Биринчи сан

Журналдын биринчи саны

Спирттик ичимдиктердин зыяны

Мазмуну

Спирттик ичимдиктери азыркы мезгилдеги көйгөйлүү маселелердин бири болуп эсептелет. Спирт ичимдиктери бир гана ичкен адамга эле эмес, айлана-чөйрөдөгү бардык адамдарга зыянын тийгизүүдө. Кылмыш жана бузукулук иштердин көпчүлүгү мына ушул ичкиликке байланыштуу экени баарыбызга маалым. Ичкилик ден-соолукка зыян келтирүү менен гана чектелбестен, ар кандай кылмыштардын, жол кырсыктарынын негизги себептеринин бири. Үй-бүлөдө ынтымактын кетишинин, ажырашуулардын башкы себепкери да ичкилик. Спирт ичимдиктери жөнүндө Пайгамбарыбыз мындай деген: "Ичкилик - бардык жамандыктардын башаты".


Чынында эле күн өткөн сайын бул сөздүн акыйкат экендигин көрүүдөбүз. Ыйык китебибиз Куранда мындай деп айтылат: "Эй Мусулмандар! Ичкилик, кумар, табынып сыйыныш үчүн орнотулган таштар жана таякчалар - шайтандын ыплас иштери. Булардан сактанып алыс болсоңор, бакыт-таалайга жетесиңер".


Маалым болгондой, динибиз жаралып, ичкиликке ичууго тыюу салынган кезде, алкоголдун зыянын толук ачып корсото турган бугункудой техникалык мумкунчулуктор жок болчу. Ошого карабастан адамды кереметтүү антиквардык саат сыяктуу жараткан Алла Таала өзүнүн чексиз илиминин кудурети менен алкоголдун адам баласынын ден-соолугуна тийгизе турган зыяндарын аныктап, алкоголдуу ичимдиктерге тыюу салган. Биз, адам баласы, муну түшүнсөк да,  түшүнбөгөндөй мамиле кылабыз. Кээ бир адамдар дайыма аз-аздан ичип турса, дары болот деп ойлошот. Бул туура эмес түшүнүк. Аз да болсо ичкилик ичкендерде боордун цирроз оорусунан өлгөндөрдүн саны көбөйүүдө. 15-20 жаштар арасындагы улан-кыздарга карата жүргүзүлгөн иликтөөлөр боюнча, бул курактагы жаштарда өзүн-өзү өлтүрүү, тез ачуулануу көп кездешет. Ошондой эле ар бир чөйчөк спирттик ичимдик 2000ге чейинки нерв клеткаларынын иштен чыгуусуна жол ачат.


Алкогол канга тез аранын ичинде аралашып кетет. Ичкиликке толтурулган ашказандагы алкоголдун 90%ы бир саат ичинде канга аралашат. Жүз триллиондоп саналган тулку-бойдогу клеткалардын бирин койбой, бир-бирден айланып чыгат. Демек, бир чөйчөк арак ичкен кишинин дене боюндагы бардык клеткалар жабыр тартат. Кандагы алкоголдун катышы 0,5% же андан көп болсо, алкогол мээнин иштешине таасир кылат. Дем алуу органдары шал болуп, жүрөк токтойт. Кандагы 0,05% катышындагы алкогол канда ач карын ичкен эки шише пиводон деле пайда болушу мүмкүн. Анда ал адегенде эле адамга гана мүнөздүү, дүйнөнү чагылдыруунун эң жогорку формасы болуп саналган акыл-эстин иштешине зыян келтирет.


Аракты көп ичүүнүн ден-соолукка зыяндуу экендигин кабыл албаган киши жок. Ошого карабай айрым адамдар: "Туура, ичкилик ичүүнүн зыяндуу экендиги талашсыз. Бирок аны абдан көп ичпеш керек. Аз ичсе, зыян жок",- дешет. Бул сөздөр менен алар өздөрүн гана алдашы мүмкүн. Анткени, ичкилик аз ичкенде да, ден-соолукка өтө чоң зыян келтире турганын көрсөткөн далилдер бүгүн толтура. Мээнин клеткаларынын жабыркоосу алгачкы чөйчөктү ичкенде эле башталат. Алкогол жогоруда сөз болгон оорулардагыдай эле капиллярларда, башкача айтканда, майда кан тамырчалардын бүтөлүшүнө апкелет. Ошондон улам кычкылтексиз калган клеткалардын өлүмүнө жол ачат.


Адатта адамдын мээсинде миллиарддаган нерв клеткалары болот. Бул клеткалардын бир өзгөчөлүгү - туулганадан баштап өлгөнгө чейин санынын өзгөрбөгөндүгү. Башкача айтканда, нерв клеткалары туулгандан кийин сан жагынан көбөйбөйт. Мына ошентип жогоруда белгиленгендей, алкогол көздөгү кан тамырларды, клеткалардын өлүмүнө себеп болгондой эле, мээде да ошондой эле тарс таасирлерге себеп болот. Биринчи чөйчөктү ичкенде эле алкогол адамдын мээсиндеги айрым кан тамырларды бүтөп, ошону менен аба жетишсиздигинен бир нече миң нерв клеткаланрынын өлүшүнө жол ачат. Эгерде адам арак ичүүнү токтотпосо, мээде кайра тирилиши таптакыр мүмкүн болбогон миллиондогон нерв клеткаларынын өлүмү улана берет.

Мээде «нейрон» деп аталган нерв клеткаларынын башка нейрондорду коргоп, колдоп жана азыктандырып турган глия клеткалары деп аталган экинчи клеткалар тобу бар. Алкогол ичкен кишиде нерв клеткалары менен бирге колдоочу, азыктандыруучу клеткалар да өлөт. Адамдын денесинде өзүн-өзү коргоо системасы бар. Бул коргоонуу системасы организмге түшкөн микропторду жок кылат. Ичимдикти көп ичкен адамдын мына ушул коргонуу системасы начарлайт. Ошондуктан адам ар кандай оорулар менен көп ооруйт жана бат ачуулана турган болуп калат.


Адамдардын көңүлү чөгүңкү, бирөө менен урушуп кеткенде, карызга батса, же кандайдыр бир көйгөйлөр башка түшкөндө ичип жибермей адаты бар. Арак көйгөйлөрүбүздү жок кылбайт. Тескерисинче, көйгөйлөрдү ырбатат, көптөгөн терс көрүнүштөргө жол ачат, балээнин баарын башка үйөт. Ошондуктан, көйгөйлөрүм аз болуп, ыпыластыктан узак болоюн десениздер,  балээлердин башаты болгон ичкиликти таштап, туура жол менен бактылуу жашоого бет алуу зарыл.
Назарбеков Маралбек

Башына