Биринчи сан

Тамекинин залалдары
Мазмуну
Тамекинин зыяндарын төмөнкүчө тизмелөөгө болот:
· Териге бырыш түшүрүшү
· Тиштердин саргаюсу, тиш бүлөөсүнүн оорусу.
· Ооз жана тамак; тамактын рак оорусу, даам татуу сезиминин алсыроосу.
· Кекиртек жана дем алуу органдары; кекиртектин рак оорусу, кекиртек сезгенүүсү, үн түйүмдөрүнүн зыянга учуроосу.
· Жүрөк жана кан тамырлар; инфарк оорусуна себеп болушу, атеросклероз, кан басымынын жогорулашы.
· Жатын жана жумурткалар; тукумсуздукка, баланын бойдон түшүшүнө, майып төрөлүшүнө себеп болушу. Этек киринин эрте келиши жана жатындын рак оорусу.
· Кол; бармактардын саргаруусу, тырмактардын сынуусу. Кол жана буттун кан тамырларындагы оорулар.
· Чарчоо, уйкусуздук, депрессия, стресс, тигил же бул иште ийгиликтүү боло албоо, рефлекстердин начарлашы.
· Мээ; шал болуу (паралич), карыганда алжып калуу (альцгеймер оорусу), ар бир тартым элүү миң клетканы өлтүрүшү.
· Көз; карыганда сокурлукка себеп болушу.
· Мурун; жыт сезуу органынын алсыроосу.
· Өпкө; өпкөнүн рак оорусу, бронхит.
· Карын жана кызыл өңкөч; рак, карын жарасы жана кансыроо.
· Эркектин жыныстык клетка бөлүп чыгарчу бези; импотенция, эрекциянын начарлашы, тукум куучу оорулардын пайда болушу.
· Табарсык; табарсыктын рак оорусу.
· Сөөктөр жана тулку бой; сөөктөрдүн бузулушу.
· Капиллярдык кан тамырлар; кол жана буттагы капиллярдык кан тамырлардын бүтөлүшүнөн пайда болгон гангрена жана мунун натыйжасында бул органдардын кесилиши.
· Келээрки муунга калтырылган мурас; тамеки чеккен аталардын балдарында ракты алдын алуучу ген жок. Алар мындай гени жок болуп төрөлүшөт.
· Кош бойлуу учурунда тамеки чеккен аялдардын балдары 10-15 пайызга арык жана ошол эле өлчөмдө акылы кем туулушат.