Онунчу сан

Рамазан
Мазмуну
Осман Нури Топбаш
Рамазан айы – орозо кармоо, намаз, садака сыяктуу напсини ооздуктаган жана адамзааданы изги акхлакка ээ кылган мезгил. Соопчулукка жана берекеге толгон Куран жашоосун өткөрүү үчүн табылгыс мүмкүнчүлүк. Рамазан айы – жалган жашоодон түбөлүктүү жашоого созулган соопчулук, жакшылык жана береке көпүрөсү сымал.
Алланын Элчиси (с.а.в.) Шаабан айы аяктап Рамазан жакындап калган кезде бул айдын берекеси тууралуу мындай деген куттуу сөзү бар:
«Эй, адамдар! Буюрса куттуу жана улуу ай жакындап калды. Ал ичине миң айдан да сооптуу айды камтыган ай. Алла Таала орозо кармоону парз кылган жана бул айдын түнкү мезгилинде ибадат кылуу сооптуу болгон ай. Кимде-ким бул айда жакшы амал аткарса, бөлөк айлардагы парз ибадаттарды аткарганга тете. Кимде-ким бул айда парз ибадатын аткарса, бөлөк айлардагы жетимиш парз ибадатын аткарганга тете. Рамазан айы - сабыр айы. Сабырдын акыбети – бейиш. Бул ай башкалардын кайгысын жана дартын эстөө айы. Бул айда момун мусулмандардын ырыскысы көбөйтүлөт.
Кимде-ким бул айда бир орозо адамдын оозун ачса, анын күнөөлөрүнүн кечирилишине, тозок азабынан кутулуусуна жана алган сообу кемибестен орозо тутту деген соопко ээ болушуна себепкер болот».
Муну уккан сахабалар:
«-О, Алланын Элчиси! Биздин азыркы абалыбыз бир орозо адамдын оозун ачканга жеткидей эмес. Анчалык тамак-ашыбыз жок» дешкенде, Пайгамбарыбыз (с.а.в.):
«-Кимде-ким орозо кармаган адамды бир курма же бир ууртам суу же сүт менен оозун ачса, анда ага Алла Таала ооз ачырды деген соопту берет.» деп, сөзүн минтип улады:
«Бул айдын башы ыраакым, ортосу кечиримдүүлүк, аягы тозок отунан кутулуу. Ким бул айда кол астында иштегендерге жеңилдик берсе, Алла Таала да анын күнөөлөрүн кечирип, тозок отунан куткарат. Бул айда төрт нерсени орундатууга жан үрөгүлө. Алардын экөөсү Алла Тааланын ыраазычылыгына жетүү үчүн, ал эми калган экөөсү болсо, дайыма алып жүрүүчү нерселер. Алла Тааланы ыраазы кыла турган нерселер: үзгүлтүксүз келиме келтирүү жана кечирим тилөө. Ар дайым алып жүрүүчү эки нерсе: Алла Тааладан ар дайым бейишти суроо жана тозок отунан алыс кылуусун тилөө. Кимде-ким орозо адамдын оозун суу менен ачса, Алла Таала ал адамды менин дарыямдан суусун кандырат. Мындай адам бейишке киргенге чейин суусабайт. (Али Аль-Муттаки, VIII, 477/23714).
Мына, баардыгыбыз байкагандай береги хадисте айтылган сөздөр Рамазан айынын куттуулугун жана ичинде кандай гана сооптуу иштер жаткандыгын сүйүнчүлөп өттү. Бул сүйүнчүлөргө жетүү үчүн ар бир мусулман адам айтылгандардын кадырына жетип, чын дили менен орундатууга бел байлашы абзел. Хадистеги айрым баса белгиленген жерлерди түшүндүрмөлөп кетүүнү туура таптык:
Рамазан айынын мынчалык куттуу жана берекелүү болушунун негизги себеби Кадыр түндүн ушул айдын ичинде болушу. Кадыр түн – теңирий кечирим ашып-ташыган, Мухаммаддын үммөтүнө түгөнгүс казыналар жыйналган түн. Бул түндө Курани Карим түшө баштаган, Жабраил жана башка чоң периштелер жер жүзүнө түшүп, бул түндү нурланткан түн. Кадыр түн адам көзүнө көрүнбөгөн сан жеткис периштелер салам айтышат. Бул түндүн касиетин мынабу хадис даана айгинелейт:
«Кадыр түндү анын сообуна жана ыйыктыгына чын дилден ишенип, сообун жалгыз Алладан үмүтөтүп, ибадат жана жакшы амалдар менен өткөрсө, анда ал адамдын кул акысынан башка бардык күнөөлөрү кечирилет» (Муслим, Мусафирин, 175).
Кадыр түн бир гана Мухаммад пайгамбардын (с.а.в.) үммөтүнө тартууланган берекелүү белек. Улуу Жаратуучу бул түндү ибадат менен өткөргөндөргө миң айдын, тактап айтканда 83 жылдын сообун берет.
Айша энебиз Пайгамбарыбызга:
«-Оо Алланын Элчиси! Кадыр түндүн кайсы түнү экенин билсем, ал түнү кантип дуба кылайын?» - деп сураганда Пайгамбарыбыз (с.а.в.):
«Оо Жараткан Алла! Сен Кечиримдүүсүң, кечиргенди сүйөсүң. Мени кечире көр!» деп дуба кыл.» деди (Тирмизи, Даават, 84; Ибни Маажа, Дуба, 5).
Рамазан айында орозо тутуу парз. Аз. Мавляна Дивани Кабир аттуу чыгармасында Рамазан орозосу тууралуу мындай дейт:
«Рамазан келди. Эми материалдык азыктарды токтото тур сага көктөн руханий азыктар түшсүн. Бул ай бир гана дил дастаркону жайылган ай. Бул айда дил дене кылган күнөөлөрдөн арууланат. Дил ыйман нуруна толот.»
Адам дили убактылуу кумарлардан алыстамайынча, түбөлүктүү жыргалчылыкка жетпейт, баланы эмчектен чыгармайынча, кубаттуу тамактарды билбегени сыяктуу. Орозо атты туура жолго багыттаган чабарман сыяктуу. Адам баласын жаман жолдорго бастырбай ооздуктайт. Бир хадисте мындай айтылат:
«Орозо учурунда эки сүйүнүч бар. Биринчиси ооз ачкан кез, экинчиси Жаратуучусун алдына баргандагы сүйүнүч» (Муслим, Сыям, 164).
Толук кандуу орозо тутуу үчүн эл көрсүн сезиминен алыс болуу зарыл. Бир гана Алла ыраазычылыгы үчүн тутулган орозо адамды соопторго ороп-чулгайт. Ал эми эл көрсүн үчүн кылынган ибадаттар жана орозо тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай деген:
«Эчелеген орозо кармагандар бар. Бир гана ачка жүргөнү болбосо, аларга эч кандай сооп жок. Түнкүсүн туруп намаз окуган нечелеген адамдар бар. Бир гана уйкусу бузулганы болбосо, аларга эч кандай сооп жок.» (Ибн Маажа, Сыям, 21).
Эл көрсүн сезиминин жамандыгын Шейх Сади «Гулистан» аттуу чыгармасында мынабу эскерүүсү далилдеп кеткен:
«Бала чагымда сооптуу иштерди кылганга, напсимди тыюуга жана түнкү ибадаттарды аткарууга абдан кызыкчумун. Бир түнү атамдын жанына отуруп, түнү бою уктабай Курани Карим окуп чыктым. Тегерегибизде биртоп адам уктап жатышкан. Атама кайрылып:
«Ата, ушулардын бирөөсү да туруп тахажжуд намазын окушкан жок. Бардыгы бейкапар уктап жатышат», - дедим. Атам:
«Уулум! Буларды ушактагандан көрө, сен дагы уктасаң жакшы болмок! (Сен ушактаган адамдар теңирий сооптордон кур калса да, Кирамин жана Катибин периштелери эч нерсе жазган жок. Бирок өзүңдү булардан өйдө көргөндүгүң үчүн сенин амал дептерине ушак күнөөсү жазылды.), - деп жооп берди.
Кармалган орозону Алла Таала кабылдашы үчүн жалаң гана ачка жүрбөстөн, көз, тил, кулак жана башка мүчөлөрдү да күнөөлүү иштерден коргош керек. Бул боюнча Пайгамбарыбыз (с.а.в.):
«Орозо кармаган адам орозосуна зыян келтирбеген нерселерди кылбаса, анын орозосу калкан болот» дегенде, сахабалары:
«Зыян келтирген нерселер эмнелер?» деп сурашат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай жооп берет:
«Жалган айтуу жана ушак» (Насаи, Сыям, 43).
Рамазан айы – ибадат мезгили. Айша энебизди айтуусу боюнча Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Рамазан айында башка айларга салыштырмалуу өтө көп ибадат кылар эле. Ал эми Рамазандын акыркы он күнүдө башкы күндөрүнөн да көп ибадат кыла турган.
Улуу Рамазан айында жалпыбыз орозонун шарапатын колдон чыгарбай үзүлтүксүз ибадат кылып, түнкүсүн тахажжуд намазына туруп, тараба намазына катышып дилибизди агарталы. Бул куттуу айда намазды дагы да кылдаттык менен окуп, Курани Каримдин өзөк маанисине амал кылып, Алла Таалага зикир кылуу менен дилибизди, зекет, садакалар менен абийирибизди тазалайлы.