Онунчу сан

Журналдын онунчу саны

Падышанын сыноосу

Мазмуну

Өмер Челик

 Мавляна Жалалиддин ар-Руминин «Маснави» аттуу чыгармасынан:

                                  

Бир падыша арзан баага эки кул сатып алат. Эки кулдун бири менен саамга баарлашкан соң, аны түшүнүктүү, акыл-эстүү, кыраакы экен деген тыянакка келет.

            Биринчи кул, ойлонбостон туруп ушунчалык керемет сөздөрдү сүйлөдү дейсиң, өмүр бою тарбия көргөн адам дагы анчалык көркөм, анчалык сөзмөр болалбайт деген ойго кетесиң. Аны уккан адам: Бах чиркин жарыктыктын ичи чалкыган деңиз, деңиз болсо ажайып көркөм, ажайып чечен сүйлөгөн акакка толо экен –деп шилекей чуурутмак. Тактап айтканда кулдун ар бир сөзүндө керемет маани-маңыз, нуска даанышмандык, аалымдык бардай туюлду.

            Падышанын алдына экинчи кул чакырылды. Экинчисинин оозунан сасык жыт буркурайт, жуулбаган тиштерин кир каптап калыптыр. Жүзүнө бир караган адам, жийиркенгендиктен көзүн ала качууга аракет кылчудай түрү суук, жүдөңкү адам эле.
Сырткы көрүнүшүнө тон бычкан падыша экинчи кулду анчейин деле жактырган жок. Ошентсе да мунун акыл-эсин, деңгээлин текшерип көргүсү келип, биринчи сыналган кулду «Сен барып жуунуп кел!» деп мончого жиберди.

            Абалы жүдөңкү кулга:
-Баамымда сен береги куйтуга караганда абдан мыкты адам көрүнөсүң. Аныгында жүз кулга теңегис жакшы жагың бар. Тиги досуң сени оозго алгыс оор сөздөр менен шыбады, сенде андай акмакчылык деле байкалбайт. Кызганчаак кул сени жамандап бизден сууткусу келгенин ачык байкатып койду.
Ачыгын айта турган болсом сени ууру, жалганчы, ичи тар, куйту жана башка айыптар менен күнөөлөдү –деп көз кыйыгынан карап койду.

            Падышанын жанатан берки аракетинин акыбети мындайча кайтты:

            -Падышам! Ал ар убак туура сүйлөгөн жан. Ага тең келе турган акыйкат сөздүү адамды жолуктура элекмин. Эмне айтпасын туура дей албай койбойсуң...

            Падышам, ал чын эле мен өзүмдөн байкай албаган айрым кемчилик жактарымды көргөндүр –деди кул жайдары гана.

            Падыша:

            -Сени баш көтөргүс кылып жамандады дебедимди. Анын кандай жаман жактары бар, айт, угалы. Сен анын жаман жүрүм-турумун, адеп-ахлагынын начарлыгын айтуу менен менин досум, өлкөмдөгү ишенимдүү өкүлүм экениңди жана мени сүйөрүңдү тастыктаган болосуң! –деди.

            -Ал менин жакын досум болгонуна карабай мейли шагыңызды сындырбай, айтса айтып берейин.
Кемчилиги; сүйүү, оопалуулук, түздүк, зиректик жана достук. Эң начар тарабы берешендик жана колунда жокторго болгон камкордугу.
Досумдун дагы бир өксүгү такай өзүн сурактаганы. Кандай гана кемчилик болбосун анын себебин эң оболу өзүнөн  издейт.
Бардык адамдарга көз карашы түз. Бардыгы менен достошкусу келет.

            -Досуңду чектен ашырып көп мактай бербе. Кокус аны сынап калсам, уят болуп каласың.

            -Падышам! Мен досум жөнүндө тек билгендеримди гана айттым –деди кул.

            Мончодон чыккан кулга куттук айткан падыша:

            -Жеңилденишиң менен! Сага ар дайым амандык тилейм! Сен кандай гана мыкты, кандай гана көсөмсүң! Атаганат тиги кул айткандай жагымсыз мүнөзүң, жаман жактарың болбогондо жакшы эле адам чыкмак экен сенден! Каап ойдогудай болбой калбадыңбы?

            Ачууга буулуккан кул:

            Падышам! Ал динсиз мен тууралуу эмнелерди айтып келжиреди. Айтып бере аласыңбы?

            Падыша: Оболу эки жүздүүлүгүңдү айтты. Анын көз карашында сен дабаа сыяктуу көрүнгөнүң менен аныгында оор илдет экенсиң –деп балп эттирди.
Досунун жаман жоругун уккан кулдун өңү чүпүрөктөй кубарып, алдастай түштү да буларды айтты:

            -Биринчи таанышканыбыздан тарта мени менен дос эле. Ач калган иттей болуп бок жеген –деп дагы көптөгөн жалааларды жаадыра баштады эле падыша: «Токтот!» дегендей ишаара менен кулдун оозун жап кылды.

            Мен экөөңөрдү тең сынап көрдүм. Сенин дилиң, анын тек гана оозу сасыптыр. Көөдөнү былгыган былык мага жакын жолобо! Мындан ары ал башчы болот, сен кызматкер болосуң! –деди падыша.

            Натыйжа: Азыноолак мансап, арзыбаган кызыкчылык үчүн дос адамды жамандоо чоң жаңылыш!!!

 

Башына