Онунчу сан

Хутба деген эмне?
Мазмуну
Шамшидин Маматкулов
shamshidin@mail.ru
Учурубузда мекендештерибиздин, айрыкча жаштардын Ислам динине болгон көз карашы оңолуп, ага болгон мамилелери күчөп турган кез. Жума намазына барган жамааттын мечиттердин коргондоруна сыйбай баратканы баарыбызды, б.а. момун мусулмандарды, кубандырбай койбойт. Жума намазына барган жамаат намаздан мурун имам же болбосо диний кызматкерлер тарабынан айтылган вааздарды баштан аяк жан дили менен укканга аракеттенишет. Жума намазы башталганга чейин жарым саатка жакын айтылып жаткан ваазды элибиз көбүнчө хутба деп айтышат. А чынында жума хутбасы бул сүннөт намаздан кийин фарз намазынан мурун айтылган хутба болуп эсептелет. Биздин айта турган сөзүбүз да негизинен мына ошол жума хутбасы тууралуу болмокчу.
Хутба деген сөздү арап тилинен которгондо «сүйлөө», «сөзгө чыгуу», «кайрылуу» деген маанилерди туюндурат. Ал эми терминология боюнча аныктамасы төмөнкүдөй: «Хутба бул - белгилүү бир убакытта жана белгилүү бир жерде компетенттүү адамдар тарабынан жамаатка карата айтылган, киришүү жана үгүт-насаат бөлүмдөрүнөн турган диний кайрылуу, же болбосо сөз».
Хутба бул зикр да, ибадат да болуп эсептелет. Ошентсе да хутба намаз эмес. Намаз болбогондугу себептүү хутба айтып жаткан хатиб кыбыланы эмес, жамаатка карап туруусу керек. Хутбаны даарат менен айткан сүннөт болуп эсептелет.
Жума намазында хутба намаздан мурун, ал эми айт намаздарында болсо намаздан кийин айтылат. Жума намазы сыяктуу эле жума хутбасы да фарз болуп эсептелет.
Имам Азамдын пикири боюнча хутбанын рукуну б.а. негизи бул «зикруллах» (Алланы эстөө) болуп эсептелет. «Зикруллах» болсо «хамдала» (алхамду лиллах), «тасбих» (субханаллах) же болбосо «тахлил» (лаа илааха иллаллах) айтуу менен орундалат. Имам Абу Йусуф менен Имам Мухаммад болсо ошол «зикруллахтын» так орундалуусу үчүн эң азында «ат-тахийят» дубасынын, же үч аяттын өлчөмүнчө болуусу керек деген пикирде. Ал эми Шафилердин пикири боюнча хутбанын рукуну (негизги элементи) бешөө.
Алар төмөнкүлөр:
1. «Хамдала». Хамдала эки хутбада тең айтылуусу керек.
2. «Салвала». Эки хутбанын ар биринде Мухаммад Пайгамбарга (саллаллааху алейхи ва саллам) салават айтуу.
3. Эки хутбада тең такыбалуулукка чакыруу менен үгүт-насааттын болуусу керек.
4. Эки хутбанын бирөөсүндө Курандан бир аят окулуусу керек.
5. Мүмкүнчүлүктүн болушунча экинчи хутбада жаамы момун мусулмандарга дуба кылуу.
Ошондой эле хутбанын өзүнө тиешелүү болгон шарттар бар. Ханафи мазхабы боюнча хутбанын шарттары төмөнкүлөр:
- Хутбаны жума намазынын убактысында айтуу.
- Такаддум. Хутбаны жума намазынан мурун айтуу.
- Хутба окууга ниет кылуу.
- Жамааттын астында окуу.
- Хутба менен жума намазынын ортосунда намазды буза турган нерселерди аткарбоо.
Башка ибадаттар сыяктуу эле хутбанын да сүннөттөрү бар. Өлкөбүздөгү мусулмандардын дээрлик баары Ханафи мазхабында болгондуктан биз да Ханафи мазхабы боюнча хутбанын сүннөттөрүн айта турган болсок:
- Даараттуу болуу, б.а. дааратсыз хутба айтканга чыкпоо.
- Намаз окуй ала турганчалык даражада (аврат жерлерин жаап турган) жана мүмкүнчүлүктүн болушунча таза кийим кийүү.
- Минбарга чыгаардан мурун дуба кылуу.
- Ички (экинчи) азанды минбарда жамаатты карай отурган абалда угуу.
- Эки хутбаны да жамаатты карап тик турган абалда минбарда айтуу.
- Хутбаны айтардан мурун купуя (акырын) «бисмилланы» («бисмиллаахир-рахмаанир-рахиимди») айтуу.
- Хутбаны «хамдала», «шахадат», «салвала» айтуу менен баштоо.
- Жамаатка үгүт-насаат айтып, жакшылыкка үндөө.
- Курандан бир аят окуу.
- Эки хутбанын арасында эң азында үч аят окула турганчалык мөөнөттө отуруу.
- Экинчи хутбаны «хамдала» жана «салвала» менен баштоо, момун мусулмандар үчүн дуба кылып, истигфар айтуу (күнөөлөрүн кечирүүсүн сурануу).
Ушул жерде айта кете турган нерсе - экинчи хутбанын аяк жагында хулафа-у рашидин үчүн дуба кылуу бул фарз да, сүннөт да эмес. Болгону сахабалардын аткарган амалдарынан болуп эсептелет. Ошентсе да халифалардын ысымдарын атоо мусулмандар тарабынан жакшы көрүлгөн (мустахсан) амал болуп эсептелет. Мындай жөрөлгө мусулмандардын төрт халифага карата жылуу мамиледе болуп, аларга көрсөткөн урмат-сыйы катары кабылданып, мусулмандарды ынтымакка чакырып турган ураан сыяктуу түшүнүк берет.
- Хутбаны өтө эле узатпастан кыскараак айтуу да хутбанын сүннөттөрүнөн болуп эсептелет.
Ал эми хутбанын араб тилинде окулуусу Ханафилерден Имам Абу Йусуф менен Имам Мухаммад жана башка көпчүлүк факихтердин пикири боюнча шарт болуп эсептелет. Имам Азам Абу Ханифа баш болгон Ханафи факихтери жогорудагы пикирге кошулушпайт жана хутбанын араб тилинен башка тилде окуса да болот деген пикирде. Хутбанын араб тилинде окулуусун шарт деп кабылдашкан Ханбалилердин пикири боюнча эгерде хатиб араб тилин билбесе башка тилде деле хутба айтса болот дешет. Шафи аалымдары да хутбанын рукундарын араб тилинде айтуу шарты менен (т.а. хутбанын такыбалуулукка чакыруу жана үгүт-насаат бөлүмдөрүн) башка тилде айтса да болот деген көз карашта.
Хутбаны араб тилинде айтылуусу керек болгон жерлер негизинен Куран аяттары менен «хамдала» жана «салвала» сыяктуу кандай айтылуусу (формасы) сүннөттүн негизинде белгиленген дуба менен зикирлер болуп эсептелет. Ал эми хутбанын түпкү максаты болгон жамаатка диний маалыматтарды жеткирүү болуп эсептелген жакшылыкка үндөп, жамандыктан тыйган үгүт-насаат бөлүгүнүн ар бир элдин өздөрү түшүнө турган эне тилинде болуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Биздин айта турган нерсе да өлкөбүздө жума хутбасынын үгүт-насаат бөлүгү кыргыз тилинде айтыла баштаса элибиз хутбада айтылган нерселерди жакшыраак түшүнүп, аз да болсо диний маалыматтарды өз тилинде угуп өздөрү аткарып жаткан ибадаттарынын маани-маңызын түшүнүп, кадыр-баркына жетет деген ой. Албетте биздин айткан ой өзүнчө эле бир диний жаңылык эмес. Анткени мындай иш-аракеттер Кыргызстандан башка бир топ мусулман өлкөлөрүндө иш жүзүндө аткарылып келе жатат.