Биринчи сан

Билл Гейтстин ийгиликке жетишинин сырлары
Мазмуну
Дүйнөдө адамдардын кантип ийгиликке жеткендиги тууралуу көптөгөн китептер жазылган. Маселен, Атилланын ийгилик сырлары, Чынгыз Хандын ийгилик сырлары ж.б. Ал эми заманыбыздын эң бай адамы Билл Гейтстин ийгилик сырлары билинбей турган кези. Биз бул макалабызда анын "нолдон" баштап, азыркы даражага жеткен сырлары жөнүндө учкай маалымат бермекчибиз.
Белгилүү багытта адис болуу
Билл Гейтс бала чагынан баштап эле компьютердин маанилүүлүгүн жана адамзат жашоосунда орчундуу орун ээлей тургандыгын баамдаган. Жакын досу жана "Mайкрософт" фирмасын куруудагы көмөкчүсү Пол Айлен менен компьютердин өнүгүүсү жөнүндө ой бөлүшкөн. Экөөнүн кызуу тартышууларынын натыйжасында жакында бардык мекемелерде жана үйлөрдө менчик компьютерлер кеңири таралат деген жыйынтыкка келишкен. Ошентип, болочок фирманын максаты жогорудагы жыйынтыкка жетүү жана адамдардын өнүгүүсүнө салым кошуу болду.
Талыкпас эмгек
Билл Гейтс өтө акылдуу адам. Бирок ал жогорудагы максатка жетүүгө бир гана акылдуулүктүн жетиштүү эместигин, көп эмгек талап кылаарын ойлоп,баш көтөрбөй эмгектене баштайт. Жадагалса анын тынбай иштеши, сүйлөшкөн кызынын таштап кетишине себеп болот. Анткени иш убагынан тышкары эс алууга 7 саат убагы гана калчу (уйку убактысы кошулуп). Жанында иштеген адамдардан да ушуну талап кыла турган.
Акылдуу адамдар менен иштөө
Программалоо заманбап технологиянын өтө маанилүү сектору. Мындай маанилүү сектордо жөнөкөй адистердин иштей албастыгын ойлоп, фирмада акылдуу мыкты адистерди иштетүүгө аракет кылат. "Акылдуу адис ким жана аны кантип билүүгө болот?" деген суроого ал мындай жооп берет:
"Акылдуу адис бир айтканда түшүнгөн адам. Акылдуу адис изденет, өнүктүрөт, жаңы идеяларды ойлоп чыгат жана ал идеяларды иш жүзүнө ашырууга аракет кылат". "Mайкрософт" ишке ала турган адистерди өтө кылдаттык менен текшерет. Бул фирмага кирүү үчүн акылдуу жана эмгекчил болуу зарыл. Туш келди адамдарды ишке алышпайт. Кээ бир учурларда мындай адистер табылбагандыктан иш орундары көпкө чейин бош калчу.
Кызматчыларды сыйлоо
"Mайкрософт" фирмасында көптөгөн акылдуу адистер бар жана аларды колдон чыгарышты каалабайт. Анткени адистер "Майкрософттун" эң баалуу байлыгы. Адистер да муну сезишет. Ошондуктан "Майкрософтто" адистердин алмашуусу башка фирмаларга салыштырмалуу эки эсе аз.
Бой көтөрбөө, жөнөкөйлүк
Атаандаштарынын бардыгында жеке учагы же яхталары бар. Бирок ал аларга окшоп сайрандап жашабастан, жөнөкөй жашоо өткөрөт. Эмне үчүн деген суроого: "Эгерде антсем, оюм бузулуп, өзгөрүп кетишим мүмкүн. Өзгөрүп кетсем, жетишээрлик эмгектене да, издене да албай калам" деп жооп берет.
Акцияларды кызматчыларга таратуу
Билл Гейтс кызматчыларына айлыкты аз төлөйт. Бирок ал акылдуу адистерди фирмага тартуу үчүн акцияларды аларга бөлүп берет. Маселен, учурдагы фирманын президенти Стивен Балмерге акциясынын бир бөлүгүн берген. Бул акциянын эсебинен ал 10 миллиард доллардын ээси болуп калды. Фирмада 10дон ашык миллиардер, 3/1 бөлүгү (37 000 адис) миллионер иштейт.
Бир тараптуу болуу
"Майкрософт" көпчүлүк фирмаларга окшоп ар тараптуу түрдө иштебейт. Ал жалгыз гана программалоо багытында иштейт. Кирешенин 90%ынан көбү программалоо багытынан түшөт.
Которгон: Б.Конурбаев