Онунчу сан

«Адам болуу – ыймандан» (поэма)
Мазмуну
Кимсанбай ажы Абдыразак уулу
Кимсанбай ажы Абдыразак уулу Өзгөн районубуздагы кадырман карыялардын бири. Ал кезегинде жооптуу кызматтарда иштеп, эл оозуна алынган инсан. Ошондой эле поэзия жаатында да түйшөлүп, ыр дүйнөсү менен сырдашып келүүдө. Бүгүнкү күндө үч китептин автору.
1996-жылы ажыга зыярат жасап келген. Ошондуктан, ыйман темасына көп кайрылат. Ушул багытта жакында «Адам болуу - ыймандан» деген поэмасын жазып, окурмандарга тартуулап олтурат. Мунун мааниси абдан терең.
Улуу Алланын ысмы менен баштайм.
Алла Таала кудурет.
Адилеттүү бу зирек.
Жан-жаныбар баарынан,
Артыкча акыл-эс берип,
Сүйлөгөнгө сөз берип,
Жаратыптыр адамды.
Адам ата, Обо эне.
Эркек менен аялды.
Бири атабыз бири эне,
Экөө удаа жаралды.
Жер жүзүндө адамзат,
Шул экөөнөн таралды,
Алмусактан быякка,
Адамзатка арналган,
«Адам болуу - бул ыймандан»,
- деген сөз байыртан.
Чындыгында адамдын,
Ыйыктыгы ыймандан.
Адеп-ахлак тарбия,
Жеткирет асыл ыйманга.
Ыйман деген бул эмине?
Ынтаа коюп берилип.
Билгени дурус ар пенде.
Ыйман гана инсанды,
Инсан кылат турбайбы.
Инсандарды атүгүл.
Зоболосун көтөрүп,
Султан кылат турбайбы.
Лаа илааха иллаллох,
Алладан башка кудай жок
Мухаммад расулуллох,
Мухаммад теңир элчиси.
Ыйман келиме айтканың,
Чын кудайга жакканың.
Кадыр баба жылоолоп,
Ак жалуңду тапканың.
Кыргыз ата, бабалар,
Кылымдап накыл сөз кылган
Кыйышпаган өмүрдө,
Асыл досуң ыйманың.
Ыймандууга жанашкын,
Ыймансыздан адашкын.
Ыйман туткан эл озот,
Ыймансыз болсо, эл тозот.
Ыймандуунун дилинде,
Жакшы максат ой болот.
Тилегин берип теңирим,
Ырыс-дөөлөт мол болот.
Ыймандууда уят бар,
Кичи пейил ызат бар.
Улуу кичүү агайың,
Ыймандуу болсун ылайым!
Ыйманда бар ынтымак,
Ынтымакта ырыс бар.
Эки миң эки жүз жылга,
Жашап келет кыргыздар!
Ырысы бар пендеде,
Ырахаттуу турмуш бар.
Өлкөбүздү чыңдайлы,
Ынтымак болуп кыргыздар.
Ыйман баштап адамды,
Таза жолго жүргүзөт.
Табалбаса ыйманды,
Адаштырып мүргүтөт.
Талыкпай илим алганды,
Кадырына мингизет.
Калкына тийип пайдасы,
Камкордук жайын эл күтөт.
Ыйман туткан пенденин,
Даана болот акылы.
Ибадат кылып ак дилден,
Алла болот жакыны.
Жаман жолго бастырбас,
Тушоо болот ыйманы.
Ыйман экен деп туят,
Пенденин Рух азыгы!
Пенде тайса ыймандан,
Дос ашырат шайтандан.
Акыретте кор болуп,
Башына түшөт чоң арман!
Бийлик тайса ыймандан,
Элине тиет кесири.
Калкалоого жарабайт,
Жетим менен жесирди
Ыймандагы төрт парзды,
Билгени дурус жакшылар.
Биринчиси ак дилден,
Билүү Алла – тааланы,
Экинчиси эринбей,
Аллага ыйман келтирүү.
Үчүнчүсү ыйманды,
Толук күтүү турбайбы
Төртүнчүсү ыйманды,
Өзүң менен өксүтпөй.
Ала жүрүү бир жагы.
Айтылып ыйман тил менен,
Тастыктап аны дил менен,
Сактай билет күтүнгөн.
Ыйманы артып элимдин,
Нур төгүлсүн жүзүнөн.
(уландысы кийинки санда)