Биринчи сан

Журналдын биринчи саны

Дарбыз

Мазмуну

Агезде он эки жашта болушум керек. Эми эле балалыкты аркага таштап жигиттик куракка кадам койгон мезгилим. Жооштугуман өзүм менен өзүм болуп, эч кимге кошула албай жалгыз ойноп жүрө берээр элем. Көчөдөгү балдарга кошулуп ойногон күнүмдө да, алар менен жарытып мамиле кура алчу эмесмин. Неге андай болгонумду өзүм да билбейм.

Эстесем, биз анда жакыр үй-бүлөө экенбиз. Атам иштебейт. Канчалык ишке кирейин деп аракет кылса да, ою ордунан чыкчу эмес. Кээде убактылуу бир жерге иштей калып үй-бүлөсүн оп-чап камсыз кылып жүрдү. Турмуштун мындай катаал күндөрүндө атамы жашаткан жалгыз үмүтү, кыялы менин окуп адам болуум, өзүндөй болуп кедейликтин дарт-азабын тартпоом эле. Анткени, үйдүн жалгыз уулу мен болчумун. Көчөдөгү балдарга кошулганымда тартынып, бир чекеде алардын сүйлөшкөндөрүн угуп гана отурар элем. Бардыгы атасынын машинасынан, үйгө акча алып келгенинен, үйүндөгү буюмдарынан кеп салат. Ал эми мага сөз келгенде жер карап калар элем.

Дагы ушундай күндөрдүн бири. Май айы аяктап, жайдын аптабы башталып калган. Көчөдөгү теректердин көлөкөсүндө отурган элек. Аңгыча жаныбыздан жык-жыйма кылып дарбыз жүктөгөн камаз өтүп кетти. Балабыз да, баарыбыз дарбыз жүктөгөн камазга тигиле карап калдык. Жайдын келишинен кабар берген дарбыздардын жаңыдан чыгып, базарларда жаңыдан сатыла баштаган мезгилде бир тилим дарбызды чанда киши гана жей алаар эле.

Ошентип заматта дарбыз жөнүндө кепке өтүп кетишти. Кээ бири атасы үйүнө дарбыз алып келгенин, кээ бири дарбыздын дасторконунан үзүлбөгөнүн, кээси тимеле дарбыздын даамдуулугун тамшана баяндап жатты. Шилекейим куюлуп аргасыз тыңшап отурдум. Акыры сөз айланып отуруп мага келди. Баары мага карап калышты. Арасынан бири:
- Урмат, сен быйылкы жылдын эсебинен дарбыз жедиңби? – деди.
-Жоок, жей элекмин, - десем күлүп жиберишти. Ачуулана:
-Бирок жейм, мен дагы. - дедим.
- Кантип? - деп келекелей башташты.
- Атам алып келет. - дедим. Каткырышып:
- Атаңбы? Сенин атаң дарбыз алып келе албайт го. - дешти.
- Алат. - дедим өжөрлөнө.  
- Хых, алат имиш. Кайсы акчасына? – деди бири.
- Атам акча таап, бүгүн кечинде чоң дарбыз алып келет. Ошондо жейбиз - дедим.
- Түшүңдөбү? - деп кыт-кыт күлүп басып кетишти. Алар кетээри менен ичимдеги бугум менен жер тепкилеп ыйлап кирдим. Мына ошол учурда жанымда бир адам пайда болду. Ичимдеги бугумдан көчүп тунарып тиги адамды тааный албадым. Элүү-алтымыш чамасында ак сакалдуу адам экен. Башыман сылап:
- Уулум, эмне болду сага, эмнеге ыйлап жатасын? - деди.
- Эчтеме, ыйлаганым жок - дедим.
- Кантип эле, бир себеби бардыр - деп такып сурады. Алгач демигип калганыман:
- Неме, неме, - деп сакоолоп, анан:
- Менин атамы дарбыз ала албайт дешти балдар  - дедим ыйламсырап.
- Алат. Эмнеге ала албасын?! - деп мага ийилип:
- Мени таанып жатасынбы? - деди. Үңүлө карап тааныдым.
- Аа, сиз атамдын досу Бактыбек абасыз да - дедим. Кулуп:
- Баракелде, мына, атымды дагы эстедиң, - деди да, башыман сылады. Сөзүн улап:
- Эсиңдеби, бир жолу паркка бирге барган элек - деди.
- Ммм... - дедим. Бирпаста балдардын шылдыңын унутуп койдум. Анан:
- Мени менен дарбызга барасынбы? - деди.
- Жоок, дарбызды атам алып келет, - деп көгөрдүм
- Албетте, атаң дарбыз алып келет. Бирок азыр мени менен жүрү - деп ары жактагы бир камазды көргөзүп:
- Эстединби, бу камазды? - деди.
- Ооба, бир жолу түштүм эле го - дедим.
- Аа, ушу менен дарбыз алып келебиз азыр - деди.
- Кантип? - дедим чоочулай.
- Эмнеге болбосун? Өзүм дарбыз менен иштеп жатсам, - деди. Ойлонуп:
- Бирок апамдан уруксат алышым керек - дедим.
- Болуптур, баары бир ошол жактан өтөбүз - деп, машинесин биздин үй жакка айдады.  Бактыбек абаны апам көрөөрү менен эле таанып:
- Эки айдан бери көрүнбөйсүң, кайда жүрөсүң? - деп калды. Бактыбек аба мукактана:
- Алыс жакка кеткен элем. Бирок эң сонун сапар... - деп баратып сөздү башкага буруп:       - Макул эмесе, Урматка уруксат бересиңби? - деп апамдан уруксат алып мени кошо ала кетти. Жолдо Бактыбек аба негедир үн-сөзсүз. Машинесин жогорку ылдамдык менен айдап баратты. Бир кезде «бала уурдоо» деген ой оюма келе түштү. Кайра бул Бактыбек абам да, деп өзүмдү алаксытууга аракет кылдым. Бир маалда машина өзү жүрүп, Бактыбек абам уйкуда бараткандай сезилди. Тимеле машинанын ылдамдыгы сыртты көрүүгө мүмкүндүк бербей жаткандай. Коркуп:
- Аба! Аба ! - деп жибердим. Машинаны дароо токтотуп, мени карап ууртунан  жылмайа:  -Эмне болду? Мына келдик - деди. Түшсөк, ар тарапта машина. Базардын ичи жер-жемиш, мөмө-чөмө, дөбө-дөбө дарбыздарга толо экен. Кыска убакыттын ичинде машинага дарбыз жүктөп үйгө кайттык. Бул жолкусунда негедир машинесин жай айдап келатты. Бирок арадан он мүнөт өтүп-өтпөй машинаны токтотту. - Эмне болду ? - дедим.
- Жеттик. Карасам чын эле келгенбиз. Табышмактуусу бир сааттык жолду он мүнөттө басып койгонубуз. Кел эми, түшүп мага жардам бер - деди. Дарбыздарды түшүрүп жаттык, түшүрүп жаттык. Шашкалактап:
- Булар эмнеге ? - дедим.
- Силерге –деди.  
- Бирок аба... дегенче болбой сөөмөйү менен эрдин басып:
- Чушш... Унчукпа! - деп койду. Эшигибиздин алды дарбызга толуп жатып калды. Акырында ал мага кайрылып: - Мага дуба кылып турсаң эле болду - деп машинасын айдап жөнөп кетти. Артынан телмире тиктеп: - Алла ыраазы болсун, аба. - деп кала бердим. Таң калам. Түшүмбү, деп ойлойм. Алдымда үйүлгөн дарбыз. Ары жакта болсо жанагы мени шылдыңдаган балдар айран-таң тиктеп калышкан. Мен да аларды карап табалагандай күлүп койом. Аңгыча апам да жаныма жете келип:
- Уулум бул кимдики ? - деп таңыркай сурап жатты. Эсимди жыйып:
- Биздики. Бактыбек аба бербедиби - дедим. Апам дале ишенип-ишенбей жатты. Ал күнү атам үйгө кеч келди. Мен ага Бактыбек аба тууралуу айтып берем деп күтүп жаткан элем. Үйгө жетип-жетпей эле дарбызды көрүп:
- Ким алып келди бу дарбыздарды ? - деди. Мен болгон ишти болгондой кылып жетине албай айтып бердим. Атам:
- Аа, Бактыбекпи? Бечара досум, - дегенде ыразылыгы жүзүнөн билинип турду.


Түркчөдөн которгон:

Арашан гуманитардык институтунун студенти

А. Кенжекулов

Башына