Биринчи сан

Маек
Мазмуну
Атактуу жазуучубуз Чынгыз Айтматов башында турган Борбордук Азия элдеринин Эл-аралыкмаданият ассамблеясы аттуу коомдук уюмдун кезектеги жыйыны Бишкекшаарында өттү. Анын жүрүшү, анын тегерегинде болгон сөздөртууралуу басма сөздөрдө ар кыл пикирлер айтылууда. ошону улантуу максатында «КМ» кабарчысы Кемел Белеков маданий жана коомдук ишмерСалижан Жигитовду сөзгө тартты.
АЙТМАТОВ ДА КАРЫДЫ ...
КАРЫГА МАКТОО ЖАРАШАТ!
К.Б. –Мен алыстан байкап турдум: сиз жыйындын эң биринчи катарында отуруп алып, дегеле кызыл диплом алам деп күн мурунтан мүдөөлөгөнстудент өңдөнүпсүйлөгөндөрдүн сөзүн жазып аттыңыз жөнөкөй эле бир жыйынга мынча дилгирленип калганыңызга жол болсун?
С.Ж.-Мен азыр Кыргызстандын маданий турмушунун ал-абалын, тенденцяларын анча-мынчаизлдемиш болуп жүрөм. Конференцяга чакырган кагазда ошо мен кызыккан талкуулана турганы жазалаптыр. Төркистандын интелектуалдарынан азыркы маданий өнүгүшкөтиешелүү жаңы маалматтар алып, жаңы ойлор эшитемби деп ал жыйынга барып калганмын.
К.Б.- Үмүтүңүз аткарылдыбы?
С.Ж. –Баарыңар угуп отурбадыңарбы, конференциянын күн тартибине эки маселе коюлган экен, биринчиси-Борбордук Азия элдеринин рухий маданиятынынжаңы шарттардагы абалы, экинчиси- ушул эле региондо адабият чыгармаларын өз ара которушуу проблемалары. Чогулушту кириш сөз менен ачкан Чынгыз Төрөкуловичтен, ошондой эле куттуктап чыккан М. К.Жангарачевадан башка 14 киши сүйлөдү. /зүбүздүн китеп чыгаруу жагынан бизнесмен, кайсы бир коомдук академиянын академиги Рустам Рахманалиевден бөлөгүкүн тартибине коюлган эки маселеге тиешелүүэчтеме айткан жок. Ар ким трибунага чыгып, өз билгенин божурап түшө берди. Түштөн кийин чогулушту башкарган атактуу өзбек жазуучубуз Адыл Яакубов: «/зүбүздүн темага кайрылбайлыбы!»-деп сунуш айтты. Бул сунушка алиги Рустамк академик гана кулак салды, калгандары талкууга койулган маселеге дегеле коошпогон бирдемелердисүйлөп жатып алды.Бу жыйынга келген делегаттардын сүйлөгөндөрү атайын даярданып келген эмес окшойт. «биз укмуш интелектуалдарбыз, ал эми залга өңчөй дөдөйлөр чогулат, биз эмне десек алар баарын өтө жаңылык катары кабыл алып маашыркана берет»-деп ойлошкон го сыягы.
К.Б. –Ал эми экинчи маселе адабий чыгармаларды өз ара которушуу пролемасы жөнүндө эч ким эчтеме деген жок го?
С. Ж. –Конференцяганакта кыргызча камыга көрүлгөн экен. Ойлонулбай, эсептелинбей акыл калчанбай. Арийне, азыр /збекстан менен Казакстандан биз кабарсызбыз.Маселен, бизге казакча, өзбекче газата , журналдар келбейт, телерадио трансляция кылынбайт, жада калса респубиликалардынулуттук китепканалары бирибиринин прессасын, ар кыл китептерин, өзгөчө илимий эмгектерин албайт. Борбродук Азияда өз ара инфармация алмашуу таптакыр үзүлгөн. Бишкекте өзбече, казакча,тажикче, кыргызча, Алматада кыргызча, өзбекче китептер сатылбайт. Биз болсок жок эле дегенде Чынгыз Айтматовдун мектеп прогрммаларына кирген чыгармаларынжаш муундар үчүн кайра басып чыгарганга жарабай турабыз. Ал-абал ушундай болсо, бири бирибиздин адабий чыгармаларыбыздыды которуу аклга сыйбаган маселе, мнеимче, өз ара которушуутуурасында маселе конференциянын күн тартибине кыргызча «жөн эле»киргизилип коюлган.
К.Б. –Эми конкркетүү суроолор берейин. Чынгыз Айтматов өз сөзүндөушу маданият ассамблеясын айтылуу «Рим кулубу»сыяктуу Борбродук Азия интелектуалдарынын форумуна айландырабыз дебедиби. Сиз буга кандай карайсыз?
С.Ж. –Албетте, антип айтканы –жакшытилек, илгери үмүмт. «Рим кулубун»европалык интелектуалдар курган эмеспи. Борбордук Азиядан ошондой интелектуалдар табылса, Чыкемин айтканы чынга чыгышы мүмкүн. БирокАссамблеяныназыркы жыйынында сүйлөгөндөрдүн Борбордук Азиянын орток тагдырына тиешелүү проблемаларды козгоп, оргиналдууидеаларды чыгаратурган түрү жок. Эгер бул уюмга олуттуу илимпоздор кошулса, анан алар чындап интелектуалдык кара жумуш жасай алса, Чынгыз Төрөкуловичтин тилеги белгилүү өлчөмдө орундалып калышы ыктымал. Баса, Ассамблея өзбек журтташыбыз Ислам Абдуганиевичтин «Түркистан- ортокүйүбүз» деген ураанынын алкагында курулган эмеспи. Демек, анын милдети – Борбордук Азия калктарын маданият жактан бири бирине жакындаштыруу. Албетте, бул- алыс мүдөө.
К . Б –Чынгыз Төрөкуловичтин айрым кыргыз гезиттерин «мутанттар»деп атаганы басма сөз беттеринде терс таасир туудурду. Муну сиз кандай жоруй аласыз?
С.Ж-Чыкеңе тапанданып тийишкен кыргызча эки эле гезит бар:- «Асаба», экинчиси «Маданият». Демек , «мутанттардын»дареги дайын эле.
Арийне, ар кандай адам сындалып калса чычалабай койбойт.Ошондуктан Чыкеңдин чычалашы закон ченемдүү. Анын үстүнө а киши совет доорунда макталып гана жүрбөдүбү.КПСС аны өзүнүн алпештеп өстүргөн бел баласы санап,адресине сын айттырган эмес, ал кезде айтылгандай, сын зоонасынан тышкары калтырган. Эми эсил кайран КПСС жок. Россияда да Кыргызстанда да буржуазялык шекили бар бийлик. Цензууранын түбүнө жеткен, басма сөздү эркин агытып ийген, кер ооз журналистерге алы жетпей калган бийлик. Кайра куруу маалында Чыңгыз Төрөкулович Москвалык чилистендер менен бирге ушндай бийлик, ушундай сөз эркиндиги, ушундай ачык коом үчүн арстандыкындай айбат менен күрөшкөн эмес беле. Ошондо көпчүлүк интелегенттер көксөгөн буржуазиялык мынакей келип берди.
Арийне, мындай коомдо талкууланбаган, сынга алынбаган, көрмөксөнгө салынып айтылбаган нерсе, жорук-жосун, киши болбойт.
Ошол ачык коомдун элементтери барынан кийинки жылдары Чыңгыз Төрөкулович Россияда да, Кыргызстанда да сынга алына баштадыго. Ал Россия үчүн башта эле асыранды эле, эми өгөй болду.Ал эми айрым кыргыздар ага «ит уялашынан коркпойт»дегенчелик кылып асылып кирди шекилдүү.Мунун башкы себеби эмнеде? Менимче кыргыз билимдүүлөрү, айрыкча борбор шаарга байырлагандары Чыңгыз Төрөкуловичтин чыныгы эл күйөрманы болушун, дайыма калыс кеп сөз айтышын, ар кандай масаледе демократиялык позицияда турушун, бийик маралдын прициптер алкагында жүрүшүн, а түгүл азыркы бийликке анча мынча кыр көрсөтүп коюшун көргүлөрү келет. Тек а киши мамилекеттик алпешке, урмат-сыйга комфотко жедеп көнгөн экен, ар кандай бийликтен кызматташа бермей адатынан кутула албай келет, анан да көр оокаттын айынан, өзүнчө оругуп чыкканга жарабаган бала-чакасын , тууган-туушкандарын, жан-жөкөрлөрүн колдо кубаттоо, дурус кызматтарга илештирүү, далбасасынан өзүн көпчүлүк күткөндөй, билимдүү журтчулук көксөгөндөй алып жүралбай жатат.Экинчиден, Чыкең акыркы он жылда кескин өзгөргөн кыргыз коомунан, анын реалдуу ал абалынан жана проблемаларынан ажырап калып,з макалаларында. берген интервьюларында, жария айтылган кеп сөздөрүндө эли журтунун көкөйүндө, тилинин учунда, көңүл түпкүрүндө,турган мүдөөлөрдү, ой пикирлерди, сезим туйгуларды,баштагы адатынча чачыратып таасирленткидей айталбай жүрөт. Ушундай себептер Чыңгыз Төрөкуловичтин наамына көлөкө түшүрүү аракеттерин туудуруп жатабы деп ойлойм.
Жеке мен өзүм Чыңгыз Төрөкуловичке майдалап асылуу далалаттарына, анын кадырын пастатуу далбасаларына каршымын. Кантсе да а киши улуттук адабиятты эвропалык деңгелге көкөлөткөн улуу жазуучу, өз элин алыска тааныткан үлкөн инса.Анын короосуна майда чоң таш ыргыткан ушул кащкайган чындыкты унутпай ыргыткан жакшы.
Экинчиден,Чыкең деле карылыкка баш коюп калды. Ал эми жашамал адамга ар кандай сын катуу тиет. Чын-чычынына келгенде, карыялар сынга эмес, мактоого көбүрөөк муктаж.
Мен ошондой эле Чыңгыз Төрөкуловичти «Айтматов Академиясы» «Айтматов Кулубу» «Айтматов Сыйлыг» дегендей примитивдүү уюмдар, олдоксон айла-амалдар менен ыйык жанга айландыруу далбасаларына да иренжүү менен карайм. «Ырысы жок элдин ыйыгы көп»дегендей, кыргызда ансыз деле эки эпостун бирөө, төрт жамакчынын үчөө, он кокту баатырынын алтоо ыйык болуп алды. Ыйыктарга жутаган жерибиз жок. Бир жаман жери: Ыйыктык даражасына көтөрүлгөн нерсе эки юуттуу мителердин уюгуна айланат. Мисалы, Оштогу Сулайман тоо мазарына, «Манас»эпосу жабышкан мителери сыяктуу.
Баса,Чыкеңе сын айтып асылуу менен аны ыйык кылуу далбасалары-бир эле медалдын эки тарабы.Балким, бул эки көрүнүш бирин бири туудуруп же шарттап жаткандыр?
К.Б-Казакстандын биздеги Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мухтар Шаханов өз сөзүндө Түркмөнбашы сыяктуу элин өз зоболосуна сыйындырган жолбашчыларды ашкерелеп туруу зарылчылыгын айтпадыбы. Бу пикир да айрым басылмаларда шакаба маанай туудурду. Сиздин буга карата мамилеңиз кандай?
С.Ж.-Андай түпкүлүгүндө туура эле пикирди Мухтар экөөбүздүкүндөй жамандыр жакшыдыр дипломатиялык рангы жок бир эргулга, маселен, менин досум Мар Байжиеровге айттырып койсо, балким,жөндүү болор беле? Ма- дипламат эмес, жай жжүргөн эле бир пенде, ага эмне шам(арусча айтканда какой спросс него?)Түркмөнбашыны жерден алып көргө салса да «демакратия аралында» өөн учурабайт болчу.
К.Б.-Ассамбилеячылар акчабыз жок, /збекстан өз өлөшөн кошту, атүгүл араңжан Тажикстан үлүш кошкондо кур калган жок,казакстан менен Кыргызстан гана сараңдык ыклып жатат деп наалышты, өз каражатыбыз жогунан ушу жыйындын чыгымын бир каракалпак бизнесмен, бир бай кыргыз көтөрдү деп жар салышты. Бирок биз ишенчиликтүү булактан билдик,ушул жыйынды өткөрөбүз деп тигилер өкмөттөн 100 миң сомжулуп алышыптыр. Сиз буга эмне дейсиз?
С.Ж.-Менин угушума караганда, акча алиги Ассамблеянын Кыргыз кеңеши (филиалы)дегенге (ч-казат Акматович) берилген имиш.Ар кыл коомдук же граждандык (мамилекетке тиешесиз!)структураларды өкмөт бюжетинен азыктанмай адаты биздеги ашмалтай иш эмеспи.Маселен,элдин ыктыярдуу кайыр-садагаларнын эсебинен күн көрүп,иш жүргүзүүгө милдеттүү «Кыргыз тил коому» «Эне тил ордосу», палан-түкүндегендей кодура уюшмалар миллиондогон рублдерди бюджеттен жулуп алып, жеп кеткен турбайбы. Алардын жанында 100 миң сом көзгө деле көрүнбөйт, атайын сөз кылганга деле арзыбайт. баса, силердин гезит эмнеге эле ар кандай форумдарга канча чыгым кетерин эсептеп , өз акчасы короп жаткандай бөйпөйпайга түшө баштады? «Байдын ашын байкуш айтат» болуп аткан жоксуңарбы?
К.Б.-Болсок болгондурбуз. Бирок элге калп эле бюджеттен «бир сом албайбыз»деп айтышып, ищ жүзүндө олчойгон суммадагы акчаны тымызын өкмөттөн кымырып алып жатышса, аттуу –баштуу эле кишилердин сөздөрү менен иштери эки ача чыкканына унчукпай коюу мүмкүнбү?
С.Ж.-Бул айтканыңар- темага кыйыр тиешеси бар маселе. Конференциянын мазмун-формасына байланыштуу жеке оюңуз кандай, айтып бериңиз деп ачкенедей асылдыңар, айтып беримиш болдум. Гезитиңерге жариялоого ошол айткандарым эле арзыйт. Конференциягабы же Чыңгыз Төрөкуловичкеби, айтоор , бирөөгө дооңор болсо, өзүңөр доолап алгыла.
К.Б.- Моюн толгоп жатып болсо да анча-мынча чечилип бердиңиз, ыракмат.