Биринчи сан

Журналдын биринчи саны

Эне кудурети

Мазмуну

Көрдүңүздөрбү, тигине, адатынча бүгүн да өрөөнгө кеткен жалгыз аяк жол менен Батма кыштакты көздөй келе жатат. Ат үстүндө сөөктөй катып, үн-сөздөн калган чүкөдөй кемпир, ботом, чын эле эмне болгон Батмага? Өмүрүндө кабагын чытыбаган Батманы карагылачы!

Демейде Батма башкача эле го? Жол боюндагы саздын жээги оттуу боло турган. Аты дайыма өзү эле жолдон кайрылып чөптөн аймап кирчу. Батма (мейли байкуш) деп, атынын чалганына маашыр ала, шамал ыргаган чиелердин жапырылышын кунт койо карап, бир азга ойлончу. Шар суунун тынчыбаган шоокуму дайым Батманын эрмеги. Жер үстүндө сансыз суу көп го, ошонун арасынан Батма бул өрөөндүк шоокумун жазбай таанучудай, суу боюна келгенде атын бура тартчу да, ичпесе да өжөрлөнүп сууну ортолой кечип барып тура берүүчү, Карагер жок дегенде суунун шарын тумшугу менен жирей сузуп, ''ооз тийгенсип'', жээктеги саргара элек чөптөрдү бурдап аймалачу.

Өмүрүндө Батма түйшүктү, болгондо да, такыр башкача кайгыны башынан биринчи өткөрүп жатты. Өзүнүн уулу, абышкасы каза болгондо да, мынчалык чөккөн эмес эле. Каардуу, ый-муңдуу күндөрдө, өз баласын узатканда эне бел байлаган. Анда мындай кайгырган эмес, "эл көргөндү көрөөрмүн" деп чыйралган.

Батма адеп согуш башталган күндөрү айылга кат ташууну башка бир ылайыктуу кишиге өткөрүп берүүнү суранган. Эмне болсо да эгин оруп, машак терип, кемпирлердин катарында жүрсөмбү деп ойлогон. Анын үстүнө жүрөк бир коркунучтун, жаманчылыктын кабарын алдын ала сезгенсип, өзүн-өзү коргогон, оолактаган. Кыштакта ылайыктуу эч ким чыкпагандан кийин кайрадан: көнгөн жумуш эмеспи деп, моюн сунуп, жаман ою үчүн өзүн-өзү жемелеп, иштеп калган. Согуштун алгачкы күнүндө Батма согуш комиссариятынан келген кагаздарды ташып жүрдү. Адегенде кагаздардын баары бирдей сезилчү.
Кагаздар кубаныч, кайгы алып келерине Батманын иши жок эле. Кийин балдар согушка кетип, жумурай журт алыстан тил катты, кичине болсо да эки ооз эле сөз чийилип уйпаланган кагазды самашты. Колго тийген катты өпкүлөшүп, чарчаган-чаалыккан уулдары ошол төртү бүктөм кагаздын арасынан боз ала болуп чыга калгансып, не кылсын ата-эне кургур, сагынган жүрөктөр кагаздан каниет алып, күдөрлөлөрүн үзбөй калышчу. О, ошондо Батма баарын түшүндү. Сагынычты да, коркунучту да, сүйүнүчтү да эне жүрөгү калетсиз билди.

Бөтөнчө алакандай кагазды алганда аялдар жашык эле. Ошондо Батманын күйбөгөн жери күл болуп, өзүнүн курбуларына өчөшө сүйлөөчү:
-Ай, аялдар, кат алганда кемшиңдегениңерди качан койосуңар. Андан көрө бир эркектана чакыр. Угуп койгула, ой, силердин колуңарга кат бербейм. Курбулары карагер атты жылоолоп бурчатышпайт. Батма тебелетсе-тебелетсин, асты уулунун катын берсе болду. Алыстагы уулун сагынган кандай экенин билген эне түтпөй кетеби, көптөн кийин эмнегедир жибип, айтор, берип койот. Катты бала-бакырага окуткан аялдар уулдарынын жазгандарын укканда көз жаштарын сүртүнүшөт.

Ого бетер Батма атынын башын буруп сүйлөнө жолуна түшөт: -Ок, жоругуңар жолдо калгырлар. Айтпадым беле, арам тамактар ушул үчүн силерге кат бербейм деп. Эмне шолоктойсуңар? Деле өз башыбызга көрүнсүн, капыр. Карап эле тургула, экинчи кат берсем элеби? - Экинчи бирөөгө кат бергенге чейин ачуусу таркабай, сүйлөнгөнү-сүйлөнгөн. - Бу катындар эмне мындайсыңар, бизге эне көз жашты берип коюптурбу? Бекер оштонбогула. Андан көрө, э, катыгыкун уулунун аманчылыгын тилебейби да сүйүнбөйбү.

Өрөөндөгүлөр Батманын үнүн угууга куштар, андан жагымдуу үн эч жерде жоктой. Кайсы убак болсо да, Батманын заңкылдаган үнү көчөнүн башына жетип, айрыкча эркекткри жок үйлөрдөн үйлөргө өтүп, жаңырып тургансыйт. Ал эми күйөөсүн күткөн аялдар күйөөлөрү сүйлөп жаткансып, алтымыш аттаган кемпирдин алыстан дубай салам ала келгенсиген үнүнө бел байлашчу. Кемпирлер согушта эмне болуп жатканын Батма биле тургансып, жан-алын койбой терип-тепчип сурай беришчү. Ал да көп кармалбай, өзүнүн ичиндегисин жашырчу эмес:
- Эмнесин айтайын, жеңиш биз жакта - дейт. Жанагы керман өлөт көрүнөт. Жекеме-жеке чыкса, биздин уулдар жаман нерселерге алдыра койбос...

Айылда Батманын аты "Ак жолтой". "Ак жолтой " деп эки жолу кат алгандан кийин Эгембердинин жесири биринчи койгон. Атты койгонунанбы же өзүнүн сырдашыбы, Батма кыштак ортосундагы Сонунбүбүнүкүнө күнүгө тийип өтөт.
Атчан адамга жеңдей өрөөндүн ичиндеги кыштак менен кан жолдун боюндагы салынган почтанын аралыгы чай кайнатым алыста. Ошол кара жолдон бөлүнүп, коктудан чыккан бир кулак сууну жээктеп өргө кеткен чыйыр жол аркылуу Батма канча сапар каттады экен? Миң жолу, он миң жолу... деле өмүр бою басты дейли, баары бир муну эчким билбейт. Жадакалса Батманын өзу да билбейт... ошентсе да Батма бу жерден сансыз басат, милдеттүүдөй, тепкилеп... о, бу жерди аяп да басат.

Деле калса өрөөндү коркунучтан сактай турган ушул кемпир сыяктанчу. Ал эми айылдагылардын эчкимиси Батманын кабагынын түнөрүшүн, суук кабар алып келуусун ойлободу, каалабады...
Азыр ошол өрөөн ичи күтпөгөн биринчи суук кабарды баягы Батма, "ак жолтой"Батма алып келе жатпайбы. Болгондо да Эгембердинин жесири Сонунбүбүгө... жалгыз баласы алыстан медер туткан жесирге... ким билет, муну, мүмкүн, жаман кабардын акыркысы ушул эле дейсиңби. "Ок. - дейт өзүнөн-өзү чочуган Батма, - ансыз да аз бекен? Жетишет го, мендей шүмшүккө... " Батма делооруп, өзү мыжыккысы келет. Бар болгону почтадагы кичинекей кара келин менен сүйлөшкөнүн эстеп, күнөөнү ошого жабат. Жүрөгүндө келинди аяса да, дагы эле ошону жек көргүсү, чачын жулгусу келет. Анда деле жүрөк дабасы канбас эле. Келин болбосо мобу кара сумкадагы шүмшүк кагазды эч ким алмак эмес. Анда жүзү жарык болбойт беле, караң күн.
Батма кара сумкадагы кагазды көп каттардын арасына, адам жүрөгүн сүйүнтчү каттардын арасына кошкусу келбеди. Аны дароо тапты да, уучуна бекем кысты. Ушул кагазды айрып, деле мындай жер үстүндөгү кагаздын баарын чогултуп, өрттөп жиберип туруп, башка эле кат жазып койгусу келди.

Дагы эле жанагы почточу келинди жемелеп, ичинен күбүрөнүп баратты...
Батма ак тамдын жанындагы зым карагайга атын байлап, кадимкидей почтонун ичине кирип барган.
-Кандай, келин балам? Бизди эмне менен кубантасын, айланайын?
Келиндин үрөйүн көргөн Батма селдейе түштү. Келин үн катпай суз гана таңып койгон каттарды сунду.
-Эмне, балам, Апышыңдан кат жокпу?
-Бар энеке...
-А, жаман, анан эмне шылкыясын? Сендей учурда биз...
Келин дагы эле суз, көзүн жаш чайып, ээрдин калтырак басты, таноолору кыпчылып, Батмага суук кабарды мына... мына айта салчудай болуп баратты. Батманын көз алдында өзүнүн Сабыркулу кирпик ирмегенче тартыла калды. Кемпир уулунун элеси менен эми түбөлүк коштошконсуп бараткансыды... Батма "Аа" деп чыңырып барып, келинди басып жыгылчудай... Бир гана ортодо тактайдан туура койулган тосмо жолтоо болуп, адамдын чынбы же калпы деген эки ача ою ач кыйкырыкты чыгарбай тороп турду.
-Аның ким, кокуй...-деди кубаты кетип, шылдырап бараткан Батма.
-Эгембердинин баласы... каза болуптур, кагазы мобу...
"О каран түн. Не дейт бу кара жаак..." - Батма жакшы эле кыйкырды, бирок анын үнү эч кимге жетпей ичинен жол таап чыга албады. Ошол кыйкырык, аны муунтуп, өрттөп, алтымыш тамырын сыздатты.

Тымтырс. Терезеден гана жарыкка чыга албаган жетим көпөлөктүн үй ичиндеги экөөнүн кайгысын кошуп турду. Батма жинди болгонсуп, калтырап, сүйрөлүп эшикти көздөй жөнөдү. Келин кара сумканы артынан кошо ала чыгып, ээрдин кашына илип койду, бат эле кайгыга алдырган кемпирди эптеп атказды.
-А, шордуу...
Мына эми ат үстүнөн кулап кетпей, бирок ээрге баштагыдай чыйрак эмес, серейе конгон Батма кыштакты көздөй келе жатат. Ооба, келе жатат бир караан, анткени менен жакын караганда жансыз сөлөкөт. Көз жашы салаа-салаа...
Жаргактай шылбырап, өңдөн өчкөн беттен ылдый жашы агып, ээрдин кашына тамат. Мурдун шор тартат бечара, анда-санда үшкүрүнөт.  Өзү кайда бастырып жатканын билбейт. Кайда баратат Батма?
"Кайда баратамын?.. -Кыштактын карааны көрүнө калганда Батма селтең эте, -жинди болуп калганмын го?" Кайдан-жайдандыр шуулдаган үндөр чыгып, Батманын кулагына миң түркүн болуп угулуп кирет.

Башына