Онунчу сан

Журналдын онунчу саны

Мазмуну

Менин диним

Ислам өзү тынчтык дини аныгы,
Аллага ишен, өкүмдү аткар!- калыбы.
Өмүр кечир Куран, Сүннөт жолунда,
Сага тийсин Жараткандын жарыгы.

Менин диним ишенимди туу тутат,
Ыйман азык жан-дүйнөгө күч-кубат.
Ким өтөсө өз парызын тагылган,
Эки дүйнө жакшылыгын ал утат.

Жексур иштен пендезатты калкалап,
Менин диним чынчылдыкты жар салат.
Калыс сүйлө, тилди сакта ушактан,
Бүт өмүрүң анык болсун салтанат.

Ынтымакка менин диним чакырат,
Ыдырабас биримдикти жактырат.
Жикчил болбо, бириң калбай кол кармаш,
Ырыс-кешик агып турсун шаркырап.

Зордукчулга кантип анан жан чыдайт?
Укуруктан байкуш каны тамчылайт.
Менин диним заалымдарга кол кезеп,
Акысын бер, сылык бол! деп камчылайт.

Менин диним зирек бол! –деп кеп салат,
Ой жүгүртүп, тууралыкка жан сабап,
Көптү аңдап, көсөмдүккө талпынсаң
Көктөн сага үзүр аттуу кенч агат.

Сабырдуулук чакырыгы динимдин,
Бал, шербеттен түбү таттуу илимдин.
Окуп, талбай билим алсаң, эл өзү
Кийгизишет өлбөстүктүн кийимин.

Сенде бардын бүт бардыгы аманат,
Кыянаттык жаман жорук, каралайт.
Менин диним бек болууну эскертет,
Бай, кедейге, жаш-карыга карабайт.

Ата-энени баркта баарың таазим эт,
Кубанталы, көрсөтпөйлү касырет.
Ак батасын тирүүсүндө ала көр,
Сааты келсе көздөр өчөт капилет.

 

 

Менин диним дилгир тунук сүйүүгө,
Насааты көп акыл-эске түйүүгө,
Үндөп келет намысыңды корго деп,
Мекен, абийр, үй-бүлөгө күйүүгө

Ак динимдин жарыясы аруулук,
Ариетти, бүт денеңди таза тут.
Адилдиктен оолактаба, тыкан бол!
А анткени адам деген ат улук...

Жупунулук кишиге куп жарашат,
Менменсинген адамдар көп адашат.
Ажал келсе эсил кайран өмүрдү,
Ой бойуңа койбой жулкуп, талашат.

Напси, шайтан азгырат да, жазгырат.
Алдап жүрүп каран күнгө калтырат.
Түркөйлүктөн жолду таппай каңгыган,
Тирүүлөргө менин диним шам чырак!

Чымын жанга тыным бербей койгулап,
Неге адам ачкөздүккө бой урат?
Колдо барга топук кылбай алкынган,
Тойбостордун көзүн топо тойгузат.

Дин Исламдын жалпы өкүмү, багыты,
Кылымдарды, нечен доорду карытты.
Чындыгы жок тарыхтагы далай дин,
Кана азыр, балким бардыр табыты.

Не бир «изм», не бир хандык жок болду,
Бар себеби ыймансыздык окшоду.
Менин диним Кудай Таала жиберген,
Түбөлүктүү акыйкаттын топтому.

Акылбек Халбеков.                                                                     

Башына