Биринчи сан

БАЛАКОТ ТААСИРЛЕРИ (Пакистан)
Мазмуну
Балакот - Исламабаддан 200 км. узакта жайгашкан, көргөндүн көз жоосун жоосун алган шаар катары таанылчу. Бирок бүгүнкү күнү кичине болсо да, абдан кооз шаардан жер менен жексен болуп, урандыларга айланган имараттары гана калган.
"Жаштарды колдоо" коомдук фонду жана Арашан теология факультетинин өкүлү катары 14-ноябрда Пакистанга барганымда аябай толкундандым. Себеби, беш жыл жашап, билим алган Пакистанга кайра кайтып барган элем. Эмнегедир адамдардын жер менен жексен болгон имараттардын арасында калышын көргөнүмдө көзүмөн жаш кетип, сай сөөгүм сыздатты.
Кыргызстандын "Жаштарды колдоо" коомдук фонду жана Стамбулдун "Эларалык бир туугандык жана жардамдашуу" (IBS) уюму болуп кырсыкта жабыр тарткандарга жардам берүү максатында Балакот шаарын тандадык. Себеп дегенде, Балакот телевидениенин экранынан көп чыкпаган (рекламаланбаган), эч бир гуманитардык уюм көңүл буруп алектенбей четте калган жер эле. "Жаштарды колдоо" коомдук фонду Балакотто кышкы чатырлардан турган чатыр айылын тиге баштадык. Балакоттун жашоочуларынын маанайлары суз, жүздөрү муңайыңкы...
Эл бүгүнкүгө чейин кырсыктын алааматынан арыла элек, урабаган үй калбагандай эле, жаназа окулбаган үй да жок сыяктуу... Адамдардын жүзү күлсө да, жүрөктөрү кан жутат. Көчөдө жүргөн ар бир адамдын өзүнчө ички дүйнөсү, дарты бар. Кээ бири өз колу менен көмгөн жакын туугандарынын күйүтүнөн, кээ бири кырсыкта үй-бүлөсүнөн толук кол жуугандыктан, кээ бирлери болсо балдарынын же өлүгүн, же тиригин табалбай азап чегүүдө. Бирок ошого карабастан жашоолорун улантууда. Кыштын жакындай башташы менен ооругандардын жана өлүмдүн саны көбөйүүдө. Айрыкча кышкы чатырлардын аз болушу жер титирөөдөн жабыр тарткан аянычтуу Балакот калкынын (көпчүлүгү балдар жана аялдар) өлүмгө алып келчу ооруларга чалдыгуу ыктымалын күчөтүүдө. Балакот шаарынын башкармалыгынан алган маалыматтарга таянсак, 7800 аял кошбойлуу жана божомол боюнча, булардын көбү кыш айларында төрөйт. Бирок ушул учурга чейин же оорукана, же болбосо гигиеналык таза чөйрө түзүлө элек. Өзгөчө Балакот калкынын маданият жагынан жабык түзүлүшкө ээ болгондугуна байланыштуу аялдар эркек дарыгерлерге кайрылууну каалашпайт. Бул жагдай бизге Балакоттун аялдардан турган дарыгерлер тобуна аябай муктаж экенин көрсөттү.
IBS жана "Жаштарды колдоо" коомдук фонду Балакоттон сырткары кырсыктан жабыр тарткан жерлерде да жардам иштерин жүргүздү. Ошондой эле деңиз денгээлинен 3000-4000 м. бийиктикте жайгашкан Хунграй жана Монк деген калк жашаган аймактарга бардык. Бул жерде да, Пакистандын көпчүлүк жерлериндей, үйлөр урандыга айланып, адамдын жүрөгүн сыздатат. Хунграй жана Монкто аба ырайынын суук болушуна байланыштуу эл чатыр менен жылуу жууркандарга аябай муктаж экен.
"Жаштарды колдоо" фондунун атынан Балакотко жана айланасындагы эл жашаган аймактарга 700 кышкы чатыр, 10 000 (он мин) жууркан тапшырдык.
Жер титирөөнүн эртең менен болушу жана сабак учуруна дал келиши миңдеген окуучунун өлүмүнө себеп болду. Ар кайсы жерден окуучулардын көрүстөндөрүн көрсө болот. Тагдырларына моюн сунган балакоттук мусулмандардын бардык кайгы-муңдарына карабастан, урап түшкөн имараттардын үстүндө жамаат менен намаздарын окушу бизди сыйкырлап койду. Ошондой эле мектептердин ордуна окуучулар көчөлөрдү класстарга айлантып, сабактардын ачык асман алдында өтүлүшү, улантуу бизди айран-таң калтырды.
Ушул себептен улам "Жаштарды колдоо" фонду пакистандык боордошторго мектеп жана мечитке болгон муктаждыктарына жооп катары биз Балакот, Хунграй жана Монкто 10 мечит-чатыр менен 10 мектеп-чатыр тиктик. Булар менен гана чектелбестен, "Жаштарды колдоо" фонду жардам берүү ишмердүүлүгүн Курман айт майрамдарында да улантат.
Балакот тууралуу кебимдин соңунда мага абдан чоң таасир берген унутулгус окуяны силер менен бөлүшкүм келди. Биз Балакот жана айланасындагы жерлерге жардам таратып жүргөндө, чет элдик экенибизди көргөн абышкалар жаныбызга келип: "Уулум, силер бул жардамдарды кайдан апкелдинер?",-деп сурап калды. Мен болсо булардын баарын Туркия менен Кыргызстандан алып келгенимди айтканда, мага аябай таасир берген, кыска жана нуска болгон төмөнкү сөздөрдү айтты: "Уулум, ишенип кой, бул жардамдарды жибербей, өзүңөр эле келип койушуңар эле бизди сүйүндүрүп койот болчу". Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айткандай: "Чыгышта бир мусулмандын бутуна тикен кирсе, батыштагы мусулман анын оорусун сезиши керек". Ошонун сыңары биз дагы ушул сезимдерибиздин жетегинде Кыргызстандын "Жаштарды колдоо" коомдук фонду жана Туркиянын "Эл аралык бир туугандык жана жардамдашуу" (IBS) уюму пакистандык мусулман боордошторубуздун кайгысын тең бөлүшүүгө аракет кылдык.
Айрыкча Пакистанга сапар тарткан күнү кеч кирип калганына карабастан мага виза берүүгө макул болгон Пакистандын Бишкектеги элчисине, Балакотто жардам берүүдө көмөк көрсөткөн 39- аскердик бөлүккө жана подполковник Ижаз мырзага чоң ыраазычылыгымды билдирем.
ОКТАЙ ЧЕТИН