Онунчу сан

Журналдын онунчу саны

Пайгамбарлардын сыпаттары

Мазмуну

Акылбек Калбеков

Сиз жана биз өңдүү жаамы алсыз пенделерине ыйман-ырыскы ыкыбалы жана бейкуттук ыроологон жана аны менен барча адамзатты азыктандырган Алла Таалага чексиз мактоолор болсун!
Урматтуу окурман, Ак Башат журналы мындан кийинки сандарында биз адам баласына жол башчы катары келип, жашап өткөн Куранда аты аталган жыйырма сегиз пайгамбар тууралуу сиздерге тарыхый маалыматтарды сунмакчы. Андыктан улуу жолбашчылардын өмүр таржымалын маалымдап жатып жеткиликтүү түшүндүрө албай же байкоостон жаңылыштык кетирип алган болсок эң ириде Алладан жана алдын ала окурмандарыбыздан кечирим сурамакпыз. Мындан аркы ар бир санды калтырбай окуй турган болсоңуз Куранда аты аталган пайгамбарлардын үлгүлүү да, сырдуу да жемиштүү да өмүр-жашоосунун  маңыздуу учурларынан кабардар болосуз деп ишендирип кетмекчимин.


Алла Таала өз пенделерин ак жолго багыттоо үчүн аларга ыроологон көптөгөн мүнөз-сапаттарга кошумча кылып кайра эле ошол адамзаданын ичинен өзгөчө нарк-насилге өзүнчө ээ болгон ыклас-ырашкер инсандарды жолбашчы кылып дайындоо менен минтип сиз менен бизге, биз өңдүү пенделерине жардам эткен экен. Ал мына ушунтип чын ыкластуу пенделерин вахий1 менен сыйлайт. Демек бул инсандар пайгамбар болуп саналат. Үммөттөргө үлгүлүү адамгерчилигин көрсөтүүгө даярдалган бул элчилер төмөнкү 3 маанилүү озуйпаны аркалоо үчүн милдеттендирилген:


А. Алланын аяттарын окуп, элди Ага чакыруу,
Б. Напсилерди тазалоо жана аруулоо,
В. Китепти жана даанышмандыкты үйрөтүү.


Алланын өзгөчө жардамынын асыл көрүнүшү болгон пайгамбар жөнөтүү иши бардык адам баласын ичине камтыгандыктан Адам Ата менен башталган. Ошентип,  Адам Ата алгачкы инсан жана алгачкы пайгамбар болуп саналат. 


Чынжыр сымал жалгашып, бирине бири тизмектешкен жүз жыйырма миңден ашуун пайгамбар менен чыңалып, тастыкталып келген бул Улуу Туура Жол ишеним өңүтүндө бирдей калса да, адам баласынын тарыхый чыйырынын өнүгүү жолуна жараша өнүгүп өсүп олтуруп, эң акыркы пайгамбар Мухаммеддин (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарлыгы менен өзүнүн туу чокусуна жеткен. Кыяматка чейинки мүлдө адам баласына Туура Жолдун көрсөтмө китеби жана керемет мужизалары2 аркылуу адашкан түркөйлөр менен текебер капырларды алсыраткан, момун мусулмандарды таңдандырган Кураны Карим, Ага жана Анын данакерлиги менен адамзатка тартууланган ыйык белек.
Курандагы икаяларда пайгамбарлар адам баласына чыккан ар тарабы жеткилең эң мыкты инсандар катары таанытылат. Алар өз аракеттери менен эмес, Теңирий тандоо аркылуу дайындалышкан. Аятта «Алардын ата-бабаларынан, укум-тукумунан жана жолдошторунан (да көптөрүн абзел кылдык). Ошондой эле аларды шайлап Туура Жолго багыттап койдук» деп айтылат.


Жараткандын бул улуу озуйпасын аткаруу үчүн ал заттардын пайгамбар болуп тандалышы аларга өтө оор жоопкерчилик жүктөлгөнүн тастыктайт. Дегинкиси, Алла Таала ал инсандардын деле алсыз экендигин жана аларга эч качан Теңирдикти таңуулабоо керек экендигин эскертет. Аятта «Биз, албетте, пайгамбарлар жиберилген кишилерди да, ошол пайгамбарларды да сөзсүз түрдө суракка алабыз!» деп буйрулат (Араф, 6). Аятта белгиленгендей, аларга Алла Таала тарабынан кепилдик берилсе да чакырыктарындагы ынтааларына жараша сурак беришет.


Пайгамбарлардын сыпаттары


Бардык пайгамбарларда айрым орток сыпаттар бар. Маселен алар: сыдк, аманат, фатанат, исмат жана таблиг. Пайгамбарларга ыйман келтирүү ушул өзгөчөлүктөрдүн алкагы менен толукталат:
Сыдк - чынчылдык, туура сөздүүлүк. Алла Таала билдирген кабарларды, өкүм, буйруктарды элге жеткирүүдө тууралыктан тайбоо, алымча кошумча жалгабоо, жалган айтпоо. Мына ошондуктан алар эч бир жалган айтышпайт, жагымсыз, жаман иштерди жасашпайт. Сөздөрүндө да, иштеринде да тууралыктан тайышпайт. Алардын сөздөрү иштерине, иштери сөздөрүнө дал келип, бири биринин күзгүсү болгон.


Пайгамбарларынын тууралыктан, чынчылдыктан тайып кетиши эч качан мүмкүн эместигин төмөнкүчө билдирген:


«Эгер (пайгамбар) Биздин абийрибизге (биз айтпаган) айрым сөздөрдү токуп алганда; Биз албетте анын оң колунан кармаган, андан соң анын күрөө тамырын үзүп таштаган болоор элек» (Хакка, 44-46).


Алардын чынчылдыгы, туура сөздүүлүгү, кайра эле ошол пайгамбарларга ыйман келтирбегендер тарабынан тастыкталганына эмне дей алабыз. Бул деген кол жеткис бийиктик.
Византия императору Хераклис Азирети Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) тууралуу маалымат алуу үчүн али ыйман келтире элек Абу Суфянга төмөнкүдөй суроо узаткан эле:
- Бирер жолу сөзүнө турбаган учуру болду беле?
Ошол мезгилдерде Азирети Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам)  жок кылууну көздөп жүргөн карамүртөз душманы Абу Суфян  болгонун болгондой айткан:


-Жок! Ал сөз бере турган болсо, албетте аткарат! (Бухари, Бад-ул-Вахий, 1, 5-6; Муслим, Жихат, 74).


Аманат: Пайгамбарлардын бардыгы ары ишеничтүү, ары коопсуз жана зыянсыз жандар болушкан.   Ыймансыздар, динсиздер да алардын ишенимдүү экендигин тана алышпай келишет.  Пайгамбарлардын аманат сыпаты, алардын ар кайсы жагдайда ишенимдүү, коопсуз болушу менен бирге, асыресе вахийди-Жараткан Алладан алган буйруктарды, тыюу салынган буйруктарды болгонун болгондой кылып адамдарга өзгөртүүсүз түрдө жеткирүүсүн туюнтат.
Алла Таала пайгамбарлык шарапатты жана озуйпасын чыккынчыларга эмес, ар тараптан ишенимдүү, чынчыл кулдарына ыйгарган. Куран аяттарында пайгамбарлардын сөздөрү мындайча билдирилет:


«Раббим вахий кылган нерселерди гана силерге маалымдап жатамын, мен силер үчүн ишенимдүү насаатчымын» (Араф, 68).


«Мен шек-күмөнсүз, силерге жөнөтүлгөн ишенимдүү пайгамбармын» (Шуара, 107).126
Ааламдардын Ардагын (саллаллаху алейхи васаллам)  даңазалоо үчүн айтылган «Мухаммадул амин» (ишенимдүү Мухаммад) деген наам мушриктердин оозунан түшчү эмес. Анткени алар өз жакындарына эмес, Сүйүктүү Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам)  ишенип зарыл аманаттарын тапшырышар эле. Алар ишенип берген кымбат баалуу буюм-тайымдарды  Азирети Пайгамбарыбыз белгиленген мөөнөткө чейин сактап берген. Жада калса Мединага көчүүнүн алдында Азирети Пайгамбарыбыздын колунда мушриктердин аманат буюмдары болгон. Өлүм коркунучу каптап турганына карабастан аманаттарды ээлерине тапшыруу үчүн Азирети Алини Меккеге таштоого аргасыз болгон. Ал-Амин деген наамы Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам)  экинчи атына айланган.  Ал болгону жыйырма беш жашка чыкканына карабастан Меккеде ал-Амин  деп чакырыла турган.127 


Фатанат: Пайгамбарлар калган адамдардын өзүлөрүнүн кыраакылыгы, тапкычтыгы, акыл-эстүүлүгү, зиректиги, зээндүүлүгү жана баам-парасаттуулугу менен айырмаланып турат. Алардын эстутуму башка адамдарга салыштырмалуу өтө жогору, көндүрүү жана жат кылуу жөндөмдөрү күчтүү болгон, ошону менен эле бирге жогорку туюмчулдук, айныбас логикага ээ болушкан.  


Фатанат-бул кургак гана акыл жана логика эмес, көсөмдүктөн да өткөн туюмчулдук даража. Жүрөк менен тыгыз байланыштагы акылдын, парасат жана кыраакылыктын айкалышы. Кайсы гана пайгамбар болбосун, өз озуйпасын кынтыксыз орундатуу үчүн, биздин оюбуздагыдан да кубаттуу зээндүүлүккө ээ болушкан. Болбосо жөнөтүлгөндөргө каршы кубаттуу далилдерди апкеле да алмак эмес, аларды көндүрүп, ынандыра албашы да толук мүмкүн эле.
Катардагы бардык мусулман пенде пайгамбарлардын фатанат сыпатынан үлүш алып, акыл деген улуу нематты пайдалуу жагына колдонушу керек.  Кимге, эмнени, качан, кай жерде,  кантип сүйлөрүн эң мыкты билиши кажет.


Таблиг: Пайгамбарлар Теңирий өкүмдөрдү аныгынан тайдырбай, кандай буйрулган болсо дал ошондой кылып адамдарга жеткирип турууга милдеттүү болушкан. Бул жамы пайгамбарлардын орток сыпаттарынан жана эң маанилүү озуйпаларынан болуп саналат. Аятта мыдайча айтылат:«О Элчи! Раббиңден Сага түшүрүлгөндү жар сал! Эгерде муну аткарбачу болсоң, Анын элчилик озуйпасын орундатпаган болосуң…» (Маида, 67).

(Уландысы кийинки санда...)

Башына