Биринчи сан

Ата-энеге кайрымдуу перзент
Мазмуну
Азыркы учурда жаш муундар карыларды мурункудай сыйлабай калды. Ал турсун кээ бири ата-энесин кароодон да качышат. Ата-энени карабай койуу кыргыздарда өлүмгө барабар. Ал ошол эле адамдын эмес, бүт уруунун, элдин абийрине шек келтирген жаман адат болгон. Азыркы жаштар ар кандай пайдасы болбогон терс көрүнүштөргө көбүрөөк көңүл буруп, келечегин ойлобой калышты. Ата-энесин сыйлаганды билбеген адамдан башка жакшылык күтүүгө болобу?
Кыргыз элинде ата-энеге урмат-сый өтө жогору болчу. "Ата-энеңе кандай мамиле кылсаң, карыганда ошону балдарындан күтүп ал" деп бекеринен айтылбаса керек. Ата -энесин унутуп койгондор өздөрүнүн да ата-эне боло тургандыгын эстеринен чыгарган окшойт. Анткени азыркы кай бир жаштар өтө жаман иштерге: чылым тартуу , арак ичүү, уурулук кылуу, баңги заттарды колдонуу, жана башка ушул сыяктуу нерселердин артынан түшүп калган кези.
Албетте, мындай нерселерди бардык жаштар кылып жатат деген сөздөн алысмын. Эң өкүнүчтүүсү, ата-энесин урматтоо мындай турсун, өз ата-энесине кол көтөргөндөр да четтен чыгат. Кыздарыбыз болсо, жасанып алып көчөдө баскандан башканы билбей калды. Кээ бири турмушка шылтоо кылып, сойкулуктун сазына батканы жүрөктү өйүтөт. Мындай кыздар келечекте кантип бирөөнүн сүйүктүү жары же эне боло алат? Жада калса, ушунчалык жаман иштерди кылганына карабастан, өздөрүн акылдуу сезишкени адамдын күлкүсүн гана келтирет. Үй-бүлө куруу, бала өстүрүү, ата-энени багуу алар үчүн оор түйшүк, «жыргалчылыгына» тоскоол болуп, андай нерселерден кутулуштун аракетин кылууда. Каалаган убагында ойноп, келечегин эч ойлобой жашап жүрүп, балалуу болуп калса, аны курсагындагы кезинде же андан кийин өлтүрүп тынып же болбосо бир үйдүн босогосуна таштап кутулуп кетүү көбөйүүдө.
Кыргыздын ушунчалык жогору болгон маданиятын, каада-салтын, динин, адеп-ахлагын таштап коюп, европалыктарды туурап жатышат. Европада ата-энени сыйлоо деген жокко эсе. Балким, биз да ошондой болуп баратабызбы? Жок! Жараткан өзу сактасын! Андай боло турган болсо, келечегибиз кандай болот? Ыйык динибиз Исламда ата-энени сыйлоо, урматтоо, алардын көңүлүн оорутпоо - башкы милдеттерибизден болуп эсептелет. Алардын көңүлүн жайдары жүзүбүз, бал татыган сөзүбүз менен көтөрүшүбүз керек. Керек болсо "уф" деп үшкүрүнүү да алардын көңүлүн оорутуп коюшу мүмкүн. Шарият ата-энеге жакшылык кылууну Алла Таалага моюн сунуудан кийинки эле эң чоң озуйпа деп билет. Ата-энеге өзгөчө карылык курактарында жакшы мамиле кылуу керек.
Ал эми ата-эненин тилин албоо жана аларга үн көтөрүп кыйкыруу же аларды кекетүү чоң күнөөлөрдөн болуп саналат Ата-эне баласы үчүн эч нерсесин аябай канча мээнет кылган. Ким болбосун өз баласын келечекте жакшы адам болуусун каалайт жана баласы менен сыймыктангысы келет. Алардын балдары үчүн соккон жүрөгү муздакта жылуулук, ысыкта көлөкө болууга даяр. Бала кандайдыр бир оорууга чалдыгып калса, эне да аны менен кошо ооруп, баласынын түйшүгүн кошо тартат. Ата-энелерибиздин кылган кызмат акысынан кутулуубуз мумкун эмес. Эне баласын тогуз ай бою курсагында көтөрүп жүрөт жана түн уйкусунан калып , толук эки жыл бою баласын карайт. Ага болгон мээримин төгүп чоңойтот. Ал эми төрөө үчүн чоң операцияга, а түгүл өлүмгө да дуушар болгон энелер да аз эмес. Энеге өзгөчө урмат-сый көрсөтүүбүз керек.
Күндөрдүн биринде бир адам Пайгамбарыбызга (с.а.в.) келип: -Жакшылык кылуума эң татыктуу ким?- деп сурады. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ага:
-Энең,-деди. Береги адам бул суроосун үч жолу кайталады. Үчүнө тең «энең» деп жооп алды. Төртүнчүсүндө гана "атаң " деген жооп алган.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бир хадисинде: "Бейиштин ачкычы эненин таманында" деген. Дагы бир хадисинде мындай буюрат: "Ата-энесин нааразы кылган Кудай Тааланы да нааразы кылат. Ата-энеңер силердин бейиш дарбазаңар. Кааласаңар аны тургузуп койгула, кааласаңар бузуп салгыла". Карыганда балдары тарабынан каржылануусу, жылуу мамилеге, урмат-сыйга бөлөнүү ата-эненин акысы. Аны бузууга бир да кишинин укугу жок. Жогоруда айтылган аяттар жана хадистер ата-энени карабай коюу чоң күнөө, адамгерчиликке жатпаган иш экендигин айгинелейт.
Бир аксакал шаарга уулуна барып, уулунун машинасы менен кетип бара жатып шаардын ичиндеги кооз имараттарды көрүп баласынан улам: "Бул эмне ыя, уулум" деп сурай берет. Баласы эки-үч жолу «бул деген мындай уюм, бул деген мындай нерсе» деп жооп берет. Акыры атасына ачууланып: "Ой, жарыктык десе, ар нерсени эле ушунтип сурай бересинби? деп урушат. Антсе атасы: "Ой уулум, сен кичине кезиңде билесиңби, мен сени, атка учкаштырып алар элем, анан сен менден миң жолу:"бул эмне? тигил эмне?",- деп сурай берчүсүң. А мен башыңдан сылап: "Оо акылыңан айланайын, бул деген мындай нерсе, тиги деген тигиндей нерсе"-деп эч чарчабай жооп бере берчүмүн. А сен эки-үч нерсени сурап койсом, ачууланасың" - деген экен. Ата-эненин кылган жакшылыктарын эч качан унутпашыбыз керек.
Демек,
1. Аларга эч качан "уф"деп үшкүрүнүп нааразы болбоо
2. Алардын талабын жана буйруктарын эң биринчи кезекте аткаруу.
3. Аларга оройлук кылбоо, өзгөчө алар карыганда алардын ыраазычылыгын алуу.
4. Аларга муктаж жана зарыл болгон нерселерди алып берүү, каржылоо.
5. Сапарга чыгуудан мурда алардан уруксат суроо
6. Энеге өзгөчө жакшылык кылуу.
7. Алар бул дүйнөдөн өтсө, аларга дуба кылуу, осуяттарын аткаруу жана алардын досторуна зыярат кылып туруу сооптуу иштерден болуп эсептелет. Бала ата-энесине сөзү менен, иши менен, мал-мүлкү менен урмат-сый көргөзүп боорукер болуп, каяша сөз айтпашы, кыр көрсөтпөшү, алардын көңүлүн калтырбашы керек. Ошондо гана бала ата-энеге кайрымдуу уул боло алат.