдан жылга орозо кармаган жаштарыбыздын саны көбөйүп баратканы кубантат.
Жашоонун маңызы Алла Тааланы таануу, ага ыйман келтирүү жана жалгыз ага сыйынып жашоо – деп үйрөткөн динибизде Орозо айы ыйык жана кут берекелүү ай болуп эсептелет. Анткени, бул ай жаркырап Ислам күнү чыккан ай, адамзатты караңгылыктан жарыкка алып чыккан ыйык Курани Карим түшүрүлө баштаган ай, миң айдан дагы кайыр-сооптуу Кадыр түн катылган ай экендиги шексиз. Жаман ой, жаман адаттарды жууп кетирген, жакшы ой, жакшы кулк-мүнөздү жараткан Рамазан айы адам баласын руханий жактан тирбиялаган куттуу жана берекелүү айт мына ошол себептүү бул айды он эки айдын төрөсү, мырзасы деп атайбыз.
Орозо кармаган адам Алла Таала кулу үчүн ар бир секунд жаратып жаткан өмүр байлыгынын, ырыскынын кадырына жетет, эң сонун адеп-ахлакка ээ болуп периштелик даражага жогорулайт, башкаларга мээримдүү, камкор, сабырдуу жана чыдамкай боло баштайт. Саламаттыгын чыңдап, ден-соолугунун камын ойлоону үйрөнөт. Мына ушул сыяктуу көзгө көрүнө турган жана руханий жактан дагы жетилүүчү орозонун жеке инсандык пайдасы көп болгондой эле, орозонун коомдук калыптанууда дагы өтө чоң пайдасы бар.