Онунчу сан

Журналдын онунчу саны

Абу Бакр (Ас-Сыддык р.а)

Мазмуну

            Пайгамбарыбыз (с.а.в.) одүйнө салган соң артында улуу халифалардан төрт сахаба калат, алар тууралуу өткөн сандарыбызда кеп кылынган эле. Бул саныбызда да ошол улуу сахабалардын бири Азирети Абу Бакр тууралуу болмокчу.  Азирети Абу Бакр, Мухаммед (с.а.в.) Ислам динин жайылтуу ишин баштагандан кийин эң алгач ыйман келтирген адамдардын, рашид халифалардын жана көзү тирүү кезинде эле бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он сахабанын алгачкыларынан болгон.

            Куранда «Ас-Сыддык », «Ал-Латик» лакаптары менен белгилүү болгон улуу сахаба. Чыныгы аты Абдулкаба болуп, Исламдан кийин пайгамбарыбыз (с.а.в.) ага Абдуллах деген ысым берген. «Азаптан азаттыкка чыгарылган» маанисин билдирген «Атик», дурус, ишенимдүү, намыстуу болгондугунан улам «Сыддык » деген ысымдар менен да аталган. Калк арасында «Төөнүн тайлагынын атасы» деген маанини туюндурган Абу Бакр аты менен белгилүү болгон. Тайм уулдары уруусунан болгон Абу Бакрдын ата теги Мура бин Кааба аркылуу пайгамбарыбыздын (с.а.в.) ата-теги менен кошулат. Энесинин аты Уммул Хайр Салма, атасынын аты Абу Кухафа Усман болгон.

            Азирети Абу Бакр Пил окуясы болуп өткөн жылдан эки жыл, бир нече айдан кийин 571-жылы Меккеде төрөлгөн. Ал элге адеп-ахлагы, мүнөзү жана намыстуулугу менен белгилүү болгон. Исламдан мурун да сый-урматка эгедер, дурус жакшы мүнөздөргө ээ, буттарга сыйынбаган жана үйүнө бут койдурбаган «ханиф» бир соодагер болгон. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дүйнөдөн кайтканга чейин, анын жанынан чыккан эмес. Бардык байлыгын, мал-мүлкүн  Ислам дини үчүн сарптаган. Өзү өтө жупуну, жөнөкөй жашаган. Ал өмүр бою пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен бирге болуп, жаш мезгилинен баштап бири-бирине болгон достук мамилеси өтө бекем болгон. Пайгамбарыбыз көп учурда анын пикирине кошулган. Коомдук жана жеке маанилүү иштерде сахабалары менен кеңешкен пайгамбарыбыз (с.а.в.) кээ бир жагдайларда өзгөчө азирети Абу Бакр менен жекече кеңешкен. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Исламга чакыруу ишин жүргүзө баштаган учурда кай бир адамдар Исламды дароо кабылдабай бир топ убакыттан кийин кабылдашкан болсо, Азирети Абу Бакр эч шек күмөнсүз, дароо кабыл алган. Бул тууралуу пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Бардык адамдардын ыйманын таразанын бир тарабына, Абу Бакрдын ыйманы таразанын экинчи тарабына коюлса, анын ыйманы оордук кылат» деп салыштырган. Азирети Абу Бакр жашоосунун акырына чейин бар күчүн Исламга жумшап, бардык кайырлуу иштерде алдынкы катарда келген. Азирети Абу Бакр Мекке доорундагы күч кубаттуу уруулардын өкүлдөрүн Исламга чакырган. Ошондой эле бутпарастардын азабына дуушар болгон күчсүз кулдарды сатып алып, аларды азаттыкка чыгарууда бар байлыгын колдонгон.

            Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Меккеден Мединага көчкөндө азирети Абу Бакр сапарлаш жолдошу болгон. Мадинада Пайгамбар мечитинин курулушунда да Абу Бакр байлыгынын бир бөлүгүн ушуга жумшаган. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Ислам динин жайылтуу жана душмандардан маалымат алуу үчүн чакан аскер бөлүктөрүн Мединанын айланасына жөнөткөн. Кээде алар менен кошо Абу Бакр да чыкчу. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) өзү жетектеген согуштарда азирети Абу Бакр да катышкан.  

Азирети Абу Бакрдын халифалыгы.

         Пайгамбарыбыз (с.а.в.) хижраттын он биринчи жылы 12 – Рабиулаввал айынын дуйшөмбу күнү шашке маалында күбөлүк келимесин айтып, Алла Таалага максат тилек менен: «..Улуу досума!»,-деп  Жаратуучусуна кайтат. Ал бир эле убакта пайгамбар жана халифа да болуп турган, көзү өткөндөн кийин анын ордун басуу үчүн халифалык тууралуу маселе талкууга алынат. Азирети Абу Бакр азирети Умар менен азирети Абу Убайданын ортосуна туруп, экөөнүн колун кармап экөөнүн бирөөсүнүн халифа болуусун суранат. Ал өзүн халифалыкка сунуштаган эмес. Азирети Абу Бакрдын сөзүнөн кийин азирети Умар: «Эй, Абу Бакр! Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) буйругу менен мусулмандарга имам болдуң. Сен алардын халифасысын, биз сени халифа кылып шайлайбыз.

Пайгамбарыбызга (с.а.в.) бизден да көбүрөөк сен жакын элең. Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) кийин халифа болуу сага гана жарашат. Сен халифа бол!»,-дейт. Азирети Умардын күтүүсүздөн мындай сөздөрдү айтуусу аркылуу ал жердегилер колдоп Абу Бакр көпчүлүктүн добушу менен халифа болуп шайланат. Эки жыл үч ай халифа болуп турат. Азирети Абу Бакр заманында Ислам мамлекети абдан өнүккөн.

  Азирети Абу Бакр халифалык доорунда Куран аяттарын топтоо ишин жүргүзүп буга чоң салымын кошкон. Куранды жатка билген сахабалар согушта курман болуп азая баштаганда Куранды сактоо маселеси курчуган. Азирети Абу Бакр Зейд бин Сабит жетектеген бир топ түзүп, колдо бар аяттарды топтоону буюрат. Ошентип бардык аяттар топтолуп, Куран китеби такталган. Бул китеп азирети Абу Бакрден азирети Умарга өтүп, андан кызы Хафсага өтөт. Азирети Усман заманында нуска түрүндө көбөйтүлүп, Ислам мамлекетинин бардык аймактарына таратылган.

Аирети Абу Бакрдын жеке инсандык жана башкаруу өзгөчөлүгү.

         Азирети Абу Бакр такыбалыгы менен сахабалардын эң алдында турган. Ал жумшак мүнөзү, көп ойлонуп аз сүйлөгөндүгү жана жөнөкөйлүгү менен бардык элге белгилүү болгон. Исламга чейин бутпарастар ага ишенип, кун жана карыз алып берүү иштеринде аны күбө кылышчу. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) эң жакын досу азирети Абу Бакрга мираж окуясында «Ас-Сыддык » лакабы берилген. Анда «Пайгамбарыбыз эмнени айткан болсо баары туура!»,-деп бутпарастарды таң калтырган. Жоомарттык боюнча андан жогору эч ким жок эле. Бардык мал-мүлкүн Ислам үчүн сарптап, өлүмүнө аз калганда кимден карыз алган болсо, өзүнө караштуу жерлердин баарын саттырып төлөгөн.
Пайгамбарыбыздын (с.а.в) эң жакшы  үммөтү  азирети Абу Бакр эле. Ал пайгамбарыбыздын (с.а.в.) вазири жана өкүм берүүдө эң жакыны болгон.

 Акыркы хутбасында «Алла өзүнүн пенделеринен бирөөнү бул дүйнө менен өзүнүн мартабасындагы нерселерди тандоодо өз ыктыярына койду жана ал да Алланын мартабасындагы нерселерди тандады» деп, Абу Бакрды мактоосу, ошону менен бирге мечиттеги бардык эшиктерди жаптырып, жалгыз азирети Абу Бакрдын эшигин ачык калтырышы аны канчалык деңгээлде баалагандыгын көрсөтүп турат.

 Азирети Абу Бакр коомдогу келишпестикке кайдыгер мамиле кылуу, бидат башкача айтканда Аллахтын өкүмүнө туура келбеген өкүмдөр анын доорунда болгон эмес. Бир маселени чечүүдө алгач Куранды карап, табалбаса сүннөттү изилдеп, ал жерден табалбаса сахабалар менен кеңешип чечээр эле. Андыктан анын халифалык мезгилинде эч кандай келишпестиктин айынан чыр чатак  болгон эмес. Ислам динин элдин жүрөгүнө, аң-сезимине орнотуу үчүн, кээ бирөөлөргө жардам берип, өзүнө караштуу жерлерди өткөрүп берген учурлары да болгон. Доордун талабына ылайык өкүм жүргүзүүсү бардык сахабалар тарабынан жактырылган. Ислам дини жаңы тарала баштап, мусулмандардын саны 38ге жеткен мезгилде Харам мечитинде бутпарастар тарабынан сабалган азирети Абу Бакр кийинчирээк халифа болгон. Ал эми анын халифалыгына «Халифату-Расулуллах», башкача айтканда «Алла элчисинин халифасы», «Момундардын башчысы» деп аташкан. Андан кийинки халифаларды болсо «Амирул-Муминин» деп да аташкан. 

 

Азирети Абу Бакрдын дүйнөдөн кайтышы.

         Азирети Абу Бакр хижраттын 13 – жылында Жамадил-ахир айынын башында, хижраттан кийин Мадинада дуушар болгон безгек оорусу менен кайрадан ооруп, төшөккө жатып калат. Ал ордуна азирети Умарды имамдыкка дайындайт. Сахабалар менен кеңешип азирети Умарды халифа болуусун айтат. Азирети Умардын халифа болуусу жөнүндөгү күбөлөндүрмөнү азирети Усманга жаздырат. Аны керээз боюнча Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жанына көмүшөт. Ошентип бул эки улуу инсандын, эки достун кабырлары да жанаша болгон.

Башына