Биринчи сан

Ислам дининде аялзатынын укугу
Мазмуну
Аялзаты диний милдет-укук жаатында эркектер менен бирдей укуктарга ээ. Ырас, аял менен эркектин ортосунда бир катар физиологиялык жана психологиялык айырмачылыктар бар. Алла таала эркек менен аялзатын башка-башка өзгөчөлүктөр менен жаратып, алардын коомдогу орундарын өздөрүнө жараша белгилеген. Укук-милдеттер ушул өзгөчөлүктөргө жараша негизделген. Ошону менен бирге эле Алла таала эркек менен аялзатына бири-бириникине окшобогон жөндөмдүүлүктөрдү да ыроологон. Жараткан Алла эркекке күч-кубат, кыйынчылыктарга карата чыдамкайлуулук, оор басырыктуулук, эрктүүлүк сыяктуу, ал эми аялзатына сезимталдык, мээримдүүлүк, ыйбаалуулук, назиктик, сабырдуулук өңдүү өзгөчө асыл сыпаттарды ыроологон. Аялзаты физиологиялык жана психологиялык жактан назик жана алсыз болгону менен сезимталдык жана мээримдүүлүк жактан эркектерге салыштырмалуу алда канча алдыда болушат.
Демек, эркек аялга караганда физиологиялык жактан күчтүү болуп, кыйынчылыктарга чыдамкай, оор басырыктуу болот. Ар бир ишти жакшылап ойлонуп туруп, анан ишке киришет. Мына ошондуктан Исламда үй-бүлөнү эркектердин башкарганы оң деп айтылат (Ниса сүрөсү, 4:34). Ал эми аял болсо жумшак, назик, сезимтал келип, эркектин коргоосуна муктаж болот. Кээ бир сапаттары боюнча эркек аялзатынан жогору тургандай эле, аялзатын да эркектен жогору койгон өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, бала кароодогу аялдын мээримдүүлүгү менен сабырдуулугун эркектен табуу кыйын. Мына ошондуктан Ислам дини үй-бүлө маселесинде аялзаты менен эркекке алардын физиологиялык, психологиялык, моралдык жана руханий жөндөмдүүлүктөрүнө жараша жоопкерчилик-милдеттерин бөлүштүргөн. Ислам аял-эркекке өзүнүн колунан келе турган иштерди гана жүктөгөн.
Ислам дининде аял укуктарына өзгөчө маани берилген. Ислам аялзатына эч бир дин, эч кандай идеология ыйгарбаган көптөгөн материалдык, моралдык жана башка укуктарды ыйгарган. Буга төмөнкү далилдерди мисал келтирсек болот: Алла таала Куранда мындай деп айтат: «Күйөөлөрүнүн алдында аялдардын милдеттери болгондой эле, укуктары да бар" (Бакара сүрөсү, 228). Ислам акы-укуктун баарын эркекке ыйгарып, ал эми милдеттин жана кызмат кылуунун баарын аялга жүктөп койгон дин эмес. Эркектердин аялдарынан талап кылчу кандай укуктары бар болсо, аялдардын да күйөөлөрүнөн талап кыла турган ошондой эле укуктары бар. Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) Пайгамбарыбыз эркектерди аялдардын укуктарына көңүл буруп, маани берүүгө жана аларга урмат-сый көрсөтүп, алардын адамдык укуктарын тебелеп-тепсебөөгө чакырат: "Аялдардын акыларын жебегиле, укуктарын тебелеп-тепсөөдөн Алладан корккула. Анткени, силер аларды Алладан аманат катары алдыңар" (Ажлуний, Исмаил бин Мухаммад, Кашфу аль-хафа, I, 36.). "Силердин эң жакшыңар - үй-бүлөсүнө (жубайына жана балдарына) эң жакшы мамиле кылганыңар..." (Мунавий, Мухаммад Абдуррауф, Файду аль-кадир шарху жамии ас-сагир, III, 494). "Ыймандуулук жагынан момундардын эң күчтүүсү жана эң жакшысы бул - аялдарына эң жакшы мамиле кылганы болуп саналат" (Абу Давуд, Суннат - 15). Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) бул маселе тууралуу акыркы ажылыгы учурунда коштошуу кутбасында: "Эй, инсандар! Аялдарыңардын акы-укугун тепсөөдөн оолак болгула, Алладан корккула! Силердин аялыңардан талап кылуучу укугуңар бар. Алардын да силерден талап кыла турган укуктары бар" (Ибн Касир, ас-Сирату ан-Набавийя, IV, 402) – деп VII кылымда эле, ошол жердеги жүз жыйырма төрт миң чамалуу мусулман ажыларды аялдардын укуктарына карата аяр мамиле жасоого чакырган.
Муавия бин Хайда аттуу сахаба мындай дейт: "Мен Мухаммад пайгамбарга: "О, Алланын элчиси! Жубайларыбыздын бизден талап кылчу укуктары эмнелер?"- деп суроо узатканымда ал: "Өзүң жеп-ичкенден ал да жеп-ичсин, кийингениң сыяктуу аны да кийиндир (өзүң сапаттуу кийинсең, ага да сапаттуу кийим алып бер), жаакка чаппа, урба, аны жамандаба ... " деп жооп берди. (Ибн Маажа, Никах, 3) Алар менен ынтымакта жашап, жылуу мамиледе болуу - бул Жараткан Алланын буйругу. Алла Таала Куранда эркектерге төмөнкүчө буйрук берет: "Аларды жактырбасаңар да, жылуу мамиледе болуп, ынтымактуу жашагыла! Балким, Алла Таала силер жактырбаган нерседе көптөгөн жакшылыктарды ыроолоп (сактап) койгондур." (Ниса, сүрөсү, 19) Ардактуу Пайгамбарыбыз куттуу хадистеринде: "Аялдар тууралуу бири-бириңерге жакшылык үчүн (гана) кеңеш бергиле" (Бухарий, Никах, 8). "Мусулман эркек мусулман аялга ачууланып, таарынбасын. Балким, ага анын бир мүнөзү жакпай калса, башка бир мүнөзү жагып калышы мүмкүн" (Муслим, Радаа - 18; 61) деп аялдарга карата оң көз карашта да болуп, жылуу мамиле жасоого чакырат. Андыктан Ислам дини аялдарга бир катар укуктарды ыйгарып, алардын укуктарын тебелеп-тепсебөөгө, аларга урмат-сый көрсөтүп, дайыма жакшы мамиледе болуп, ынтымакта жашоого үндөйт.
Аялдын билим алуу укугу
Ислам дининде окуу жана билим алуу мусулман баласынын эң иридеги милдеттеринин бири. Курандын биринчи буйругунда эле окууга түздөн-түз көрсөтмө берилген(Алак сүрөсү, 1-5). Аяттардын биринде: "Деги билгендер (билимдүүлөр) менен билбегендер (билимсиздер) бирдей (даражада) болобу?" (Зумар сүрөсү, 9) делет. Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) аалымдарды пайгамбарлардын мураскорлору катары эсептейт. Исламда эркектер сыяктуу эле аялзатына да окуу талабы коюлган. Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) мындай деген: "Окуу (билим алуу) - (мейли эркек болсун, мейли аял болсун) ар бир мусулмандын милдети" (Ажлуний, Исмаил бин Мухаммад, Кашфу аль-хафа, II, 39.). Себеби аялзаты да эркек сыяктуу эле Алланын өкүм-буйруктарын, шариятты толук түшүнүүгө милдеттүү.
Куранда: "Эй, ыймандуулар! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозок отунан сактагыла!" деп буюрулат (Тахрим сүрөсү, 6). Бул аятты Азирети Али: "Балдарыңарды ыймандуулукка тарбиялагыла, окуткула" деп чечмелеп түшүндүргөн. Ислам дини боюнча, аялдын үй-бүлөдөгү эң негизги иши жана милдети - уул-кыздарын чоңойтуу жана аларга ыймандуулуктун тарбиясын берүү. Себеби, бул ишти аткарууга атага караганда эненин жөндөмдүүлүгү, мүмкүнчүлүгү алдаканча ылайыктуу. Жаш чакта алынган билимдин оңой-олтоң унутулбастыгы жалпыга маалым. Ошондуктан ата-бабаларыбыз "көчөт жаш кезинде ийилет", "жаш кезекте алынган илим ташка тамга баскандай", "жаштыкта алгын илимди, карыганда берсин дөөлөттү" сыяктуу накыл сөздөрүн бекеринен айтышпаса керек. Демек, уул-кыздардын жакшы тарбиялуу болушу үчүн оболу алардын энелери илимдүү, билимдүү болушу зарыл. Ислам дини энелердин окуп билим алууларына уруксат берип коюу менен гана чектелбестен, жогоруда айтылгандай, окуп билим алууну энелердин да милдети катары эсептейт.
Ардактуу Пайгамбарыбыз өз доорунда аялдарды окуп-жазууга жана үй-бүлөлүк жашоого керектүү маалыматтарды үйрөнүүгө чакырган. Буга өзү үлгү болуп берген. Медина шаарындагы мусулман аялдар күндөрдүн биринде Пайгамбарыбызга келип: "Эркектер дайыма сени менен чогуу болуп, сенден билбеген нерселерин сурап илим алышат. Биз болсо сенин жаныңда көпкө боло албайбыз. Бизге да бир күн белгилесең, биз ал күнү сенин сөзүңдү угалы, билбеген нерселерибизди үйрөнөлү" деп суранышкан. Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) алардын бул суранычын кабыл алып орундаткан. Ошондой эле Пайгамбарыбыздын маалында илимге өзгөчө көңүл бурган аялдардын бири Азирети Айша энебиз болчу. Ал дайыма илим менен алектенээр эле. Азирети Айша энебиз жигердүү аракет, талыкпас эмгектин натыйжасында дин илимдериндеги, айрыкча фикх (ислам укугу) жаатындагы билим мартабасы аалымдык даражага жогорулаган. Ошондуктан аалымдар андан тигил же бул маселе боюнча ой-пикирин, көз карашын көп сурашкан.
(Уландысы бар)
Шамшидин Маматкулов