Биринчи сан

Пакистан
Мазмуну
Пакистан - Ислам мамлекеттери арасында өзгөчө орду бар мамлекеттердин бири
Пакистан тууралуу жалпы маалымыт:
Расмий аты: Пакистан Ислам мамлекети
Борбор шаары: Исламабад (калкы: 5000 000)
Ири шаарлары-Карачи (10 миллион чамасында),
Лахор (5 миллион чамасында) Равалпинди, Хайдарабад,
Мултан, Пешавар.
Территориясы: 879 811 км2
Калкынын саны: 155 000 000 (болжолдуу түрдө)
Калк санынын өсүү темпи: 2.9%
Пакистан Түштүк Азия мамлекеттеринин бири болуп эсептелет. Ал түндүк тарабынан Афганистан, түндүк-чыгыштан Кытай, батыш тарабынан Иран менен чектешет. Түштүгүнөн Инд океаны чулгап турат. Пакистандын бүгүнкү күндөгү баш мыйзамы (конституциясы)1973-жылы 14-август күнү бекитилген. Конституция боюнча, бул мамлекет федералдык режимдеги Ислам республикасы катары аныкталат. Эки палаталуу парламенттик системага ээ. Биринчи парламент 87, экинчиси 217 мүчөдөн турат. Депутаттар элдик шайлоолор аркылуу шайланат.
Пакистанда ар кайсы улуттардын өкүлдөрү жашайт. Алардын ичинен саны жагынан эң көп улут – бул пенжабилер. Алар калктын 60%ын түзөт. Пенжабилердин бир бөлүгү Индияда жашайт. Индо-европа тилдер булөсүнө кирген пенжаб тилинде сүйлөшөт. 99%га жакыны мусулман болуп, көпчүлүгү «сунниттер» б.а. «Ахли сүннөт вал жамаат» агымын карманышат.
Пенжабилерден кийин Синддер. Алар калктын 11%га жакынын түзөт. Синддердин бир бөлүгү Индияда жашайт. Синд тилинде суйлошот. 93%ы мусулман, алардын көпчүлүгү сунниттер. Дагы бир башка улут - пуштун эли, калктын 9%ын түзөт.
Андан кийин урду тилинде сүйлөгөн элдер Пакистан элинин 6.3%ын түзөт. Урдуча сүйлөгөн элдер гомогендуу улут катары эсептелбейт. Индия жана Бангладеште да көп таркаган. 85%ы мусулмандар. Жат эли жалпы калктын 6%ын түзөт. Индияда жашаган жаттардын көпчүлүгү Индостан жарым аралынын цыгандары деп айтса болот. Пакистанда жашагандардын дээрлик бардыгы мусулман. Андан соң калктын 2.6%ын түзгөн белужилер турат. Толугу менен мусулман. Булардан тышкары Пакистанда жашаган эч бир улут калктын 1%ын түзө албайт. Алардын ичинен айрымдары төмөнкүлөр: гужераттар, холар, кайастандар, кухистандыктар, арабдар, гужарлар, хазарлар, фарисилер, кашмирлер жана кызылбаштар.
Пакистан мамлекетинин расмий тили - урду жана англис тилдери. Ар түрдүү улуттун өкүлдөрү өз тилдеринде сүйлөө укугуна ээ. Расмий дини - Ислам. Элинин 97%ы мусулман. Мусулмандардын 97.5%ы болсо суннит, сунниттердин көпчүлүгү ханафи (Имам Азам) мазхабына тийешелүү. Калгандары жафария жана исмайилия шииттери. Кадийанилер да бар. Бирок кадийанилер мусулман болуп эсептелгени менен кээ бир ойлору Исламдын негизги принциптерине карама-каршы келет. Ошондуктан аалымдардын көпчүлүгү аларды Ислам менен эч кандай тийешеси жок деп эсептейт.
Борбор шаары менен бирге 5 штаттан жана 17 облустан турат. Штаттар: Пенжаб (борбору-Лахор), Синд (борбору-Карачи), Патханистан (борбору-Пешавар), Белужистан (борбору-Кета), Азад Кашмир (борбору-Батыш Кашмир)
Пакистандын тарыхын Индостан жарым аралынын тарыхы менен бирге иликтөө керек. Себеби Пакистандын жеке өзүнө гана тиешелүү тарыхы жок. Тарых боюнча, азыркы Пакистандын территориясында курулган биринчи мамлекет - Пакистан. Тарыхый булактарга караганда Индостан жарым аралына исламды биринчи апкелгендер мусулман соодагерлер болгон. Индиянын ислам мамлекети тарабынан каратылышы 712-714 жылдар аралыгында Хажжаж ибни Юсуф ас-Сакафи жөнөткөн Мухаммед бин Касымдын аскерлери тарабынан ишке ашырылган. Ушул каратып алуудан кийин Индостан жарым аралында ислам дини тездик менен тарай баштаган. Мусулман арабдардын бул жердеги бийлиги 300 жыл сүргөн.
Пакистан мамлекети 1947-жылы 14-августта Индиядан бөлүнүп, өзүнүн эгемендүүлүгүн жарыялаган. Алгач Бангладеш да Чыгыш Пакистан деп аталып, Пакистанга тийешелуу болгон. Бирок, ал 1971-жылы Пакистандан бөлүнгөн.
Пакистан көз карандысыздыгын алгандан кийин биринчи президенти болуп Мухаммед Али Жиннах шайланган. Ал "улуу көсөм" деген атакка ээ болгон. Фазлуллах Чавдардын президенттиги учурунда Зульфикар Али Бутто премьер министрлик милдетин аткарып турган. 1977-жылы 5-июль айында генерал Мухаммед Зияуль-Хак аскердик төңкөрүш уюштуруп, Бутто жана Чавдарды бийликтен алып түшкөн. Бутто 1979 жылы 4-апрелде аскердик бийлик тарабынан өлтүрүлгөн. Мухаммед Зияуль-Хак Буттонун учурунда тыюу салынган исламдык өкүмдөрдү кайрадан калыбына келтирүү, өлкөнүн исламдык өзгөчөлүгүн кайра жандандырып күчөтүү жана жалпы Пакистандын ичинде ислам жаатында билим берүү иштерин күчөтүү үчүн албан эмгектерди сиңирген. Зияуль-Хактын көзгө басар эмгеги – бул Афганистандагы исламдык жихадга колдоо көрсөткөнү болгон. Зияуль-Хак 1988-жылы 17-августта кол салуу натыйжасында учагынын кулашы менен каза тапкан.
![]()
Эл арасында Жамаат-и Исламийиядан (Ислам Жамааты) кийин эң көп колдоого ээ болгон исламдык топ – бул Таблиг Жамааты (Исламга Чакыруу, дават) болуп эсептелет. Бул жамаат университеттеги жаштар арасында көп деле таасирдуу болбогону менен, эл арасында чоң колдоого ээ. Таблиг Жамаатынын өзгөчөлүгү сүннөткө өзгөчө маани бериши жана саясий иштерге аралашпоосу. Пакистандагы добуш берүүнүн төмөн болуу себептеринин бири ушул жамааттын таасири болуп эсептелет. Таблиг Жамаатынын тарапкерлерин саясатка аралашпоого жана добуш бербөөгө үндөшү 1993-жылкы шайлоодо Биназир Буттонун жеңишине аябай таасир берген.
Пакистан негизделген күндөн кийин экономикалык өнүгүүсүн нолдон баштаган деп айтса болот. Азыркы Пакистандын экономикасында агрардык сектор жана мал чарбачылыгы басымдуулук кылат. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү : күрүч, дан эгиндери, чай, ар түрдүү жер-жемиштер. Мамлекет дагы сугаруу технологиясын өнүктүрүүгө басым жасоодо. Балык уулоо да абдан өнүккөн. Пакистанда нефть, табигый газ тармактары да экономикалык күч булактары болуп эсептелет.
КАШМИР МАСЕЛЕСИ
Индустар алгач мусулмандардын өз алдынча мамлекет куруусуна каршы чыгышкан. Ошол себептен Пакистандын негизделишине аябай нааразы болушкан. Азыркы күндө эки мамлекеттин ортосундагы чыр-чатактын чыгышынын себеби - Кашмир маселеси. Кашмирдин бир бөлүгү Пакистанга карайт жана ал тарап "Азад Кашмир" (Эгемендуу Кашмир) деп аталат. Бирок, көпчүлүк бөлүгү Индиянын карамагында. Кашмирдин Индиядагы бөлүгүндө калктын 80%дан ашууну мусулмандар. БУУнун Кашмир элинин Пакистан менен Индиянын арасынан кайсынысын тандай тургандыгы тууралуу референдум жасалышы керек деп, чечим чыгаргандыгына карабастан, Индия бул чечимди аткарган эмес. Индия Кашмирдеги мусулмандарды зордук-зомбулук колдонуу менен башкарууда.
ПАКИСТАНДАГЫ ЖЕР ТИТИРӨӨ
2005-жылдын 9-октябрында Пакистанда 7.6 баллдагы жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн эпицентри Пакистандын борбор калаасы Исламабаддан 95 км алыста, түндүк-чыгышында, Афган менен чектеш жерде болгон. Жергиликтүү саат боюнча, 08.50дө башталган жер титирөө туура 30 секундга созулган. Болжолу менен 70 миң киши набыт болгон. Жер титирөө Пакистандын бир катар шаарларында, Афганистандын борбору Кабул шаарында, Индияда жана Кашмирде да сезилген. Эларалык коомчулук жана жардам берүүчү уюмдар жер титирөө болуп өткөн Пакистанга жардам бериш үчүн бардык күчүн мобилизациялоодо. Пакистандын премьер министри Первез Мушарраф дүйнө коомчулуктарына жардам сурап: "Эларалык коомчулуктан жардам сурайбыз. Адам күчү жетиштүү. Бирок, финансылык жардамга муктажбыз" деди.
Абдуллах Айдоган Калабалык