Онунчу сан

Журналдын онунчу саны

Исламда  аялзатынын  орду.

Мазмуну

                                 

Бүткүл ааламдарды  жаратуучу  Аллага  мактоолор болсун! Пайгамбарыбыз Мухаммад  (с.а.в)га  салават саламдарды айтабыз.

         Үй-бүлө - бул коомдун пайдубалы.Үй-бүлө пайдубалы канчалык бекем, канчалык сапаттуу болсо коом да ошончолук бекем, нары күчтүү болот. Үлгүлүү, бактылуу үй-бүлө куруу үчүн анын ар бир мүчөсү өз милдеттерин так аткаруусу зарыл.
Өз милдеттерин аткара албаган же билбеген үй-бүлө мүчөлөрүндө батылуулук гармония болбойт. Алла Таала бардык жандуу-жансызды жаратып, биз үчүн эмне пайда, эмне зыян экенин абдан жакшы билгендиктен жалпыбызга өз милдет, укуктарыбызды тактап берген. Исламда эркектер сыяктуу эле аялдардын дагы укуктары, милдеттери бар. Кээ бир маселелерде аялдардын милдети көбүрөөк.

Бул үй-бүлө курууда жана коомдун өсүшүнө аялдын кошкон салымы зор дегенди билдирет. Мына ушул себептен Куранда аялдарга арналган өзүнчө «Ниса» сүрөөсү жана дагы аял кишинин атынан аталган «Марьям» сүрөөсү бар. Ошондой эле Курандагы көптөгөн аяттарда аялдарга өзүнчө кайрылат.   Исламда аялдын орду канчалык экенин билиш үчүн кээ бир мисалдарды карап өтсөк:
Мухаммед Пайгамбарыбыздын (САВ) пайгамбар экендигине эң биринчи ишенген жана исламды эң биринчилерден болуп кабыл алган Хадижа эне өткөн. Пайгамбарыбыз (САВ) Хадижа эне тууралуу мындай деген: «Алла Таала Хадижадан өткөн кайырлуу аялды берген жок, ошол кезде баары мага жалаа жапкан кезде ал гана мага ишенди, баары менден жүз үйрүгөндө ал гана мени колдоду, Алла перзентти ошондон берди».

         Исламдагы эң биринчи Алла жолунда курман болгон Сумаййа, Амар аттуу сахабанын энеси болгон. Ал жан чыдагыс азаптарга дуушар болуп Алла жолунда шейит кеткен.

         Үй-бүлө - бул мектеп. Мусулман аял ошол мектептин мугалими жана тарбиячысы. Ырас, баланын акыл-туюму калыптанып, мыкты тарбияланышында эненин кошкон салымы опол тоодой. А ата болсо үй-бүлөнү камсыз кылыш үчүн көбүнесе сыртта болот. Бала негизи эненин карамагында болгондуктан эне аркылуу аң-сезими, акыл-эси, тарбиясы калыптанат. Эне болуу – бул  аялдын бу жашоодогу эң жогорку даражасы.

         Ислам дини аялдардын укуктарын сактап жана коргоп келген. Мындай укуктарды башка бир дагы системадан, башка диндерден же атагы ааламга кеткен уюмдардан көрүүгө мүмкүн эмес. Исламда гана аял менен эркектин ортосунда тең укуктук сакталып келген. Куран эркек менен аялга бирдей укук жана милдеттерди бөлүштүрүп берген. Бул багытта «Ал-Ахзаб» сүрөөсүнүн 35-аятында,  «Ниса» сүрөөсүнүн 20-21- аяттарында, «Нахл» сүрөөсүнүн 97-аятында жана «Тауба» сүрөөсүнүн 71-аятында айтылат.

         Исламда эркек менен аял бири-бирине жардамчы жана жөлөк-таяк болот. Алар Алла жолунда бири-бирин колдоп, эки дүйнө бактылуулугун курушат. Үй-бүлө куруунун максаты мына

Башына