Биринчи сан

Журналдын биринчи саны

Айт-майрам

Мазмуну


Бүткүл дүйнө жана аалам тынымсыз өзгөрүү менен өмүрүн улоо касиетине ээ. Бул чындык ааламдагы табият мыйзамдары, же кубулуштары аркылуу жүзөгө ашаары жалпыга маалым. Толуп-ташуу менен кагырап-какшуунун ортосунда өзгөрүп турган бул жашоодо жылаңач, бозоргон куз күндөрү менен анын артынан келип, бүткүл жан-жаныбарды өз ызгаарына алган кыш чилдеси да, ошону менен катар табигатка өз жылуулугун, мээримин, көркүн жана кутун чачкан көктөм да бар.
Адамзат жашоосу да ушул өзгөрмөлүү агымдан сырт боло албагандыктан, миң бир түрдүү оош-кыйыштарга күбө... Жаңы төрөлгөн ымыркайдын алгачкы жашоосу анын баркыраган ыйы менен башталат.  Акындардын бири бул жагдай жөнүндө мындай дейт:


Сен энеңден төрөлгөндө, ыйлап келдиң,
Бирок дүйнө күлүп тосту астыңдан.
Өмүр сүргүн: сен өлгөндө күлүп кетип,
Ыйлап калсын бүткүл аалам артыңдан!

Бул өмүр башынан аягына чейин бакты-таалай, кубаныч менен бирге кайгы-муңга курчалган. Бул багытта,
"Кантип келсе, дал ошентип кетет баары,
Кубанычың, кайгы-капаң, санааң дагы..." - деген сөз эл оозунда калган. Ушундан улам адам өмүрүнө өкүмдүк кылган бул көрүнүш руханий көсөм-аалымдар тарабынан сарсанаанын, көйгөйдүн басымдуулугу катары кабыл алынат. Ырас, жашоодо кубанычтуу, шаттык өкүм сүргөн күндөр да болот. Алардын бири – айт-майрам күндөр.


Бул жашоодо кертбаштык жана коомдук факторлордун кээ бири напсилик, кээ бири болсо руханий сезимдерди ойготот. Айт күндөрү руханий сезимдерди ойготкон жалпы фактор. Ал адамдагы достук, бир туугандык сезимдерди арттырып, мээрмандык, жароокердик, айкөлдүк сыяктуу сезимдерди жандандырат. Андыктан айт-майрамдын эң мыкты таризде белгилениши достук жана туугандык карым-катнашты чыңдоо менен колунда жок, бей-бечара, жарды-жалчы, жетим-жесир жана оору-сыркоолорго кол сунуп, алардын көңүлүн көтөрүү аркылуу жүзөгө ашат. Досторуна, жакындарына жана кыйналган, оор абалдагы туугандарына арка салып, жуз үйрүгөндөр чыныгы майрамдык маанайдын, кубанычтын жытын сезе алышпайт. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) куттуу хадистеринин биринде мындай дейт:
"Парздарды орундоодон кийинки Алланын эң жакшы көргөн - мусулмандын мусулман боордошуна кубаныч тартуулашы." (Суюти, Жамиус-Сагир, I,11)


Анткени айттар - чыныгы ыйман боордоштугун чагылдырган жана өлүмдүн ары жагындагы шаңдуу күндөрдөн айрым сүртүмдөр.
Андыктан ал күндөрү санаалуунун санаасын басып, анын көңүлүн көтөрүп майрамдык сезимдерде болушубуз абзел. Мына ушундай майрамдар гана пенденин өзүн да, башкаларды да кубаныч-шаттыкка бөлөйт.


Себеби айт-майрамдар жеке инсандык эле эмес, жалпы коомчулуктун кубанчы. Ичтеги толкундоону башкалар менен бөлүшүү, бүткүл мусулмандарга карата чын жүрөктөн бир туугандык сезимде болуу.
Биз бул күндөр канаты сынган куш сымал алсыз, көңүлү чөккөн, маанайы төмөн адамдарга эмне тартуулай алабыз?


Азирети Мавляна (куддиса сиррух) мындай адамдарга өтө аяр мамиле кылуу керектигин айтат:
"Сен маани бербей, саман-чөп деп ойлогон адамдын көңүлү бардык нерседен жогору турат.
Жандүйнө - Алла назар салган жер. Эң көп казына жер алдына чөккөн урандыларда жаткандай, Алланын казыналары чөгүңкү көңүлдөрдө катылуу. Жандүйнөнү жараткан Алла кандай гана улук, кандай гана кудуреттүү!"
Майрам тек эс алуу, же жекече көңүл ачуу гана эмес, жалпыга карата сүйүү, жароокердик, мээрим сыяктуу жаркылдаган адамдык туюмдардын коомду көрктөп-аземдеши экенин эстен чыгарбоо керек.
Майрам – бул чоң-кичине, оору-соо, бай-кедейлердин ортоктош кубанычы. Андыктан айт-майрам Жараткан үчүн бардык макулуктарды сүйүүгө, аларга жылуу мамиледе болууга, кам көрүүгө өбөлгө түзүшү керек.


Айт күнү багар-көрөрү жокторду, бей-бечараларды, кедей-кембагалдарды кубантуу менен башталышы зарыл. Куттуу хадиске ылайык айт-майрам күнү жардамга, мээримге көбүрөөк муктаж болгон маркумдарыбыздын рухтарына Куран окуу менен башталганы дурус. Муну менен маркумдар менен тирүүлөрдүн кусалары жазылып, тирүүлөр маркумдардын алдындагы карыздарын өтөшөт. Биз азыр маркумдарды эскергенибиздей эле, бир күнү биз да дал ушундай тирүүлөр тарабынан эскериле турганыбызды унутпай жүргөнүбүз абзел. Биздин ата-бабаларыбыз жашоонун маанисин аңдап, ибарат-сабак алыш үчүн көрүстөндөргө негизинен жолдун боюнан жер бөлүшкөн.
Пайгамбарыбыз да (саллаллоху алейхи васаллам) сахабаларынан:
"Сахабаларым! Бүгүн жок дегенде бир жетимдин жүзүнө жылмайуу тартуулай алдыңарбы? Бир оорукчанды барып, ал-акыбалын сурап көрдүңөрбү?..." деп сурай турган.
Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) бул суроолору өзгөчө айт-майрам күндөрү жоопсуз калбашы керек.


Балдарыбыз - биздин келечегибиз. Айт күндөрү аларга көңүл бөлүп, милдеттерибизди аткаруубуз эртеңки күндүн пайдубалын бекем түптөө дегенди билдирет. Ааламга мээрим катары жиберилген Алланын Элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) бир күнү мечиттен үйүнө кайтып келе жатып, жолдо ойноп жаткан балдарды жана алардан окчунураак бир бурчта бир бала турганын көрөт.  Дароо аны көздөй басып келип жан-дүйнөнү жылыткан жылмаюсу менен:
- Балакай, досторуң менен ойнобой эмне турасың? - деп сурайт.
Бала көзү жашылданып:


- Менин атам каза болуп калган! Менин ойной турган бир тууганым жок!.. - деп жооп берет.
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) баланын башынан сылап, жанындагы небереси Азирети Хасанды көргөзүп:
- Сен Хасандын бир тууганы болгуң келеби? - дейт.
Муну уккан баланын жүзүнө дароо кулку келип, кубана түшөт.


Ошентип Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) кичине балага да өзгөчө маани берип, аларга сүйүү, мээримдүүлүк жана жароокерлик менен мамиле жасай турган.
Бул жалган жашоону майрамга айланткан даанышмандык сыры - бул, бекем ыйманга ээ болуу менен ага ылайык ибадат кылуу сезими. Ибадат, такбир, зикир жана коомчулуктун өз ара жардамдашуулары, өзгөчө, бей-бечарага кол сунган көңүлдөр менен кооздолгон ар бир айт - өлүмдөн кийинки кубанычтуу күндөрдүн жаркыган жылдыздары.
Башкача айтканда, айт - Рамазандын кадырын толук билгендер, бул куттуу мезгилди Алла Тааланын буйруктарына ылайык өткөргөндөр, түбөлүк жыргалчылыктарды жалган лаззаттардан жогору койгондор жана акыреттик кубанычты дүйнөлүк жыргалдарга алмашпагандарга Жараткан Алланын көрсөткөн сыйы.


Бул өңүттөн алып караганда, айт – бул руханий жеңиштин жана акыреттик жетишкендиктин коомчулук тарабынан белгилениши. Андыктан айт-майрам жеке кишинин эмес, жалпы элдин кубанычы. Жараткан Аллага шүгүр келтирүүнүн белгиси болгон айт намазы да жалгыз эмес, жамаат менен окулат. Момун-мусулмандар айт күндөрү диний сезимдерине жана сүйүүлөрүнө жараша береке-кут табат.
Булардан сырткары кадыр түндүн берекеси менен жандүйнөсүн аруулаган инсандар сезген руханий лаззаттар да бар. Аны калем же сөз менен жеткирүү берүү мүмкүн эмес. Бул бакыттын даамын таза, аруу жүрөк менен гана татууга болот. Аяттардын биринде:
"Ал күнү байлык да, бала-чака да пайда бербейт. Аллага аруу жүрөк менен келгендер гана пайда табат!" (Шуара: 88-89) - деп айтылып, дүйнөдө тапкан мал-мүлктүн, бала-бакыранын акыретте эч кандай пайда бербей турганы, акыреттеги бакты-таалайдын себепкери бир гана аруу жүрөк экени эскертилген.


Азирети Бехлул Дана айт-майрамга төмөнкүчө аныктама берген:
"Айт-майрам жаңы көйнөктөрдү кийүү эмес. Ал - Алланын азабынан кутулууга жетүү, коопсуздукту жана саламаттыкты камсыз кылган мээримдин жүзөгө ашышы.
Майрам жакшы унааларга минүү эмес. Ал – күнөөлөрдөн арылуу, напсини аруулоо жана Алланын алдына жарык жүз менен алпара турган "аруу жүрөккө" ээ болуу."


Ошондуктан айттын чыныгы мааниси ар бир адамдын жан-дүйнөсүнө жараша сезилет. Жан-дүйнө канчалык таза болсо, айт-майрам да ошончолук кулпуруп көркүнө чыгат.
Тилекке каршы, бүгүнкү күнү элибиздин береги айт-майрамдын береке-кутунан пайдалана албашы жанды кейитет. Көбү айтты эс алуу деп ойлоп, саякатка чыгышат. Исламдын негизинен оолактоонун табигый натыйжасы болгон бул терс көрүнүштү жоюп, айт-майрамдарды чыныгы маанисинде майрамдоого аракет кылуу керек.
Айт күндөрү жабыркаган жандүйнөгө жаназык тартуулган жандар кандай гана бактылуу!


Осман Нури Топбаш

Башына