Онунчу сан

Кожо Бахаyддин Накшибанды Бухари
Мазмуну
Улуу олуя Бахаyддин Накшибанд 14-кылымда Орто Азиянын илим чордону болгон Бухарада жашап өткөн. Бала кезинде атасына накышчылык (оймо, сайма) ишине жардам бергендиги үчүн ага «Накшибанд» лакабы коюлуп калган. Ал доордо кездемеге оймо түшүргөн же сайма сайган адамдарды «накшибанд» деп коюшкан. Накшибанд олуя хижраттын 718-жылы (1318-жылы) Бухарадагы Касры Арифан айылында жарык дүйнөгө келген.
Айтууларга караганда, Бахауддин күндөрдүн биринде бир башкача түш көрөт. Түшүндө Ахмед Ясавинин шакирттеринин бири Хаким Ата олуялыгын бир түрк шейхке өткөрүп берет. Ойгонору менен түшүнөн көргөн заттын элестүү өң-түсүн эсине сактап, түшүн чоң энесине айтат. Түштү уккан керээт кемпир: «Уулум сага түрк шейхтеринен бир зат келет экен» деп жооруйт. Бир күнү Бахауддин баягы түшүндөгү адамга базардан жолугат. Ал-абал сурашып таанышат. Куудай ак сакалдуу инсандын аты Халил (Дербиш Халил, Халил Ата) болуп чыгат. Базардан жайбаракат сүйлөшүү мүмкүн болбогондуктан аны үйүнө чейин ээрчип барып, үйүн көрүп артка кайтат. Кечке маал бир чоочун адам келип: «Дербиш Халил сени чакырып жатат» дейт. Бахауддин сүйүнүп жанына белек-бечкектерин алып, Дербиш Халилдин үйүн көздөй жөнөйт. Халилдин дил маегин угуп отуруп, баягы түшүн жооруткусу келет. Бирок Дербиш Халил: «Сенин дилиңдегилер бизге маалым. Айтпай эле кой» дейт. Мына ошондон баштап Бахауддин ага сүйүүсү артып, анын дил маектерине үзгүлтүксүз катыша баштайт.
Кийинчирээк Дербиш Халилге Маварауннахр падышалыгы тийип, Султан Халил деп аталып калат. Бахауддин падышалык доорунда да анын жанынан чыкпай, кызматын өтөй берет. Кээ бир жазма булактар боюнча Бахауддин Халилдин өкүмдарлыгынын соңуна чейин 6 жыл, айрым булактар боюнча 12 жыл жанында болгондугу айтылат. Султан Халил согушта утулуп, өкүмдарлыгы кулайт. Бул окуядан соң Бахауддин Бухарадагы Ривертун айылына барып, бир канча убакытка чейин жалгыз жашай баштайт.
Жазма булактардын биринде айтылгандай, бир күнү Бахауддин Хажаган тарикатынын шейхи Эмир Күлалдын теккесине (дербиштер жайы) барып, дил маегине катышууну суранат. Дилмаегине кабыл алынбай теккеден чыгарылган Бахауддин таң аткыча кардын жааганына карабай каалганын алдында жатып күтөт. Багымдат намазына даарат алганы чыккан Күлал Бахауддинди көрүп, аны теккеге кабыл алат. Бахауддин мына ушул заттын руханий тарбиясын алып, баралына толуп, жетик адам болуп чыгат.
Устаты Накшибанддын руханий жолдо өтө жогорку мартабага көтөрүлө баштаганын жана андагы руханий ышкыны байкап, бир күнү мындай дейт: «Эми балдарым! Силердин руханий жөжөңөр жумурткадан чыкты. Бирок силердин руханий жөжөңөр асмандап учуп жүргөн кези. Бүгүн силерди уядан учурам. Уядан учканда көзүңөрдөн бир гана мээрим нуру чачырап турсун!»
Бахауддин устатынын бул сөздөрүнөн кийин 7 жыл Эмир Күлалдын халифаларынан бири болгон Мавляна Ариф Диггеранинин дил маектерине катышат. Бирок экөөнүн мамилеси окуучу менен устаттыкындай болбой, эң жакын достордукундай эле. Андан соң Ясави шейхи Кусем Шейхтин дил маектерине үч-төрт ай катышат. Ошентип көптөгөн жылдар бою руханий тарбияга сугарылган Бахауддин элди ак жолго чакырууну баштайт.
Бахауддин өмүрүнүн аягына чейин руханият жолунда көптөгөн окуучуларды тарбиялап чыгарган. Эки жолу ажылык парзын өтөп келген. 791-жылы (1389-жылы) бул дүйнө менен кош айтышат, сөөгү Өзбекстандын Бухара шаарына коюлат.
Бахауддин Накшибанддын белек алып келгендерди кайра белексиз жөнөтпөгөн жакшы сапаты боло турган. Маңдай тер менен эмгектенип жанын баккан, иштебеген жалкоо адамдарды окуучулукка кабыл алчу эмес. Талаасына арпа, буудай, буурчак эгип, дыйканчылык менен жанын багаар эле. Бул боюнча: «Тобокел кылган напсисине баш ийбейт. Тобокелин эмгеги менен толуктайт» дечү. Анын тутунган туусу дүнүйө иштерин эмгектенип даярдоо, эч ким жүк болбоо, бирок иш учурунда да Алла Тааланы дилинен чыгарбоо эле. Ажылыкка барганда дили кирдеген жана дили ыйманга толгон эки кишини көрөт. Дили карайган адам Каабанын каалгасын кучактап, Алла Тааладан дүнүйө сурайт. Ал эми береги адам болсо, базар кыдырып миңдеген алтынга татыган мал-мүлк сатып алса да жүрөгү Алла деп согуп турганын байкайт. Бахауддин бул адамдан абдан таасирленет.
Кожо Бахауддин Накшибанд Ханафий мазхабында болчу. Ал сырткы көрүнүшкө анча маани берчү эмес. Окуучуларына да кандайдыр бир кийимдин түрүн кийүүнү буйрук кылган эмес.
Накшибанд макулуктарга кызмат кылууну жактырчу. Ал руханий тарбия алып жүргөн кезинде бир топ жыл бою адамдарга зыяндуу нерселерден жолду тазалагандыгы диний булактарда маалымдалат. Касры Арифанга мечит курула баштаганда төбөсүнө чейин баткак болуп ылай ташыган. Эмир Күлалдын теккесинде жүргөндө күнүгө отун ташычу. Жаш кезинде Бухарадагы бардык медреселерди жууп-тазалап турчу. Үйүнө жолоочу же конок келсе жан дили менен кызмат кылчу. Бир күнү Бахауддин сыркоолоп калат. Бухарадагы окуучулары анын ал-абалын сураганы келишет. Сыркоосуна карабай бардыгын жылмайып тосуп, кой дегенге болбой жайыттан бир канча койду алып келип союп меймандайт.
Ал мындай дечү: «Биздин дил баянга келгендердин ичинен айрымдарынын дили сүйүүгө жөндөмдүү. Бирок дүнүйө менен алпурушуп жүрүп ыйманы алсырап калган. Биздин милдетибиз ошол тоскоолдуктарды жоюу. Ал эми көп адамдардын дили карайып, ыйман оту таптакыр өчүп калган. Алардын дилине ыйман нурун жаратуу биздин милдетибиз». «Эмгектенип пайда тапкан – Алланын досу» деген хадисти «дүнүйө тапкан эмес, тескерисинче, Алланын ыраазычылыгын тапкан – Алланын досу» деп түшүндүргөн.
Бахауддин Накшибанд жаш кезиндеги ибараттуу окуясын мындайча эскерет: «Анда кыштын кычыраган мезгили болчу. Бухаранын Ривартун айылында биртоп дербиштер менен бир үйдө жаткан элек. Ошол түнү гусул алууга туура келип калды. Сыртка чыгып, тоңуп калган суунун музун сындырып, суу толтуруп алганы идиш издедим. Бирок суу куйганга ылайыктуу идиш эч таппадым. Мен бул абалым менен эч кимдин тынчын алгым келген жок. Эч кимге унчукпастан, эски чапанымды жамынып, ызгаардуу бороондо Ривертундан Касры Арифан айылындагы үйүмө келдим. Үйдөгүлөрдүн тынчын албайын деп тамдын тегерегинен дабышымды чыгарбай идиш издедим. Акыры мечитке жакын жерден мал сугарган чоң чака таптым. Күч менен колум тилингиче музду сындырып, чакага суу толтуруп, ызгаардуу бороондо гусул алдым. Денем тоңгонунан көгөрүп кетти. Эски чапанымды жамынып алып кайра Касры Арифандан Ривертунга жөнөдүм». Бул окуя Накшибанддин динге болгон кылдаттыгын жана ыйманынын күчтүлүүгүн чагылдырып турат.
Накшибанд олуянын окуучуларынан бирөө мындай дейт: «Устатыма окуучу болуп кирдим. Күндөрдүн биринде дүкөнүмдө соода кылып жатсам, устатым кирип келди. Ошол күнү соода абдан берекелүү болгон эле. Устатым: «Бүгүн канча пайда таптың?» деп сурады. «Канча болгонун толук билбейм, мынакей бардыгы» деп алдына алып келдим.
Бахауддин Накшибанддин окуучулары уланткан руханий жана ахлак жолу «Накшибандилик» деп аталып, Ислам дүйнөсүнүн көпчүлүк аймактарына тараган. Теңир тоонун түштүк жана батыш тарабындагы кыргыздарга Накшибандиликти 16-кылымда өмүр сүргөн Кожо Исхак Дахбиди (өл. 1008/1599) аттуу олуя жайган. Кыргыз калкынын эң улуу эпосу «Манас»та Бахауддин «Баабедин» деген ат менен айтылат. Манас эпосунда бул олуя көп жерде кайталанган. Баабединди Манас баатыр баш болуп жалпы кыргыз эли урматтаган деген эпостогу эскерүү Бахауддин Накшибанд олуяга кыргыз калкынын сый көрсөткөндүгүн тастыктайт.