Биринчи сан

Жума намазы
Мазмуну
Динибизде Жума күнүнүн өзгөчө ээлеген орду бар. Пайгамбарыбыз бул күндү "күндөрдүн эң жакшысы" деп ага зор маани берген. Алла Таала бул күнү мусулмандардын бир жерге топтолуп намаз окууларын буюрган. Ал Жума намазы болуп эсептелет. Жума намазын окуу үчүн адамдар ар тараптан келгендиктен балким, көптөн бери көрбөгөн досторуна, туугандарына жолугуп, ал-ахвалын сурашып сырдашат. Ар аптада бир жолу мусулмандардын минтип бир жерге чогулуусу ортолорундагы мамилелерин жакшыртып, достукту,ынтымактыкты жана биримдикти чыңдайт.
Жума намазы 622-жылы Пайгамбарыбыз Меккеден Мединага көчүп бара жаткан кезде Рануна деген жерде парз кылынган. Жума намазынын парз болушу ыйык Куран, куттуу хадистер жана ижма менен тастыкталган. Алла Таала Куранда мындай буюрат: "Эй момундар, качан Жума күнү намазга чакырылганда (азан айтылганда) дароо Алланы зикир кылууга-эстөөгө баргыла жана соода-сатыкты токтоткула. Эгер билсеңер, мына ушул (Жума намазына шашылуу) силер үчүн жакшыраак" (Жума сүрөсү, 9)
Пайгамбарыбыз Жума намазынын окулуш шарттары, пайдалары тууралуу жана аны эч себепсиз окубагандарга катуу эскертүү иретинде көптөгөн хадистерди айтып кеткен. Алардын биринде төмөнкүчө буюрулат: "Жума намазынын азанын уккан адамга Жума намазы парз болуп эсептелет."
Куранда жана хадистерде ачык далилдер болгондуктан Ислам аалымдары да Жума намазынын парз болгондугун бир ооздон кабылдашат.
ЖУМА НАМАЗЫНЫН ПАРЗ БОЛУШУНУН ШАРТТАРЫ
Пайгамбарыбыз бир хадисинде: "Жолоочу, кул, жаш бала, аял жана оорулуулардан сырткары Аллага жана кыямат күнүнө ишенгендер үчүн Жума намазын окуу парз" деп айткан. Ошондуктан шарттарды төмөнкүчө тизмелөөгө болот:
1. Мусулман болуу. Башка диндегилер Ислам динине ишенбегендиктен аларга Жума намиазы парз эмес.
2. Эркек болуу. Аялдарга Жума намазы парз эмес.
3. Балагатка жетүү. Балагатка жетпеген жаш балдарга Жума намазын окуу милдеттүү эмес.
4. Эркин болуу. Көз каранды болгон туткун, кул жана түрмөдөгү адамдар Жума намазынын ордуна Бешим намазын окуулары керек.
5. Сапарда болбоо. Өзүнүн жашаган жеринен 90 км. алыстыкта жүргөн жолоочуга Жума намазын окуу парз эмес.
6. Жума намазына тоскоол боло турган үзүр-себептин болбоосу:
а) Оору.
б) Көр же аябай алсыз болуу. Буттары шал болгон, майып адамдар, сокурлар (Эгер намазга жетелеп бара турган эч ким жок болсо)
в) Адаттан тышкаркы аба-ырайынын бузулушу.
г) Коркунуч. Үй-бүлөсүнө, мал-мүлкүнө жана жанына карата кандайдыр бир коркунучтун туулушу
ЖУМА НАМАЗЫНЫН ТОЛУК БОЛУШУНУН ШАРТТАРЫ
1. Убакыт. Жума намазын Бешим намазынын убагында окуу.
2. Кутпа.
3. Жума окула турган жерде эл отурукташкан болушу керек
4. Жамаат. Имамдан сырткары эң азынан үч киши болушу зарыл.
5.Уруксат. Мүмкүн болсо, жума намазынын бир мечитте окулушу. Эгер жамаат бир мечитке батпаса, ар кайсы мечиттерде окууга уруксат берилет.
ЖУМА НАМАЗЫНЫН ОКУЛУШУ
Жума намазы он ирекеттен турат. Алгач төрт ирекет сүннөт, андан соң эки ирекет парз, кийин төрт ирекет сүннөт окулат. Сырттан азан айтылгандан кийин ар ким өз алдынча төрт ирекет алгачкы сүннөттү окуйт. Азанчы ички азанды (жума намазынын экинчи азаны болуп мечиттин ичинде айтылат) айткандан кийин имам минбарга чыгып кутба окуйт. Кутбадан кийин каамат айтылып, имамдын жетегинде эки ирекет парз намазы окулат. Мында жамааттын баары имамга ыктыда кылат (имамга уйуйт). Парз намазы окулгандан кийин ар ким өз алдынча дагы төрт ирекет акыркы сүннөт намазды окушат. Андан кийин дуба кылынып намаз бүтөт.
ЖУМА НАМАЗЫНЫН ПАЙДАЛАРЫ:
Жума намазынын жеке адамга жана коомго тийгизген пайдалары көп. Пайгамбарыбыз бир хадисинде мындай деген : "Бир адам жакшы даарат алып жума намазына келсе, кутбаны кунт коюп укса, эки жума ортосундагы жана ага кошумча дагы үч күндүк күнөөсү кечирилет." (Муслим, Жума 27)
Бул хадисте жума намазынын өзгөчө маанилүү ибадат болгондугу жана бул намазды эрежеси менен так, туура окуган адамдын он күндүк күнөөсү кечирилээри билдирилүүдө.Ошентип жума намазыны калтырбай окуган адам бул дүйнөдөн күнөөсүз өтүп Алла Тааланын алдына таза барат.
Бул айтылгандар адамдын жеке өзүнө тиешелүү руханий пайдалар болуп эсептелет. Ал эми жума намазынын коомго берген пайдаларынын биринчиси - жума ынтымакчылыкты алып келет. Себеби намазга келген адамдар бири-бири менен жылуу мамиледе болуп , бири-бирине жамандык кылуудан алыс болушат. Ортолорунда кандайдыр бир пикир келишпестик болсо, бири-бирин кечирип достошушат. Намаздын жана кутбанын шарапаты менен колунда бар адамдардын кедей кембагалдарга болгон мээрими күчөп аларга садага беришет. Натыйжада коомдо турмушунан кыйналган адамдар азайып жакшы турмушта жашай башташат.Ошентип коомдо социалдык өнүгүү күчөп, ал жердин адамдарында уурулук, талап-тоноочулук сыяктуу кылмыштар азайып, элдин бири-бирине болгон ишеним, жөлөк-таяк болуунун негизинде коомдук ынтымак, биримдик жана илгерилөө пайда болот.
Жаркынбай Себетов .