Онунчу сан

Журналдын онунчу саны

Рамазан айы жана Куран

Мазмуну

доктор, доцент Хидаят Айдар
Ош Мамлекеттик Университети
Арашан гуманитердык институту
теология факультетинин деканы

Дүйнөлүк маданияттардагыдай эле ислам маданиятында да кээ бир нерселерди, кээ бир убакыттарды жана айрым бир жерлерди жогору баалоо түшүнүгү бар. Маселен,  «Хажарул-асвад» бардык таштардан даражасы жогору. Аптанын жума күнү башка күндөргө караганда артыгыраак. Аз. Пайгамбарыбыздын жашаган доору башка доорлорго салыштырмалуу алдаканча жогору. Ошондуктан ал доор «Асры-саадат (Бакыттын доору)» деп аталып калган. Жер-орундук маселесине келсек, мисалы, Арафат тоосунун орду башка жерлерден жогору турат. Анын сыңарындай, Рамазан айы да башка айларга караганда жогору, нары берекелүү, нары ыйык ай болуп саналат. Ошондуктан бул ай «он бир айдын султаны» деп аталган.

Арийне, мунун себептери жок эмес. Ырас, «хажарул-асвад» Аз. Ибрагим, уулу Аз. Исмайил жана Аз. Мухаммад пайгамбар менен байланышы бар. Ажылык ибадатында анын өзгөчө орду бар. Ал эми жума күнү - мусулмандардын бир жерге топтолуп, жума намазын жамаат менен окушкан өзгөчө күн. Ошондой эле Аз. Мухаммад Пайгамбарыбыздын доору дин Ислам телчигип жанданган, өнүп-өскөн доор. Ислам булагынын көзү ачылган доор. Ак менен кара, адал менен арам айырмаланган доор. Арафат тоосу. Адам ата менен Обо эне жолуккан тоо. Миңдеген мусулмандар бир учурда чогулуп Жаратканга алакан жайган тоо.  Ажылык ибадатынын четке каккыс негизи болгон тоо. Мекке шаары Кааба орун алган шаар. Ислам дини жаңыдан гана телчигип, жер бетинде алгачкы жолу «Лаа илааха иллаллах, Мухаммадур-Расуулуллах» деп айтылган шаар.  Ошондой эле, Аз. Пайгамбарыбыздын куттуу кабырынын жана мечитинин  орун алгандыгына байланыштуу Медина шаарынын орду башка шаарларга салыштырмалуу жогору.

Асыресе, Рамазан айынын куттуу ай болушунун да өзүнчө себептери бар. Мунун эң иридеги себеби Куран Каримдин ушул айда түшкөндүгүндө. Чынында эле бул өзгөчөлүк Рамазан айынын ыйык болушу үчүн жетиштүү. Тарыхта өзгөчө мына ушул Рамазан айында көптөгөн маанилүү окуялар жараян эткен.

Рамазан сөзү Куран  Каримдин бир жеринде гана өтөт. Анда мындай делет: «Рамазан айы – бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү....» (Бакара 185) Мындан мурунку аяттарда орозо ибадатынын мурдагы коомдорго да парз кылынганы, анын белгилүү күндөрдө экени жана ал күндөрдө абалына жараша орозо кармоолору белгиленген. (Бакара 183-184)

Бул аяттардан Рамазан айынын эки маанилүү өзгөчөлүгүн байкасак болот; бири Курандын ушул айда түшкөндүгү, экинчиси Рамазан айынын орозо айы деп белгилениши.

Жогоруда баса белгиленгендей, Куран Рамазан айында түшүрүлгөн. Аз. Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз 40 жаштарына чукул Мекке шаарынын жакын жериндеги Хира тоосуна тез-тез барып, ал жерде ааламдын, адам баласынын, деги эле жандуу-жансыздын жаралышы, алардын жаралуудагы себептери жана алардын Жаратуучусу жөнүндө,  ошондой эле Мекке шаарынын элинин жашоо шарты, диний абалы, динге жамынып алып жасаган ар түрдүү ыплас иштери тууралуу ойго батып жүрөт. Мекке шаарындагы элдин байы кедейин, алдуусу алсызын эзгени, элдин бай-кедей, эркин-кул деп бөлүнүшү аны ар качан тынчсыздандырып келген. Ушундай жашоонун көйү жөнүндө көп ойлонуп, анын бир айласын табуунун жолун издечү.

Мына ушундай оор кырдаал учурунда ага Жабрайил периште келип, пайгамбарлык озуйпасын тапшырат. «Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен. Инсанды Ал уйуган кандан жараткан. Оку! Сенин Эгең абдан Айкөл-Ызааттуу. Ал (инсанга) калем менен жазууну үйрөткөн. (Ал) инсанга анын билбеген нерселерин билдирген» (Алак 1-5) деген мааниде келген Курандын алгачкы аяттарын да түшүрөт. Бул окуя менен Аз. Мухаммад «пайгамбар» болот. Ошол күндөн баштап толук 23 жыл бою Аз. Мухаммад Пайгамбарыбыз элди Алла билдирген чындык жолго чакырат. Ал 23 жыл бою кез-кези менен келген аяттарда айтылгандарды инсандарга түшүндүрүп, Алланын динине үгүттөдү. 23 жылдык  бул ыйык доор - Рамазан айында башталган. Бул Рамазан айынын эң чоң өзгөчөлүгү.

Рамазан айынын бардык күндөрү ыйык болуу менен бирге Курандын алгачкы аяттары түшкөн түн өзгөчө жогору. Бул түн «Кадыр түн» деп аталат. Куранда: «Акыйкатта, Биз аны кадыр түнү түшүрдүк» (Кадыр сүрөсү 1.) деп буюрулат.
Ошондуктан бул түн өтө чоң мааниге ээ. Кадыр түндүн маанилүүлүгү жаатында Алла Таала мындай буюрат: «Кадыр түндүн эмне экенин билесиңерби? Кардыр түн – миң айдан да артыгыраак. (Ал түнү) Алланын буйругун аткаруу үчүн периштелер жана Рух жер үстүнө түшүшөт. Анда (кадыр түнүндө) таң атканча тынчтык-амандык бар» (Кадыр сүрөсү 2-5)

Бул аяттарда Курандын түшө баштаганынан Кадыр түндүн канчалык маанилүү түн экенин анык белгиленет. Ал миң айдан да артыгыраак. Ал түнү орундалган иштердин, жакшылыктардын сообу, башка убакта жасалган соопторго караганда миң эсе көп болот. Мына ошол түн Рамазан айынын Кадыр түнү.

Кадыр түн Рамазан айынын кайсыл түнү экени жөнүндө Куранда да, Пайгамбарыбыздын хадистеринде да так маалыматтар жок. Бирок хадистерде бул түн Рамазан айынын акыркы он күнүндө экендиги жөнүндө кыйыр маанилер келтирилген. Өзгөчө 26сынан 27сине караган түнү экендиги тууралуу маалыматтар басымдуулук кылат. Ошондуктан, Ислам ааламында негизинен Рамазан айынын 27-түнү кадыр түн деп белгиленип келет.

Орозо ибадаты ислам дининде өтө зор мааниге ээ. Дин Исламдагы беш шарттын бири болгон орозо ибадаты Рамазан айында орундалат. Бу ибадат Рамазан айынын биринчи күнүнөн башталып, отузунчу күнү аяктайт. Башкача айтканда, Рамазан айынын ар бир күнү орозо кармоо мусулман баласы үчүн парз. Ошондуктан Рамазан айы - «орозо айы» деп аталат. Бул айда Алланын буйругун аткарып Анын ыраазычылыгы үчүн ач болуунун өзү да Рамазан айынын өзгөчөлүктөрүнүн бири десек болот.

Ден-соолугу чың ар бир балагатка жеткен мусулман баласы үчүн Рамазан айында орозо кармоо шарт. Куранда бул жөнүндө мындай делет: «Эй, ыймандуулар! Силерден мурдагыларга буйрулгандай эле, силерге да орозо кармоо буйрулду. Бул орозо силердин такыба болууңар үчүн. (Орозо) белгилүү күндөрдө гана (кармалат).... Силерден ким ушул айга туш келсе орозо кармасын....» (Бакара 183-185) Эгер ден-соолугу начар болгондуктан орозо кармай албай калса сакайгандан соң башка күндөрдө каза кылып тутуп берилет. Алла Таала: «Ал (бул айда) бирөө ооруп калып, же сапарга чыкса башка күндөрдө санын толтурсун. Алла силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт.» (Бакара 185) – дейт.

Булардын баары бизге Курандын түшүүсү жана орозо айы болуусу жагынан Рамазан айынын канчалык маанилүү ай экенин көрсөтүп турат. Ушундан улам ислам ааламында момундар Рамазан айында башка убактарга караганда ибадаттарды, жакшылык иштерди жана сооп иштерди көбүрөөк кылышат. Бул Пайгамбарыбыздын сүннөтү. Ал ар дайым айланасындагыларга жардам берген. Аз. Пайгамбар Рамазан айында көбүрөөк жоомарттык жана ибадаттарды кылган. Бул жөнүндө жубайы Аз. Айша кабар берген. Аз. Пайгамбар өзгөчө Рамазан айынын акыркы он күнүндө итикафка отуруп ибадаттарын берилип аткарып, убактысынын көбүн Алланы зикир жана ойго батуу менен өткөрө турган.

Биз мусулмандар Аз. Пайгамбарды өзүбүзгө үлгү катары алып ар дайым жакшылык кылууга жана жамандыктардан арылууга жанүрөп Рамазан айында буга дагы да көбүрөөк маани беришибиз керек. Ар бир балагатка жеткен мусулман адам Рамазан айында убактысынын ар бир мүнөтүн жакшылык иштер менен өткөрүүгө маани берүү, башка убакка караганда көбүрөөк Куран окуп, маанисин терең түшүнүүгө аракет кылышы абзел. Курандагы өкүмдөргө карап жашоого аракет кылуу керек.  Кылган күнөөлөрү үчүн тооба кылып, Алладан кечирим суроо керек. Адатка айланган жаман мүнөздөрдү таштоо керек. Ибадаттарды толук аткарууга, жамаат менен намаз окууга, Рамазан айында окулган таравих намазын мечитте окууга маани бериш керек. Айланасындагы кедей-кембагалдарга жардамын аябоо керек. Ислам ааламында бай мусулмандар зекеттерин Рамазан айында берүүгө маани беришет. Рамазан айын ушундайча жакшы жана сооп иштер менен өткөрүү керек.

Динибизде кошуна мамилелери өтө маанилүү. Рамазан айы, кошуналар менен жөлөқ-таяк болуп жашоо үчүн эң сонун себеп. Бул айда кошуналарды ооз ачарга чакырып сыйлап, кошуналык милдетибизди аткаруубуз, өзгөчө кедей кошуналарды жана туугандарды ооз ачарга чакырып, аларды ыраазы кылуубуз зарыл. Рамазан айында орозо тутуунун эң маанилүү себептеринин бири – ач калып, ачка жашап жаткан кедейлердин акыбалын жашап көрүп түшүнүү. Демек ачка калгандарга жардам берип, аларга жөлөк-таяк болууну үйрөнүү.

Бул ай кутунан күчүбүздүн жетишинче пайдаланып калууга аракет жасашыбыз ырас. Эл менен, туугандарыбыз, кошуналарыбыз менен дагы да жылуу мамиледе болууга жанүрөшүбүз керек.

Ушундай изги иш амалдарды аткарганда гана Куран түшкөн Рамазан айынын кадырына жетип, андан өз насибибизди алган болобуз.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Рамазан айы Кыргызстанга жана бүт ааламга тынчтык, береке-кут алып келишин Алладан тилемекчимин. Бардык окурмандарды келе жаткан Рамазан айы менен куттуктайм!

Башына