Онунчу сан

Журналдын онунчу саны

КЫЯМАТТЫН АЙРЫМ МАЙДА БЕЛГИЛЕРИ:

Мазмуну

Садык Гавай

(сандан санга )


(1,2,3,4-көпчүлүккө белгилүү болгон үчүн биз айрымдарына гана келтиребиз)
5-белгиси: Мусулмандардын байлыгынын көбөйүшү
Абу Хурайранын айтуусу боюнча (Аллах андан ыраазы болсун, мындан ары «А.а.ы.б».) Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) мындай деген: «Перс  императору-хосросу өлдү жана андан кийин (кыяматка чейин хасрой болбойт. Цезар өлгөн соң, андан кийин эч качан цезарлар да болбойт. Менин жаным колунда турган Аллахтын аты менен карганам: силер алардын казыналарын Аллах жолунда иштетесиңер» (Муслим).


Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) бул айтканы мусулмандардын халифатын Умар бин Хаттаб башкарып турган кезде, мусулман аскерлери Перс империясын талкалап, хасройдун казынасын Медина шаарына жүктөп келген кезде чындыкка айлана баштаган. Андан кийин мусулмандардан куралган армиянын (1453-жылы) басымы аркасында бир кездеги улуу деп аталган Византия империясы уратылып, алардын казынасы да мусулмандардын колуна өткөн жана Византияны басып алган падышанын уулдары казынаны үч континентке чейин ислам динин жайылтуу үчүн жумшашкан (мисалы, султан Селимдин мезгили). 


«Эми мындан ары кандай болот, азыр мусулмандар дүйнөдөгү жакыр элдердин катарында турат, байлыкка ээ болгону кана?» дегендей  пенделик суроолор туулушу мүмкүн. Бирок али баары алдыда. Маселен мындан кийин кандай болушу тууралуу төмөнкү хадисти окуп көрөлү:


Абу Хурайранын айтымында Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.): «Силер, мусулмандар, чеги көрүнбөгөн  байлыкка ээ болмоюнча Кыямат болбойт. Байлыгыңар ушунчалык көп болот,  ал байлыктын ээлери (малынан) курмандык чалып, (этин) кимге таратаарын билбей абдан кыйналышат. Акыры садака берүү аркылуу соопко ээ болоюн деп чечип, байлыгын таратууга киришкенде ага айтышат: «мен садакага муктаж эмесмин» (ал Бухарий жана Муслим).

Саубандын айтымында (А.а.ы.б.)  Пайгамбар (с.а.в.) мындай деген: «Аллах-Таала мага Чыгыштан Батышка чейинки созулуп жаткан жерди көрсөттү. Албетте, (бир кездер келет) менин үммөттөрүм Аллах-Таала  мага көрсөткөн жерлерге (толук) ээлик кылып калышат. Ошондой эле, Аллах-Таала мага эки казына көрсөттү. Анын бири кызыл, бири ак. Мен Аллах-Тааламдан менин үммөттөрүмө массалык кыргын алып келүүчү кырсыктарды жиберип кыйратпашын, алардын ичинен эле душман чыкпаса, сырттан душман жиберип талкаланууга учуратпашын, алардын биримдик-бүтүнүдүгүнө доо кетүүдөн сакташын сурандым.

Аллах-Таала мага мындай деди: «О Мухаммад, эгер Мен бир нерсе жасоону чечкен болсом, ал сөзсүз ишке ашат. Ошентип, Мен сенин үммөттөрүңө  алар бирин бири туткунга алып, бирин бири кыйратканга чейин гана алардын бүтүндүк-биримдигин, ал тургай, эгер кошуна мамлекеттердин бардык адамдары каршы  күрөшкө чыгышса да сактап, өз саптарындагы душмандардан башка душман жибербеймин, массалык кыргындуу кырсыктардан да сактаймын» (Муслим).


Пайгамбарыбыз айткан акыйкат сөздөр мусулмандарды Умар бин Абдал-Азиз башкарып турган кезде бир ирет ишке ашып, мусулмандардын байлыгына санак жетпей калган. Эми мындай окуя Иса бинни Мариям түшүп келип, пайгамбарлардын мырзасы Мухаммад алейхи саламдын тукумунан (Фатима линиясынан) чыккан Махди аттуу адилет падыша бүткүл дүйнөлүк мусулмандардын халифи болгон кезде болот.


11-белги: Адамдардын бири-бирине болгон ишенимдин кетиши

Абу Хурайранын (А.а.ы.б.) айтуусу боюнча Аллахтын Элчиси Мухаммад алейхи салам: «Аманатка кыянат кылына баштаганда Кыяматтын болорун күтө бергиле!» деген (Ал-Бухарий).
Хузайфа (Аллах андан ыраазы болсун): «Аллахтын пайгамбары Мухаммад  (с.а.в) бизге эки хадис айтып берген эле. Анын бири ишке ашты. Экинчисинин ишке ашышын күтүп жатам. Мухаммад (с.а.в.) айткан: «(Мусулман) адамдардын  жүрөктөрүнө иман жана ишенимдүүлүк бекем орун алат жана ошондон кийин иманды адамдар Курандан жана Сүннөттөн табышат».

Андан кийин ал бизге имандуу адамдардын жүрөктөрүн кантип таштап кетери тууралуу да айтып берди. Ал мындай деди: «(Мусулман) адам (руханий уйкуга кирип) уктап калат, ошондо иман жана ишенимдүүлүк  адам жүрөгүн жарым-жартылай таштап чыгып кетет. Иман менен ишенимдүүлүктүн жүрөктө калган бөлүгү күйүктөн калган так сыяктуу болот. Ал адам кайра дагы уктап калса (б.а. иманга келип кайра андан алыстап кетсе –С.Г.) иман жана ишенимдүүлүк  бут менен чокту басып алганда көөп чыккан парсылдакка окшош болот.

Парсанак канчалык жогору көтөрүлбөсүн анын ичи баары бир бопбош болот.  Бир кездер келет, (мусулман) адамдар бири-бири менен (кандайдыр бир товарды сатып же алып) соодалашкан кезде (алуучуну алдабай, товарынын же малынын кемчилигин ачык айтып саткан) ишенимдүү адам табылбай калат. Ошондо адамдар кайсыл бир урууда «баландай деген бир чынчыл эркек адам бар экен» деп ишенимдүү адам издеп калышат.

Ошол адамдар жүрөгүндө  сары кычы чөбүнүн кип-кичинекей уругундай иманы жок, (бирок чапчаң кыймылдап, жакшы манера менен мамиле кылууну өздөштүрүп алган) соодагер адамдардын акылы, күчү жана манерасына суктанып сөз кылышат». Андан кийин Хузайфа (А.а.ы.б.)  минтип кошумчалаган: «Бир кездер болгон мен үчүн ким менен соодалашуунун эч айрымасы жок эле. Эгер ал мусулман болсо, аны дини алдамчылык-шылуундук кылуудан кармачу, ал эми ал християн болсо анын шылуундук кылуусуна падышасы(нын буйруктары) жол берчү эмес.

Мен азыр сооданы тигил жана муну менен гана жүргүзүп калдым» деген (ал-Бухарий).  (Кыскасы адамдардын бирин-бири алдоосу Пайгамбарыбыздын көзү өткөндөн бир нече жылдан кийин эле башталып, азыр абдан күчөп кеткен. Соодада шылуундук кылганы үчүн Аллах-Таала Шуайб пайгамбардын үммөттөрүн кыйратып салганын унутпашыбыз керек –С.Г.).

(Уландысы кийинки санда )

Башына