Биринчи сан

Журналдын биринчи саны

Беш айда каары болгон кыз менен маек

Мазмуну

(репортаж: Халие Демирэшик)


"Азиз Махмуд Худайи кыздар үчүн Куран курсунун" окуучуларынын ичинен кыргыз каары кыз (Куранды толугу менен жаттап бүтүргөн) 2005-жылдын сентябрь айында уюштурулган карылык жарышында Стамбул биринчилигин, андан кийин Туркия биринчилигин жеңип алды. Бул кыз Куран-ы Каримди беш жарым айда жаттап бүтүргөн. "Худайи" курсу тарабынан уаштурулган аземде Умранийе районунун казысы тарабынан ага баалуу белектер тапшырылды. Азем учурунда "Азиз Махмуд Худайи" фондунун мүдүрү Хасан Камил Йылмаз мырза, Кыргызстанга келгендеги башынан өткөн бир окуяны айтып берди:


«Кыйын шарттарда Куранды толугу менен жаттаган бир каарыдан динге тыйуу салынган доордо кантип каары болгонун сураганымда ал минтип жооп берди: "Атам шахтер болуп иштечү. Бой жетип ишке жарап калганымда атам башчысынан: "Уулума да мени менен иштешине уруксат бергиле. Мага жардамчы болсун. Мен өзүм ага үйрөтөйүн" - деп сураган экен, алар каршы болбоптур. Ошентип, жердин астында атам бир аят окуйт, мен кайталайм. Мен окусам атам кайталап жүрүп Куранды жаттадым. Көп өтпөй дин менен алектенгеним үчүн он үч жылга түрмөгө кеттим. Ал жерде да бөлмөнүн ичинде жалгыз Куран окуйм, дубалдар угат. Алардан жаңырганын мен угам. Ошентип, жаттаган Куранымды унутуп калбаш үчүн кайталап жүрдүм"  Мен Ыйык Куранга жогоруда айтылган ыкма менен да ээ болгон бир улуттан көптөгөн жылдыздардын чыгышына ишенген элем. Ошондуктан бул жарышта биринчи болгон окуучунун кыргыз экенине таң калганым жок»
Эми кезекти каары кыз менен болгон маегибизге орун бермекчибиз.


- Маегибизди алгач сиз менен таанышуудан баштасак. Бизге өзүңүз жөнүндө, үйб-бүлөңүз тууралуу, кандай чөйрөдө чонойгонунуз жөнүндө сөз кылсаныз.


- Мен Максатбек кызы Жылдыз. Кыргызстандын Нарын шаарында 1985-жылы төрөлгөм.  Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз. Мектепти аяктаган соң университетке экзамен тапшырып анын жыйынтыгын күтүп жүргөм. Таякем муфтиятта иштейт эле. Аны көргөнү барганымда, эшигинде жазылган жарыяга көзүм түшүп калды. Ал жарыяда Туркиядагы Куран курсуна сынак аркылуу окуучу алына тургандыгы жазылыптыр. Аны окугандан кийин Туркияга кызыгуу пайда болду. Экзаменге кирип өтүп кеттим. Ата-энем аркылуу мурда динден кабардар болгонум үчүн бул экзамен мен үчүн кыйын болгон жок. Экзаменден өткөндөн кийин Туркияга барайын десем, ата - энем адегенде каршы чыгышты. Университетте окушумду каалап жатышкан. Аларга бир эле жылга барам деп жатып макулдугун алып, Туркияга келдим.


-Туркияга келерден мурда эмнелерди күттүңүз эле, сиз кандай айрымачылыктарды байкай алдыныз?


-Биз жашаган жерде эч кандай Куран курсу жок. Ошондуктан бул жерге келээрден мурда өтө кызыктым, кандай жер болду экен деп. Келгенимде аябай таң калганмын. Досторумдун көпчүлүгү мен сыяктуу эле болчу. Алардын баары бул жерге келгенден кийин жоолук салынып, жамынышты. Башкача айтканда, жаңы жашоолорун ушул жерден башташты. Курска келгенимде аябай таң калдым. Анткени бул жер менин кыялымдагы жер болчу.  Университетке өткөндөй эле болдум. Мурда келген кыргыз кыздар менен бирге жүрүп алардын жардамы менен тез эле көнүшүп кеттик. Бул жер келгендин баарын өзүнө тартат.


-Биринчи Куран сабагын кайсыл жерде, кимден алдыныз эле?


-Биринчи жолу ушул жерден Кубра Хажар эжейден үйрөндүм.


-Туркияда Куран жаттоо, үйрөнүү кыйын деген сөздөр айтылат. Кыргызстандык мусулман катары сиз, Куран жаттаганга чейин ушул жөнүндө ойлондуңуз беле?


-Куран жаттап жатканда кыйынчылык сезген жокмун. Анткени, эжейибиз Куранды жаттатуудан мурда Куранга болгон сүйүүбүздү күчөттү. Куран сабагын бизге өзгөчө усул ыкма менен өттү. Аяттарды окуганыбызда эжейибиз бизге түшүндүрүп берчү. Ошол эле учурда пайгамбарлардын өмүр таржымалдары менен тааныштык. Ырайымдуулук аяттары окулганда чыйралып, акырет аяттары окулса кайгырат элек. Барыбыз Куранга ашык болгон элек. Менин оюмча мындай, эл арасында айтылган сөздөрдү адамдын өзү жеңип өтүшү керек. Бир гана Аллага ишенүү керек.


- Качан каарылыкка (Куран жаттоого) баштап, качан бүтүрдүңүз?


- Курска биринчи келгенибизде карылык жамааты уюштурулду. Түрк тилин үйрөнө элек болчубуз. Бирок бул жамааттын руханиятынан, каарылардын таза кийинүүсүнөн, кыймыл-аракеттеринен аябай таасирлендим. Ошол замат каары болууну чечтим. Ал жерде Абдуллах бин Масуддун өмүрүн пьеса кылып көрсөтүштү. Абдуллах бин Масуддун Куранды коргоп калышы мендеги Куранга болгон сүйүүмдүн күч алышына себеп болду. Ошондон баштап Куранга өзүмдү арнадым. 2004-жылдын 16-сентябрынан баштап каарылыкка баштадым. Алла Тааламдын жардамы менен беш жарым айда Куранды толугу менен жаттап бүтүрдүм. Буга өзүм да ишене алган жокмун. "Кантип мунун баарын жаттап бүтүрдүм" деп. Албетте, мунун баары Раббимдин берген өзүнчө ыроосу. Мындай шыктын менде бар экенине, каарылыкка баштаганымда түшүндүм. Бирок он бешинчи паранын үчүнчү бетинен бир аз кыйналдым. Таң калган нерсем: башка каарылар кыйналбай жаттаган беттеринде кыйналып, алар кыйынчылык менен жаттаган беттеринде кыйналбай жаттаганым. Биринчи каарылыкка баштаганымда: "сен алыс жерден келдиң, бейтаанышсың, кыйналасың, каникулга чыкпайсың..." деген сөздөр болду. Булардын эч бирине кулак салбадым. Анткени мен Куран жаттоону аябай каалап жаткам. Оюма ушул жерден каары болуп чыккан дагестандык Фатима келди, бирок ал мамлекетине баргандан кийин көп өтпөй көз  жумган экен. Ал деле мага окшош чет өлкөдөн келген кыз болчу. Мен да өзүмө-өзүм "сен да муну кыла аласын" деп өзүмдү шыктандырып жаттым. Каары болом дегендердин баарына айтарым, эгер максатынарга жетүүнү кааласанар, ниетиңерге бекем тургула. Билсеңиздер керек, бир журналга жарыяланган болчу; бакаларды жарыштырганда айланасындагы кыйкырыктардан улам коркуп калып калышат. Арасынан бирөө женип чыгат. Ал жеңип чыккандын да кулагы укпайт экен. Биз ошолордой болбошубуз керек. Дүлөй бакадай болуп тоскоол боло турган нерселерге эч кулак салбашыбыз керек. Бул го бака жарышы экен. А эгер Алланын сөзү боло турган болсо, дагы да ыкчам аракет кылышыбыз керек.


-Биринчи Стамбул, андан кийин Туркия боюнча уюштурулган Куран курстары аралык болуп өткөн Куран окуу (карылык) жарышында биринчи болдунуз. Бул жарыштарга кантип даярдандыңыз? Канча адамдын арасынан бул даражага ээ болдуңуз? Кыскасы жарыш жөнүндө бизге маалымат берсеңиз?


-Каарылыкты бүтүргөндөн кийин муфтияттын экзаменине кирдик. "Худайи" курсунан мени менен бирге төрт окуучу алдыңкы орунга ээ болду. Бизден башка "Ьейхли Туба" курсунан бир кыз орунга илешиптир. "Худайи" алдыда. Эртеси, үчөө биздин курстан бирөө башка курстан болуп беш окуучудан турган Стамбул боюнча уюштурулган жарыш башталды. Алланын жардамы менен ал жерде биринчи болдум. 7-сентябда болгон тандоо экзаменине катыштым. Ал жерде он үч каары элек. Алардын ичинен алтоо тандалды. Кийинчерээк 2-октябрда Пендик деген шаарда алты кишиден турган жарышта да, кудайга шүгүр, Туркия боюнча биринчи орунду алдым.


-Жарыш болуп жатканда толкундандыңызбы?


-Алхамдулилла, андай нерсе болгон жок. Ал жерге барганда толкунданып өзүмдү кармай албасам, Алла тааланын алдына барганда эмне кылам деп ойлондум. Бул жарышта толкунданууга орун жок экенине, бул жарыштын жеңүүчүсү болушума өзүмдү ишендирдим.


-Биринчи болгонуңузда өзүңүздү кандай сездиңиз?


-Аябай сүйүндүм. Кайра өзүмөн чоң жоопкерчилик сездим. Алла мага өтө чоң ыроо берди. Адамдар каарылардан көп жакшы нерселерди күтөт. Биринчи болдум, бирок менден да көп нерселерди күтүшөт. Ачыкчасы ушул нерсе мени бир аз чоочутту.


-Бул ийгилигиңиз өз өлкөңүздө да угулган болсо керек. Алар бул ийгилигиңиз жөнүндө укканда эмне дешти?


-Апам укканда аябай сүйүнгөндүгүн, Кыргызстандан биринчи жолу чыкканым үчүн аябай сыймыктанышканын айтышты.


-Куран-ы карим Алла Элчисине 23 жыл аралыгында түшүрүлдү. Адам баласын туура жолго багыттаган өзүнчө нур болду. Куран сага кандай жол көрсөттү? Кандай из-таасир калтырды?


-Куран менин жашоомду көркүнө чыгарган шамчырак. Каарылыкта жүргөн жылымды башка эч кайсы жылга алмаштырбайм. Бул жыл мен үчүн өтө пайдалуу өзгөчө жыл болду. Себеби, Алла таала мага өз сөзүн аманат катары белек кылды. Курандан көп нерсени үйрөндүм. Сабырдуулук, жоомарттык, ырайымдуулук ж.б. Куран-ы Каримден өзүмдүн ким экенимди тааныдым, жашоонун маанисин түшүндүм. Бизге билдирбей Куран бизди тарбиялайт. Аяттарды окуган сайын Алла бизге ошол аяттар менен жашоого аракеттендирет. Каары болуу менен бирге өзүмө чыныгы дос таптым!... Кайгылуу күндөрүмдө мени таштап кетпеген жалгыз досум - Куран болду. Мени дайыма, ар түрдүү маселеде баалуу кеңештер берген досум.
-Эми мындан кийин кандай пландарыныз бар?
-Буйруса ушул жолдо окуумду улантып, Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын жалпы үммөтү үчүн жана бүтүндөй адам баласына пайдалуу кызмат кылууну калайм.


Энеси менен болгон маек


-Кызыңызды кандай ниетте Туркияга жөнөттүңүз эле?
-Төрт баланын энесимин. Кудайга шугур, баары тең акылдуу болуп чонойду. Жолдошум экөөбүз балдарыбыздын адептүү, ыймандуу, илимдуу болушун Алладан тилейт элек. Жылдыз мектепти ийгиликтүү аяктаганы үчүн аны медициналык окуу жайга окуусун каалаган элем. Куран курсуна өткөндүгүн укканда бир аз чоочудук. Себеби, бул курс жөнүндө эч кандай маалыматым жок болчу. "Билбей, тааныбай туруп ал жакка барып бир жылда эмнени үйрөнмөк элең?" - дедик. Бирок Жылдыз сөзүнөн кайтпай, Туркияга барууну каалагандыктан, аны бир жылга жөнөттүк. Раббим кызымды биздин жакшы көргөнүбүздөн да артык көргөнү үчүн ага бул ыроону багыштады. Жылдыз Куран жаттап каары болгусу келгенин бизге айтып уруксат сурады. Биз каршы болбодук. Бирок каарылыктын эмне экенин жакшы түшүнбөгөнүбүздөн, өтө маанилүү, пайдалуу нерсе болсо керек деп ойлодук. Бир гана "Алла таалам ушул балдарыма илим бер" - деп дуба кылат элем. Алла Таалам кызыма эки дүйнөнүн илимин берген экен.  Эми ага ошол илими менен жашоосун насип кылсын.
Жылдыздын жарыш учурунда өзүн эркин кармаганын көрүп эс ала түштүм. Анын биринчи болушун күткөн элем. Баары ойдогудай болду. Аны биринчиликке татыктуу деп жарыялашканда, кубанычым койнума батпай аябай суйундум. Ал жерге барып кызымдын кубанычын тең бөлүшкөнүмө абдан ыраазы болдум. Бул жарышты көрүп отуруп, каарынын энеси болуу канчалык сонун экенин ошондо түшүндүм. Кудум өзүм жарышып жаткандай эле сезилип жатты. Бир максатка жетүү үчүн көп убакыт эмес, аракет керек экенин түшүндүм. Раббим ушундай диний окуу жайларды, курстарды, медреселерди кыяматка чейин улантсын жана ал жерлерде ыймандуу окуучуларды тарбиялап өстүрүүнү баарыңарга насип кылсын. Эң биринчи Осман Нури Топбаш агайга жана "Худайи Курсунда" кызмат өтөгөн эжейлерге ырахмат айтам.


Жылдыздын мугалими


-Жылдыздын биринчи болушуна чын жүрөктөн ишенер элем. Себеби, жоомарттык болгон жерде ийгилик да бар. Жылдыз эч нерсесин аябаган берешен кыз. Достору саякатка чыкса, ал отуруп сабагын даярдачу. Ал дайыма Кураны каримге берилип даярданчу. Куран да аны тандады. Мага аябай таасир берген дагы бир окуя бар. Өткөн жылкы кыргыз окуучуларыбыздын бүтүрүү кечеси үчүн көйнөк алган элек. Анын акчасын өзүбүз топтогон болчубуз. Бирок жеткире албай жатканбыз. Тынчым кетип түнкүсүн уктай албай жүрдүм. Ошол учурда Жылдыздан "бир дуба кылчы ушуларга чара табылсын",-деп сурандым. Ошондо ал "канча керек"- деди. "Беш жүз евро" - дедим. Жылдыз кыска убакыттын ичинде беш жүз евро таап келе калды. Аябай таң калдым. Куранды жаттап бүтүргөндө ага берилген алтын күмүштүн баарын алып келип алдыма жайды. Бул акчалар менен, балким, үй-бүлөсү бир жыл кыйналбай жашайт эле. Булардан баш тарттым. Бирок Жылдыз болгон жок. Мага "бул акчаларды мен бергенимди эч ким билбесин"- деди. Ошол акчалар менен кийимдердин акчасы төлөндү. Кийинчерээк бул акчалар Алланын жардамы менен бизге кайтып келди. Акчаларды Жылдызга узаттым. Бирок ал алган жок. "Мен сизге кайра алуу үчүн берген жокмун",- деп көшөрүп туруп алды. Кыстап болсо да, кайра өзүнө бердик. Мен бул окуядан кийин Жылдыздын дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишине толук ишендим.

Башына