Биринчи сан

Дуба ибадаттын туу чокусу
Мазмуну
Данияр Мурадилов
Өмүр кубаныч менен кайгынын арты-артынан үзгүлтүксүз келүүсүнөн турат. Адамбаласы кандай бактылуу күндөрүн жашаган болсо, дал ошондой эле анын өмүрүндө кайгылуу муңдуу күндөр да болот
Бул жашоодо адам баласы бактысы койнуна батпай жүргөн күндөрүндө Жаратуучусун унутуп, ал турсун көөп текеберленип да кетет экен
Кээ бир адамдар кайгы-муңга батып калган кездеринде гана Кудайды Жаратуучуну эстесе, ал эми айрымдар эстемек турсун, анын сыноосуна сабыр кылбай, тескерисинче каапырлыкка кирип жатышпайбы?!
Кай бирлери болсо бул дүйнөгө келиштин максаты эмне? деген суроону беришет өздөрүнө. Негизи суроонун өзү туура эмес, себеби кимден сурап коюптур сен бул дүйнөгө келгиң келеби же жокпу деп. Демек башка бирөөнүн эрки менен келип жаткандан кийин келиш максатыбыз да аныкы болот да?
Адамзаттын эркинен кимдин эрки жогору? Адам канчалык жогору болбосун андан жогору болгон Жаратуучусу бар. Мына ошол Жаратуучу бизге: «Мен жиндерди жана адамдарды бир гана Мага ибадат кылуусу үчүн жараттым» деп бул дүйнөгө келиш максатын ачыктан ачык жарыялап берди.
Ал эми «ибадат» деген сөздү алып көрсөк, түпкү тамыры арабча болуп кыргыз тилинде «сыйынуу, табынуу» деген маанилерде колдонулат. Бул сөздүн маанисин тереңирээк караштырсак, кулчулук дегенди билдирет экен. Кулчулукту кандай түшүнүүбүз керек? Аны жалпы мааниде Жараткандын буйруганын аткарып, тыйган нерселеринен оолак болуу деп түшүнүү абзел.
Көптөгөн аят-хадистерде «ибадаттын» туу чокусу дуба экендиги жөнүндө айтылат. Бирок дуба дегенде айрым адамдар тек гана окула турган дуба сөздөрдү ойлошу мүмкүн. Бул бир беткей гана мааниси. Себеби дубанын мааниси жаттап алган сөздөрдө эмес, жүрөктөн чыккан ыкластуулук менен ошол сөздөрдүн маанилеринин айкалушуусунан келип чыккандыгын билүүбүз зарыл. Дубанын ибадат мааниси дуба кылган адамдын ыкластуулугуна байланыштуу болот. Ал эми дубанын кабыл алынышы адамдын такыбалыгына жараша .
Такыба адамдын тилеген тилегин Алла таала жоопсуз калтырбайт. «Ибадат» сөзүн бир гана намаз, орозо, ажылык, зекет берүү менен гана чектебөө керек. Аны жашоо менен кошо кабылдоо зарыл. Ардактуу Пайгамбарыбыз бул багытта: «Дин (Ислам) - бул мамиле» деп айтуу менен адамдын көңүлүн эл менен болгон мамилесине буруп жатпайбы. Мамиле соодада, айлана-чөйрөдө, мектепте, айтоор, күнүмдүк турмушта болот. Ошонун бардыгында өзүн Кудай буйругандай алып жүрсө бардыгын так аткарып күнөө иштерге жолобосо, мына ошондо гана ибадаттын чыныгы мааниси келип чыгат. Адамдын башы дененин көп мүчөсүнүн бирөө болсо да, эң негизгиси болуп эсептелет.Ошонун сыңары дуба да ибадат түрлөрүнөн бири болгону менен эң негизгиси экенин унутпоо абзел.
Эми дубанын арабчадагы маанисин которгондо «чакыруу, үгүттөө» деген маанилерди туюндурат. Ал эми диний терминологиядагы маанисин алсак, «тилөө, сурануу, жалынуу жалбаруу» деген маанилерде колдонулат. «Дуба эмне үчүн ибадат маанисинде колдонулуп калды?» деген суроо туулушу мүмкүн. Алла таала Куранда: «сурагыла, жообуңарды берем» же «тилегиле, тилегиңерди берем» дейт. Пайгамбарыбыз куттуу хадистеринде: «Алла таала (кулпендесинин) суранышын жакшы көрөт. Андыктан сурангыла (дуба кылып, жалынып-жалбаргыла!)», «Дуба - ибадаттын өзөгү» деген.
Дуба кылуунун да жол-жобоосу бар. Алла таала өзү мындай дейт: «Жаратканга жалбарып дубаңарды купуя түрдө кылгыла Алла таалага жалынбай душмандык кылгандарды Алла таала сүйбөйт»
Бул ыйык аяттан дуба кылып жатып кыйкырып сүйлөө, сөздү өтө эле узартуу, күнөө деп эсетелген нерселерди тилөө, орунсуз ыңгайсыз тилектерди акылга сыйбаган нерселерди тилөө туура эмес болуп эсептеле тургандыгын баамдасак болот.
Кылган дубабыздын кабыл болушун коштой турган кээ бир жакшы нерселер бар. Мына ошолорду кыскача айта кетсек туура болот деп ойлойм.
Дуба кылуудан мурда жана дуба учурунда:
а) тооба кылуу (кечирим тилөө)
б) тамак аш кийим кеченин адал болушу
в) ыңгайлууу учурда
г) даарат алып эки ирекет намаздан соң
д) акылга сыйган нерселерди тилөө
ж) тыюу салынган нерселерди тилебөө
Ал эми дуба түрлөрүн үч чоң топко бөлсөк болот
)Күнүмдүк жашообуздагы окуган дубаларыбыз тамак алды, тамактан кийин, чүчкүргөндө жб мындайча айтканда 24 саат ичинде окула турган дубалар
2) Ибадат дубалары, тагыраак айтканда, даарат дубалары, намаз дубалары, жб дубалар
3) Башка түрлүү тасбихаттар теспе тартуу, зикир чалуу ар түрлүү учур жана абалдарда окулган дубалар: хатим б.а. Куранды толук бүтүргөндөн кийин окулчу дубалар, кутба дубалары, жаназа дубалары салабаттар ж.б. дубалар
Сөзүмдү: «Мени абдан кечиримдүү жана боорукер экенимди кулдарыма билдир» деп Алла тааланын Пайгамбарыбызга кайрылган сөзү менен соңуна чыгарайын.
Бул ыйык аятта Алланын жазмышына ыйман келтирген адамды оптимизмге чакыргандыгын түшүнсөк болот. Кандай гана күнөө кылбасын пенде эч качан Алланын ырайымынан үмүт үзбөөсү керек.
Алланын ырайымынан күдөрүбүздү үзбөй күнөөлөрүбүздүн кечирилишин тилейли.
Мээримдүү ырайымдуу Аллага дуба кылып жаткан кезде Ал бизди угуп да, көрүп да, сезип да жатканын эсибизден чыгарбашыбыз керек.
Алла таала баарыбызга бекем ыйман берсин. Бардыгыбыздын жакшы тилек-дубаларыбызды кабыл кылсын, Оомийин!