Биринчи сан

Журналдын биринчи саны

Азирети Умар-ул Фарук

Мазмуну

Азирети Умар улуу көчтөн кырк жыл мурун жарык дүйнөгө келген.
Ал балалык кезин төө кайтарып өткөргөн. Ал күндөрү төөлөрдүн аркасынан ээрчип жүрүп чарчаган убагында бир аз дем алып олтура калса эле атасы аны ураар эле. Азирети Умар халифа болгондон кийин күндөрдүн биринде ошол төө кайтарган жайытынан өтүп бара жатып, көзү жашылданып балалык кезин эстеп:  "Оо, Жараткан Алла! Сен кандай гана улуксуң! Башыман кандай гана кыйынчылыктар өтпөдү. Бул жерлерде төө жайып, сууга чаңкап, бир аз дем алып олтура калсам атамдан жеме угаар элем. Бүгүн болсо минтип мусулмандардын жол башчысы болуп жүрөм" деген экен.
Караңгылык доорунда арап коомчулугунда жаа атууда, күрөштө чебер болуу жана ошондой эле сөзгө чечен болуу өзгөчө ардакталган иштер болуп эсептелген.
Азирети Умар мына ошол күрөштө да, сөзгө да чебер болгон. Умар исламды кабыл алуудан мурун арабдар сөзгө чечен болгондугу үчүн ага элчилик ишин жүктөгөн.


Аз. Умардын мусулман болушу


Азирети Мухаммад (с.а.в.) Пайгамбарыбыз пайгамбар болгон жылы Умар жыйырма жети жашта эле. Умардын кээ бир жакын туугандары Ислам динин кабыл алып, мусулман болушкан эле.
Пайгамбарлыктын алтынчы жылы. Күндөрдүн биринде араптардын тапшырмасы менен Умар Мухаммед пайгамбарды өлтүрмөккө жолго чыкты. Жолдо бара жатып Нуайм ибн Абдуллах аттуу бир мусулманга учурады. Умардын көз карашынан ниети бузук экендигин байкап, кайда бара жаткандыгын сурады.
- Мухаммедди өлтүргөнү - деди Умар тайманбай.  
- Сен биринчи өз туугандарыңды кара! Эжең менен жездең да мусулман болгон - деди Нуайм.
Мындай күтүүсүз сөздү уккан Умар дароо эжесинин үйүн көздөй бет алды. Эжесинин үйүнө жете бергенде эжеси Фатима Куран окуп жаткан эле. Сырттагы дабышты угуп, дароо Курандын баракчаларын жашырды Фатима.
Умар үйгө кирип, саламга да келбей эжесине эмнени окуп жаткандыгын сурады. Фатима коркконунан: "эч нерсе" деп жиберди. Ачууланган Умар кайра-кайра такып сурагандыктан жездеси мусулман болгондуктарын айтты. Бул сөздү өз кулагы менен укканына ишене албай өз жинине өзү уугуп, жездесин уруп жиберди. Фатима күйөөсүнө болушуп арачалаганда Умар ага да кол көтөрдү. Анда Фатима чыдай албай ачуу үн менен:
- Умар, сен эмне кылсан кыл, биз бары бир мусулмандыктан баш тартпайбыз! - деп кыйкырды.
Эжесинин мындай кескин сөздөрүн уккан Умар тынчып:
- Болуптур, ушу окуган нерсеңерди көрсөткүлөчү мага! - деди. Фатима Курандын баракчаларын алып чыгып Умарга сунду. Умар окуй баштады. Ал окуган сүрөө Таха сүрөөсү эле. Аяттарды окуп жатып, андан бир башкача сезимдерди туюп, көзүнөн жаш кеткенин өзү да байкабай калды. Ошентип пайгамбарды өлтүрмөккө жолго чыккан Умар эжесинин үйүнөн  "Ашхаду ан лаа илааха иллаллооху ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расуулуху" деп күбөлүк келмесин келтирип мусулман болду.
Бул учурда Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Сафа тоосунун этегинде жайгашкан Азирети Аркамдын үйүндө эле. Азирети Умар Аркамдын үйүнө барып, эшикти такылдатты. Кутман сахабалар сыртка баш багып, Умардын кылыч менен келгенин айтты. Азирети Хамза аларга Умардын үйгө кире беришин буйрук кылып:
- Жакшы ой-максат менен келсе, кандай сонун болор эле. Эгерде койнунда котур ташы болсо, анда мен анын башын аламын - деди.
Умар ичкери кирди. Пайгамбарыбыз Умарга жакындап:
- Умар эмнеге келдин?! …- деп суроо узатты. Азирети Пайгамбарыбыздын үнү Умарды абдан толкундатып жиберди. Толкунданган Умар үнү калтырап:
- Мусулман болуш үчүн келдим! - деп жооп берди.
Анда Пайгамбарыбыз кубанчынан:
- Аллооху Акбар!...- деп жиберди. Ал жердеги мусулмандар да, Пайгамбарыбызды коштоп бир ооздон "Аллооху Акбар!" деп үйдү жаңырта үн салышты.
Азирети Умардын Ислам динин кабыл алышы мусулмандар үчүн өзүнчө кубаныч болду.  Мусулмандардын саны Азирети Умар менен кыркка жеткен болучу.
Ошентип күндөн-күнгө мусулмандардын көбөйүшү Мекке шаарындагы атка минер Курайш бутпарастарынын жүрөгүн өйүп, өзүнчө чоң көйгөйгө айлана баштады. Өз ара жыйын өткөзүшүп мусулманчылыкты түп тамыры менен жок кылуунун жолдорун ойлонушту. Пайгамбарыбыздын абасы Абу Талибдин көзүнүн тирүүсүндө Курайш уруусу мусулмандарга эч зыян келтире албайт эле. Абу Талибдин көзү өткөндөн кийин ушуну эле көздөп турган Курайштын атка минерлери мусулмандарды ар түрдүү зордук-зомбулуктар менен кордой башташты. Колго түшкөн мусулмандарга ит көрбөгөн кордуктун түрүн көрсөтүштү. Мындай зордук-зомбулук беш-алты жылга созулду. Мусулмандар акыры мындай кордукка туруштук бере албай калышты. Акырында Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мусулмандарга Мединага көчүүгө уруксат берди. Мусулмандар тымызын Мединаны  көздөй журт которо башташты. Азирети Умар жыйырма киши менен чогуу Меккени таштап Мединага карай бет алды.
Азирети Умар  ардактуу Пайгамбарыбыз катышкан бардык казаттарга эч кылчайбастан катышкан.
Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) көзү өткөндөн кийин жакын досу Абу Бакир Сыддык халифа болуп, мусулмандарды эки жыл алты ай башкарды.


Аз. Умардын халифа болуп шайланышы


Азирети Абу Бакир күндөн күнгө оорусу күчөп, ичер суусу түгөнөрүнө көзү жеткенде халифалык милдетин Умарга тапшырды. Азирети Абу Бакир бардык сахабаларды жыйнап :
-Халифалыкка өз жакын туугандарымдан эмес, Азирети Умарды дайындап жатам. Колдойсунарбы? - деди. Анда кутман сахабалар:
-Албетте, ага баш ийебиз – деп Умардын халифалыгын бир ооздон кабылдашты. Ошентип, халифа болуп шайланган Азирети Умар эң алгачкы жолу "амирул муминин" (момундардын башчысы) деген наамга ээ болду.
Азирети Умардын халифалыгы учурунда мусулмандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп, Ислам мамлекети экономикалык жактан да бир кыйла күчкө толду. Азирети Умар Ислам тарыхында өлбөс-өчпөс ариптер менен жазылып калаар ак эмгеги менен чоң иштерди аткарды. Ал элди кара кылды как жарган калыстыгы менен адилеттүү башкара алды. Элди ар дайым ыймандуулукка, ынтымакка, биримдикке чакырды. Анын халифалыгы 10 жыл 6 ай 4 күн сүрдү.


Азирети Умардын шейит болушу


Күндөрдүн биринде шаманизм динин тутунган Фируз деген бир кул эртең мененки багымдат намазына келген эле. Аңгычакты Умар да келип калды. Каадасынча намазга турду. Ушуну эле күтүп турган Фируз Азирети Умарга аркадан кол салып, койнуна жашыра келген бычагы менен удаама-удаа бышактап алып, дароо качканга аракет кылды.  Азирети Умар ошол жерден эле жерге сулап жыгылды. Ал алты жолу бышактаганга жетишиптир. Бирок Фируз көп өтпөй эле кармалып дарга асылды. Кутман сахабалар Умарды (Алла ага ыраазы болсун) дароо үйүнө жеткиришти.  Азирети Умар сахабалардан ким бычактаганын сурады. Алар «Фируз» деп жооп беришти. Анда ал мусулман тарабынан жарадар болбогонуна сүйүнүп, Жараткан Аллага шүгүр келтирди.
Көп өтпөй улуу көчтүн 43-жылы 63 жаш курагында ал дагы бул дүйнө менен кош айтышты. Сөөгү сүйүктүү Пайгамбарыбыздын кабырына жанаша коюлду. Жараткан Алла аны да Өз Мээримине бөлөсүн! Оомийин!

Зайдинов Азат.

Башына